Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-сентябрындагы  

№ 2017-П-09\42-7-(НПА) 

токтому  

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20, 53 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Кулматов 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-сентябрындагы 

№ 2017-П-09\42-7-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

18 жана 22-пуктарындагы «максималдуу» деген сөздөр алынып салынсын; 

29-пунктунун: 

- экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Улуттук банктын улуттук жана/же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиясына ээ болууга;» 

- тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- атайын режим белгиленбөөгө. Атайын режимде турган Банк, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана мамлекеттик баалуу кагаздарды жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасында күрөө алдында ликвиддүүлүктү колдоо үчүн өткөрүлгөн аукциондорго гана катыша алат;» 

- төмөнкү мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«- банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүргүзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар болбоого: жеке адамдардан депозиттерди тартуу, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга эсептешүү эсебин ачуу, кредиттөө

- CAMELS рейтингдик системасы боюнча 3төн төмөн болбогон жана/же тобокелдикти аныктоого багытталган күзөмөлдүк рейтингдик системасы боюнча 3ден төмөн болбогон деңгээлге ээ;»; 

30-пункттагы «мөөнөттөрүн,» деген сөз алынып салынсын;