Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 30-апрелиндеги  

№ 2025-П-14/20-1-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун  

уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1.  Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүчө белгиленсин: 

1) жаңы түзүлгөн төлөм уюму үчүн 30 млн сомдон кем эмес өлчөмдө;  

2) жаңы түзүлгөн төлөм системасынын оператору үчүн 20 млн сомдон кем эмес өлчөмдө

3) жаңы түзүлгөн, төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырган жак үчүн 50 млн сомдон кем эмес өлчөмдө

 

2. Төмөнкү төлөм кызматтарын көрсөтүүдө жаңы түзүлгөн төлөм уюмунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет: 

1) ошол сунуштоочулар менен тике келишимдер түзүлгөн учурда/техникалык платформаларды интеграциялоодо жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү жана салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер түзүлгөн учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы бирдиктүү казына эсебине чегерилүүчү төлөөчүлөрдүн салыктарын, жыйымдарын жана төлөмдөрүн төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу 60 млн сомдон кем эмес; 

2) эгерде төлөм уюмунун төлөм системасынын операторунун лицензиясы бар болсо, төлөм карталарынын эквайринги 80 млн сомдон кем эмес; 

3) ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүү 110 млн сомдон кем эмес. 

 

3. Иштеп жаткан төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 8 млн сомдон кем эмес; 

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 15 млн сомдон кем эмес; 

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 20 млн сомдон кем эмес. 

 

4. Иштеп жаткан төлөм уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 10 млн сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 20 млн сомдон кем эмес

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 30 млн сомдон кем эмес

 

5. Иштеп жаткан төлөм уюмунун жана төлөм системасынын операторунун ишин айкалыштырган жактар үчүн төмөнкү мөөнөттөр белгиленсин: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 18 млн сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 35 млн сомдон кем эмес

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 50 млн сомдон кем эмес

 

6. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү иштеп жаткан төлөм уюмдары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрү төмөнкү мөөнөттөрдө белгиленсин: 

1) ушул токтомдун 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 40 млн сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 50 млн сомдон кем эмес

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 60 млн сомдон кем эмес

2) ушул токтомдун 2-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 48 млн сомдон кем эмес

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 65 млн сомдон кем эмес

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 80 млн сомдон кем эмес

3) ушул токтомдун 2-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн төлөм кызматтарын көрсөтүүчү төлөм уюмдары үчүн: 

- 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 78 млн сомдон кем эмес; 

- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 95 млн сомдон кем эмес; 

- 2027-жылдын 1-октябрынан тартып 110 млн сомдон кем эмес. 

 

7. Төлөм системасынын оператору катары иштөө укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган, иштеп жаткан төлөм уюму ушул токтомдун 5-пунктунда белгиленген өлчөмдө уставдык капиталды түзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму катары иштөө укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылган иштеп жаткан төлөм системасынын оператору ушул токтомдун 5-пунктунда белгиленген өлчөмдө уставдык капиталды түзүүгө милдеттүү

 

8. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүү үчүн Улуттук банкка кайрылган, иштеп жаткан төлөм уюму ушул токтомдун 6-пунктунда белгиленген өлчөмдө уставдык капиталды түзүүгө милдеттүү

 

9. Бул токтомдо учурда иштеп жаткан төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору деп ушул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тиешелүү лицензия алган төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун түшүнүү зарыл. 

 

 

 

10.  Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү маанилүүлүгүнө жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленсин: 

1) төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылган төлөм системасынын оператору үчүн 310 млн сомдон кем эмес; 

2) төлөм системасы маанилүү катары таанылган төлөм системасынын оператору үчүн 210 млн сомдон кем эмес; 

3) эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса 210 млн сомдон кем эмес; 

4) эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жана төлөм системасынын операторунун төлөм системасы ушул пункттун 1 жана 3-пунктчаларында белгиленген маанилүүлүк даражасы боюнча таанылса 310 млн сомдон кем эмес; 

5) эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жана төлөм системасынын операторунун төлөм системасы ушул пункттун 2 жана 3-пунктчаларында белгиленген маанилүүлүк даражасы боюнча таанылса 210 млн сомдон кем эмес

 

11. Ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата төлөм системасы системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары таанылган, ошондой эле төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылган төлөм системасынын оператору 12 айдын ичинде уставдык капиталын ушул токтомдун 10-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө түзүүгө тийиш. 

 

12. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин арыздары каралып жаткан төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банкка кайрылган арыз ээси үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмдөрү ушул токтом күчүнө киргенге чейин колдонуудагы талаптарга ылайык белгиленет, ал эми көрсөтүлгөн жактарга лицензия берилгенден кийин - ушул токтомдун 3-6-пункттарына ылайык. 

 

13. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

14. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

15. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

16. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

17. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

                       Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  М. Тургунбаев