Кайта келүү

2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны  

ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

иш-чаралар планынын 2025-жылдын III чейрегинде аткарылышы жөнүндө  

ОТЧЁТ  

(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн)  

 

Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ишинде коррупциялык иштин жоктугу 

Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин транспаренттүүлүгү жана отчёттуулугу, Улуттук банктын ишине калктын ишеними, банк секторунун жана тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) Улуттук банктын ишине карата ишкердик аброюнун, беделинин жана ишениминин деңгээли 

Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович 

№ 

Милдеттер 

Иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөттөрү 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Жооптуу аткаруучулар 

Каржылоо булактары 

Коррупциялык аракеттерге мониторинг 

1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, «ишеним» телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган, ошондой эле Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылуулар (даттануулар) талдоого алынып, коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу  

Сарптоолор талап кылынбайт 

1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы чара катары экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик укуктук камсыздоо үчүн бизнес коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, коомдук талкууларды өткөрүү 

Туруктуу негизде 

Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы чара көрүү катары экспертиза жүргүзүлгөн:  

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору; 

- «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эл аралык рейтингдик агенттиктеринин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө тескемесинин долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын суверендүү еврооблигацияларын чыгаруунун алкагында эл аралык, агенттик, листингдик жана эл аралык рейтингдик агенттиктердин кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоону камсыз кылуу жөнүндө тескемесинин долбоору; 

- «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы № 434-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору; 

- Евразия экономикалык комиссиясынын тариф жеңилдиктери, аларды берүү учурлары жана шарттары жана колдонуу тартиби жөнүндө актыларынын долбоору; 

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Rothschild & Co. ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору; 

- «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорунун финансылык моделинин долбоору. 

Ошондой эле, 2025-жылдын III чейреги ичинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясаты маселелери боюнча төмөнкү токтомдор кабыл алган: 

1. 2025-жылдын  

28-июлундагы № 2025-П-07/37-1-(ДКП) жана  

25-августундагы № 2025-П-07/42-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»; 

2. 2025-жылдын  

25-августындагы № 2025-П-07/42-1-(ДКП) «2025-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет»; 

3. 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 2025-П-07/47-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын банктар аралык эталондук пайыздык ченин колдонууга киргизүү жөнүндө»; 

4. 2025-жылдын 17-сентябрындагы №2025-П-09/47-1-(ВД) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 24-январындагы №2025-П-25/3-1-(ВД) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-2030-жылдарга карата стратегиялык иш багыттары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2025-2030-жылдарга карата стратегиялык иш багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө». 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КМКБ  

Сарптоолор талап 

кылынбайт 

Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин ишке шыктандыруу  

2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу; 

Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү

Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

2025-жылдын III чейрегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде 34 пресс-релиз даярдалып, Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырылган. 

Отчёттук мезгил ичинде Ош шаарында Ош, Жалал-Абад, Баткен областтардагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө бир семинар өткөрүлдү

КИБ, ТБ 

Сарптоолор талап кылынбайт 

2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара иш алып баруусун автоматташтыруу 

2025-2027-ж.ж. 

Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. 

2025-жылдын III чейрегинде БИАБ тарабынан программалык камсыздоонун баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул иштин алкагында БИАБ жана СУМСБ биргелешип МT-чечим провайдерлеринин программалык продуктылары менен тааныштыруу боюнча видеоконференциялар өткөрүлдү

Ошондой эле, жергиликтүү иштеп чыгуучуларга мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу «Инфосистемс» мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын сатып алуулар порталынын функционалы жана мамлекеттик ишканадан программалык камсыздоо иштеп чыгуу боюнча коммерциялык сунуш берүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 2025-жылдын 15-сентябрында СУМСБ 2026-жылга өнүктүрүү бюджетине киргизүү үчүн БИАБга «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүргүзүү боюнча автоматташтырылган система» үчүн программалык камсыздоону сатып алуу максатында билдирме жөнөтүлдү 

СУМСБ, БИАБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети 

Улуттук банктын кызматкерлеринин коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү 

3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрлар потенциалын сактоо, Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупцияга жол берүү тобокелдиктерин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу 

2025-2027-ж.ж. 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө» жобого ылайык, Улуттук банкка төмөнкү шарттарда ишке кабыл алынат: 

- сынак боюнча; 

- тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча);  

- арыз боюнча;  

- кадрлар резервинин маалымат базасынан. 

Отчёттук мезгилде 21 кызматкер ишке кабыл алынган, алардын ичинен сынак боюнча 10, кадрлар резервинин маалымат базасынан 7, арыз боюнча 4. 

ПИБ, ОБ, башка ТБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу 

4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү 

Жыл сайын 

Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат. 

2025-жылдын 17-сентябрында Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана жүргүзүү» темасында лекция өткөрдү

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу 

5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу 

Жыл сайын  

2025-жылдын 4-февралында Улуттук банктын кызматкерлери үчүн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынышына байланыштуу лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарындагы жаңылыктар менен тааныштырылды. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу 

6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү 

2025-жылдын 1-чи жарым жылдыгы 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды.  

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банкта ак ниеттүү жана кесипкөйлүк ишти камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат. Алсак, Улуттук банктын 2025-жылдын 3-июнундагы №2025-Пр-/88-О буйругу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө» жобо бекитилген.  

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

6.2. Улуттук банктын расмий интернет сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу 

Туруктуу негизде 

2025-жылдын 21-январында Улуттук банктын расмий интернет сайтында Улуттук банктын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө жылдык отчёт жайгаштырылган

Чейрек сайын Улуттук банктын расмий интернет сайтында 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылып турат. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ 

Сарптоолор талап кылынбайт 

Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу 

7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо. 

2025-жылдын 1-марты 

Бүгүнкү күндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо функцияларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү ийгиликтүү аткарып жаткандыгын, өзүнчө мекеме түзүү олуттуу кошумча финансылык чыгымдарды жана ресурстарды талап кылгандыгын эске алуу менен, Финансылык ортомчу кызматын түзүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынган. 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы №147 конституциялык Мыйзамына ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына Финансылык ортомчу кызматын түзүү жөнүндө 5-берененин 22-пунктун күчүн жоготту деп таануу тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди 

КУКБ, 

ЮБ, 

КМБ, 

БКБ, 

БЭУКБ

ТСКБ

ТСМЛБ 

Сарптоолор талап 

кылынбайт 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү 

8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алуу 

Жыл сайын 

Отчёттук мезгилде QR-кодду жайылтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги №15718 Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн республиканын региондорунда QR-коддорду жайылтуу боюнча иш-чаралар планы тууралуу резолюциясын аткаруунун алкагында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте республиканын региондорунда соода-тейлөө ишканаларында улуттук стандарттагы QR-коддун болушуна мониторинг жүргүзүлгөн. 

Мониторингдин алкагында электрондук акча, QR-код жана башка инструменттерди колдонуу сыяктуу накталай эмес төлөм жүргүзүү каражаттарын колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү жолдору жөнүндө китепчелер таратылган. 

- 2025-жылдын 1-сентябрына карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 90,9 миң бирдикти түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 88,8 пайызга көп; 

- негизги өз ара иш алып баруу оператору аркылуу 452,9 млрд сомго 266,5 млн төлөм өткөрүлдү, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10 жана 16 эсеге көп.  

Анын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн 12,3 млрд сомго 41,9 млн төлөм өткөрүлдү, бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 165 жана 16 эсеге көп.  

Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу чөйрөсүн кеңейтүү максатында соода-тейлөө ишканаларына QR-кодду орнотуу ишин улантууда. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачыктыгына жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 токтому менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) бекитилген.  

Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын 2025-жылдын III чейрегинде ишке ашыруунун жыйынтыгында  

төмөнкүдөй натыйжалар келип чыккан:  

- пенсияларды коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу  

666,2 миң адам алган (пенсионерлердин жалпы санынын 82,0 пайызы). 

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөмдөрдү 269,2 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 99,3 пайызы). 

- медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн  253 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун 179 уюмунда POS-терминалдар орнотулган; 

- «Кыргыз почтасы» ААКтын 786 почта байланыш бөлүмүнүн ичинен 470ине пенсия, жөлөк пул жана карта ээлерине эмгек акы төлөө, ошондой эле коммуналдык төлөмдөрдү, салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн POS-терминалдар орнотулду;  

- акы төлөнүүчү кызматтарды сунуштаган 818 мамлекеттик жана муниципалдык мекеменин ичинен 639 мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу накталай эмес формада жүргүзүлгөн. 

ТСКБ

ТСМЛБ 

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү 

9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу  

Туруктуу негизде 

Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташат. 

Улуттук банктын кызматкерлери Евразия тобунун пленардык отурумдарына катышат, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр менен изилдейт жана тажрыйба алмашат.  

Учурда Евразия тобуна мүчө мамлекеттердин өз ара баа берүүсүнүн  

III раундунун алкагында Кыргыз Республикасында өз ара баалоого активдүү даярдыктар жүрүп жатат. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ФАТФ стандарттарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүү жана терроризмди каржылоо жана акчаны адалдоо тобокелдигине тармактык баа берүү өз ара баа берүүгө даярдануудагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.  

Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банктын консультантынын техникалык көмөгү менен башталды жана аяктоо стадиясында турат. 

БКБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, ЮБ  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

10 

Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо 

10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо 

Жыл сайын  

Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр  

Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. 

Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары 

11 

Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу 

11.1. Улуттук банктын коррупцияга каршы планында каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу 

2027-жылдын II жарым жылдыгы 

Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып бекитилет (II этап). 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка түзүмдүк бөлүмдөр 

Сарптоолор талап 

кылынбайт. 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча  

ыйгарым укуктуу М. Абсатаров  

 

 

Шарттуу кыскартуулар: 

ПИБ Персонал менен иш алып баруу бөлүмү

КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү

СУМСБ Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү

БИАБ Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы; 

ТСКБ Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы; 

ТСМЛБ - Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы;  

КМБ Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы; 

ЮБ Юридика башкармалыгы; 

КУКБ Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү

АКСБ Акча-кредит саясаты башкармалыгы; 

НАБ Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы; 

ФСМБ Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы; 

АКОБ Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы; 

КМКБ Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы; 

ТБ түзүмдүк бөлүмдөр; 

ОБ Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү