Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 14-июнундагы 

№ 2017-П-09/24-4-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу»токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын, «Борбордук депозитарий» ЖАКты жана «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКты тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-09/24-4-(НПА) токтомуна тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу»токтомуна өзгөртүүлөр 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу»токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун: 

- 31-1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

- « Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде, автоматташитырылган тоорук системасына туташкан жана Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен келишим түзгөн шартта (ушул Жобого карата 2-тиркеме), «Борбордук депозитарий" ЖАКка тике катышуучу статусу ыйгарылышы мүмкүн Тике катышуучу катары «Борбордук депозитарий» ЖАКөз кардарларынын атынан жана алардын тапшыруусу боюнча гана МБаукциондоруна катыша алат.»; 

- 2-Тиркеменин аталышындагы «5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казына облигациялары» деген сөздөр «мамлекеттик баалуу кагаздар» дегенге алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текст боюнча ар башка жөндөмөдө кездешкен «5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү мамлекеттик казына облигациялары» жана «5 жылдык жүгүртүү мөөнөтүндөгү МКОлор» деген сөздөр жана аббревиатуралар,тиешелүү жөндөмөдөгү «мамлекеттик баалуу кагаздар» жана «МБКлар» дегенге алмаштырылсын.