Кайта келүү

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны  

ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

иш-чаралар планынын 2025-жылдын II чейрегинде аткарылышы жөнүндө  

ОТЧЁТ  

(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн)  

 

Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ишинде коррупциялык практиканын жоктугу 

Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин транспаренттүүлүгү жана отчёттуулугу, Улуттук банктын ишине калктын ишеними, банк сектору жана тышкы өнөктөштөр (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) тарабынан Улуттук банктын ишине карата ишкердик аброюнун, кадыр-баркынын жана ишениминин деңгээли 

Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович 

№ 

Милдеттер 

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөттөрү 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Жооптуу аткаруучулар 

Каржылоо булактары 

Коррупциялык аракеттерге мониторинг 

1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, «ишеним» телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) карап чыгуу жана талдоо иши коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен жүргүзүлөт 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу  

Сарптоолорду талап кылбайт 

1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо үчүн коомдук талкууларды өткөрүү, бизнес коомчулугу, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылар долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү  

Туруктуу негизде 

Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн:  

- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 737/67-7 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «2023-2027 жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору тууралуу» токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Улуттук банк Башкармасы төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- 2025-жылдын 28-майындагы № 2025-П-14/26-1-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;  

- 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 2025 П 14/20-1 (ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 30-апрелиндеги №  2025 П 14/20-2 (ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 19-мартындагы №2025-П-12/11-7-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому, классификациялоо жана 2006-жылга чейин чыгарылган, төлөм каражаты статусун жоготпогон АКШ долларынын банкноттору менен алмашуу операциялары боюнча атайын комиссияларды белгилөө маселелери боюнча;  

- 2025-жылдын 12-мартындагы № 2025-П-12/10-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана кардарлар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча; 

- 2025-жылдын 27-июнундагы № 2025-П-12/31-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», туунду уюмдар маселелери боюнча; 

- 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү маселелери боюнча; 

- 2025-жылдын 27-июнундагы №2025-П-12/31-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», сотко чейин даттануу жана кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу маселелери боюнча; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», шариат боюнча ички аудит бөлүмдөрүнүн жана шариат стандарттарынын сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын белгилөө бөлүгүндө

-  2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2025-жылдын 22-январындагы №2025-П-12/2-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы №2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому; 

- 2025-жылдын 4-апрелиндеги №2025-П-12/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 171-р тескемесин ишке ашыруу жөнүндө» токтому. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КМКБ  

Сарптоолорду талап 

кылбайт 

Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин ишке шыктандыруу  

2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу; 

Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү

Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

2025-жылдын II чейрегинде мамлекеттик жана расмий тилде 54 пресс-релиз даярдалып, Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырылган. 

Отчёттук мезгил ичинде Улуттук банктын жетекчилигинин катышуусу менен Бишкек шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бир семинар өткөрүлдү

КИБ, ТБ 

Сарптоолорду талап кылбайт 

2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара иш алып баруусун автоматташтыруу 

2025-2027-ж.ж. 

Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. 

2025-жылдын  

II чейрегинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусунун автоматташтырылган системасын сатып алууга жеткире иштелип чыккан Техникалык тапшырма Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмүнүн куратору менен макулдашуудан өттү жана андан аркы иштерди жүргүзүү жана сатып алуу боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткаруу үчүн ички буйрутмачы түзүмдүк бөлүм катары Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 

СУМСБ, БИАБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети 

Улуттук банктын кызматкерлеринин коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү 

3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо, ошондой эле Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын топтомун иштеп чыгуу 

2025-2027-ж.ж. 

Улуттук банкка ишке кабыл алуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө» жобого ылайык төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: 

- сынак боюнча; 

- тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча);  

- арыз боюнча;  

- кадрлар резервинин маалымат базасынан. 

Отчёттук мезгилде 19 кызматкер ишке кабыл алынган, анын ичинен сынак боюнча 8, Улуттук банктын чакыруусу боюнча 1, кадрлар резервинин маалымат базасынан 3, арыз боюнча 7. 

ПИБ, ОБ, башка ТБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу 

4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү 

Жыл сайын 

Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат. 

2025-жылдын  

13-июнунда Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу «Улуттук банктын кызматчыларынын этикасы» деген тема боюнча лекция өткөрдү

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ 

Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу 

5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу 

Жыл сайын  

04.02.2025-ж. Улуттук банктын кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынышына байланыштуу лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарындагы жаңылыктар менен тааныштырылды. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу 

6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү 

2025-жылдын 1-чи жарым жылдыгы 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды.  

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банкта ак ниеттүү ишти камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат. 

Улуттук банктын 03.06.2025-ж. №2025-Пр-/88-О буйругу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө» жобо бекитилген.  

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

6.2. Улуттук банктын расмий интернет сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу 

Туруктуу негизде 

21.01.2025-ж. Улуттук банктын расмий интернет сайтында, Улуттук банктын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө жылдык отчёт жайгаштырылган

03.03.2025-ж. Улуттук банктын расмий интернет сайтында, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылган. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ 

Сарптоолор талап кылынбайт 

Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу 

7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо. 

2025-жылдын 1-марты 

Бүгүнкү күндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо функцияларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү ийгиликтүү аткарып жаткандыгын, өзүнчө мекеме түзүү олуттуу кошумча финансылык чыгымдарды жана ресурстарды талап кылгандыгын эске алуу менен, Финансылык ортомчу кызматын түзүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынган. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына Финансылык ортомчу кызматын түзүү жөнүндө 5-берененин 22-пунктун күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. 

КУКБ, 

ЮБ, 

КМБ, 

БКБ, 

БЭУКБ

ТСКБ

ТСМЛБ 

Сарптоолорду талап 

кылбайт 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү 

8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу 

2025-2027-жж. 

Отчёттук мезгилде QR-кодду жайылтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 04.04.2024-ж. №15718 Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн республиканын региондорунда QR-коддорду жайылтуу боюнча иш-чаралар планы тууралуу резолюциясын аткаруунун алкагында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте республиканын региондорунда соода-тейлөө ишканаларында улуттук стандарттагы QR-коддун болушуна мониторинг жүргүзүлгөн. 

Мониторингдин алкагында электрондук акча, QR-код жана башка инструменттерди колдонуу сыяктуу накталай эмес төлөм жүргүзүү каражаттарын колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү жолдору жөнүндө китепчелер таратылган. 

- 2025-жылдын 1-июнуна карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 75,7 миң бирдикти түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 37,2 пайызга көп; 

- негизги өз ара иш алып баруу оператору аркылуу 206,7 млрд сомго 126 млн төлөм өткөрүлдү, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 12,8 жана 21,2 эсеге көп. Анын ичинен мамлекеттик кызматтар үчүн 5,4 млрд сомго 20,8 млн төлөм өткөрүлдү, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 379,7 жана 32,6 эсеге көп.  

Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында соода-тейлөө ишканаларына QR-кодду орнотуу ишин улантууда. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачыктыгына жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 29.12.2023-ж. №737/67-7 токтому менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик программа (мындан ары-Мамлекеттик программа) бекитилген.  

Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын 2025-жылдын I чейрегинде ишке ашыруунун жыйынтыгында (II чейректин статистикалык маалыматтары ушул жылдын август айынын башында жыйынтыкталат, ошондуктан II чейректин маалыматтары III чейректин отчётунда чагылдырылат) төмөнкүдөй натыйжалар келип чыккан:  

- пенсияларды коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу  

657,9 миң адам алган (пенсионерлердин жалпы санынын 82,0 пайызы). 

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөмдөрдү 271,0 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 

99,2 пайызы). 

- медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 171 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмундарында 254 POS-терминалдар орнотулган; 

- «Кыргыз почтасы» ААКтын 786 почта байланыш бөлүмүнүн ичинен 470ине пенсия, жөлөк пул жана карта ээлерине эмгек акы төлөө, ошондой эле коммуналдык төлөмдөрдү, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн POS терминалдар орнотулду;  

- акы төлөнүүчү кызматтарды сунуштаган 818 мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин ичинен 639 мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу накталай эмес формада жүргүзүлгөн 

ТСКБ

ТСМЛБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү 

9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу  

Туруктуу негизде 

Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташат. 

Улуттук банктын кызматкерлери ЕАГдын пленардык отурумдарына катышат, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр менен изилдейт жана тажрыйба алмашат.  

Ошондой эле, учурда ЕАГга мүчө мамлекеттердин өз ара баа берүүсүнүн  

3-раундунун алкагында Кыргыз Республикасында өз ара баалоого активдүү даярдыктар жүрүп жатканын белгилейбиз. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ФАТФ стандарттарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүү жана терроризмди каржылоо жана акчаны адалдоо тобокелдигине тармактык баа берүү өз ара баа берүүгө даярдануудагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банктын консультантынын техникалык көмөгү менен башталды жана аяктоо стадиясында турат. 

БКБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, ЮБ  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

10 

Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо 

10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо 

Жыл сайын  

Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. 

11 

Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу 

11.1. Коррупцияга каршы планда каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу 

2027-жылдын 2-чи жарым жылдыгы 

Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып бекитилет (II этап). 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка ТБ 

Сарптоолор талап 

кылынбайт. 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча  

ыйгарым укуктуу М. Абсатаров  

 

 

Шарттуу кыскартуулар: 

ПИБ Персонал менен иш алып баруу бөлүмү

КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү

СУМСБ Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү

БИАБ Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы; 

ТСКБ Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы; 

ТСМЛБ - Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы;  

КМБ Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы; 

ЮБ Юридика башкармалыгы; 

КУКБ Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү

АКСБ Акча-кредит саясаты башкармалыгы; 

НАБ Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы; 

ФСМБ Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы; 

АКОБ Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы; 

КМКБ Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы; 

ТБ түзүмдүк бөлүмдөр; 

ОБ Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү