Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-мартындагы 

2018-П-12\10-6-(БС) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын «2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын «2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын «2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алардын бирикмелерин (ассоциацияларын), «Кыргыз банктар бирлиги», «Ислам финансылык ассоциациясы», «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмелерин, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 28-мартындагы 

№ 2018-П-12\10-6-(БС) 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха бүтүмү» аталышындагы 2.3.1-глава менен толукталсын: 

«2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

1. Товардык мурабаха (таваррук) акча каражатын алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуудан турган бүтүм: мурабаха келишими шартында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана ошол эле товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

2. Товардык мурабаха бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары да колдонулат. Эгерде ФКУлар бүтүмгө тарап катары катышкан болсо, анда бул бүтүм бир тарап үчүн акча каражатын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. Бүтүм банк кардарларын каржылоо инструменти же кардарлардан акча каражатын тартуу инструменти катары колдонулбайт. 

3. Товарды сатуу учурунда товарды саткан тарап анын ээси болууга тийиш.  

4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаты Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

5. Товардык мурабаха бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими менен дароо төлөө шартында сатуу келишими) тараптардын милдеттенмелеринин байланыштуулугуна жол берилбейт. 

6. Товар сатып алуучу (товардык мурабаханын объектиси) кийинчерээк төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылышы зарыл) болууга тийиш. 

7. Бүтүмгө келишүү учурунда товар сатуучунун колунда жана анын менчигинде болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон шартта, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар товардын жалган эмес анык сатылып алынгандыгын тастыктоо максатында сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурдагы сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатылып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө же валюта түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

- 2.4-главасынын: 

12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Ижара берүүчү эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аракеттерге же этиятсыздыкка жол бербеген болсо, иджара келишими колдонулган бүтүндөй мезгил ичинде, ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

Мыйзам боюнча мүлктү сөзсүз түрдө камсыздандыруу зарыл болгон шартта ижара берүүчү аны Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга мүмкүн болбосо, анда Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү жөнгө салынган ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижарачыдан ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир төлөмдү кармап кала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны мүлктү ижара берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

34-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кечиктирген ижарачы ижара төлөмүнөн белгилүү бир сумманы же андан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш экендигин болжолдогон жобо каралышы мүмкүн. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатка ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат.  

Ижарачы сунуштаган гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажырап калган шартта ижара берүүчү мындай сумманы, ижарага алынган менчиктен пайда алына элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөмдөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоо суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн.»; 

36-пунктундагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы № 38/8 «Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха бүтүмү» аталышындагы 2.3.1-глава менен толукталсын: 

«2.3.1-глава Товардык мурабаха бүтүмү 

2.3.1.1. Товардык мурабаха (таваррук) акча каражатын алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуудан турган бүтүм: мурабаха келишими шартында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана ошол эле товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

2.3.1.2. Товардык мурабаха бүтүмү банк тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары да колдонулат. Эгерде ФКУлар бүтүмгө тарап катары катышкан болсо, анда бул бүтүм бир тарап үчүн акча каражатын жайгаштыруу инструменти катары каралышы мүмкүн. Бүтүм банк кардарларын каржылоо инструменти же кардарлардан акча каражатын тартуу инструменти катары колдонулбайт. 

2.3.1.3. Товарды сатуу учурунда товарды саткан тарап анын ээси болууга тийиш.  

2.3.1.4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаты Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

2.3.1.5. Товардык мурабаха бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими менен дароо төлөө шартында сатуу келишими) тараптардын милдеттенмелеринин байланыштуулугуна жол берилбейт. 

2.3.1.6. Товар сатып алуучу (товардык мурабаханын объектиси) кийинчерээк төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылышы зарыл) болууга тийиш. 

2.3.1.7. Бүтүмгө келишүү учурунда товар сатуучунун колунда жана анын менчигинде болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон шартта, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар товардын жалган эмес анык сатылып алынгандыгын тастыктоо максатында сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

2.3.1.8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурдагы сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатылып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

2.3.1.9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө же валюта түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

2.4.11-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мыйзам боюнча мүлктү сөзсүз түрдө камсыздандыруу зарыл болгон шартта ижара берүүчү аны Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга мүмкүн болбосо, анда Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү жөнгө салынган ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижарачыдан ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир төлөмдү кармап кала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны мүлктү ижара берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

- 2.4.33-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4.33. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кечиктирген ижарачы ижара төлөмүнөн белгилүү бир сумманы же андан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш экендигин болжолдогон жобо каралышы мүмкүн. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатка ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат.  

Ижарачы сунуштаган гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажырап калган шартта ижара берүүчү мындай сумманы, ижарага алынган менчиктен пайда алына элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөмдөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоо суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн.»; 

- 2.4.35-пунктундагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы № 60/8 «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы «Товардык мурабаха» деген 3.1-глава менен толукталсын: 

«64.1. Товардык мурабаха акча каражатын алуу максатында түзүлгөн, эки макулдашуудан турган бүтүм: мурабаха келишими шартында товарды кийинчерээк төлөө аркылуу сатып алуу жана ошол эле товарды баштапкы сатып алуучудан башка үчүнчү жакка дароо төлөө шартында сатуу.  

64.2. Товардык мурабаха бүтүмү ФКУ тарабынан акча каражатын, анын ичинде инвестиция тартуу инструменти катары да колдонулат. Бүтүм ФКУ кардарларын каржылоо инструменти же кардарлардан акча каражатын тартуу инструменти катары колдонулбайт. 

64.3. Товар сатуу учурунда товарды саткан тарап анын ээси болууга тийиш.  

64.4. Товардык мурабаха бүтүмүнүн натыйжасында алынган акча каржаты Шариат стандарттарына ылайык келген операцияларда колдонулууга тийиш. 

64.5. Товардык мурабаха бүтүмү боюнча келишимдер жазуу жүзүндө түзүлөт. Эки келишим боюнча (товарды кийин төлөө шартында сатып алуу келишими менен дароо төлөө шартында сатуу келишими) тараптардын милдеттенмелеринин байланыштуулугуна жол берилбейт. 

64.6. Товар сатып алуучу (товардык мурабаханын объектиси) кийинчерээк төлөө шартында сатып алган сатуучудан башка адам (товар үчүнчү жакка сатылышы зарыл) болууга тийиш. 

64.7. Бүтүмгө келишүү учурунда товар сатуучунун колунда жана анын менчигинде болууга тийиш. Бүтүмгө келишилген жерде товар жок болгон шартта, ошол товардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү белгиленген же алардын үлгүлөрү, ал жайгашып турган жерге тиешелүү маалыматтар товардын жалган эмес анык сатылып алынгандыгын тастыктоо максатында сатып алуучуга кошумча сунушталууга тийиш. 

64.8. Товардык мурабаха бүтүмүнө келишүүдө сатып алуучу сатуучуну же анын өкүлүн мурдагы сатуучудан (анын өкүлүнөн) сатылып алынган товарды сатуучу агент катары дайындай алат. Мындай учурларда агенттик келишим сатып алуучу товарга ээлик кыла баштагандан кийин түзүлүүгө тийиш.  

64.9. Товардык мурабаха бүтүмү алтынга, күмүшкө же валюта түрлөрүнө карата түзүлбөйт.»; 

75-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мыйзам боюнча мүлктү сөзсүз түрдө камсыздандыруу зарыл болгон шартта ижара берүүчү аны Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга тийиш. Шариат стандарттарына ылайык камсыздандырууга мүмкүн болбосо, анда ФКУнун Шариат кеңеши тарабынан жактырылган шартта, мүлктү жөнгө салынган ыкмада эле камсыздандырууга болот. Камсыздандыруу чыгашалары ижара төлөмүнө кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижарага берүүчү ижарачыдан ижара акысынын белгиленген өлчөмүнөн ашык кандайдыр бир төлөмдү кармап кала албайт. Ижара берүүчү да ижарачыны мүлктү ижара берүүчүнүн эсебинен камсыздандыруучу агент катары дайындай алат.»;  

- 97-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«97. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кечиктирген ижарачы ижара төлөмүнөн белгилүү бир сумманы же андан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш экендигин болжолдогон жобо каралышы мүмкүн. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма ФКУнун Шариат кеңеши тарабынан жактырылган ички саясатка ылайык кайрымдуулук максаттарына багытталат.  

Ижарачы сунуштаган гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажырап калган шартта ижара берүүчү мындай сумманы, ижарага алынган менчиктен пайда алына элек мезгил үчүн төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөмдөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоо суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды да эсептеп кармап калышы мүмкүн.»; 

- 99-пунктагы «жараксыз болуп» деген сөздөрдөн кийин «же өлүп» деген сөздөр менен толукталсын; 

- мамлекеттик тилдеги текстинде 4-главанын аталышы төмөнкү мазмунда берилсин: 

«4-глава Ижара жана ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү».