Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-6-(ДКП) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  

киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 30-августундагы  

№ 2017-П-09/39-6-(ДКП) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 32-пунктундагы «саат 15.00 дөн 16.00 чейин» деген сандар жана сөздөр «саат 15.00 дөн 16.45 чейин» дегенге алмаштырылсын; 

- 35-пунктундагы «16.00 дөн 17.00 чейин» деген сандар жана сөздөр «16.45 тен 17.00 чейин» дегенге алмаштырылсын. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/18 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө» жобонун: 

- 39-пунктундагы таблицанын:  

«Түшүндүрмөлөр» деген графасынын: 

- 2-пунктунун экинчи сабы төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар» 

««- овернайт» депозити»; 

- 4-пунктунун биринчи сабы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5-пункттун төртүнчү сабы төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 6-пунктунун биринчи сабы төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 7-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 8-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 10-пункт төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 11-пункт төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- 12-пункт төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар»; 

- таблица төмөнкү мазмундагы «12-1» пункт менен толукталсын: 

« 

12-1 

15:00-16:45* 

«Овернайт» депозитине билдирмелерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

»; 

- 13-пункт төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«- алтын менен операциялар».