Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-10-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин (кошо тиркелет).  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарылангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 76 жана 90-пункттары 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды, төлөм системалардын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-10-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» Жободо:  

- 1-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«2. Берилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө жободо» (мындан ары Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү;  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.»; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3. Жобонун талаптары Улуттук банк алардын оператору катары иш алып барган төлөм системаларына жана төлөмдөр менен эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды өз түзүмүндө кабыл алуу, иштеп чыгуу жана өткөрүүнү (процессинг жана клиринг) ишке ашырган ички чарбалык субъекттер системасына таркатылбайт.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын жана Пакеттик клиринг системасынын оператору болуп саналат.» 

- 5-пунктта «төлөм системасынын коопсуздугу», сөздөрүнөн кийин «Кыргыз Республикасы» сөздөрү менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 5-1 пункту менен толукталсын

«5-1. Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын финансылык-каржылык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит мекемелери, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясаты жана негизги принциптерине ылайык ишке ашырылат.»; 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Бул Жободо терминдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарындагы аныктамаларга ылайык колдонулат. 

Бул жобонун алкагында төмөнкү атоолор жана аныктамалар пайдаланылган:  

Автоматташтырылган система бул персоналдан, анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткарууда маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система. 

Авторизация  белгилүү бир объектке/субъектке системада аткарылып жаткан ролго ылайык кайсы бир аракеттерди аткарууга укук берүү процесси.  

Аутентификация  ал тарабынан сунушталган идентификатордун объектке/субъектке таандыгын текшерүү же аныктыгын тастыктоо. 

Кызмат адамдары  коллегиялык аткаруучу органдын мүчөлөрү  Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техникалык иштөөсүнө жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер. 

Идентификация  бул идентификатордун объекттерине/субъекттерине (кайталангыс атты) ыйгарып берүү же объектин/субъектин идентификаторун ыйгарып берилген идентификатордун тизмеси менен салыштыруу процесси. 

Маалымат системасы  коюлган максаттарга жетүү кызыкчылыгында маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү үчүн колдонулган каражаттардын, ыкмалардын жана персоналдардын өз ара байланыштуу жыйындысы. Маалымат системасы маалыматты сактоо, иштеп чыгуу жана аны берүү боюнча автоматташтырылган жана автоматташтырылбаган процесстерди камтыйт. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.  

Операциялык тобокелдик - бул, тышкы таасирлерден, персоналдын кетирген каталарынан жана алдамчылыкка жол берүүдөн улам операцияларда үзгүлтүккө учуроонун, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эмистиги же бузулушу кесепетинен уюм дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.  

Юридикалык жак менен байланышкан жактар:  

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;   

2) юридикалык жактын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык же жеке адамдар;   

3) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;    

4) 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруучу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;    

5) жеке адамдар 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандар;   

6) 2-пунктчада көрсөтүлгөн, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган жактар кирген башка юридикалык жактар

Системалык тобокелдик - бул, төлөм системасынын катышуучуларынын биринин төлөмдөр боюнча өз милдеттенмесин аткарууга жөндөмсүздүгү, төлөм системасынын башка катышуучулары үчүн төлөө мөөнөтү келип жеткен шартта төлөм боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүндүк бербеген жагдайдын түптөлүшү тобокелдиги. Милдеттенмелердин ушундан улам аткарылбай калышы кесепети бүтүндөй төлөм системасына, финансы рынокторуна таасир этип, төлөм жана финансы системаларынын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.»; 

- 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.

- 9-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын.

- 3-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3 Глава. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата негизги талаптар»; 

- 3 Главанын аталышынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«§1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар»; 

- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«10. Төлөм системасынын оператору өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык ишке ашырат.»; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат.  

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.»;  

төмөнкү мазмундагы 12-1 пункту менен толукталсын

«12-1. Жаңы сервис/продукт/кызмат киргизүү этабында, процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жана/же болбосо системаны жакшыртуу жагында ишин баштаган/токтоткон төлөм системасынын оператору, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде 15 (он беш) жумуш күн мурда, иштелип чыккан сервис/продукт/кызматты баяндоосун жана/же болбосо системага киргизилүүчү болжолдуу өгөртүүлөрдү/толуктоолордун деталдуу маалыматын кошо тиркөө менен тууралуу ниетин Улуттук банкка билдиришет.»; 

- 13-пунктта «системалар жана келишимдер» сөздөрүн «төлөм системасынын иштөөсүн жана түзүлгөн келишимдер» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 14-пунктта: 

«,улам жаңыртылып турушу керек» сөздөрү алынып салынсын; 

пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

«Берилген эрежелер жана жол-жоболор улам каралып жана зарыл болгон учурларда жаңыртылып турууга тийиш.»; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«15. Төлөм системасынын оператору өзүнүн төлөм системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз учурунда иштелип чыгышы, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору сапаттуу төлөм кызмат көрсөтүүсүн сунуштай албагандыгы же сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат.»; 

- 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышына контролдук жүргүзүү, жана алардын берилген Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын талаптарына ылайык келтирүү;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык жана программалык каражаттарга талаптарды сунуштоо;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө

- маалымат иштеп чыгуу каражаттарынан коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу; 

- жагдайларды башкарууга бирдиктүү мамиле кылууну камсыздоо жана жагдайлардын реестрин жүргүзүү.»; 

- төмөнкү мазмундагы 18-1 пункту менен толукталсын

«18-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда Төлөм системасынын оператору кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн.»; 

төмөнкү мазмундагы 19-1 пункту менен толукталсын

«19-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып Улуттук банкка бир жылда бир жолу бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалымат бериши керек. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге өзгөртүү киргизүү тууралуу кеминде 10 (он) күн мурда Улуттук банкка маалымдоо зарыл.»; 

- 4-главанын аталышы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 20-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«21. Төлөм системасынын оператору төмөнкү милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон персоналга (штаттык кызматтар) ээ болууга тийиш:  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүнө текшерүүнү ишке ашыруу, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү;  

- коопсуздукту камсыздоого баа берүү маалымат коопсуздук деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын, авариялык токтотуудан жана персоналдын каталарынын аракеттерин натыйжасында пайда болуучу жоготууларды минимизациялоо; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун бардык иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- мыйзам талаптарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарылчылык келип чыккан учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктук эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу.»; 

төмөнкү мазмундагы 21-1 жана 21-2 пунктулары менен толукталсын

«21-1. Автоматташтырылган системаны администрлөө иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттенмелерин жана алардын жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишим болгон учурда, төлөм системасынын операторунун штаттык персоналы менен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

21-2. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- ички эрежелер жана жол-жоболор жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен таанышууга; 

- автоматташтырылган системадан пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга; 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн персоналдык жоопкерчиликти тартат.»; 

- 22-пунктта «төлөм карттары менен эсептешүү системалары» сөздөрү «төлөм системасы» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 23-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлерине ылайык маалыматты үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну; 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана маалыматтарды түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

- төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ техникалык персоналын идентификациялоого, авторизациялоого жана аутентификациялоого; 

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун сактоого; 

- автоматташтырылган системада үзгүлтүк орун алган учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоого алууга; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо.»; 

- 24-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«24. Эгерде төлөм системасынын операторунун программалык камсыздоосу өз алдынча же башка уюм тарабынан иштелип чыкса, анда ал төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм же болбосо программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм тарабынан өкүлдүк берилген уюм менен түзүлгөн келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырма жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же кошо тиркелүүчү документтер; 

- сынактан өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык эксплуатацияны сыноодон өткөрүү журналы; 

өндүрүштүк эксплуатацияга киргизүү актысы; 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же болбосо программалык камсыздоо иштеп чыккан уюм тарабынан өкүлдүк берилген уюм жана төлөм системасынын оператору тарабынан кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы.»; 

- 25-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын

- 5-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине коюлган талаптар»; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«26. Төлөм системасынын операторунун системасынын иштөө эрежелеринде жана жол-жоболорунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын иштөө схемасынын баяндоосу; 

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү

- төлөм системага кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну төлөм системага туташтыруу тартиби; 

- процессингди жүргүзүү тартиби; 

- клирингди жүргүзүү тартиби; 

- процессингди жана клирингди жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлери; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- тарифтик саясат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн.»; 

- 27-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«27. Карттарды процессинг жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде жана жол-жоболорунда ушул жобонун 26-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну төлөм системага каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде мындай кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилсе); 

- эмитенттин эмиссияны жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- эквайердин карттын эквайрингин жүзөгө ашырууга карата тартиби жана анын талаптары; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби; 

- банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр.»; 

- 28-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын

- 6-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар»; 

- 29-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«29. Төлөм уюму өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банк тарабынан берилген лицензияга ылайык жүзөгө ашырууга тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы 29-1 жана 29-2 пунктулары менен толукталсын

«29-1. Төлөм уюму, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болушу керек. 

29-2. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш.»; 

- 11-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштин ошол түрлөрүн жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат.  

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат.»;  

- 31- пункту күчүн жоготкон катары таанылсын

төмөнкү мазмундагы 31-1 пункту менен толукталсын

«31-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайта өзгөртүү формасында) түзүлүшү мүмкүн.»; 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«32. Төлөм уюмдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын, ошондой эле келишимдик мамилелеринде алдын ала төлөө ишкердигине байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төлөм уюмдары коммерциялык банктагы эсептерге акча каражаттарын депондоштурууга же товар/кызмат сунуштоочунун пайдасына кайтарылып алынгыс банктык гарантияны берүүгө тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 33-1 жана 33-2 пунктулары менен толукталсын

«33-1. Товар/кызмат сунуштоочу боюнча келишимдик мамилелер төлөм уюмунан алдын ала төлөө, камсыздоо депозит же болбосо банктык гарантия каралбаган учурларда, депондоштурулган сумманын, камсыздоо депозиттин, банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун акыркы чейректин бир күндүк орточо жүгүртүүнүн 10 пайызын түзүүсү керек. 

33-2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюму акча каражаттарын (инкассациялоо) кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/ которуу боюнча талаптарды аткаруусу зарыл.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, финансылык маалыматты жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын купуялуулугун, корголушун камсыздоого милдеттүү жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.»; 

- 36-пунктта «аппараттык-программалык комплекс» сөздөрүн «автоматташтырылган системасы» сөздөрүнө алмашылсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«38. Төлөм уюму Улуттук банктын лицензиясын алган учурдан тартып, суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) иш күндөн ашык эмес убакытта каалаган убакыт аралыгындагы бардык транзакциялар тууралуу маалыматты берүү мүмкүнчүлүгүн камтыган бардык операциялар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында сакталышын камсыздоо керек»; 

- 39-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«39. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздетилиши керек.»; 

- 40-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын

- 7-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«§4. Агенттерге коюлган талаптар»; 

- 43-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш: 

1) эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери.»; 

- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«44. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерин окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агенттин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу зарыл.»; 

- 45-пунктта «же болбосо агент» сөздөрүнөн кийин «анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп» сөздөрү менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 45-1 пункту менен толукталсын

«45-1. Төлөм уюму агент, анын төлөм кабыл алуу пунктуларын кошуп, ушул берилген Жобонун талаптарынын аткарылышы үчүн толук жооптуу болот.»; 

- 8-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«4. Тобокелдиктерди тескөө»; 

- төмөнкү мазмундагы 46-1 пункту менен толукталсын

«46-1. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктер үчүн он-лайн мониторингди жүргүзүүгө тийиш.»;  

- 47-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«47. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан система тобокелдиги аныкталган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерди аткаруу боюнча чараларды көрүүгө

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого.»; 

- 9-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«5. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар»

- 65-пунктта «сунуштоочулар менен» деген сөздөн кийин «товарлар/» сөзү менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 65-1 пункту менен толукталсын

«65-1. Төлөм уюму сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

- сунуштоочу тарабынан сунушталган товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

- келишимдин колдонуу мөөнөтү

- тараптардын банктык реквизиттери; 

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар).»; 

- 66-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«66. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсепти пайдаланууга милдеттүү»; 

- 10-главанын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин

«6. Отчетту жана башка маалыматтарды сунуштоо »; 

- 68-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«68. Төлөм системасынын операторлору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, аффилирленген жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, алардын өзгөртүлүшүнө жараша, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү.»; 

- 69-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«69. Төлөм уюму финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Финанасылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык отчеттун формасы боюнча Улуттук банкка чейрек сайын сунуштар турууга милдеттүү. Отчет төлөм уюму тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен сунушталат. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) берилиши мүмкүн, кагаз түрүндөгү версиясы кийинчерээк жөнөтүлөт.»; 

- 70-пунктуда «оператор» деген сөзгө чейин «төлөм системасынын» сөздөрү менен толукталсын; 

- 71-пунктуда «оператор» деген сөзгө чейин «төлөм системасынын» сөздөрү менен толукталсын, жана «айдын 15инен» сөздөрү «айдын 25инен» деген сөздөргө алмашылсын; 

- 73-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«73. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөн учурдан тартып эки жумадан кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.» 

- пункт 75 төмөнкү редакцияда берилсин

«75. Ушул жобонун талаптары төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмунун тарабынан аткарылбагандыгы же талапка ылайыксыз аткарылбагандыгы үчүн Улуттук банк «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» Жобого ылайык төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга милдеттүү».»; 

- 76 жана 77-пунктулар төмөнкү редакцияда берилсин

«76. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасын мониторинг кылуу негизинде Кыргыз Республикасындагы төлөм системаларды системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын аныктайт жана жарыялайт. 

Төлөм системасынын операторлорунун системалары, системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган жана ошондой эле маанилүү кызматтарды көрсөтүүлөр провайдерлер деп аныкталган учурда милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш.  

Төлөм системасы маанилүүлүк критерийлерге туура келбеген төлөм системасынын операторлору милдетүү түрдө 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык жана информациялык системасын аудит жүргүзүүгө тийиш  

Төлөм уюмдары милдетүү түрдө 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жүргүзүүгө тийиш 

Көз карандысыз финансылык аудити жана/же болбосо информациялык системасын аудити боюнча аудитордук корутундунун көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш. Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- колдонуудагы саясатка жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

77. Төлөм карттары менен эсептешүүлөр боюнча системасынын оператору эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча маалымат системасынын аудити сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу жүргүзүүгө тийиш. Маалымат системасынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Аналитикалык каттын көчүрмөсү Улуттук банкка ага кол коюлган учурдан тартып 1 (бир) айдан кечиктирбестен сунушталууга тийиш..»; 

- төмөнкү мазмундагы 7 жана 8 главалар менен толукталсын: 

 

«7-ГЛАВА.  

Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалына (Сash-in) карата талаптар 

 

79. Өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы: 

- сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүштү пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнүн таанышуусуна өбөлгө түзүүгө тийиш; 

- төлөм уюумунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш; 

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнө чейин комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылууга тийиш. 

80. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болуусу зарыл. 

81. Төлөм уюму жана анын агенти өз алдынча тейлөөнүн автоматташтырылган терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого тийиш. 

 

8-ГЛАВА.  

Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар 

 

82. Төлөм системасынын оператору, төлөм системасынын катышуучулары тарабынан маалыматты алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык чөйрөлөрүндө маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бүт чараларды колдонууга тийиш. 

83. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылууга тийиш.  

84. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттү түрдө сактоого тиешелүү жеке жана башка маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

85. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш.  

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү

- системанын ишине орун алышы мүмкүн болгон көйгөлөрдү (калпыстыктарды) тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана аны зыян келтирүүчү программалык камсыздоодон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун иштеп чыгуу жана аны колдоо; 

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (системадан /га кирүү/чыгуу, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.) 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу боюнча маалыматтар архивин сактоо жана аны жүргүзүү

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келишине автоматташтырылган системанын коопсуздугуна текшерүү жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага катышуулар кол коюуга тийиш.  

86. Төлөм системасынын операторунун же болбосо төлөм системасынын оператору тарабынан ижарага алынган тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга дал келүүгө тийиш: 

- обочо турушу (имараттын ичинде башка бөлүмдөн өзүнчө, терезеси жок, аймакта жайгаштырылууга тийиш); 

- бекем жабылган кулпулардын болушу; 

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын болушу же болбосо күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу, мында, чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол берилбейт жана жайда турган ресурстардын сактоого алынышын камсыз кылат; 

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө

- тейлөө жайына кирүүнү эсепке алуу журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

87. Төлөм системасынын оператору кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып талап келип түшкөн учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылган бардык операциялар тууралуу маалыматтын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

88. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү (жетекчиликтин деңгээлинде) боюнча ички контролдуктун эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. 

89. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

90. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылышы зарыл. 

91. Процессинг борбору ушул жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш. 

92. Төлөм системасынын оператору автоматташтырылган система тарабынан колдонулган иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш. 

93. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоо программанын мүнөздөмөсүн, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспортуна, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн коштомо документтерге ээ болууга тийиш.  

94. Транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш: 

- эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен PCI DSS сертификациясына ээ болуп, жыл сайын ага ылайык келишин тастыктап турууга; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттарын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарына ылайык келүүгө тийиш.».