Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 23-майындагы  

№ 2018-П-15\18-1-(НПА) 

токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр ( кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым А.С. Тезекбаевага ыйгарылсын. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу Н. Жениш 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 23-майындагы 

№ 2018-П-15\18-1-(НПА) 

токтомуна тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик  

укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежелерин» бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктта «мамлекеттик» деген сөз алынып салынсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоону каттоо эрежесинен: 

- Эреженин аталышындагы, бүтүндөй тексттен жана 2-тиркемеден «мамлекеттик» деген сөз алынып салынсын; 

- бүтүндөй текстте жана тиркемелерде «МБК» деген сөз «БК» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- бүтүндөй текстте жана 1, 2, 4-тиркемелерде ар кандай түрдө жана жөндөмөдө кездешкен «МБК Депозитарийи» деген кыскартылган түрдө берилген сөздөр «Депозитарий» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 1, 2, 4-тиркемелерде «сом» деген сөз «валюта» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- 2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул эреже Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары Улуттук банк) күрөө келишимдерин каттоо процессин иретке салуу максатында иштелип чыкты. Күрөө предмети болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балуу кагаздары жана Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу жана Улуттук банктагы депозитарийде банк аралык кредиттик операциялар боюнча эсепке алынган Улуттук банктын ноталары, аны менен бирге кыймыл аракеттер күрөө мүлкүнө караганда күрөө менен камсызданган милдеттенмени аткаруу же аткарбоо учурларда. 

- 2-главанын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары.»; 

- төртүнчү жана бешинчи абзацтарындагы «Биринчилик дилердин же финансы-кредиттик уюмдарынын» деген сөздөр «Тике катышуучунун» дегенге алмаштырылсын; 

- алтынчы, тогузунчу абзацтарындагы ар кандай жөндөмөдөгү «Биринчилик дилердин» деген сөз «Тике катышуучунун» деген сөзгө тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;  

- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Тике катышуучу  Улуттук банк тарабынан лицензияланган, Улуттук банкта корреспонденттик/күндөлүк эсепке ээ коммерциялык банк, Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып барууга Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна караштуу Мамлекеттик топтоо пенсиялык фондусу,  «Борбордук депозитарий» ЖАК жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги»;  

- онунчу абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Депозитарийде «депо» эсебине ээ Тике катышуучулар ортосунда түзүлгөн күрөө келишими жана Автоматташтырылган тоорук системасынан тышкары бүтүмгө келишүүдө Улуттук банкта каттоодон өткөрүлөт.»;  

- 8 жана 11-пункттарындагы «саат 15.30» деген сандар «саат 17.00» дегенге алмаштырылсын; 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:, 

«9. Улуттук банк, күрөө келишиминде көрсөтүлгөн Депозитарийиндеги күрөө коюучунун депо-эсебинде көрсөтүлгөн БКлардын болушун текшерет. Күрөө келишими автоматташтырылган тоорук системасында катталат, автоматташтырылган тоорук системасынын иши Башкарманын токтому менен жөнгө салынат. Күрөө келишимине Депозитарийдин контролерунун кол тамгасы менен тастыкталган, алардын каттоого алынган күнү жана номери тууралуу жазуу чагылдырылат. Келишимдин бир нускасы Улуттук банкта калат, ал эми экинчи жана үчүнчү нускалары тиешелүүлүгүнө жараша, Күрөө кармоочуга жана Күрөө коюучуга берилет. 

- 10-пункттун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында жана» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 12-пункттун биринчи абзацын төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Баалуу кагазды кошумча күрөөгө коюу жана/же колдонуудагы күрөө келишимине карата аларды жарым-жартылай бошотуу Күрөө келишимине карата Кошумча келишимдин негизинде жүргүзүлөт (5-тиркеме).» 

- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:, 

«13. Күрөө келишимдерин каттоо үчүн Улуттук банкта 300 сом суммасында жыйым белгиленет.»; 

- 15-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:, 

«15. Күрөө коюучунун күрөөлүк субэсебинде турган баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун инвестициялык субэсебине же болбосо Күрөөнү тескөөчүнүн Депозитарийдеги жалпы субэсебине милдеттенмелердин ордун жабуу эсебине ыктыярдуу которуу, Күрөө коюучу менен макулдашылган Күрөө кармоочунун же Күрөөнү тескөөчүнүн тапшыруусу боюнча Улуттук банк тарабынан ал келген күнү ишке ашырылышы мүмкүн (4-тиркеме)»;  

- Эреже төмөнкү мазмундагы 5-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы аркылуу 

жайгаштырылуучу,  

баалуу кагаздар түрүндөгү 

күрөөлүк камсыздоону каттоо 

эрежелерине карата  

5-тиркеме  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

 

 

ТИПТҮҮ КОШУМЧА КЕЛИШИМ №_____ 

20___ “___”_______№____ күрөө келишимине карата 

 

Бишкек шаары 20___-ж. “ ___”_______ 

 

 

Мындан ары “Улуттук банк” же “Күрөөнү тескөөчү” деп аталуучу,  жана Улуттук банктын ______ жылдын __________ №____, “_________________” буйругунун негизинде иш алып барган  ____________, бир тараптан жана мындан ары “Банк” же “Күрөө коюучу” деп аталуучу _________________________ атынан уставдын негизинде иш алып барган _______________________ экинчи тараптан, биргелешип “Тараптар” деп аталуучулар ______жылдын Кредиттик келишимге таянуу менен төмөнкүлөр боюнча ____жылдын Күрөө келишимне карата (мындан ары - Күрөө келишими) ушул Кошумча келишимди түзүштү

1.Күрөө келишиминин 1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“1. Кредит келишими боюнча милдеттенменин камсыздоосу катары Күрөө коюучу, “Күрөөнү тескөөчүгө” төмөнкү баалуу кагаздарды (мындан ары-БК) жалпы номиналдык көлөмү _________ (Сумма сөз түрүндө) валютасы, төмөнкү чыгуудагы жана төмөнкүдөй көлөмдөгү, күрөөгө өткөрүп берет:  

№  

Каттоо номери 

БК чыгуу күнү 

БК төлөө күну 

БКдын саны 

(даана) 

1 БКдын номиналдык баасы (валютасы) 

БКдардын номиналдык баасы (сом) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

 

2. Күрөө келишимдин калган шарттары өзгөртүүсүз калат.  

3. Ушул Кошумча келишим Күрөө келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.  

4. Ушул Кошумча келишим бирдей юридикалык укукка ээ 3 нускада түзүлөт: 1 (бир) нуска Банкта сактоо үчүн, 1 (бир) нуска каттоо үчүн тиешелүү укуктуу органга берүү үчүн, 1 (бир) нуска Улуттук банкта сактоо үчүн.  

 

ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕГИ, ТАРАПТАРДЫН МААЛЫМДАРЕКТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк: 

 

Кол коюучу 

 

__________________М.О. 

Банк: 

 

Кол коюучу 

 

_________________М.О.»; 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/9 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышындагы жана 1 жана 6-пункттарындагы «мамлекеттик» деген сөз алынып салынсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды депозитардык эсепке алуу жөнүндө» жобонун: 

- жобонун аталышындагы жана бүтүндөй текст боюнча «мамлекеттик» деген сөз алынып салынсын; 

- жободо жана 1, 2-тиркемелердеги бүтүндөй тексти боюнча; 

- кыскартылган түрдө берилген «МБК» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «баалуу кагаздар» дегенге алмаштырылсын; 

- Бүтүндөй текст боюнча ар түрдүү сандык жана жөндөмө формаларындагы «МБК Депозитарийи» деген сөздөр ар түрдүү сандык жана жөндөмө формаларындагы «Депозитарий» дегенге алмаштырылсын; 

- жобого карата 1- жана 2-тиркемелеринин бүтүндөй тексти боюнча: 

- «Баалуу кагаздарды рефинансылоо жана жайгаштыруу бөлүмү» деген сөздөр алынып салынсын;  

- «(МКВ, МКО, ноталар) кыскартылган түрдө көрсөтүлгөн сөздөр алынып салынсын; 

- «(МКВ/ ноталар) кыскартылган түрдө көрсөтүлгөн сөздөр алынып салынсын; 

2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул жобо Улуттук банктын автоматташтырылган тоорук системасында (мындан ары - АТС) Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды (мындан ары - БК) депозитардык эсепке алуу тартибин аныктайт»

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздар  бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар жана Улуттук банктын ноталары.»; 

- 19 пунктун биринчи абзацында «финансылык-кредиттик мекемелер» сөздөрдү «финансылык-кредиттик уюмдар» сөздөрүнө алмаштырылсын; 

- 26-пункттун 14-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«БК менчик укугу өтүүсүз күрөөлүк» суб-балансында күрөө кармоочу пайдасына блоктошулган БК эсеби жүргүзүлөт. Ушул суб-баланстагы БК кезектеги сатып алуу, сатуу жана ички позициялык которуу операцияларына колдонууга мүмкүнчүлүгү жок. 

- 26-пунктун 15-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«БК менчик укугу өтүүчү күрөөлүк» суб-балансы, бир күндүк жана "овернайт" кредиттеринин алкагында коюлган, кезектеги сатуу, сатып алуу, күрөө жана ички позициялык которуу операцияларын жүргүзүү үчүн колдонууга болбогон МБКларды эсепке алуу үчүн колдонулат. МКБлар ушул суб-баланска кредиттер берилген учурдан тартып которулат.»;  

- 32-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына жана келишимге ылайык түзүлгөн иш кагаздары «Депо» эсептерин жабуу боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.».