Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 20-декабрындагы  

2017-П-12\52-12-(БС)  

токтому  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Башкармасынын 2005-жылдын  

19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин: 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн; 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен “Кыргыз банктар бирлиги” юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит уюмдарын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, кредиттик бюролорду, кредиттик союздарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж. Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 20-декабрындагы  

№ 2017-П-12\52-12-(БС) токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

 Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары Комитет) Улуттук банк Башкармасынын чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1., 2.1-1 жана 2.2.-пункттарына ылайык коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар), банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу жагында компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга ыйгарым укук берилген. 

Төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарга жана алмашуу бюролорунун ишине тийишелүү маселелерди кароого алып алар боючна чечим кабыл алуу Комитеттин компетенциясына кирбейт. 

Жободо төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулган: 

МФК микрофинансылык компания; 

МКК микрокредиттик компания; 

МКА микрокредиттик агенттиги; 

КСФК «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы.»; 

- 1.3. жана 2.6. пункттарындагы «кызматкерлер» жана «кызматкери» деген сөздөр «кызматчылар» жана «кызматчысы» дегенге алмаштырылсын; 

- 2- главасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Комитет банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча иш максаттарын жана милдеттерин аныктайт жана белгилейт, ошондой эле банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюролордун ишин көзөмөлдөө саясатынын ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт.»; 

- 2.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Комитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу жана/же токтотуу жана/же алмаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат: 

а) жазма буйруктар; 

б) банкка жана БФКУга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

в) банктарга жана БФКУларга талаптарды белгилөө

г) банктар жана МФКларга карата экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

д) банктарга, алардын акционерлерине жана БФКУларга карата Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө

е) кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу; 

ж) банктарга жана кредиттик союздарга тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

з) кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү

и) МФКлардын, кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларынын аракетин токтотуу; 

к) кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларын кайтарып алуу; 

л) БФКУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын аракетин токтотуу/лицензиясын кайтарып алуу; 

м) МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу. 

Комитет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан ага ыйгарылган башка маселелерди да кароого алат.  

Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечимдери милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш: 

- кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө

- МФКнын, кредиттик союздардын жана кредиттик бюролордун лицензияларынын аракетин токтотуу/чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө

- БФКУнун жана кредиттик бюролордун лицензиясын, ошондой эле БФКУнун айрым банк операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө

- банктардын кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

- банктардын аталышын макулдашуу/алмаштыруу жөнүндө

- МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу жөнүндө

- Комитеттин чечими боюнча башка маселелер.»; 

- 2.1-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1-1. Комитет төмөнкүлөрдү кароого алат: 

- жылына кеминде бир жолу банк иши жөнүндө отчетту, анын ичинде банктардын ишин көзөмөлдүккө алуу стратегиясынын талаптарынын аткарылышы жөнүндө отчетту; 

- чейрек сайын инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча банктар/БФКУлар экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле банктар, БФКУ, кредиттик бюролор жана алмашуу бюролоруна карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын колдонуу натыйжаларын, анын ичинде Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн маалыматтарын; 

- жарым жылдык негизде инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча БФКУлардын экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактагандыгы/сактабагандыгы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын Көзөмөл бөлүмдөрүнүн начальниктери жана Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директору сунуштаган БФКУлар жана алмашуу бюролоруна карата көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжалары боюнча маалыматтарды.»; 

- 2.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) банктык көзөмөл, БФКУлардын жана кредиттик бюронун ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо; 

б) банктарга, БФКУларга жана кредиттик бюрого карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу; 

в) банк ишин, банктын кызмат адамдарынын иш-аракетин/аракеттенбей коюусун Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сунушталган маалыматтардын негизинде алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары таануу, ошондой эле Комитеттин компетенциясынын чегинде алардын иш-аракети (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары каралган банкка, анын акционерлерине, банктын кызмат адамдарына карата тиешелүү таасир этүү чарасын колдонуу чечимин кабыл алуу; 

г) коммерциялык банктардын кызмат адамдарын макулдашуу, алардын ичинде: 

- Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү

- Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү

- Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

- Башкарманын төрагасы (президент, башкы менеджер, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчиси), анын орун басарлары (вице-президент, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары), ошондой эле, банк башкармасынын кредиттик ишине жана ислам каржылоо принциптери боюнча каржылоо ишине жооп берген башка мүчөлөрү

- банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкаруучу директору (эгерде, башкаруучу директор башкарманын төрагасынын/ банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген анын орун басарынын /башкарманын мүчөсүнүн түздөн-түз тескөөсүнө алынбаса); 

- банктын башкы бухгалтери; 

- ички аудит кызматынын жетекчиси; 

- аткарган милдеттери боюнча жогоруда аталган кызмат адамдарына, алардын орун басарларына теңештирилген кайсы болбосун адамдар. 

д) КСФКнын кызмат адамдарын макулдашуу, алардын ичинде: 

- Директорлор кеңешинин төрагасы; 

- Башкарманын төрагасы; 

- Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

- башкы бухгалтери; 

- ички аудит кызматынын жетекчиси. 

е) банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 50 (элүү) жана андан көп, 67 (алтымыш жети) жана андан көп пайызын сатып алууга макулдук берүү

ж) банктын жаңы аталышын алдын ала макулдашуу; 

з) зарыл болгон учурларда банктын, БФКУнун жана кредиттик бюронун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча андан аркы көзөмөлдүк чараларын аныктоо; 

и) өлкө ичинде сыяктуу эле, чет өлкө көзөмөл органдары менен иш алып барууну координациялоо жана күчөтүү

к) Комитет алар боюнча чечим кабыл алынган маселелер боюнча тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү

л) банк жана БФКУ жана кредитик бюро тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары тууралуу коомчулукка маалымдоо; 

м) банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун кароого алуу; 

н) монополияга каршы жөнгө салуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо жана мында атаандаштыкты өнүктүрүү (баа түзүү тартибин, анын ичинде өзүм билемдикке салып кыйла жогорулатылган бааны белгилөө, аларды колдоо, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда; 

о) Улуттук банка ачылган депозиттик эсептерде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарды жайгаштыруу маселе боюнча банктардын өтүнүчтөрүн кароо; 

п) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүү аныкталган фактылар жөнүндө

р) Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелеп берүү маселелерин кароо. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдерди чечмелеп берүү жаңы токтомду кабыл алуу акырууу ишке ашырылат.Чечмелеп берүүдө жоболордун маани-маңызы боюнча түшүндүрмө берилет же алар такталат, ошондой эле алардын Комитеттин кабыл алынган жана чечмелөөнү талап кылган башка жоболоруна байланыштуулугу такталат жана аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилейт. 

с) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке ыйгарылган башка маселелер.»; 

- 2.4. пунктунун «б» жана «в» пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) банктардын, БФКУлардын, кредиттик жана алмаштыруу бюросунун ишине көзөмөл боюнча колдонмо жана башка документтер; 

в)  банктар, БФКУ, кредиттик жана алмашуу бюролордун ишине тиешелүү укуктук ченемдерди камтыбаган усулдук сунуш-көрсөтмөлөр жана башка документтер;»; 

- 2.5. пункттагы «Банктардын жана башка ФКМдердин» деген сөздөр жана аббревиатурлар «банктардын, БФКУлардын жана кредиттик бюронун» дегенге алмаштырылсын; 

- 3.5. пункту күчүн жоготкон катары тааңылсын; 

- жобого карата тиркемеси күчүн жоготкон катары тааңылсын.