Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2018-жылдын 26-декабрындагы 

№ 2018-П-12/58-10-(НПА) 

токтому 

 

 

Күрөөнү өндүрүү жана кредитөө суроолору боюнча  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын бирикмеси» ЮЖБсын, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» ЮЖБсын, микрофинансылык компанияларды, жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

банк Башкармасынын  

2018-жылдын «26» декабрындагы 

№ 2018-П-12/58-10-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 4.1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1.1 Нормалдуу активдер деп, активдин суммасынан күрөө менен (кепил катары) эң аз дегенде 120% камсыз кылган, төмөндөгүлөрдөн турган активдер аталат: 

- кыска мөөнөттүү мамлекеттик казна векселдери (мындан ары МКВ) (эгерде МКВны төлөө мөөнөтү, активдерди төлөө мөөнүтүнө чейин келип жетсе, анда банк күрөөлүк камсыз кылуу катары МКВны жабуудан келип түшкөн акча каражаттарын же күрөөлүк камсыз кылуу катары кошумча ушуга окшош МКВ алуусу зарыл); 

- ушул банктын өзүнчө депозиттик эсебинде турган каражаттар. Мында, өзүнчө депозиттик эсеп дегенден жеке адамдын же юридикалык жактын өзгөчөлөнгөн депозиттик эсебин түшүнүүгө болот. Кардарлардын эсептешүү эсеби жана банктагы корреспонденттик эсеп камсыз кылуучу катары пайдаланылышы мүмкүн эмес; 

- Кыргыз Республикасынын фондулук биржаларында Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген минималдуу талаптар сакталган шартта эң жогорку жана андан кийинки категориядагы листингге кирген башка баалуу кагаздар (мындан ары башка баалуу кагаздар). 

Нормалдуу катары ошондой эле активдер суммасынын кеминде 100% Улуттук банк тарабынан эмитирленген, аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтындан турган күрөөүрөө катары) менен камсыздалган активдер аталат. 

Эскертүү: Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар Улуттук банк же аффинаждоочу ишкана тарабынан эмитирленген (чыгарылган) баалуу металлдардан даярдалган жана маркировкаланган, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган, 1000 грамм жана андан ашык салмактан турган, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,95-99,99 пайызы жана күмүш/платина үчүн куйманын лигатурдук массасынын кеминде 99,90 пайызы химиялык таза негизги металлдан турган куймалар. 

Мында төмөндөгү талаптар аткарылышы зарыл: 

1) активди берүү келишиминде жана күрөө жөнүндө келишимде, аталган акча каражаттары, МКВлар жана башка баалуу кагаздар банк тарабынан берилген каражаттарды камсыз кылуучу караты белгилениши зарыл жана банк кардар милдеттенмелерин аткарбаган учурда акцептсиз тартипте аларды алып коюуга укуктуу; 

2) депозиттик сертификат же депозиттик китепче банктын сактоосунда турууга тийиш; 

3) күрөө жөнүндөгү келишимде аталган акча каражаттарын, МКВлардын жана башка баалуу кагаздарын андан ары кайрадан күрөөгө коюуга жол бербөө да камтылууга тийиш; 

4) кандай болбосун учурда банкта тиешелүү жол-жоболор иштелип чыгууга жана күрөөнү тариздөө менен байланыштуу бардык жол-жоболорду камсыз кылган келишимде каралган мөөнөт аяктаганга чейин депозитти жана акча каражаттарын, МКВлар жана башка баалуу кагаздарын сактап турууну камсыз кылуучу ички көзөмөл жүзөгө ашырылууга тийиш; 

5) активдерди камсыз кылган депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында же жалпы жол берилген жана алгылыктуу валюта котировкаларынын негизинде, кыргыз сомуна жеңил конвертирленүүчү валютада болууга тийиш. Мында, эгерде депозит кредит берилген валютада болсо, анда ал кредиттин суммасын кеминде 100%, ал эми депозит кредит берилген валютадан айрымаланып турса сом түрүндөгү эквивалентте 120% жабууга тийиш; 

6) эгерде активди камсыз кылуучу катары активдин валютасынан айрымаланган валютадагы акча каражаттары сунуш кылынган учурда, депозитти чейрек сайын кайрадан баалоону милдеттүү түрдө өткөрүү зарыл; 

7) эгерде кайрадан баалоонун натыйжасында күрөө азайса, анда банк ушул Жобонун талаптарына ылайык дароо эле анын наркынын жогорулатылышын талап кылууга жана ал талаптын 10 жумуш күнү ичинде аткарылышын камсыз кылууга укуктуу; 

8) эгерде 1-7-пунктчаларда белгиленген талаптар аткарылбаган болсо, анда мындай актив толук камсыз кылынбаган катары таанылат жана ал классификациянын башка категориясына өткөрүлүүгө тийиш. 

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берсе, банктар киреше түзүмүнө карабастан 0%-2% чейинки өлчөмдө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен АКШ долларында жаңыдан берилген кредиттерди банктын ички саясатына ылайык «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн. Мында бул талаптар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн кызматташуусунун алкагында (Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондусу, мындан ары Өнүктүрүү фондусу) берилген жеңилдетилген кредиттерге, анын ичинде Өнүктүрүү фондусу тарабынан башка чет өлкө финансылык институттарынан тартылган жана гарантияланган каражаттардын эсебинен берилген кредиттерге, ошондой эле алардын ордун жабуу Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан каржылоонун эсебинен ишке ашырылган, кредиттик келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшүн караган кредиттерге да таркатылат. Өнүктүрүү фондусунун каражаттарынын эсебинен банктардын кредиттерин реструктуризациялоого, ошондой эле «классификацияланган» активдер категориясына кирген, мурда берилген кредиттерди каржылоого жол берилбейт.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин: 

- 14-пунктунун «б» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) кредиттердин жүгүртүүдөгү товарлар жана баалуу металлдар менен гана камсыз кылынышы кредиттин суммасынын кеминде 150% түзүүгө тийиш, мында Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалар эске алынбайт.»; 

- 23-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-1. Күрөө жөнүндө келишимде өндүрүүнү жүргүзүүдөүлктү өндүрүү жагдайлары келип жеткенде), ал күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн макулдашууда аныкталган, ал эми кыймылсыз мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен күрөө кармоочу менен күрөө коюучу ортосунда түзүлгөн кошумча макулдашууда аныкталган күрөөлүк мүлктү баалоо жөнүндө ченем каралууга тийиш.  

Мында, карыз алуучунун карызынын ордун жабуунун эсебинен кабыл алынган кыймылсыз мүлктү сатып өткөрүү боюнча тоорукту жүргүзүү чечимин кабыл алгандан кийин, бирок жогоруда белгиленген тооруктарды өткөрүүгө чейин анын адилет наркын Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык аныктоо зарыл.»; 

- төмөнкү мазмундагы 30-1-пункт менен толукталсын: 

«30-1. Эгерде күрөө предметин тоорукта сатууга чейин же аны күрөө кармоочу сатып алуу күнүнө чейин карыз алуучу (күрөө коюучу) күрөө кармоочуга карыз суммасын жабууга мүмкүн болгон бааны сунуштаган сатып алуучунун талапкердигин сунуштаса, анда ошол адам аны сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укукка ээ. Бул учурда күрөө кармоочу күрөө предметин сатууга жол бербөөгө укугу жок. Бул пунктта белгиленген укукту чектеген макулдашуу анык эмес.»; 

- төмөнкү мазмундагы 31-1-пункт менен толукталсын: 

«31-1. Күрөө кармоочудан билдирүү алган учурда карыз алуучу (күрөө коюучу) төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) күрөө кармоочу менен күрөө менен камсыздалган анын талаптарын соттон тышкаркы тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө; же  

2) күрөө кармоочу менен нотариалдык жактан тастыкталган күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү үчүн негиздер келип чыккандан кийин карыздын ордун жабуунун эсебинен күрөөлүк мүлктү өз ыктыярдыгы боюнча өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу түзүүгө; же 

3) эгерде мүлктөн соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү тартиби күрөө жөнүндө келишимде жана/же талаптарды канааттандыруу жөнүндө макулдашууда же болбосо бейтарап макулдашууда каралбаса, сот тартибинде күрөө предметинен өндүрүү жана сатып өткөрүү жол-жобосун жүргүзүү жөнүндө өтүнүч кат менен сотко кайрылууга.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө жобонун: 

- 2-пунктундагы «депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компаниялардын» деген сөздөр «, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомунун» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Башка кыймылсыз мүлктү күтүү мөөнөтүн эсептөө

1) тоорук жыйынтыгы жөнүндө протокол ыйгарым укуктуу мамлекетик органда каттоодон өткөн жана күрөө кармоочуда мурда берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттердин/бүтүмдөрдүн ордун жабуунун эсебинен алынган күрөө предметине менчик укугу пайда болгон учурда (анын ичинде жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде). 

Күрөө кармоочунун талаптарын соттук эмес тартипте канааттандыруу жөнүндө макулдашууда бул макулдашууну укук белгилөөчү документ катары тааныган шарттар болбоого тийиш. 

1) мүлк банктын балансына тоорук жүргүзүүсүз макулдашуу боюнча кабыл алынса, анда мөөнөт банк мурда берилген, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кредиттердин/бүтүмдөрдүн ордун жабуунун эсебинен алган кыймылсыз мүлккө менчик укук ыйгарым укуктуу каттоо органында каттодон өткөртүлгөн күндөн тартып эсетелет; 

2) банк Башкармасы банкты келечекте кеңейтүү үчүн сатылып алынган кыймылсыз мүлктү пайдаланбоо жана/же банк иши үчүн жайларды пайдаланууну токтотуу жөнүндө (мисалы, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдү жабуудан улам, орун алмаштырууда жана актыга ылайык башка себептер боюнча) жана аны сатуу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алса. Мындай чечим Директорлор кеңеши тарабынан макулдашылууга тийиш.»; 

- 7-пунктунун «г» пунктчасындагы «ушул Жобонун» деген сөздөр «жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын» деген сөздөр менен толукталсын;»; 

- 21-пунктундагы «2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3» деген сөздөр алынып салынсын; 

- 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22. Күрөөлүк мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында, кыймылсыз мүлк ал боюнча банктын балансына кабыл алынган сумманын кредит боюнча карыздан ашып кетиши, банктын артып калган акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүү жагындагы милдеттенмеси болуп саналат. 

Эгерде Банк кыймылсыз мүлктү соттук тартипте өндүрүүнүн жүргүзүүнүн алкагында, баштапкы ачык тоорукту өткөрүлбөгөн катары таанунун жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлктү сатып алса, анда банк сатып алуу наркы кредит боюнча карыз суммасынан ашкан учурда күрөө коюучуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө айырмасын кайтарып берет. 

Эгерде кайталап ачык тоорукту өткөрүлбөгөн катары жарыялоонун натыйжасында банк кыймылсыз мүлктү өзүндө калтырса, мүлк банктын балансына Кыргыз Республикасынын мыйзадарында белгиленген минималдуу баадан төмөн эмес нарк боюнча кабыл алынат. Банк мүлктү сатып өткөрүүдөн алган сумма кредит боюнча карыз суммасынан ашса, ал банктын күрөө коюучуга кайтарылууга тийиш болгон милдеттенмеси болуп саналат.»; 

- 27-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Күрөөгө коюлган мүлктөн соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында же кыймылсыз мүлктү «Башка менчик» категориясына которууда мүлктүн адилет наркы көз карандысыз тажрыйбалуу баа берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тастыкталууга тийиш.»; 

«а» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) кредит билдирмесин кароого алууда жана белгиленген коэффициенттерди колдонууга чейинки мүлктүн наркы 1000000 сомдон ашпайт;»; 

- 31-пунктунун «а» пунктчасындагы «25», «50» деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша «15», «40» дегенге алмаштырылсын; 

- 31-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31-1. Банк кыймылсыз мүлктү финансылык ижарага берүү келишимин/кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу келишимин же башка ушул сыяктуу келишимди түзүүдө банк Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды 25% өлчөмүндө түзүү менен мындай активди (башка менчикти) «субстандарттык» актив катары классификациялашы мүмкүн. Төлөөлөр кечиктирилген шартта жана жаңыдан түзүлгөн келишим боюнча ордун төлөө графиги бузууга жол берилген учурда, классификация Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

Мында, кыймылсыз мүлктү кийин бөлүп төлөө шартында сатуу, сатып алуучудан алдын ала төлөм бөлүгүн алган учурда, башка менчиктин камсыздалган/алдын ала төлөнгөн бир бөлүгү «нормалдуу актив» катары классификацияланат, ал эми камсыздалбаган/орду жабылбаган Улуттук банктын талаптарына ылайык классификацияланат. Келишимде, сатып алуучу кийин бөлүп төлөө шартында сатып алуу/сатуу келишимин же ушул сыяктуу башка келишимдин шарттарын аткарбаган учурда алдын ала алынган төлөм бөлүгүн банктын талашсыз кайтарбоо укукка ээ экендиги каралууга тийиш. 

Алдын ала төлөм катары алынган каражаттар ошол банктагы өзүнчө эсепте эске алынууга жана ал кыймылсыз мүлк наркынын 20% ашпоого тийиш. 

Кыймылсыз мүлктү сатып алуунун эсебинен ишке ашырылган төлөмдөр сатып алуу/сатуу келишими токтотулган учурда сатып алуучуга кайтарылат.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 4.3-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы «з» абзацы менен толукталсын: 

«з) Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү алтын.»; 

4-пунктчанын «б» абзацындагы «өлчөнгөн куймалардагы» деген сөздөр «, Улуттук банк тарабынан эмитирленген аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды эске албаганда,» деген сөздөр менен толукталсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Жобонун талабы өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат (анын ичинде корреспонденттик эсептерге, баалуу кагаздарга, банктар аралык жайгаштырууларга ж.б.).»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-2-пункт менен толукталсын: 

«3-2. Бланктык кредиттер бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты эске албаганда, банк тарабынан камсыздоосуз берилген кредиттер. Мындай кредит анын аброюна жана анын киреше деңгээлин баалоонун негизинде төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга гана (резидентке гана) сунушталат.»; 

- 4-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чек аралык кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүккө дал келет.»; 

- жобонун 2-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Банктын кредиттик саясаты жана кредиттик стратегиясы»; 

- 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банктын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички кредиттик саясатына жана кредиттик стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылат. 

Кредиттик стратегия банктын бизнес-планына өзүнчө/кошумча бөлүк түрүндө камтылышы мүмкүн.»; 

- төмөнкү мазмундагы 6-1, 6-2, 6-3-пунктулар менен толукталсын: 

«6-1. Кредиттик стратегияда кеминде төмөнкүлөр камтылууга жана эске алынууга тийиш: 

- банк аларга жетүүнү пландаштырган кредиттөөнүн максаттуу рыноктору жана алардын жалпы өзгөчөлүктөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, кредит портфелинин сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр); 

- кредиттөө боюнча негизги каржылоо булактары (банк кайсы каражаттардын эсебинен кредиттөөнү, кредит портфелин жогорулатууну пландаштырган каржылоо булактарын көрсөтүүсү зарыл); 

- кыйыр-валюта тобокелдиктерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талап; 

- кредиттер үлүшүнүн банк активдерине карата катышы; 

- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү

- күтүлгөн пайда алуу ченеми жана банк капиталынын өлчөмү

- кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерди кайтарууга байланыштуу чыгымдар; 

- банктын кыска мөөнөткө/орто мөөнөткө/узак мөөнөткө каралган пландары; 

- кредит портфелине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талабы, ал банктын учурда колдонулуп жаткан кредит портфелинин негизинде жүзөгө ашырылат. Буга кошумча банк кредиттик тобокелдикти жана кыйыр-валюта тобокелдигине баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методологиясына ээ болууга тийиш; 

- банктын актуалдуу шайкеш экономикалык көрсөткүчтөрү

- банктын уюштуруу түзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөр жана банктын кредиттик ишине жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин потенциалы (квалификациясы, штаттык тизими). Тиешелүү персоналга кредиттик стратегия жөнүндө маалымат берилүүгө жана ал банктын кредиттик стратегиясынын тактыгын камсыз кылууга тийиш. 

6-2. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу кредиттик стратегияга таасирин тийгизген же анда каралган финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү кароого алып, зарылчылыкка жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет. 

6-3. Банктын Директорлор кеңеши дайындоолор жана сый акы төлөө саясаты кредиттик тобокелдикти тескөө стратегиясына каршы келбегендей болушун камсыз кылууга тийиш.»; 

- 12-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12-1. Кредиттик тобокелдиктин ички контролдук системасына ички аудит жыл сайын банктын кредиттөө иши кредиттик стратегияга, банктын саясатына жана кредиттик тобокелдикти тескөө процессинде, кредиттик саясатта жана кредиттөө боюнча жол-жоболордо кемчиликтерди аныктоо үчүн жүргүзүлүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, банк ички аудиттин алкагында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти, анын ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык кредиттердин/активдердин классификацияланышын ички контролдук системасын баалоосу зарыл. 

Кредиттик тобокелдикти ички контролдук системасына ички аудиттин натыйжасында аныкталган кемчиликтер боюнча түзөтүү чараларын андан ары аткаруу боюнча маалымат мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана чейрек сайын кеминде бир жолу Аудит боюнча комитетке сунушталууга тийиш.»;  

- 24-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 25-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин; 

- өкмөттүн программаларынан алкагында берилген, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган кредиттерди эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо); 

- 26-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредитти андан ары реструктуризациялоо өтүнүчү менен кардардын банкка кайрылууга укугу;»; 

- 31-пунктундагы «30-пунктунда» сөздөрү «30-пунктунда» дегенге алмаштырылсын; 

- 42-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:  

«- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жак түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөндөн күндөн тартып, 15 күн аяктаганга чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети, мында кредиттин бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш;»;  

- 55-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөнүн предмети жана анын рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);»; 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери.»;  

- 61-пунктунун биринчи сүйлөмү алынып салынсын; 

- 75-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- зарылчылыкка жараша, карыздардын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгууну (кредитти кайтаруу жана пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин карап чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү, реструктуризация жүргүзүү ж.б.).». 

пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалын жана банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин кароосу зарыл. Банк, карыз алуучу өзүнүн кредитинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. 

Кредити реструктуризацияланган карыз алуучунун кредиттик таржымалы өзүндө карыз алуучунун учурдагы финансылык абалы, анын кредитти төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө бардык маалыматты, ошондой эле жүргүзүлгөн реструктуризация тууралуу маалыматты камтууга тийиш.»; 

- 79-пунктунун биринчи абзацындагы «ай сайын» деген сөздөр «чейрек сайын» дегенге алмаштырылсын»; 

- төмөнкү мазмундагы 80-1-пункт менен толукталсын:  

«80-1. Банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө мурда билдирүү жөнөткөн күнгө карата карыз алуучу тарабынан кезеги менен үч айдан ашык (кредитти төлөө боюнча кардардын колдонуудагы графигине ылайык) системалуу түрдө милдеттенмелерин бузган учурда, кредит боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүү жол-жобосун баштоону демилгелей алат.». 

- Жобого карата 1-тиркеменин: 

22-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- күрөөнүн рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);»; 

25-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- күрөөнүн предмети жана анын рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);»; 

- Жобого карата 5-тиркеме күчүн жоготкон катары таанылсын.