Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-19\24-7-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жургузүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна;  

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттер аралык банкты, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Социалдык фондго караштуу Мамлекеттик топтолмо пенсия фондусун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигин, «Борбордук депозитарий» ЖАКты тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 14-июнундагы  

№ 2017-П-19\24-7-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/11 «Кыргыз Республикасында Эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөрдү жургузүү тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөр тартиби жөнүндө» нускоонун: 

- 1.1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 1.3-пунктундагы «Улуттук банктан лицензия алышкан бардык финансы-кредит мекемелери» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан лицензияланган финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

- 1.4-пунктту төмөнкүредакциядаберилсин:: 

«Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июнундагы №25/8 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында жана Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/6 токтому менен бекитилген «Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жободо чагылдырылган»; 

- 1.6-пунктту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул нускоодо колдонулган терминдер жана аныктамалар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга дал келет. Нускоодо буларга кошумча төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат»: 

Баштапкы төлөм документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык тариздетилген, төлөм ишке ашырылгандыгы фактысын тастыктаган кагаз жүзүндөгү же электрондук формадагы төлөм документи. 

Эсептешүү терезеси системанын катышуучулары ортосунда милдеттенмелерди жөнгө салуу жана кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган операциялык күн ичиндеги мезгил аралыгы»; 

- 7.1-пункттагы «маселелерди чечүү» деген сөздөн кийин «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/6 токтому менен бекитилген» деген сөздөр менен толукталсын.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/6 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:   

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө» жобонун бүтүндөй тексти боюнча кездешкен «финансы-кредит мекемеси» деген сөздөр ар башка жөндөмөдөгү «финансы-кредит уюмдары» дегенге алмаштырылсын; 

- 1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;  

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Системада төлөмдөр жана эсептешүүлөр ушул Жобого жана Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/11 «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча төлөмдөрдү өткөрүү жана эсептешүүлөр тартиби жөнүндө» нускоого, Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-сентябрындагы №43/5 токтому менен бекитилген«Айкын убакыт ыргагында электрондук маалымат форматына жана аларды толтуруу эрежелерине, ошондой эле Улуттук банк менен корреспондент банк ортосунда корреспонденттик мамилелерди жөнгө салууга тиешелүү макулдашууга жана Башкы келишимге ылайык ишке ашырылат»; 

- 5-пункттун экинчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Жыйынтыктап эсептешүү финансы-кредит уюмдарынын Улуттук банкта ачылган эсептери боючна ишке ашырылган эсептешүүлөр. Жыйынтыктап эсептешүү шартсыз жана кайтарылып алынгыс болуп саналат.»; 

- 28-пункттагы «26-пункттун» деген сөздөр «ушул Жобонун» деген сөздөр менен толукталсын»; 

- 37-пункттун 2-пунктчасындагы «колдонуудагы» деген сөз алынып салынсын; 

- 51-пункттагы «Системанын оператору» деген сөздөн кийин «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген.» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 62-пункттагы «Системанын иштөө регламенти» деген сөздөн кийин «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген.» деген сөздөр менен толукталсын.