2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны
ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
иш-чаралар планынын 2026-жылдын I чейрегинде аткарылышы жөнүндө
ОТЧЁТ
(2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн)
|
Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары – Улуттук банк) ишинде коррупциялык аракеттердин жоктугу Максаттуу индикаторлор: Улуттук банктын ишин ачык-айкын жүргүзүүсү жана отчёт берүүсү, калктын Улуттук банктын ишине ишеним көрсөтүүсү, Улуттук банктын ишкердик аброю, кадыр-баркы жана банк секторунун жана тышкы өнөктөштөрдүн (борбордук банктар, эл аралык финансылык уюмдар) Улуттук банктын ишине ишениминин деңгээли Ички контролдоо: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Абсатаров Марат Мамажанович |
||||||
|
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
|
№ |
Милдеттер |
Иш-чаралар |
Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
Күтүлүүчү натыйжалар |
Жооптуу аткаруучулар |
Каржылоо булактары |
|
1 |
Коррупциялык аракеттерге мониторинг |
1.1. Калкка, жарандарга жана уюмдарга Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүгө жарандык коом институттарынын активдүү катышуусуна жол берүү үчүн аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө түзгөн коррупциялык фактылар, себептер жана шарттар жөнүндө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген коомдук кабылдаманын, «ишеним» телефондорунун туруктуу иштешин жана натыйжалуулугун камсыз кылуу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банкта «коррупция жөнүндө маалымат» түз байланыш телефону иштейт, анын номери Улуттук банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Улуттук банкка коррупциялык укук бузууларга байланыштуу келип түшкөн кайрылууларды (даттанууларды) карап чыгуу жана талдоо иши коррупцияга жол бербөө жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү менен ишке ашырылат. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу |
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
1.2. Улуттук банкка экспертизага келип түшкөн ченемдик укуктук актыларга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү. Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүнү ченемдик-укуктук камсыздоо үчүн коомдук талкууларды өткөрүү, бизнес коомчулугу, жарандар жана мамлекеттик органдар менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүү |
Туруктуу негизде |
Отчёттук мезгилде төмөнкү ченемдик-укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн: - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Зергердик буюмдардын ата мекендик өндүрүүчүлөрүнө баалуу металлдарды сатуу тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйруктун долбоору; - «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору; - «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун акциялар топтомун сатып алуу жөнүндө буйруу долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 567-р тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Зергерчилик буюмдарын чыгаруучу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү чийки зат менен камсыз кылуу тартиби жөнүндө» токтом долбоору; - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасында финансылык платформаларды (маркетплейстерди) түзүү жана иштетүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтом долбоору; - «Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору. Мындан тышкары, Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлгөн: - 2026-жылдын 9-февралындагы №2026-П-09/8-1-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Кыргыз Республикасындагы алтын өндүрүүчү ишканалардан алтын сатып алуу операцияларын жүргүзүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук банк Башкармасынын токтому; - 2026-жылдын 11-февралындагы №2026-П-09/9-5-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын күмүш түрүндөгү активдерин тескөө саясатын бекитүү жөнүндө Улуттук банк Башкармасынын токтому; - 2026-жылдын 11-февралындагы № 2026-П-09/9-4-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алтын түрүндөгү активдерин тескөө саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук банк Башкармасынын токтому; - 2026-жылдын 9-мартындагы №2026-Р-092/60-O Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын эл аралык резервдерди тескөө алкагында операциялар боюнча системадан тышкаркы эсепке алуу жол-жобосун бекитүү тууралуу буйруу; - 2026-жылдын 9-мартындагы № 2026-Р-092/61-O Монетардык алтынды сатып алуу бүтүмдөрү боюнча маалыматтарды Башкы китеп банктык маалымат системасынын «Баалуу металлдарды өндүрүүчү ишканалардан сатып алуу» программалык модулуна киргизүү боюнча убактылуу жол-жобону бекитүү тууралуу буйруу; - 2026-жылдын 9-мартындагы № 2026-Р-092/62-O Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эл аралык резервдерин тескөөдө ар айлык жана ар жумалык лимиттерди белгилөө боюнча жол-жобону бекитүү тууралуу буйруу; - 2026-жылдын 10-мартындагы №Уч.13-дсп/пр Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Good Delivery стандартындагы алтын куймаларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын сактоо жайынан Улуттук банктын чет өлкөдөгү контрагенттериндеги эсептерине которуу жана андан ары сатуу жол-жобосуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө буйругу. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 18-февралындагы №2026-П-09/10-3-(ВД) «2015-жылдын 25-февралындагы №13/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктар аралык ички валюта рыногунда операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом; - Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 2026-П-07/5-1-(ДКП) жана 23-февралындагы № 2026-П-07/12-2-(ДКП) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө» токтому; - Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-февралындагы № 2026-П-07/12-1-(ДКП) «2025-жылдын IV чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет тууралуу» токтому. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, КМБ, ТСКБ, АКСБ, АКОБ, КУКБ, НАБ, ФСБМ, КМКБ |
Сарптоолорду талап кылбайт |
||
|
2 |
Иштин натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу, ошондой эле Улуттук банктын кызматкерлерин ишке шыктандыруу |
2.1. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандар жана бизнес түзүмдөр менен натыйжалуу өз ара иш алып баруу; Натыйжалуу кайтарым байланыш системасын түзүү; Улуттук банктын иши жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу |
Туруктуу негизде |
2026-жылдын I чейрегинде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында мамлекеттик жана расмий тилдерде 30 пресс-релиз даярдалып, жайгаштырылган. Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 40тан ашуун суроо-талап келип түшкөн. Бардык суроо-талаптар иштелип чыккан жана жооп катары ЖМКа жөнөтүлгөн. Социалдык тармактарда (Facebook, Instagram, YouTube) Улуттук банктын өкүлдөрүнүн катышуусунда Улуттук банктын иши жөнүндө маалымат берүүгө багытталган түз эфирлер жума сайын өткөрүлүп турат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде жалпысынан 11 эфир уюштурулду. Отчёттук мезгил ичинде Улуттук банктын жетекчилигинин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда Улуттук банктын эсептик чен өлчөмү боюнча эки пресс-конференция, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бир расмий эмес жолугушуу өткөрүлдү. |
КИБ, БК |
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
2.2. Сатып алуулар процессинде Улуттук банктын жеке адамдар жана юридикалык жактар менен байланышсыз өз ара иш алып баруусун автоматташтыруу |
2025-2027-ж.ж. |
2026-жылдын I чейрегинде Улуттук банктын буйругу менен долбоордук топ (мындан ары ДТ) жана башкаруу комитети (мындан ары БК) түзүлгөн. ДТ тарабынан долбоордук документтерди (долбоордун уставы, иштердин түзүмдүк бөлүнүшү, план-иш графиги, сатып алуу келишиминин долбоору жана программалык камсыздоону сатып алууга техникалык талаптарга жана техникалык тапшырмаларга өзгөртүүлөр киргизилди) жана БКнын кароосуна сунушталды. БК тарабынан 2026-ж. 26-мартында төмөнкү документтер каралып чыгып бекитилди: долбоордун уставы, иш тартиби планы, иштердин түзүмдүк бөлүнүшү, Сатып алуу келишиминин долбоору жана программалык камсыздоону сатып алууга техникалык талаптар жана техникалык тапшырмалар. Документтер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө программалык камсыздоону сатып алууга сынак жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү. |
СУМСБ, БИАБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети |
||
|
3 |
Улуттук банктын кызматчыларынын коррупцияга жол берүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүү |
3.1. Жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо, ошондой эле Улуттук банкта иштөөнүн кадыр-баркын жана кызыгуусун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу максатында шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу |
2025-2027-ж.ж. |
Улуттук банкка ишке кабыл алуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө» жобого ылайык төмөнкү формаларда жүзөгө ашырылат: - сынак боюнча; - тараптардын макулдашуусу боюнча (Улуттук банктын чакыруусу боюнча); - арыз боюнча; - кадрлар резервинин маалымат базасынан. Отчёттук мезгилде 18 кызматчы ишке кабыл алынган, анын ичинен кадрлар резервинин маалымат базасынан – 2, арыз боюнча – 16. Отчеттук мезгил ичинде Улуттук банктын чакыруусу менен кызматчылар ишке кабыл алынган эмес. |
ПИБ, ОБ, башка ТБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
4 |
Улуттук банкта коррупцияга каршы идеологияны, моралдык-этикалык, адеп-ахлактык жана баалуулук багыттарын калыптандыруу |
4.1. Улуттук банктын кызматчылары тарабынан этика принциптеринин жана ченемдеринин сакталышы, кызыкчылыктардын каршы келип калышына жол бербөө боюнча жана Улуттук банкта коррупциянын алдын алуу боюнча, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткарууда чынчылдык, калыстык, ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана жогорку этикалык ченемдер принциптерин жайылтуу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык ишти туруктуу негизде жүргүзүү |
Жыл сайын |
Улуттук банктык кызматчыларынын коррупцияга каршы туруктуу иш-аракеттерин калыптандыруу, кызмат өтөөдө этиканын принциптерин жана ченемдерин сактоо, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-ресурстары аркылуу маалыматтык-пропагандалык ишти жүргүзүү боюнча атайын программалар иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат. 2026-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу тарабынан «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө жаңы мыйзам: максаттары, милдеттери жана негизги жоболору» темасында лекция окулду. Анын жүрүшүндө Улуттук банктын кызматчылары Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө колдонулуп жаткан мыйзам талаптары жөнүндө маалымат менен таанышышты. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ОБ, КИБ, башка ТБ |
Каралган каражаттын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
5 |
Жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзам актыларын колдонууга байланыштуу Улуттук банктын кызматчыларынын потенциалын жогорулатуу |
5.1. Улуттук банктын кызматчылары үчүн коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонуу боюнча окуу тренингдерин уюштуруу |
Жыл сайын |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
|
6 |
Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтунун ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу |
6.1. Кемчиликтерди жана дал келбестиктерди четтетүү, аларды коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык келтирүү жана Улуттук банкта коррупцияны алдын алуу боюнча иштин натыйжалуулугуна жетүү максатында, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун укуктук абалын, функцияларын жана ишинин негизги багыттарын аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо жана талдоо жүргүзүү |
2025-жылдын I жарым жылдыгы |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары кабыл алынды. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Улуттук банкта ак ниеттүү ишти камсыз кылууда натыйжалуу звено болуп саналат. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ПИБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнөктөштөрдүн жана донорлордун каражаттары. |
|
6.2. Улуттук банктын расмий интернет-сайтында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук банктын маалыматын/ туруктуу отчётторун жайгаштыруу |
Туруктуу негизде |
27.01.2026-ж. Улуттук банктын расмий сайтында, Улуттук банктын 2023-2025-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча стратегиялык планынын 2024-жылдын алкагында аткарылган иш-аракеттери жөнүндө отчёту жайгаштырылган. 03.03.2025-ж. Улуттук банктын расмий сайтында, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) жайгаштырылган |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, КИБ, БИАБ |
Сарптоолор талап кылынбайт |
||
|
7 |
Банктык жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо деңгээлин жогорулатуу |
7.1. Финансылык ортомчу кызматын түзүү, иш тартибинин укуктук статусун аныктоо, түзүү, мамлекеттик жана башка органдар менен өз ара иш алып баруу. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү. Каржылоо тартибин аныктоо |
2025-жылдын 1-марты |
Бүгүнкү күндө банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо функцияларын Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү ийгиликтүү аткарып жаткандыгын, өзүнчө мекеме түзүү олуттуу кошумча финансылык чыгымдарды жана ресурстарды талап кылгандыгын эске алуу менен, Финансылык ортомчу кызматын түзүүнүн кажети жок деген чечим кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-июлундагы №147 конституциялык Мыйзамына ылайык «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына Финансылык ортомчу кызматын түзүү жөнүндө 5-берененин 22-пунктун күчүн жоготкон катары таануу тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди. |
КУКБ, ЮБ, КМБ, БКБ, БЭУКБ, ТСКБ,
|
Сарптоолорду талап кылбайт |
|
8 |
Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү |
8.1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган чаралар топтомун кабыл алуу |
2025-2027-жж. |
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн андан ары көбөйтүү, инновациялык жана санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууну өнүктүрүү жана кеңейтүү, ачык-айкын акча жүгүртүүгө жетишүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 29.12.2023-ж. №737/67-7 токтому менен Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата мамлекеттик программа (мындан ары – Мамлекеттик программа) бекитилген. Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча акыркы маалыматтарга ылайык (2025-жылдын акырына карата) төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилди: - 679,8 миң адам (пенсионерлердин жалпы санынын 83,0 пайызы) пенсияны коммерциялык банктардагы эсеби аркылуу, ал эми 2024-жылы 645,1 миң адам алган (пенсионерлердин жалпы санынын 81,0 пайызы); - коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу социалдык төлөөлөрдү 250,3 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 99,4 пайызы), ал эми 2024-жылы 285,1 миң адам алган (алуучулардын жалпы санынын 99,2 пайызы); - медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн 255 мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмунун 197үндө POS-терминал орнотулган, ошол эле учурда 40 мамлекеттик саламаттык сактоо уюму акы төлөнүүчү негизде медициналык кызмат көрсөтпөйт, 18и банктар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алат. 2024-жылы 256 мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмунун 173үндө медициналык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн POS-терминал орнотулган; - бюджеттик уюмдарда «бюджеттик каражаттарды алуучунун» 439 картасы пайдаланылган, алар боюнча жалпы 1 023,7 млн сом суммасында 1 818 транзакция жүргүзүлгөн, ал эми 2024-жылы «бюджеттик каражаттарды алуучунун» 481 картасы пайдаланылып, алар боюнча жалпы 4 757,3 млн сом суммасында 1 968 транзакция жүргүзүлгөн; - «Кыргыз почтасы» 872 почта бөлүмдөрүнүн 516-сында карта ээлерине пенсияларды, жөлөкпулдарды жана эмгек акыларды төлөө, ошондой эле коммуналдык кызматтар, салыктар жана башка төлөмдөрдү төлөө үчүн 1 315 калктуу конуштун тургундарына терминалдар, ал эми 2024-жылы «Кыргыз почтасы» ААКтын 786 почта бөлүмүнүн 424үндө POS-терминал орнотулган. Отчеттук мезгилде QR-кодду жайылтуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 15718 республиканын аймактарында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн QR-коддорду жайылтуу боюнча иш-чаралар планы боюнча резолюциясын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте соода-тейлөө ишканаларында улуттук стандарттагы QR-коддун бар экендигине мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин алкагында электрондук акча, QR-кодду колдонуу жана башка инструменттер сыяктуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү инструменттерин колдонуунун артыкчылыктары жөнүндө жеринде барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө жана QR-код аркылуу төлөө ыкмалары жөнүндө буклеттер таратылууда. Отчеттук мезгилде Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактарында «Мобилдик телефон аркылуу QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды андан ары өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөк көрсөтүү» боюнча пресс-релиз жарыяланды. 2026-жылдын 1-мартына карата республикада орнотулган QR-коддордун жалпы саны 117,6 миң бирдикти түздү (2025-жылдын акырында – 114,1 миң QR-код). Ошондой эле, 2026-жылдын эки айында өз ара аракеттенүү операторунун системасы аркылуу 231,03 млрд сом суммасында 140,84 млн төлөм жүргүзүлдү. Анын ичинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн 8,99 млрд сом суммасында 22,1 млн төлөм жүргүзүлдү. Учурда банктар жана төлөм уюмдары QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу көлөмүн кеңейтүү максатында, соода-тейлөө ишканаларына QR-код орнотуу боюнча иштерди улантышууда. |
ТСКБ, |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
9 |
Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык кызматташтыктын жана өз ара иш алып баруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өнүктүрүү |
9.1. Кыргыз Республикасынын дүйнөнүн ар кайсы региондорунда ФАТФ (Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу) тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топко (ЕАГ) катышуусу |
Туруктуу негизде |
Улуттук банк коррупцияга каршы аракеттенүү жагында өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдарга активдүү катышат. Улуттук банктын кызматчылары ЕАГдын пленардык отурумдарына катышат, анын алкагында финансы секторундагы өз ара баалоо, техникалык көмөктөшүү, типологиялар жана инновациялар маселелери боюнча башка өлкөлөр менен изилдейт жана тажрыйба алмашат. |
БКБ, КМБ, ТСКБ, ТСМЛБ, ЮБ |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
10 |
Коррупцияга каршы иш-чараларды өз убагында жана толук финансылык камсыздоо |
10.1. Улуттук банктын планын ишке ашыруу боюнча коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоо |
Жыл сайын |
Планда каралган коррупцияга каршы иш-чаралар Улуттук банктын бюджетинен жана башка мүмкүн болгон булактардан каржылоо менен камсыз болгон, бул аларды натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, ЮБ, башка түзүмдүк бөлүмдөр |
Каралган каражаттардын чегинде Улуттук банктын бюджети. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары. |
|
11 |
Планда каралган иш-чараларды актуалдаштыруу, жаңы милдеттерди коюу жана коррупция боюнча учурдагы тобокелдиктерди жана коркунучтарды жөнгө сала турган коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу |
11.1. Коррупцияга каршы планда каралган иш-чаралардын I этабын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгаруу жана 2028-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планынын II этабынын долбоорун иштеп чыгуу |
2027-жылдын II жарым жылдыгы |
Талдоонун негизинде 2028-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Улуттук банктын иш-чаралар планы даярдалып, бекитилет (II этап) |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, башка ТБ |
Сарптоолор талап кылынбайт. |
Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча
ыйгарым укуктуу М. Абсатаров
Шарттуу кыскартуулар:
ПИБ – Персонал менен иш алып баруу бөлүмү;
КИБ - Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү;
СУМСБ – Сатып алууларды уюштуруу жана мүлктү сатуу бөлүмү;
БИАБ – Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы;
ТСКБ – Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгы;
КМБ – Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы;
ЮБ – Юридика башкармалыгы;
КУКБ – Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү;
АКСБ – Акча-кредит саясаты башкармалыгы;
НАБ – Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы;
ФСМБ – Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы;
АКОБ – Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы;
КБ – Коопсуздук башкармалыгы;
ОБ – Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү







