Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 2018-П-12/14-2-(НПА) 

токтому 

 

Улуттук банк Башкармасынын «2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 

«Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын «2011-жылдын 27-июлундагы № 40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен алмашуу бюролорун, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-апрелиндеги  

№ 2018-П-12/14-2-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«Эгерде юридикалык жактын алмашуу бюросу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жылда 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, анда бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500 000 сомду түзөт. 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жак тарабынан кошумча түзүлгөн ар бир алмашуу бюросуна жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 200 000 сомду түзөт.»;  

- 3-пунктундагы «жүргүзүүгө» деген сөз «жүргүзүү укугуна» дегенге алмаштырылсын; 

- 9-пунктунда:  

«з» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«з) төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушу тууралуу өтүнүч катты берген күнүн тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500 000 (беш жүз миң).»; 

«и» пунктчасынын экинчи абзацындагы «документтерди тапшыруу» деген сөздөрдөн кийин төмөнкү сөздөр менен толукталсын: 

«(нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат берген учурга карата кеминде эки ай мурда мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар тарабынан берилбейт);»; 

төмөнкү мазмундагы «м» пунктчасы менен толукталсын: 

«м) уюштуруучунун/катышуучунун паспортунун көчүрмөсү жана өтүнүч кат тапшыруу учурунда юридикалык жактын уюштуруучусунун/катышуучусунун өтүнүч ээсинин соттуулугу жоктугу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты.»; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын: 

«9-1. Эгерде юридикалык жактын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү аяктап жатса же 1 айдан ашпаган мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак жаңы лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты (2-тиркеме); 

2) төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган документтерди: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500 000 (беш жүз миң) сом. 

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары тууралуу маалыматты (эгерде мурда буга чейинки лицензияны алууда сунушталбаса) (8-1-тиркеме)

4) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди; 

5) салык органдарынын бирдиктүү маалымкатын: 

- документтерди тапшыруу учурунда бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу; 

- контролдук-кассалык машинаны каттоо жөнүндө (3-тиркеме); 

6) алмашуу бюросунун жайын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин же алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган, өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн; 

7) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелерин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрукту; 

8) паспорттун көчүрмөсү жана өтүнүч кат берүү учурунда юридикалык жактын өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун соттуулугу жоктугу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын маалымкатын.  

Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү 1 айдан ашык мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак жаңы лицензияны алуу үчүн документтерди ушул жобонун 9-пунктуна ылайык сунуштайт.»; 

- 25-пунктунда: 

биринчи абзацындагы «30» деген сандан кийин «календардык» деген сөз менен толукталсын; 

үчүнчү абзацындагы «түп нускасын» деген сөз «көчүрмөсүн» дегенге алмаштырылсын; 

төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- өзгүртүүлөр киргизилген уюштуруу документтеринин лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн (мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө алып келген уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.»;  

- жобо төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

«25-1. Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактын лицензиаттын алмашуу бюросу жана/же кошумча алмашуу бюросу өз ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырса, анда лицензиат жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасын 1 000 000 сомго чейин жеткирүүгө жана Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

1) билдирме катты; 

2) билдирүү берген күнү лицензиаттын коммерциялык банктагы эсебиндеги кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом суммасына улуттук валютада же билдирүү берилге күнү Улуттук банктын расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган маалымкатты;  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматты (8-1-тиркеме).»; 

- 27-пунктундагы «жүргүзүүгө» деген сөз «жүргүзүү укугуна» дегенге алмаштырылсын; 

- 28-пунктунун үчүнчү абзацындагы 

«түп нускасын» деген сөз «көчүрмөсүн» дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ бир юридикалык жак төрт кошумча алмашуу бюросун ачууга укуктуу.»; 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кошумча алмашуу бюросун каттоо үчүн лицензиат Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын; 

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн; 

- кошумча алмашуу бюросун ачуу тууралуу жана кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

- документтерди тапшыруу учурунда бюджет алдында карызынын жок экендиги жана контролдук-кассалык машина каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө салык органдарынын бирдиктүү маалымкат (3-тиркеме); 

з) төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) жүргүзүүнү ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу кошумча алмашуу бюролору үчүн кеминде 200 000 (эки жүз миң) сом. 

и) кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалымат (8-1-тиркеме).»; 

- 34-пункттагы «жүргүзүүгө» деген сөз «жүргүзүү укугуна» дегенге алмаштырылсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: 

«35-1. Эгерде алмашуу бюросунун/кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун иши токтотулган учурда, лицензиат Улуттук банкка 11-тиркемеге ылайык форма боюнча иши токтотулган учурдан тартып үч күн ичинде иши токтотулган мезгилди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен тиешелүү билдирме жөнөтүүгө милдеттүү

Алмашуу бюросунун/кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын иши токтотулган мезгил ичинде жүргүзүүгө жол берилбейт. Аталган талапты бузууга жол берген учурда, лицензиатка карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.»; 

- 36-пункттагы «казинолордо» деген сөз алып салынсын; 

- 44-пункт төмөнкү мазмундагы «15» жана «16» пунктчалар менен толукталсын: 

«15) экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алынып салынбаган жана жабылбаган соттуулугунун болушу; 

16) алмашуу бюросунун ишине жана жайына ушул жобонун талаптарына ылайык келиши предметине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү.»; 

- 49-пункт төмөнкү мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын: 

«12) Улуттук банкка берилген билдирүүгө ылайык, иши токтотулган мезгил ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын ишке ашырылып жаткандыгын аныктоо.»; 

- 2-тиркеменин: 

«Өтүнүч кат» деген сөз «лицензияга берүүгө» деген сөздөр менен толукталсын; 

төмөнкү мазмундагы 6-пункт менен толукталсын: 

«6. Эгерде юридикалык жак нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, токтотулуп турган иш мезгили көрсөтүлөт.»; 

- 6-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын 

жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тартиби жөнүндө» 

жобого карата 6-тиркеме» 

 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

  

_________________________ 

  

  

(юридикалык жактын аталышы) 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(кошумча алмашуу бюросун ачууга) 

нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 20___-жылдын «____»__________ №_____ лицензиясына ээ ______________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы жана дареги) 

кошумча ачылуучу алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү өтүнөт. 

1. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун дареги: _____________________________ 

2. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жетекчиси / ким тарабынан ыйгарым укук чегерилген:____________ 

3. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун байланыш телефон номери: ___________________ 

Төмөнкү маалыматтарды кошумча билдирем: 

1. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жетекчисинин паспорттук маалыматтары: 

Паспортунун сериясы ____________________ N ______________ ким тарабынан берилген _______________ берилген күнү ____-жылдын «__» _________. Жашаган жери:  

2. Туруктуу иштеген жери жана ээлеген кызматы (эгерде болгон болсо) ____________ 

(толук аталышы жана дареги көрсөтүлөт) 

3. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттары __________ сомду түзөт (суммасы сан жана сөз менен жазылат).  

Кошумча ачылуучу алмашуу бюросун каттоо үчүн зарыл документтер кошо тиркелет. 

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын туура жана анык экендигин тастыктаймын. 

  

Күнү 

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Мөөрү»; 

 

- 10-тиркеменин: 

I бөлүгүндөгү «Үмөталиев көчөсү, 101» деген сөздөр «Чүй проспектиси, 168» дегенге алмаштырылсын; 

II бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- жобо төмөнкү мазмундагы 11-тиркеме менен толукталсын: 

«Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын 

жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө»  

жобого карата 11-тиркеме»  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

  

  

______________________ 

  

  

(юридикалык жактын аталышы  

 

БИЛДИРМЕ 

 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 20___-жылдын «___» ____________ №____ лицензиясына ээ _______________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы жана дареги) 

____________________ (ишти токтотуу себеби көрсөтүлөт) байланышту _________________ (алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун дареги) ____ (күнү) тартып ______ (күнү) чейинки мезгилде __________ (алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун каттоо номери) алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун ишин токтоткондугу тууралуу билдирет.  

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын туура жана анык экендигин тастыктаймын. 

  

Күнү 

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Мөөрү».