2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны
ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
иш-чаралар планынын 2025-жылдын IV чейрегинде аткарылышы жөнүндө
ОТЧЁТ
(2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн)
|
Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ишинде коррупциялык иштин жоктугу Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишинин транспаренттүүлүгү жана отчёттуулугу, Улуттук банктын ишине калктын ишеними, банк секторунун жана тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) Улуттук банктын ишине карата ишкердик аброюнун, кадыр-баркынын жана ишениминин деңгээли Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович |
||||||
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
|
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары |
|
1 |
Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, «ишеним» телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банкта «коррупция тууралуу билдир» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган, ошондой эле Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылуулар (даттануулар) талдоого алынып, коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатат. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу |
Сарптоолор талап кылынбайт |
|
1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы чара катары экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик укуктук камсыздоо үчүн бизнес коомчулук, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, коомдук талкууларды өткөрүү |
Туруктуу негизде |
Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы чара көрүү катары экспертиза жүргүзүлгөн: - «2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган ЕАЭБ мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбоору - Кыргыз Республикасынын «Товардык биржалар жөнүндө» Мыйзамы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жайгашкан Сокулук дарыясында жана анын куймаларында «Сокулук ГЭС-3» жана «Туюк ГЭС» чакан гидроэлектрстанцияларын куруу« долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Сокулук ГЭС-3» ЖЧКнын ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» тескемесинин долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун» аракетин токтотуу жөнүндө» протоколду бекитүү тууралуу токтомунун долбоору - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Өзгөчө кырдаалдарды каржылоо» жана «Табигый кырсыктар учурунда облигацияларды чыгаруу» (атайын операциялар) (кырсыктарда жардамды көп деңгээлдүү каржылоо программасы) компоненттери боюнча грант жөнүндө макулдашуулардын долбоорлорун жактыруу тууралуу» тескемесинин долбоору; - Кыргыз Республикасынын Нарын дарыясындагы Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору; - Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Инвестицияларды либералдаштыруу, колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 24-июлундагы №395 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасы жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомунун долбоору; - Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы туруктуу өкүлчүлүгү жана иши жөнүндө» макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 7-декабрындагы №597 «Турукташтыруу режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору; - Кыргыз Республикасынын Президентинин «Виртуалдык активдерди жүгүртүүдө Кыргыз Республикасынын резидент эместерин банктык тейлөөнүн өзгөчө тартиби жөнүндө» Жарлыгынын долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө» токтомунун долбоору; - «Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө» жобонун долбоору; - Кыргыз Республикасынын Президентинин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын долбоору; - Кыргыз Республикасынын «Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын долбоору - Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонддун ортосундагы Жашыл климаттык фонддун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашуунун долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин суроо-талабы; - Кыргыз Республикасынын Нарын дарыясында Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоору. Ошондой эле, 2025-жылдын IV чейреги ичинде Улуттук банк Башкармасы тарабынан акча-кредит саясаты маселелери боюнча төмөнкү токтомдор кабыл алынган: 1. 2025-жылдын 27-октябрындагы № 2025-П-07/56-1-(ДКП) жана 24-ноябрындагы № 2025-П-07/62-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө»; 2. 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 2025-П-07/62-1-(ДКП) «2025-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт»; 3. 2025-жылдын 08-октябрындагы № 2025-П-07/50-7-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 4. 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 2025-П-07/62-3-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2026-жылга каралган графиги жөнүндө»; 5. 2025-жылдын 24-декабрындагы № 2025-П-07/69-1-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылга карата акча-кредит саясаты жөнүндө билдирүүсү тууралуу». |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КМКБ |
Сарптоолор талап кылынбайт |
||
|
2 |
Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматчыларын ишке шыктандыруу |
2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу; Эффективдүү кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
Туруктуу негизде |
2025-жылдын IV чейрегинде мамлекеттик жана расмий тилдерде 46 пресс-релиз даярдалып, Улуттук банктын расмий интернет сайтына жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жайгаштырылган. |
КИБ, ТБ |
Сарптоолор талап кылынбайт |
|
2.2. Улуттук банктын сатып алуулар процессинде жеке адамдар жана юридикалык жактар менен өз ара иш алып баруусун байланышсыз ыкмага өткөрүү жана автоматташтыруу |
2025-2027-ж.ж. |
Улуттук банкта сатып алуулар порталы иштейт, сатып алуулар боюнча иш мүмкүн болушунча автоматташтырылган. 2025-жылдын IV чейрегинде жумушчу топтун кезексиз отурумдары 2025-ж. 06 жана 12-ноябрында өткөрүлгөн. Долбоор алдындагы иштердин жыйынтыгы боюнча корутунду, долбоорго өтүнмө, түшүндүрмө кат даярдалды. Маалыматтык технологиялар боюнча координациялык комитетке долбоорду баштоо жөнүндө кызматтык кат - 04.12.2025-ж. СУМСБ 2026-жылга каралган иш планына ASPZ иштеп чыгуу жана ишке киргизүү долбоорун киргизүү боюнча тиешелүү иштер өткөрүлгөн. 2026-жылдын өнүктүрүү бюджетинде 2025-ж. 4-декабрында программалык камсыздоону сатып алууга каражат каралган. Маалыматтык технологиялар боюнча координациялык комитеттин отуруму – 05.12.2025-ж. Долбоорго өтүнмө Маалыматтык технологиялар боюнча координациялык комитет тарабынан 05.12.2025-ж. жактырылган. Ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын чечими менен 19.12.2025-ж. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун автоматташтырылган системасын» иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча долбоорго өтүнмө жактырылды, жогоруда аталган долбоорду баштоо иши бекитилди жана долбоорду ишке ашырууга чыгашаларды Улуттук банктын 2026-жылга каралган өнүктүрүү бюджетине киргизүү жактырылды. Сатып алуу долбоордо таанылгандыктан, мындан ары долбоордук топ жана башкаруу комитети түзүлөт. |
СУМСБ, БИАБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети |
||
|
3 |
Улуттук банктын кызматкерлеринин коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү |
3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрлар потенциалын сактоо, Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупцияга жол берүү тобокелдиктерин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу |
2025-2027-ж.ж. |
Улуттук банкка ишке кабыл алуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө» жобого ылайык төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: - сынак боюнча; - тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча); - арыз боюнча; - кадрлар резервинин маалыматтар базасынан. Отчёттук мезгилде 4 кызматчы ишке кабыл алынган, анын ичинен сынак боюнча -1, кадрлар резервинин маалыматтар базасынан -2, арыз боюнча -1. Отчёттук мезгил ичинде Улуттук банктын чакыруусу менен кызматчылар кабыл алынган эмес. |
ПИБ, ОБ, башка ТБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
4 |
Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу |
4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү |
Жыл сайын |
Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат. 2025-жылдын 25-декабрында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» темасында лекция өткөрүлгөн. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
5 |
Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу |
5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу |
Жыл сайын |
2025-жылдын 4-февралында Улуттук банктын кызматкерлери үчүн коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынышына байланыштуу лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө кызматкерлер Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарындагы жаңылыктар менен тааныштырылды. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
6 |
Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү |
2025-жылдын 1- жарым жылдыгы |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банкта чынчылдыкты жана кесипкөйлүүлүктү гарантиялаган системанын маанилүү элементи болуп саналат. Алсак, Улуттук банктын 2025-жылдын 3-июнундагы №2025-Пр-/88-О буйругу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө» жобо бекитилген. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
6.2. Улуттук банктын расмий интернет сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу |
Туруктуу негизде |
2025-жылдын 21-январында Улуттук банктын расмий интернет сайтында Улуттук банктын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык иш-аракеттер планынын аткарылышы жөнүндө жылдык отчёт жайгаштырылган. Чейрек сайын Улуттук банктын расмий интернет сайтында 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылып турат. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ |
Сарптоолор талап кылынбайт |
||
|
7 |
Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу |
7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, укуктук статусун, иш алып баруу, түзүү тартибин аныктоо, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо. |
2025-жылдын 1-марты |
Бүгүнкү күндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо функцияларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү ийгиликтүү аткарып жаткандыгын, өзүнчө мекеме түзүү олуттуу кошумча финансылык чыгымдарды жана ресурстарды талап кылгандыгын эске алуу менен, Финансылык ортомчу кызматын түзүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы №147 конституциялык Мыйзамына ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына Финансылык ортомчу кызматын түзүү жөнүндө 5-берененин 22-пунктун күчүн жоготту деп таануу тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди |
КУКБ, ЮБ, КМБ, БКБ, БЭУКБ, ТСКБ, |
Сарптоолор талап кылынбайт |
|
8 |
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү |
8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралардын топтомун кабыл алуу |
Жыл сайын |
Отчёттук мезгилде QR-кодду жайылтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 04.04.2024-ж. №15718 Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн республиканын региондорунда QR-коддорду жайылтуу боюнча иш-чаралар планы тууралуу резолюциясын аткаруунун алкагында, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте республиканын региондорунда соода-тейлөө ишканаларына QR-код орнотулушуна мониторинг жүргүзгөн. Мониторингди жүргүзүү учурунда электрондук акча, QR-код жана башка инструменттерди колдонуу сыяктуу накталай эмес төлөм жүргүзүү инструменттерин колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү жолдору жөнүндө китепчелер таратылган. 2025-жылдын 1-декабрына карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 108,8 миң бирдикти түзгөн, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 70 пайызга көп. Алардын ичинен мамлекеттик кызматтар үчүн 27,2 млн төлөм 27,2 млрд сомго жүргүзүлүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 26 жана 10 эсеге көбөйдү. Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу көлөмүн кеңейтүү максатында, соода-тейлөө ишканаларына QR-код орнотуу боюнча иштерди улантууда. Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, акча жүгүртүүнүн ачыктыгына жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023-жылдын 29-декабрындагы №737/67-7 токтому менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик программа (мындан ары - Мамлекеттик программа) бекитилген. 2025-жылдын IV чейрегинде Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди: - пенсияларды коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу 679,8 миң адам алган (пенсионерлердин жалпы санынын 83,0 пайызы); - коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөмдөрдү 269,2 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 99,3 пайызы); - медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн 255 мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун 197синде POS-терминалдар орнотулган; - «Кыргыз почтасы» ААКтын почта бөлүмдөрүнө пенсияларды, жөлөк пулдарды жана эмгек акыларды карт ээлерине төлөп берүү, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү, салыктарды жана башка төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн 494 POS-терминалы орнотулган. - акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчү 818 мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ичинен 639 мекемеде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөр накталай эмес түрдө жүргүзүлгөн. |
ТСКБ, СФТБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
9 |
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү |
9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташат. Улуттук банктын кызматчылары Евразия тобунун пленардык отурумдарына катышып, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр менен изилдөө ишин жүргүзүп, тажрыйба алмашышат. Учурда Евразия тобуна мүчө мамлекеттерди өз ара баалоонун III раундунун алкагында Кыргыз Республикасын өз ара баалоого активдүү даярдыктар жүрүп жатат. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ФАТФ стандарттарына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүү жана терроризмди каржылоо жана акчаны адалдоо тобокелдигине тармактык баа берүү өз ара баа берүүгө даярдануудагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Бул иш-чаралар Дүйнөлүк банктын консультантынын техникалык жардамы менен өткөрүлүп, аяктоо стадиясында турат. |
БКБ, КМБ, ТСКБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
10 |
Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо |
10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо |
Жыл сайын |
Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары |
|
11 |
Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу |
11.1. Улуттук банктын коррупцияга каршы планында каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу |
2027-жылдын II жарым жылдыгы |
Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып бекитилет (II этап). |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Сарптоолор талап кылынбайт. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу М. Абсатаров
Шарттуу кыскартуулар:
ПИБ – Персонал менен иш алып баруу бөлүмү;
КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү;
СУМСБ – Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү;
БИАБ – Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы;
ТСКБ – Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы;
КМБ – Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы;
ЮБ – Юридика башкармалыгы;
КУКБ – Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү;
АКСБ – Акча-кредит саясаты башкармалыгы;
НАБ – Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы;
ФСМБ – Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы;
АКОБ – Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы;
КМКБ – Киберкоопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы;
ТБ – түзүмдүк бөлүмдөр;
ОБ – Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү







