Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 19-мартындагы  

№ 2024-П-12/11-7-(НФКУ) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:   

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө

- 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу»;  

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу.  

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, мында «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөр эске алынбайт, алар 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кепилдик фонд» ААКты жана алмашуу бюролорун тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                            М. Тургунбаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2025-жылдын 19-мартындагы  

№ 2024-П-12/11-7-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун: 

- 6.3-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  

«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ченди төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибинин: 

- 2.3-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  

«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, пайыздык чен төмөндөтүлгөн күндөн тартып атайын классификация колдонулбашы мүмкүн.»; 

- 2-1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1.2. Карызгердин - жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, башка банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери кеминде «байкоого алынган активдер» катары классификацияланууга тийиш.»;  

 

- 3.2-пункттагы «Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр» таблицасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр: 

 

Классификация категориясы 

Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби 

РППУ 

Канааттандырарлык  

0-3 

2% 

Байкоого алынгандар  

4-29 

5% 

Субстандарттык  

30-59 

25% 

Шектүүлөр  

60-89 

50% 

Жоготуулар  

90 жана андан ашык 

100% 

»; 

- 4.5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.5. Ушул Тартиптин 2.1-пунктунда белгиленген критерийлерге жооп берүүчү бир адамга ушул банкта/ФКУда бир нече кредиттер берилген учурда, эгерде бардык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн эсептик чектен ашпаса, ага карата атайын классификация колдонулууга тийиш. Ошону менен бирге, мындай кредиттер аларга колдонулган классификациянын категорияларынын ичинен начары боюнча классификацияланышы керек.»;  

- 4.7-пункттагы «10» деген сан «5» деген санга алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 15-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда, 2006-жылы жана ага чейин чыгарылган жана төлөм каражатынын статусун жоготпогон АКШ долларынын банкнотторун эске албаганда, чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде мөөрү жана/же штампы бар болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап калууга укугу жок. Мында комиссиялык сый акынын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн накталай АКШ долларын алып чыгууга байланышкан чыгымдарды эске алуу менен, негиздүү болууга тийиш.».   

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобонун:  

- 81-пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:  

«Мында колдонуудагы кредит боюнча пайыздык ченди (карыз алуучунун финансылык абалын начарлатпастан) төмөндөтүү күнүнө карата «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жол берилген чектүү пайыздык чендин өлчөмүнөн ашпаган деңгээлге чейин төмөндөтүүдө, ошол кредит боюнча классификациялоо пайыздык ченди төмөндөтүү күнүнөн тартып ушул Жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.».