Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2025-жылдын 30-апрелиндеги  

№ 2025-П-14/20-2-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019П14/461(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«10. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленет.»; 

2) 11, 12, 12-1-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3) 13-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«13. Эгерде Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатта белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, 12 (он эки) айдын жыйынтыгы боюнча төлөм системасы системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда мындай төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү маанилүүлүк даражасына жараша Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында каралган өлчөмдө белгиленет. 

Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча талаптарга ылайык Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими жөнүндө Улуттук банк маалымдаган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында каралган минималдуу өлчөмгө чейин уставдык капиталын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана банкка ушул Жобонун 13-1-пунктунун талаптарына ылайык акча каражаттарын салууга тийиш. 

Ушул пунктта каралган талаптар белгиленген мөөнөттөрдө аткарылбаган учурда Улуттук банк ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»; 

4) 13-1-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын: 

«4) бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капитал көбөйтүлгөн учурду кошпогондо, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун коммерциялык банктагы эсебинде уставдык капиталды көбөйтүү өлчөмүндө улуттук валютада акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүү тышкы көз карандысыз финансылык аудиттен өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.»; 

5) төмөнкү мазмундагы 13-2-пункт менен толукталсын: 

«13-2. Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан ушул Жобонун 13-1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда, Улуттук банк ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонот.»; 

6) 19-пункттун 10-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«10) Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысына ылайык акча каражаттары уставдык капитал катары салынгандыгын тастыктаган документ;»; 

7) 19-1-пункттун 9-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«9) Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысына ылайык, акча каражаттары уставдык капитал катары салынгандыгын тастыктаган документ;». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019П14/502(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун: 

1) 8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.»; 

2) 31-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«31. Төлөм уюмунун уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш.»; 

3) 104-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«104. Эквайрингди жүргүзүү үчүн төлөм уюму Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого милдеттүү.»

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

6. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

                       Төрага                                                                                                                                                                                                                                                  М. Тургунбаев