2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны
ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
иш-чаралар планынын 2025-жылдын I чейрегинде аткарылышы жөнүндө отчёт
(2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)
|
Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ишинде коррупциялык практиканын жоктугу Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин транспаренттүүлүгү жана отчёттуулугу, Улуттук банктын ишине калктын ишеними, банк сектору жана тышкы өнөктөштөр (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) тарабынан Улуттук банктын ишине карата ишкердик аброюнун, кадыр-баркынын жана ишениминин деңгээли Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович |
||||||
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
|
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары |
|
1 |
Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, “ишеним” телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) карап чыгуу жана талдоо иши коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен жүргүзүлөт |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу |
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо үчүн коомдук талкууларды өткөрүү, бизнес коомчулугу, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылар долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү |
Туруктуу негизде |
Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн: – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын «Келечек булагы» туруктуу пенсиялык системасынын стратегиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын ««Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Виртуалдык активдерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында орус рубли менен операцияларды жүргүзүүдө экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Салык жеңилдиктери жайылтылуучу эл аралык облигацияларды жана глобалдык депозитардык тил каттарды жайгаштыруу үчүн чет өлкөлүк биржалардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамынын долбоору. Ошондой эле Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн: - Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 27-январындагы № 2025-П-07/4-1-(ДКП) жана 2025-жылдын 24-февралындагы № 2025-П-07/8-2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө” токтому; - 2025-жылдын 24-февралындагы № 2025-П-07/8-1 “2024-жылдын IV чейреги үчүн акча-кредит саясатынын отчёту жөнүндө”. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КМКБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
||
|
2 |
Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин ишке шыктандыруу |
2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу; Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
туруктуу негизде |
2025-жылдын I чейрегинде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында мамлекеттик жана расмий тилдерде карата 46 пресс-релиз даярдалып, жайгаштырылган. Отчёттук мезгил ичинде Улуттук банктын жетекчилигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү боюнча бир пресс-конференция, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бир расмий эмес жолугушуу өткөрүлдү. |
КИБ, БК |
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара иш алып баруусун автоматташтыруу |
2025-2027-ж.ж. |
Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. 2025-жылдын 31-мартында жумушчу топ тарабынан сатып алууларды автоматташтыруу боюнча техникалык тапшырма даярдалган жана кол коюлган. |
СУМСБ, БИАБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети |
||
|
3 |
Улуттук банктын кызматкерлеринин коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү |
3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо, ошондой эле Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу |
2025-2027-ж.ж. |
Улуттук банкка ишке кабыл алуу “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө” жобого ылайык төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: - сынак боюнча; - тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча); - арыз боюнча; - кадрлар резервинин маалыматтар базасынан. Отчёттук мезгилде 14 кызматкер ишке кабыл алынган. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө” жобого төмөнкүдөй мазмундагы толуктоолор киргизилет:
«Соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар адам; кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган». |
ПИБ, ОБ, башка ТБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
4 |
Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу |
4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү |
Жыл сайын |
Улуттук банктык кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын 14-мартында Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банктын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берилбеши боюнча лекция (тренинг) өткөрдү. Анын жүрүшүндө Улуттук банктын кызматкерлери кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонуп жаткан мыйзам талаптары менен таанышты. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
5 |
Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу |
5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу |
Жыл сайын |
04.02.2025-ж. Улуттук банктын кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынышына байланыштуу лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарындагы жаңылыктар менен тааныштырылды. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
6 |
Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү |
2025-жылдын 1-чи жарым жылдыгы |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банкта ак ниеттүү ишти камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат. 18.02.2025-ж. коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун кызматтык нускоосу бекитилген. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
6.2. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу |
Туруктуу негизде |
21.01.2025-ж. Улуттук банктын расмий сайтында, Улуттук банктын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык планынын 2024-жылдын алкагында аткарылган иш-аракеттери жөнүндө отчёту жайгаштырылган. 03.03.2025-ж. Улуттук банктын расмий сайтында, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылган |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ |
Сарптоолор талап кылынбайт |
||
|
7 |
Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу |
7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо |
2025-жылдын 1-марты |
Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Д.Толоновдун «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-беренесинин 22-пунктун күчүн жоготкон катары таануу сунушу азыркы күндө коомдук талкуудан өтүп жатат. Конституциялык мыйзамдын аталган пунктунда Улуттук банкка финансылык ортомчу кызматын түзүү, финансылык ортомчу кызматынын укуктук статусун аныктоо, иштөө, түзүү жана мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктоо, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн жана аларды керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары кароо тартибин аныктоо, ошондой эле финансылык ортомчу кызматын күтүүгө карата финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн төгүмдөрүн бекитүү ыйгарым укугу каралган. |
КУКБ, ЮБ, КМБ, БКБ, БЭУКБ, ТСКБ, ТСМЛБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
8 |
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү |
8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу |
2025-2027-жж. |
Отчёттук мезгилде QR-кодду жайылтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 04.04.2024-ж. №15718 Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн республиканын региондорунда QR-коддорду жайылтуу боюнча иш-чаралар планы тууралуу резолюциясын аткаруунун алкагында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте республиканын региондорунда соода-тейлөө ишканаларына QR-код орнотулушуна мониторинг жүргүзгөн. Мониторингдин алкагында электрондук акча, QR-код жана башка каражаттарды колдонуу сыяктуу накталай эмес төлөм каражаттарын колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү жолдору жөнүндө китепчелер таратылган. Отчёттук мезгилде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактарында «Мобилдик телефон аркылуу QR-кодун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөк көрсөтүү» темасында пресс-релиз жарыяланган. 01.03.2025-ж. карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 60,1 миң бирдикти түздү (2023-жылдын аягында – 38,9 миң QR-код орнотулган). Өз ара иш алып баруу операторунун системасы аркылуу 99,7 млн төлөм өткөн, суммасы – 141,2 млрд сом. Анын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн 6,4 млн төлөм өткөн, суммасы – 4,4 млрд сом. Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу көлөмүн кеңейтүү максатында, соода-тейлөө ишканаларына QR-код орнотуу боюнча иштерди улантышууда. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачыктыгына жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 29.12.2023-ж. №737/67-7 токтому менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик программа (мындан ары-Мамлекеттик программа) бекитилген. 2024-жылы Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди: - пенсияларды коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу 645,1 миң адам алган (пенсионерлердин жалпы санынын 81,0 пайызы), 2023-жылы – 598,6 миң адам (пенсионерлердин жалпы санынын 78,0 пайызы); - коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөмдөрдү 285,1 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 99,2 пайызы), 2023-жылы – 331,8 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 98,9 пайызы); - медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 256 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун 173үндө POS-терминалдар орнотулган, ал эми 2023-жылы – 255 уюмдун 170де; - бюджеттик уюмдарда 481 «бюджеттик каражаттарды алуучунун» картасы колдонулган, алар боюнча жалпы 4 757,3 млн сом суммасына 1 968 транзакция өткөрүлгөн, 2023-жылы 558 «бюджеттик каражаттарды алуучунун» картасы колдонулган, алар боюнча жалпы 326,6 млн сом суммасында 13 586 транзакция өткөрүлгөн; - «Кыргыз почтасы» ААКтын 786 почта бөлүмүнүн ичинен 424үнө пенсия, жөлөк пул жана карт ээлерине эмгек акы төлөө, ошондой эле коммуналдык төлөмдөрдү, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн POS терминалдар орнотулду; 2023-жылы – 827 почта бөлүмүнүн 370инде орнотулган; - акы төлөнүүчү кызматтарды сунуштаган 514 мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин ичинен 306 мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу накталай эмес формада жүргүзүлгөн |
ТСКБ, ТСМЛБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
9 |
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү |
9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдарга активдүү катышат. Улуттук банктын кызматкерлери ЕАГдын пленардык отурумдарына катышат, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр менен изилдейт жана тажрыйба алмашат. Ошондой эле, учурда ЕАГга мүчө мамлекеттердин өз ара баа берүүсүнүн 3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасында өз ара баалоого активдүү даярдыктар жүрүп жатканын белгилейбиз. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ФАТФ стандарттарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүү жана терроризмди каржылоо жана акчаны адалдоо тобокелдигине тармактык баа берүү өз ара баа берүүгө даярдануудагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банктын консультантынын техникалык көмөгү менен башталды жана аяктоо стадиясында турат. |
БКБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
10 |
Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо |
10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо |
Жыл сайын |
Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
11 |
Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу |
11.1. Коррупцияга каршы планда каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу |
2027-жылдын 2-чи жарым жылдыгы |
Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып бекитилет (II этап) |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка ТБ |
Сарптоолор талап кылынбайт. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу М. Абсатаров
Шарттуу кыскартуулар:
ПИБ – Персонал менен иш алып баруу бөлүмү;
КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү;
СУМСБ – Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү;
БИАБ – Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы;
ТСКБ – Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы;
ТСМЛБ - Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы;
КМБ – Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы;
ЮБ – Юридика башкармалыгы;
КУКБ – Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү;
АКСБ – Акча-кредит саясаты башкармалыгы;
НАБ – Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы;
ФСМБ – Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы;
АКОБ – Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы;
КМКБ – Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы;
ОБ – Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү







