Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 14-февралындагы  

№ 2018-П-14/5-5-(НПА) 

токтому 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарылангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын. 

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 14-февралындагы  

№ 2018-П-14/5-5-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

- 6-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«6. Өздүк эсеп товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн ачылган, абоненттерге (колдонуучуларга) товарлар жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр көлөмүн эсепке алуусу үчүн каралган, сандар жана/же белгилер катарынан урган эсеп. 

Абонент (колдонуучу) товарларды жана кызмат корсөтүүлөрдү алган жеке адам жана юридикалык жак.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Электрондук акчаны колдонуу менен акцептанттардан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу операцияларын жүргүзүүгө, тастыкталган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан электрондук акчаны которууга болот. Электрондук акчаны эл аралык/чек ара аркылуу которууда электрондук капчык, алдын ала төлөнгөн карт жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карт ээлери тастыкталууга (идентификацияланууга) тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: 

8-1. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абонентинин (колдонуучунун) өздүк эсебинен төлөмдөр, анын негизги иш багытынын алкагында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун кызмат көрсөтүүсү үчүн гана ишке ашырылат.»; 

- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо төмөнкү ыкмалар аркылуу гана ишке ашырылышы мүмкүн: 

банктык эсептен чегерүү

тастыкталган электрондук капчыктан, алдын ала төлөнгөн карттан жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карттан которуу;  

банктык эсеп ачуусуз эле, Улуттук банкта каттоодон өткөн акча которуу системасы аркылуу акча которуу; 

автоматташтырылган терминалга (cash-in), банк-эмитенттин, ошондой эле коммерциялык банктардын агенттеринин жана/же төлөм уюмдарынын агенттеринин кассаларына накталай төлөө

Ушул пункта көрсөтүлгөн толуктоо ыкмалары такталган жана жыйынтыктоочу болуп саналат, башка ыкмалар каралган эмес.  

Ушуну менен катар эле, электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өз абоненттери алдында милдеттенмелеринин азайышы натыйжасы болуп саналбайт, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өзү сыяктуу эле, абоненттин ишеним каты жана/же тапшырмасы боюнча жана/же анын ишенимдүү  

 

 

адамы, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түздөн-түз же кыйыр түрдө келишимдик мамиледеги башка жактар аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктоодо электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты толуктаган жак тарабынан нак жана нак эмес акча каражатын өткөрүп берүү же которуу менен электрондук акчанын алдын ала төлөнгөн картка жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картка келип түшүүсүнө чейинки убакыт аралыгы бир календардык күндөн ашпоого тийиш. 

Электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картты жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картты товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абонентинин (колдонуучунун) өздүк эсебинен, анын ичинде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн аванстык төлөмдү электрондук капчыкка, алдын ала төлөнгөн картка жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картка кайра чегерүү аркылуу толуктоого жол берилбейт.»; 

- төмөнкү мазмундагы 26-1-пункт менен толукталсын: 

«26-1. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын оператору электрондук акча калдыгынын программалык камсыздоодо жана/же программалык-техникалык жабдууда гана, анын ичинде электрондук капчыкта, алдын ала төлөнгөн картта жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картта сакталышы механизмин камсыз кылууга милдеттүү. Карт ээси товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн ошол программалык камсыздоо жана/же программалык-техникалык жабдуу аркылуу гана төлөмдөрдү ишке ашырууга тийиш.».