Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 13-мартындагы 

№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Банктар үчүн милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин: 

1) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде; 

2) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча армян драмы, белорусь рубли, казак тенгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,00 пайызы деңгээлинде; 

3) ушул пункттун 2 пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 14,00 пайызы деңгээлинде; 

4) жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенмелери боюнча, ошол милдеттемелерди эсептөө базасында камтылган сумманын нөль пайызы деңгээлинде. 

2. Милдеттүү камдык талаптарды сактоо максатында, камдык активдерге киргизилген активдердин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин: 

1) банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги акча каражаттарынын өлчөмү ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттарынын жалпы көлөмүнүн 100,00 пайыз деңгээлинде; 

2) банктардын Улуттук банктагы жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдердин өлчөмү ушул пунктчада көрсөтүлгөн активдердин жалпы көлөмүнүн 100,00 пайыз деңгээлинде; 

3) банктардын банкоматтарындагы улуттук валютадагы нак акча калдыктарынын өлчөмү ушул пунктчада көрсөтүлгөн каражаттардын жалпы суммасынын 30,00 пайыз деңгээлинде. 

3. Тиешелүү мезгил аралыгына белгиленген милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли 80,00 пайызы өлчөмүндө белгиленсин. 

4. Банктардын милдеттүү камдарды аткаруу үчүн компенсациялоо чени нөл пайыз деңгээлинде белгиленсин. 

5. Милдеттүү камдык талаптар аткарбагандыгы үчүн банктарга Улуттук банктын базалык мезгил ичиндеги эсептик ченинин орточо үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин. 

6. Милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээлин сактабагандыгы үчүн банкка Улуттук банктын тиешелүү күнгө карата эсептик ченинин үч эселенген өлчөмүндө айыптык төлөм белгиленсин. 

7. Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн колдонулган милдеттенмелердин тизмеги (кошо тиркелет) бекитилсин. 

8. Төмөнкү токтомдор күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/2 «Милдеттүү резервдик (камдык) талаптарды сактагандыгы үчүн банктарга компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмүн кайра кароо тууралуу»; 

- 2010-жылдын 15-сентябрындагы № 73/3 «Милдеттүү резервдерди эсептөө үчүн колдонулган милдеттемелердин тизмегин бекиттүү тууралуу»; 

- 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө»; 

- 2014-жылдын 8-декабрындагы № 54/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 50/1 «Банктардын милдеттүү камдарынын минималдуу деңгээли жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 «Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 25-октябрындагы № 2017-П-07-45-4-(ДКП) «Милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык толөм өлчөмү тууралуу». 

9. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

10. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте бул токтом менен банктарды тааныштырсын. 

11. Токтом 2019-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

12. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы 

№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Милдеттүү камдарды эсептөө үчүн банктардын милдеттенмелеринин тизмеги* 

№ 

Милдеттенмелердин түрү 

Көрсөткүч коду 

Көрсөткүчтүн аталышы 

Эсептешүү эсептери 

2011 

Башка финансы-кредит уюмдарынын эсептешүү эсептери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2012 

Коммерциялык уюмдардын эсептешүү эсептери   

2013 

Коммерциялык эмес уюмдардын эсептешүү эсептери   

2014 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин эсептешүү эсептери   

2016 

Кардар-резидент эместердин эсептешүү эсептери   

2017 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун эсептешүү эсептери   

2018 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин эсептешүү эсептери   

Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

2022 

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2023 

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2024 

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2025 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2027 

Кардар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2028 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

2029 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин талап боюнча төлөнүүчү депозиттери   

Мөөнөттүү депозиттер 

2032 

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү депозиттери (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунан тышкары)   

2033 

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү депозиттери   

2034 

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү депозиттери   

2035 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери   

2037 

Кардар-резидент эместердин мөөнөттүү депозиттери   

2038 

Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондусунун мөөнөттүү депозиттери   

2039 

Башка финансы-кредит уюмдар-резидент эместердин мөөнөттүү депозиттери   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Социалдык фондусунун жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана депозиттери   

2041 

Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын эсептери   

2042 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери   

2043 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун депозиттери   

2044 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин депозиттери   

2045 

Жергиликтүү бийлик органдарынын депозиттери   

2046 

Башка Өкмөттүк мекемелердин депозиттери   

Талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2211 

Башка финансы-кредит уюмдарынын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2212 

Коммерциялык уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2213 

Коммерциялык эмес уюмдардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2214 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2215 

Резидент эмес кардарлардын талап боюнча төлөнүүчү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

Мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери  

2221 

Башка финансы-кредит уюмдарынын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2222 

Коммерциялык уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2223 

Коммерциялык эмес уюмдардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2224 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

2225 

Резидент эмес кардарлардын мөөнөттүү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери 

 

*Эсептөө базасына кирүүчү милдеттенмелердин тизмегинде банктардын депозиттери эске алынбайт.