Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 30-майындагы 

№ 2024-П-14/25-6-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                 К. Боконтаев 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын «30» майындагы 

№ 2024-П-14/25-6-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

- 51-пункту: 

төмөнкү мазмундагы сүйлөмдөр менен толукталсын: 

«Эквайер башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында, карта ээси, анын ичинде башка эмитент тарабынан чыгарылган картанын ээси өз тандоосу боюнча белгиленгенден да аз суммада акча каражаттарын банкомат аркылуу алууга укуктуу.»; 

төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Эквайер башка эмитенттердин карта ээлеринин акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укугу жок.».