Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банк Башкармасынын 

2019-жылдын 24-апрелиндеги  

№ 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын «24» апрелиндеги 

№ 2019-П-12/22-4-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттөө жана таасир этүү  

чаралары маселелери боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3-2. Бланктык кредиттер бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантия же кепилдик түрүндө күрөө менен камсыздалбаган кредиттер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган инструменттер, жана ал кредит төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга (резидентке гана) анын аброюнун жана киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде гана берилет.»; 

- 9-пункт төмөнкү абзацтар менен толукталсын: 

«Сунушталуучу кредиттер боюнча пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзамына ылайык эсептелген чектүү жол берилген пайыз өлчөмүнөн ашкан учурда банк жогоруда аталган мыйзамдын талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүүгө

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо бүтүндөй кредитти же насыяны колдонуу мезгил ичинде эсептелген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү сунушталган кредит суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 12-пунктунун: 

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, кредиттик комитет тарабынан гана же комитет аларга кредит саясатын жөнгө салган ички документтерге ылайык укук чегерген адамдар тарабынан чечилүүгө тийиш.»; 

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын кредиттик саясатында карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикалары да камтылууга тийиш. Ушул максаттарда банк ички кредиттик рейтинги системасын иштеп чыга алат. Ички тобокелдиктер рейтинги системасы банкта ишке ашырылып жаткан иштердин түрүнүн мүнөзүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.  

Ички кредиттик рейтинги системасы карыз алуучунун келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүүнү камтууга жана карыз алуучунун ушул Жобонун 4.1. жана 4.2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын толук берилишин чагылдырууга тийиш. 

Кредиттик рейтинг кредит сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүүнү жактыруунун баштапкы баскычында ыйгарылууга, ошондой эле кредитке андан ары мониторинг жүргүзүүдө, анын мөөнөтүн узартууда же болбосо кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарылышы мүмкүн. Карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү аныктаган, иштелип чыккан кредиттик рейтингдер тамгалык, сандык же альфа-сандык символдор түрүндө белгиленет жана банк тарабынан кредит берүүдөгү тобокелдиктерди көрсөтүп турат. Банк кредиттик рейтингди карыз алуучуга жана кредитке байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарат.  

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө төмөнкүдөй ар кандай ыкмаларга негизделиши мүмкүн: 

- сандык кредиттик рейтингди аныктоого мүмкүндүк берген тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтинг моделдери, скоринг моделдери); 

- болжолдуу, ал өткөн жылдардын статистикасына таянат жана карыз алуучунун кредитинин жана анын төлөөгө жөндөмсүз болуу ыктымалдыгынын моделин түзүүгө багытталган; 

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

Банк кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, карыз алуучуга жана банк тарабынан сунушталуучу кредитке баа берүү талаптарына жооп берген ыкмалардан турган өзүнүн моделин иштеп чыгышы мүмкүн. Негиз катары төмөнкүлөр алынышы мүмкүн: 

- карыз алуучунун финансылык абалына жана кредиттердин сапатына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген коэффициенттер методу;  

- рейтинг модели интегралдык көрсөткүчтү эсептеп чыгаруу жолу менен коэффициенттер методу аркылуу автоматтык түрдө баа берүү, бул ыкма колдонууда кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналат;  

- скоринг модели карыз алуучуну белгилүү топко киргизүү жолу менен төлөө жөндөмдүүлүгүн балл берүү эквивалентинде баалоо;  

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымына баа берүүгө негизделген модель;  

өткөн жылдардын статистикасы ж.б. колдонулган модель.  

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө банкка көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготууларды жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматтарды тескөө; кредиттик рейтинг шкаласына ылайык кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттердин мурунку абалын жана балким келечектеги кыймылын рейтинг шкаласы боюнча аныктоо; жалпы тобокелдиктерге жана кредит портфелиндеги тенденцияларга баа берүү; банктын кредиттик стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу убакыттын өтүшү менен кредиттердин белгилүү түрлөрүн кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа бере турган маалымат базасын мурдагы маалыматтар менен бирге түзүүгө мүмкүндүк берет, бул банктарга өздөрүнүн кредиттик тобокелдиктерин кыйла так аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет.  

Банкта ички кредиттик рейтинг системасы ыйгарым укуктардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш: 

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредит алууга өтүнүч кат түшкөн учурда); 

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши боюнча бардык документтерди, анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, күрөөлүк камсыздоосун талдап-иликтөөдө); 

- кредит берүүнү акыркы жактыруу. 

Кредиттик рейтингге ылайык кредит берүү чечими 100 000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредит берүү боюнча кабыл алынат. 

Андан кийин 100 000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилген кредиттердин төлөнүшүнө ушул жободо белгиленген мониторинг жүргүзүү аралыгына ылайык мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурларда, кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл.  

Мындан тышкары, банк кредит берүүдө стандарттуу эмес чечим кабыл алынган кредиттер боюнча маалымат базасын жана аларды эсепке алуу журналын дайыма жүргүзүүгө милдеттүү (жеке пайыздык чендер, күрөөнүн түзүлүшү жана башка).»; 

- 25-пунктунун: 

алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо). 

Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгы фактысын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, аны банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш. 

Эскертүү: QR-код уюлдук түзүлүштөр аркылуу окуу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрица код (эки ченемдүү штрих код).;»;  

тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарант юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); 

- 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш: 

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; 

2) карыз алуучуга мүнөздөмө. Банк, карыз алуучу карызга алып жаткан каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка мекемелерден ага берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу маанилүү. Мындан тышкары, карыз алуучу жөнүндө жана Банктын каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш. 

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат: 

3) акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: карыз алуучу киреше жана нак акча агым формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы. Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш.  

Мындан тышкары, банк карыз алуучу кредитти өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен карыз алуучунун кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш. 

Эгерде кардардын келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен карыз алуучу үчүн алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга чет өлкө валютасында кредит сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш; 

4) камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банк кызматкери карыз алуучу кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш. 

Кредит берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн.  

Карыз алуучулардын милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилер боюнча классификацияланат: 

- кредитти камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, карыз алуучу кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен кредитти төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз. 

Мүлктүк формага кредиттик камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн: 

- кыймылсыз мүлк күрөөсү

- кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, карыз алуучунун пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.); 

- күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.). 

- кредиттерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Кредитти камсыздоонун мүлктүк эмес формасы бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы.  

Кредит боюнча камсыздоонун мүлктүк эмес формасына төмөнкүдөй кредиттик камсыздоо формалары кириши мүмкүн: 

- гарантия; 

- кепилдик. 

Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредитти камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт: 

- негизги камсыздоо; 

- кошумча камсыздоо. 

Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредит боюнча камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт: 

- кредиттик милдеттенменин ордун толугу менен жабуучу камсыздоо; 

- кредиттик милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жабуучу камсыздоо. 

Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдиктикти камсыздандыруу да саналышы мүмкүн. 

Кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары: 

- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугунда таандыгы жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет; 

- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш; 

- банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү-адистерди ишке тартуу менен камсыздоонун өздүк наркын баалашы мүмкүн. Кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын негизги карыз суммасынан жана камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен кредит боюнча пайыздардан жогору болушу кредиттердин кайтарылбай калышы тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат; 

- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында, сунушталган камсыздоого тиешелүү рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөшү мүмкүндүгү тобокелдигин эске алууга тийиш; 

- банк камсыздоо катары мүлктү кеминде карыз алуучу кредиттик каражаттарды пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш. Мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал. 

Эгерде 100 000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш. 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш. 

6) кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) өз ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот. Мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана кандай болбосун жагдайларда алынган кредиттик каражаттардын толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат.  

Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосун, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат.»; 

- 32-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөө жүргүзүүдө банк анда карыз алуучуга кредит сунуштоо максатка ылайыктуу экендиги чагылдырылган корутунду түзүүгө тийиш, ал Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна кардардын кредит алууга өтүнүчү жана банктын ушул Жобонун жана башка ички документтердин талаптарына ылайык талабы боюнча сунушталган башка зарыл документтер менен бирге сунушталат.  

Кредит берүүдөн баш тартууда корутундуда баш тартуу себептери көрсөтүлүүгө, ошондой эле банкта белгиленген тартипке ылайык карыз алуучуга кабыл алынган чечим тууралуу билдирилүүгө тийиш. 

Карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/максатка ылайыксыздыгы жөнүндө рейтингдин маанисин камтыган банктын ички кредиттик рейтинги менен берилген жыйынтык тиешелүү корутунду катары каралышы мүмкүн.»;. 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар банкка кредитти толугу менен же анын бир бөлүгүн кайтаруу күнүнө чейинки отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта айыптык санкцияларды (комиссиялык төлөм жана башка төлөөлөр) төлөөсүз кайсыл болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу. Мындай учурда көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет жана ал мөөнөт (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) аяктаганга чейин карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, мында банкка кеминде 30 (отуз) күн мурда билдирүү жиберилиши керек. Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусунун мөөнөтүнөн мурда төлөөсү анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана жол берилет;»; 

- 55-пункт төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: 

«Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.»; 

- 61-пунктунун: 

экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын (6) 50 % өлчөмүнөн ашпоого тийиш.»; 

пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.»; 

- 61-2-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61-2. Банк топтук кредиттер жагында бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөнү төмөнкү бардык шарттар сакталган учурда ушул Жобонун 61-3-пунктуна ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу:»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат.»; 

- 61-3-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61-3. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчиликтери астында берилген, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген топтук кредиттер алынып салынат:»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат.»; 

- 61-4-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61-4. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө бардык төмөнкү критерийлерге жооп берген контракттык каржылоо формасындагы кредиттер алынып салынат:»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат.»; 

- 63-1-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- 100 000 сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. 100 000 сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөнү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт.»;  

пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: 

«Мындан тышкары, банк кредиттик камсыздоонун пайдаланылышын жана анын абалын тиешелүү деңгээлде контролдоону белгилөөгө тийиш, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлап кетпегендигин, белгилүү бир жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана карыз алуучу кредиттик милдеттенмесин аткарбаган учурда банктын камсыздоону сатып өткөрүүгө жана гаранттан/кепилдик берүүчүдөн карызды өндүрүп алууга жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш.»; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин: 

1-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1-1. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.»; 

8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250 000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо). 

Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгы фактысын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, аны банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш;». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 4.2.2-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 30-пунктунун талаптарына ылайык келген, андан өндүрүп алууга боло турган мүлктүк камсыздоо жана/же анын эсебинен карыздын ордун жабууга боло турган гарантия/кепилдик болсо;»; 

- 4.3.2.-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- активдин толук камсыздалбашы, калган учурда канааттандырылган активдерге тиешелүү бардык мүнөздөмөлөргө же контракттык каржылоонун алкагында камсыздоого ээ болгон (мисалы: каржыланган контракт боюнча талап коюу укугу, дебитордук карыздар ж.б.);»; 

- 4.3.5-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Ошондой эле, бул пунктка Өнүктүрүү фондунун алкагында берилген жеңилдетилген кредиттер, ошондой эле ушул жобонун 4.1.1-пунктчасына ылайык Өнүктүрүү фондусунун гарантиясы алдында берилген кредиттер кирбейт.»; 

- 5.1.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кепилдик/гарантия менен толук камсыздалган актив, төлөө мөөнөтү 60 күнгө кечиктирилген шартта, башкача айтканда, Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн төлөө мөөнөтү келип жеткенге чейин «субстандарттык» катары классификациялануусу зарыл.». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 21-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Жазма буйрук, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктуу начальниктери, көзөмөл блогун тескөөгө алган Улуттук банктын төрагасынын орун басары/Башкарманын мүчөсү, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан колдонулат.»; 

- 32-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;»; 

- 33-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Улуттук банк, банктан финансылык абалды чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.»; 

үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«План бир календардык жылга түзүлөт жана ал сунуштала турган календардык жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Улуттук банкка берилүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банкка финансылык абалды чыңдоо чараларын өткөрүү талабы коюлган шартта, Банктын финансылык абалын чыңдоо планы, жаңыртылган планды (Улуттук банктын талабы боюнча Финансылык абалды чыңдоо планына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда) кошо алганда, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча банктын иш-чаралары Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан макулдашылууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 3-1-1-параграф менен толукталсын: 

«§ 3-1-1. Банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап 

36-1. Улуттук банк, анын ичинде банктын финансылык абалын чыңдоо максатында, банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талап коюуга укуктуу.  

36-2. Улуттук банктын кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө талабын алган учурда банктын аткаруу органынын жетекчиси аны алган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде банктын Директорлор кеңешине банкты кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу максатында, акционерлердин кезексиз жыйынын чакыруу тууралуу өтүнүч менен кайрылууга милдеттүү

36-3. Банк, өз кезегинде, Улуттук банктын талабын алган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күнүнөн кечиктирбестен кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

36-4. Улуттук банк банктарга карата төмөнкү учурларда мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу: 

- банк тарабынан монополияга каршы мыйзам талабы бузууга жол берилген учурда. Бул учурда бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн; 

- Улуттук банктын кошумча капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталдын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу талабы аткарылбаса; 

- уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем сакталбаса; 

- банк мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде банк мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдер бир нече жолу (12 ай ичинде эки же андан ашык ) бузууга жол берилсе. 

36-5. Банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү банк мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Банкты мажбурлап кайра өзгөртүп түзүү талабынын аткарылбашы башка таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 

36-6. Кайра өзгөртүп түзүү процессин жүргүзүү мезгилинде Улуттук банк тарабынан банкка (же банктарга) карата өзүнчө тыюу салуулар/чектөөлөр коюлушу мүмкүн. 

36-7. Банкты кайра өзгөртүп түзүү мөөнөтү 6 (алты) айдан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт кошумча 6 (алты) айга узартылышы мүмкүн.»; 

- 40-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- эгерде анын негизинде банктын капиталына катышуу үчүн Улуттук банктын уруксаты алынган анык эмес (жалган) маалыматтарды берүү фактылары аныкталса же ошол жак мыйзамда каралган уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлуучу талаптарга жооп бербесе. Мында Улуттук банк акцияларды сатып алуу үчүн өтүнүч ээсине мурда берилген уруксатын кайтарып алат.  

Банктын уюштуруучусу (акционери) мыйзамга ылайык уюштуруучуларга (акционерлерге) карата коюлган талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, акцияларды сатып алууга берилген уруксатты кайтарып алуу менен бирге эле, анын акцияларын сатуу жөнүндө талап коюлган шартта, уюштуруучуга (акционерге) банктын добуш берүү укугуна ээ акцияларынын 10 (он) же андан ашык пайызына (биринчи чектүү маанисине) ээлик кылууга Улуттук банк тарабынан уруксат берилиши мүмкүн.»; 

- 56-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банктык операцияны/операцияларды жүзөгө ашырууга чектөөлөр же тыюу салуулар лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегин (тизмедеги көрсөтмөлөр) толук алмаштырууну талап кылат жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегин же көрсөтмөлөрдү алмаштыруу талап кылынган банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар жөнүндө чечим аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо жана банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу (жаңы банктарды түзүү, банктарды кайра өзгөртүп түзүү, «өтмө» банкты түзүү) үчүн банк ишин лицензиялоонун алкагында да кабыл алынат.»;  

- 62-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кызмат адамы кылмыш ишинде шектенүү/айыпталуучу катары тартылган учурда ал кызмат адамын банкта ээлеген кызмат ордунан четтетүү;»; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредит уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 1-тиркеменин 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Улуттук банкка отчеттордун, ошондой эле расмий түрдө талап кылынган башка документтердин жана маалыматтардын берилбеши, ошондой эле өз убагында берилбеши, толук эмес же так эмес берилиши.». 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июндагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы №2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 76-пунктундагы «чектөөлөрдү» деген сөз «Улуттук банк Башкармасы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 208-пункт төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Чет өлкө банкынын филиалы Директорлор кеңешин жана Башкармасын түзүүсүз иштейт. Чет өлкө банкынын филиалында төмөнкү кызмат адамдары дайындалууга тийиш: филиалдын жетекчиси (башкы менеджер), анын эки орун басары, ички аудит, тобокелдик-менеджмент жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилери, башкы бухгалтер жана кредиттик иш/ислам принциптери боюнча каржылоого, филиалдын активдерин жана пассивдерин тескөө үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.».  

- Банк ишин лицензиялоо жөнүндө жобого карата 21-тиркеменин 2.6-пунктунун  

7-пунктчасындагы «административдик укук бузууларды» деген сөздөр «, жоруктарды, бузууларды,» деген сөздөр менен толукталсын. 

6. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 37-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө ижарачы/субижарачы жана ижарага берүү мөөнөтү жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен пайдаланылбай турган банктык жайлар ижарага/субижарага берилген жана/же ижарачылар алмашкан ар бир жагдай жөнүндө кат жүзүндө маалымдап турууга тийиш.». 

7. Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун расмий тилде аталышындагы «организациях» деген сөз «организаций» дегенге алмаштырылсын; 

- жогоруда аталган токтомго карата тиркемедеги жобонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жобо»;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка банк эмес финансы-кредиттик уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо (мындан ары Жобо) банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, анын ичинде өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ачык акционердик коомунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары банктар) аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген.». 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- 7-бөлүмүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү»; 

- 7.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин; 

«7.1. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш. 

«Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.»; 

- 7.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.2. Банк, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо берилген шарттар менен критерийлер сакталган шартта, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги астында берилген кредиттерди бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө ченеминен алып салууга укуктуу.»; 

- «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү» жобого карата 1-тиркеменин «В» бөлүгүнүн «Белгилөө» графасындагы биринчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү». 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 15-сентябрындагы № 24/4 «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоодо; 

- 5.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.5. Бланктык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү банктын накта суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

«Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш.».