Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-11-(НПА)  

токтому  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2.  Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарылангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т.Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы  

2017-П-14\54-11-(НПА)  

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- бүтүндөй тексти боюнча ар канадй жөндөмөдө кездешкен “субагент” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдүгү “агент” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо.» 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 1-1 жана 1-2 пункттары менен толукталсын:  

«1-1. Улуттук банктын лицензиясы мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

1-2. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторуна жана/же төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.”; 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Ушул Жободо камтылган төмөнкү түшүнүктөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын аныктамаларына ылайык колдонулат». 

Мынданы тышкары, ушул Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Агент жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүргүзүүгө төлөм уюму менен агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. 

Агенттик келишим - агент менен төлөм уюмуун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик келишим талаптарын аткаруу максатында түзүлгөн келишим. Мында, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу алдында агенттин иш-аракети үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Кызмат адамдары коллегиалдуу аткаруучу органдын мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техниканын ишине жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер. 

Өтүнүч ээси төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак. 

Кардар үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси. 

Клиринг борбору клиринг жүзөгө ашырылган уюм. 

Лицензиат Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму. 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (мындан ары сунуштоочу) сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер. 

Юридикалык жакка байланыштуу жактар: 

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары; 

2) юридикалык жактын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык же жеке адамдар; 

3) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;  

4) 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруучу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

5) жеке адамдар - 2-пунктчада көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары; 

6) 2-пунктчада көрсөтүлгөн, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган жактар кирген башка юридикалык жактар.»; 

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Бул жобонун талаптары, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча мамилелерге, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине таркатылбайт.»; 

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле кызмат адамдары, аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу жана аффилирленген жана байланыштуу жактардын пайдасына ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынган маалыматты Улуттук банк аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү”; 

- 8-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 16 пункттун: 

8-пунктчасындагы «иштеп турган компаниялар үчүн -» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 9) пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталдын 100 пайызы (1 000 000 (бир миллион) сомдон кем эмес) салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды топтоо максатында салынган акча каражаттарын, лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыздоо катары кызмат кылат жана ал уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолууга тийиш. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат;»;  

пункт төмөнкү мазмундагы 15-1 15-4-пунктчалар менен толукталсын: 

«15-1) компаниянын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтар (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоо чу документтер, уюштуруу документтери ж.б.);  

15-2) аппараттык-программалык комплексин (мындын ары АПК) орнотуу жана колдонууга киргизүү актысы;  

15-3) жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ; 

15-3) эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды АПК жайгаштыруу үчүн колдонсо, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон, жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 19-1 19-2-пункттар менен толукталсын: 

«19-1. Документтер топтомун кароодо Улуттук банк лицензия алууга өтүнүч кат сунуштагандан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу. 

19-2. Алдын ала текшерүүдө, автоматташтырылган системалардын иш жөндөмдүүлүгүн жана өтүнүч ээси тарабынан сунушталган документтердин ушул жобонун 16-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү камтылат.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:  

«23-1. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. Лицензияга Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлат.»; 

- 26-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет.»; 

- 27-пункт төмөнкү мазмундагы 4), 5)-пунктчалар менен толукталсын: 

«4) өтүнүч ээсинин иши ушул Жобонун талаптарына ылайык келбей тургандыгын тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары; 

5) лицензия берүү үчүн төлөм төлөнбөсө”; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 27-1-пункт менен толукталсын: 

«27-1. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.»; 

- 28-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 4-глава күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 32-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«-  калк отурукташкан пункттун өзгөрүшүнө байланыштуу юридикалык жактын турак жайынын өзгөрүшү, ошондой эле анда төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калк отурукташкан пункттун аталышынын өзгөрүшү.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын: 

«32-1. Бир калк отурукташкан пункттун ичинде жайгашкан төлөм уюму жайгашкан ордунун өзгөрүшү анын лицензиясын кайра тариздөөнү талап кылбайт.»

- Жобо төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: 

«35-1. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Руспубликасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө акы алынат.»

- 36-пункттагы «(жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо, жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан маалымкат)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Лицензиар өтүнүч катты сунуштагандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу чечиминин себебине негиздеме берүү менен жөнөтөт.»; 

- 39-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 7 жана 8-главалар менен толукталсын: 

«7-глава.  

Лицензиянын аракетин токтотуу  

40. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

- юридикалык жак жоюлган шартта; 

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

- лицензияланган ишкердикти жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса; 

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши; 

- айрым ишкердик түрүн лизенциялануучу ишкердик түрлөрүнүн тизмесинен алып салуу. 

41. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензияны сунуштоого тийиш. 

42. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жана лицензияланган ишти токтотууга тийиш. 

43. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

 

8-глава.  

 

Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби 

 

44. Ушул жобонун чегинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге даттануу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, айрым банктык операция түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык кайрылууга жол берилет.