Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-07/53-4-(ДКП) токтому 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга каралган графиги жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынгандан кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн; 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жайгаштырылышын камсыз кылсын. 

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-07/53-4-(ДКП) токтомуна 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесине арналган отурумдарынын 2019-жылга  

КАРАЛГАН ГРАФИГИ 

 

Отурумдун өткөрүү датасы* 

 

Маселенин аталышы 

25-февраль 

1. 2018-жылдын IV чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

25-март 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

27-май 

1. 2019-жылдын I чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

24-июнь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

26-август 

1. 2019-жылдын II чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

30-сентябрь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

25-ноябрь 

1. 2019-жылдын III чейрегиндеги акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

23-декабрь 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө

*Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлгөн күн Кыргыз Республикасында жумуш күн эмес болсо, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт.