Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2026-жылдын 2 -апрелиндеги
№ 2026-П-12/20-5-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет):
1) 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;
2) 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
3) 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоону бекитүү жөнүндө»;
4) 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
5) 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;
6) 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, «Кыргызстан Банктарынын Союзу» юридикалык жактардын бирикмесин, «Микрофинансылык Уюмдарынын Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага А. Бакетаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги
№ 2026-П-12/20-5-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/4 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:
1) 17-пунктунун 3-пункчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Мында Банктын директорлор кеңешинин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча Улуттук банктын уруксаты менен капиталдын башка инструменттери биринчи деңгээлдеги кошумча капиталдын курамына киргизилиши мүмкүн.»;
2) 24-пункту төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«и) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ААА» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге, же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аткарууга милдеттүү болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ эл аралык финансылык уюмдардын гарантиялары менен камсыздалган активдер же алардын бөлүгү.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:
- 42-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Банк баланстан тышкаркы милдеттенмелерди «нормалдуу» категорияларына классификациялоого укуктуу, алар боюнча банк кардарга алдын ала билдирүүсүз, кайсыл болбосун убакта шартсыз кайтарып алуу/жокко чыгаруу укугуна ээ.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы № 40/1 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган каржылоо чектери жөнүндө» нускоонун:
- 9-пунктунун:
2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) банк тарабынан кабыл алынган талаптар же баланстан тышкаркы милдеттенмелер, алар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында, улуттук экономика субъектине мамлекеттик гарантия же кепилдик берилген.»;
3-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«Ушул Нускоонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилген гарантиялар/кепилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын бюджетинде алардын чагылдырылышын тастыктоону кошо алганда, тиешелүү түрдө таризделинүүгө тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берилген гарантиялардын/кепилдиктердин жалпы суммасы банктын таза суммардык капиталынын 60% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 12-пунктунун жыйырма тогузунчу абзацындагы «250000» деген сан «300 000» деген санга алмаштырылсын;
2) 29-пунктунун онунчу абзацындагы «атынан иш алып барган» деген сөздөр «чечими менен аныкталган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 68-1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«- акыркы календардык жыл ичинде келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500000 сомго чейинки активдерди кошпогондо, калган активдер үчүн жылына кеминде бир жолу. Акыркы календардык жыл ичинде келишимдин шарттарын бузууга жол берилбеген жана/же реструктуризациялоо жүргүзүлбөгөн 500000 сомго чейинки активдер боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүлөт, мында актив боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдоо болжолдонот.»;
4) 70-пункттун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- 300 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активди жана банк товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун/сунуштоочунун эсебине акча каражаттарын накталай эмес түрдө которгон учурда, 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү активдерди эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, эгерде болгон болсо тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин максаттуу пайдаланылышына баа берүүгө.»;
5) 73-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«73. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында, банк күрөөлүк мүлккө, анын ичинде сакталган жерине жана жайгашкан ордуна баруу жана/же күрөөнү реалдуу убакыт режиминде текшерүүгө мүмкүндүк берген видео жана фотосүрөткө тартууну колдонуу аркылуу мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мында банк, анын ичинде видео жана фотосүрөткө тартуу аркылуу жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө отчетту, кардардын каржылоо боюнча таржымалын сактоонун белгиленген мөөнөттөрүнө ылайык сактоону камсыз кылууга тийиш.
Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы жана ыкмалары каржылоо саясатына/күрөө саясатына ылайык жана активдин сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы 300 000 сомдон кем болгон актив боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш.
Суммасы 300 000 сомду жана андан көптү түзгөн, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө төмөнкүчө мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш:
- эгерде актив 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу;
- эгерде актив 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу.
Банк күрөөлүк мүлктүн сакталышын милдеттүү түрдө контролдоого тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл:
- камсыздоонун рыноктук наркынын төмөндөшүнө;
- акыркы текшерүүдөн бери күрөөнүн ликвиддүүлүгүн төмөндөткөн кандайдыр-бир факторлордун орун алышына;
- күрөөнүн сакталышы камсыз кылынышына.
Бул чаралардын бардыгы кардардын/өнөктөштүн абалынын, демек, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин да абалынын начарлоо тенденциясын аныктоого мүмкүндүк берет. Мындай тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк түптөлгөн жагдайды жөнгө салуу жана өз таламынын корголушун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды ошончолук тезирээк кабыл ала алат.»;
6) Жобого карата 1-тиркеменин:
- 1-пункту төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
«- кардардын жолдошунун/жубайынын каржылоону алууга макулдугу (бир карыз алуучуга 300 000 (үч жүз миң) сомдон ашкан каржылоо боюнча, жана эгерде колдонуудагы кредиттер/каржылоо бар болсо, каржылоо алууда).»;
- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«19. 300 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону жана банк товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун/сунуштоочунун эсебине акча каражаттарын накталай эмес түрдө которгон учурда, 500 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү каржылоону эске албаганда, каржылоо максаттарына жараша, эгерде болгон болсо тиешелүү документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган каржылоонун максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчет.».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:
1) 9-пункту төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Виртуалдык активдер боюнча эскроу-эсеби – бул виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу, кардар жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган, келишимде каралган жагдайлар келип жеткенге чейин же милдеттенмелер аткарылганга чейин акча каражаттарын эсепке алуу жана бөгөт коюу үчүн каралган атайын эсеп, андан кийин банк виртуалдык активдерди сатуучуга акча каражаттарын которот. Мында виртуалдык активдерди Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзамында белгиленген мааниде түшүнүүгө болот, ал эми банктын операциялары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 2023-П-14/8-2-(НПА) токтому менен бекитилген Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине ылайык виртуалдык активдер менен кызмат көрсөтүүлөр чегинде жүргүзүлөт.»;
2) 13-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Атайын эсептерге эскроу эсеби, максаттуу рекультивациялык эсеп, нотариустун депозити, виртуалдык активдер боюнча эскроу эсеби кириши мүмкүн.».
6. 2019-жылдын 15-ноябрындагы №2019-П-12/56-3-(НПА) «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык баалуу металлдар менен жүзөгө ашырылуучу операциялары жөнүндө» жобонун:
- 15-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Баалуу металлдардагы активдердин максималдуу көлөмүн жана баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашырууга каражаттардын суммасын эсептөөдөн «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга байланыштуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында баалуу металл түрүндөгү активдер жана каражаттар алынып салынат.».







