Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 12-декабрындагы 

№ 2018-П-15/53-12-(НПА) токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата  

минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы бул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын ___ декабрындагы 

2018-жылдын 12-декабрындагы 

№ 2018-П-15/53-12-(НПА) токтому 

 

  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

  

Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) «Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын:  

- 2-пунктун 2 абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:    

«Кредит портфели талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингдер»; 

 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Кредиттик линиянын алкагында кредиттер (транштар) боюнча талап кылуу укугу, ушул минималдуу талаптарды эске алуу менен күрөөлүк камсыздоону ар бир кредит (транш) боюнча өз-өзүнчө идентификациялап бөлүштүрүү мүмкүн болгон шартта, ал күрөөлүк камсыздоо катары каралышы мүмкүн». 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун алкагында берилген кредиттик ресурстар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер каралат.».; 

 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Кредиттер/лизингдер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Улуттук банк Башкармасы же Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.»; 

 

- 13-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Кредиттердин/лизингдердин ушул минималдуу талаптарда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөргө туура келбегендиги банк тарабынан аныкталган жана/же Улуттук банк тарабынан белгиленген учурда, банк аларды ушул минималдуу талаптарга ылайык келген кредиттерге/лизингдерге алмаштырууга же Улуттук банктын кредиттик ресурстары боюнча күрөөлүк камсыздоо катары берилген Кредит портфелинен чыгарууга милдеттүү.»; 

 

- 15-пунктундагы 6 жана 7- пунктчалары менен төмөнкү мазмунда толукталсын:  

«6) лизинг предмети; 

7) «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиялары.»; 

 

- 3 глава 15-1 жана 18-1 пунктулары менен төмөнкү мазмунда толукталсын: 

«15-1. Кредит портфелине кирген кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоо башка кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоо катары боло албайт.»; 

«18-1. Кредитти «Гарантиялык фонд» ААКсынын гарантиясы менен камсыз кылууда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун талаптары сакталууга тийиш.».