Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «13» декабрындагы  

2017-П-11/51-4-(НФКУ) токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 

2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында сапаттуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана киреше деңгээли аз кардарлар үчүн финансылык жана социалдык ортомчулукту сунуштоо аркылуу калкты социалдык мобилизациялоого багытталган, финансылык системанын элементи катары микрокаржылоонун ролу белгиленген.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы  

№ 1836-VI токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаны доорго кырк кадам» программасында кредит рыногун өнүктүрүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн потенциалын арттырууга, финансылык сабаттуулук жана жоопкерчиликтүү кредиттөө деңгээлин жогорулатууга багытталган, системалык иш каралган. Бул программада кредиттер боюнча пайыздык чендердин андан ары төмөндөөсүн, маалыматтык-санарип технологияларга негизденген кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу, калайык-калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жайылтылышын арттыруу, кооперативдерди, ошондой эле ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүү болжолдонгон. Мындан тышкары, программада чакан жана орто бизнес объекттерин өнүктүрүү үчүн негизги параметр катары өз алдынча камсыздоо жана өз алдынча жөнгө салуу системасын киргизүү аныкталган.  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн  

2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарында микрокаржылоо секторунун күндөлүк абалына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2012-жылдын  

28-февралындагы №150/40/6 токтому менен бекитилген, Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясынын ишке ашырылышына баа берүүнү камтыйт, ошондой эле Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарын аныктайт.  

Бул документте микрокаржылоо сектору дегенден улам, микрокаржылоо уюмдары түрүндөгү банктык эмес финансы-кредит уюмдарын, ошондой эле кредиттик союздарды кредиттөө менен алектенген, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсыны түшүнүүгө болот.  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарыннын башкы максаты чакан бизнести жана жеке ишкердикти өнүктүрүүнү каржылоонун маанилүү инструменти катары микрокаржылоонун туруктуу жана социалдык жактан жоопкерчиликтүү секторун өнүктүрүү жана калктын жумуш менен камсыз болуусун жана жыргалчылыгын жогорулатуу үчүн алгылыктуу экономикалык, мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу чөйрөсүн камсыз кылуу.  

Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралган: 

- Банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн жаңы финансылык продукттардын  

- жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жайылтылышына, ошондой эле каржылоо булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн мыйзамдарын, ченемдик базаны өркүндөтүү

- микрокаржылоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөл системасын чыңдоо; 

- туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, алар тарабынан  

- сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана георафиялык жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн микрокаржылоо секторун институционалдык өнүктүрүү;  

- микрокаржылоо рыногунун инфраструктуралык институттарын өнүктүрүү

- микрокаржылоо рыногунун ачык-айкындуулугун жана микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарынын коргоого алынышын камсыз кылуу. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2018-2021-жылдарда өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын ийгиликтүү ишке ашырылышы Улуттук банкты, бизнес-ассоциацияларды жана БФКУларды кошо алганда, рыноктун бардык катышуучуларынын натыйжалуу, ырааттуу жана координацияланган ишине жараша болот.  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары аларды Ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык, кызыкдар тараптар менен биргеликте, Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарына карата  

1-тиркемеге ылайык конкреттүү чараларды жана аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.  

 

2-ГЛАВА. 

Кыргыз Республикасынын банктык эмес  

финансы-кредит уюмдарынын күндөлүк абалы  

§ 2.1. Жалпы макроэкономикалык жана социалдык-экономикалык чөйрө 

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында негизги максаттуу көрсөткүч катары макроэкономикалык туруктуулук аныкталат. Мында макроэкономикалык туруктуулукка төмөнкү негизги сандык параметрлерди сактоо менен жетишүүгө болот: реалдуу ИДӨнүн орточо жылдык өсүшүн кеминде 7 пайыз, инфляцияны 5-7 пайыз чегинде, бюджет тартыштыгын ИДӨгө карата 5 пйыздан ашпаган өлчөмдө жана мамлекеттик тышкы карызды ИДӨгө карата 60 пайызга чейин. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга каралган улуттук стратегиясында камтылган мөөнөттүн бүтүлшүнө жаныдашы боюнча максаттуу параметрлег жетүүгө мүмкүн экендигин белгилөөгө болот.  

Кыргызстан алгылыксыз тышкы экономикалык конъюнктурага, финансылык рыноктордогу дүйнөлүк экономикалык абалдын курчушуна байланыштуу экономикалык жагдайдын начарлоосу шартында, макроэкономикалык жагдайды турукташтырууга, улуттук валютанын өзгөрүлмөлүүлүгүн кыскартууга жана инфляциянын өсүшүн басаңдатууга жетишти.  

Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит сасяаты экономиканын алгылыктуу өсүш арымын колдоого багытталган. Түпкү карыз алуучулар үчүн кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү жана экономиканы кредиттөөнү кеңейтүү максатында Улуттук банк кайра каржылоо инструменттеринин алкагында кредиттик ресурстарды сунуштоосун улантууда.  

Айрым экономикалык көрсөткүчтөрдүн да жакшыруусу байкалууда: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан эсептелген, жакырчылыктын жалпы деңгээли 2016-жылга салыштырганда 6,7 пайызга төмөндөтүү менен 2016-жылы 25,4 пайызды түзгөн. Мында жакыр жашаган калктын абсолюттук көпчүлүгү (74 пайызы) айыл жергесинде жашагандыгын белгилей кетүү зарыл.  

2012-жылдан тартып, Улуттук банк банктар ортосунда атаандаштыкты күчөтүү, финансылык инфраструктураны бекемдөөгө, финансылык инструменттерин кеңейтүүгө, финансы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо системасын колдонууга киргизүүгө жана финансылык сабаттуулук программасын өнүктүрүүгө багытталган, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана финансылык сектордун өнүгүүсүн колдоо боюнча масштабдуу реформаларды жүзөгө ашыра баштаган. 2015-2016 жылдары Улуттук банкта керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү жана финансылык сабаттуулук сектору ачылган. 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн электрондук жана төлөм терминалдары, аралыктан тейлөө банкингин өнүктүрүү аркылуу жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жыл сайын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртууда өсүш байкалууда  

(1-таблица).  

 

1-таблица. Финансылык жеткиликтүүлүк индикаторлору  

 Көрсөткүчтөр 

2012 

2013 

2014 

2015 

2016 

1000 чарчы километрдеги банктардын бөлүмдөрүнүн саны 

4,8 

5,2 

5,6 

6,0 

6,6 

Банктардын бөлүмдөрүнүн 100 мин адамга карата саны 

17,1 

18,2 

19,2 

20,4 

21,9 

Банкоматтардын 1000 чарчы километрге карата саны 

3,1 

4,1 

5,0 

6,2 

6,5 

Банкоматтардын 100 мин адамга карата саны 

11,0 

14,4 

17,3 

21,0 

21,6 

Терминалдардын 1000 чарчы километрге карата саны  

12,4 

17,4 

23,4 

30,3 

35,5 

Терминалдардын миң адамга карата саны  

44,8 

61,5 

80,9 

102,7 

118,0 

Коммерциялык банктардагы депозиттер (ИДӨдөн %) 

16,33 

18,94 

20,59 

23,9 

23,38 

Коммерциялык банктардагы кредиттер (ИДӨдөн %) 

12,92 

15,19 

19,67 

21,84 

20,41 

БФКУ кредиттери  

15,41 

19,11 

22,95 

14,97 

10,92 

БФКУ кредиттери (ИДӨдөн %) 

4,96 

5,38 

5,73 

3,48 

2,38 

 

Ошондой болсо да, жалпысынан алганда, экономикалык өсүштү басандатуучу айрым факторлор сакталып калууда региондор арасындагы жогорку денгээлдеги теңсиздик, инфраструктуралардын жана институционалдык системанын жетишсиз өнүгүүсү, акча которуулардан жана геоэкономикалык факторлордон көз карандылык. Бир аз төмөндөөгө карабастан, жакырчылыктын жалпы деңгээли салыштыруу үчүн каралган өлкөлөргө караганда жогору бойдон калган.  

Орто мөөнөткө каралган мезгил ичинде акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчү болуп, инфляция денгээлин 5-7 пайыз чегинде кармап туруу саналат. Макроэкономикалык туруктуулуктун сакталышы жана экономикалык өсүштүн тездеши орто мөөнөттү мезгил ичинде экономиканын диверсификацияланышын, тышкы карыздын андан ары өсүшүн токтотууну жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн ишкер чөйрөнү заманбап технологиялардын жардамы менен жакшыртууну талап кылат. Экономикалык өсүштү  

6-7-пайызга чейин тездетүү бүтүндөй өлкөнү өнүктүрүүнүн жана жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүнүн зарыл шарты болуп саналат.  

 

§2.2. Микрокаржылоо секторунун учурдагы абалы жана анын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири 

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо сектору өзүнө микрокаржылоо компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди жана кредиттик союздарды камтыган микрокаржылоо уюмдарынан турат. 

Микрокаржылоо секторунун активдеринин жана кредиттеринин үлүшү банк тутумунун жана банктык эмес финансы-кредит уюмдар тутумунун активдеринин жана кредиттеринин жалпы суммасында, тиешелүүлүгүнө жараша 7,3% жана 10,2% түзөт. 

Микрокаржылоо уюмдары чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө жана аз кирешелүү калктын ишкер демилгесинин жогорулашына түрткү берүүгө олуттуу салым кошушту. Микрокаржылоо уюмдарынын негизги кардарлары болуп (56,2 пайызга жакыны) аялдар саналышат. МФУлардын кредиттик портфелинин 60 пайызы күрөөлүк камсыздоосуз берилген кредиттерден турат, алардын ичинен 34 пайыз топтук кепилдик менен берилген. Ошол эле учурда бул кредиттердин кайтарымдуулугу 95 пайыздан төмөн эмес деңгээлде турат.  

2007-2011-жылдар ичинде микрокаржылоо сектору жогорку өсүш динамикасы жана ага жаңы катышуучулардын кошулуусу менен мүнөздөлсө, акыркы төрт жыл ичинде бул рынок өсүш арымынын басандоосу менен мүнөздөлгөн, ошол эле учурда иштин негизги сапаттык көрсөткүчтөрүнүн туруктуу денгээлде сакталышы белгиленет. Алсак, акыркы он жылда (2007-жылдан 2016-жылга чейин) активдүү карыз алуучулардын саны 163,2 минден 228,5 минге чейин өскөн, ал эми чогуу алгандагы кредит портфелинин көлөмү 4,8 млрд сомдон 10,9 млрд сомго жогорулаган, мында кредиттин бир карыз алуучуга карата орточо өлчөмү дээрлик өзгөргөн эмес: 2007 жана 2010-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша, 45,6 мин сом жана 50 мин сом, ал эми 30 күндөн жогорку тобокелдиктеги портфелдин көрсөткүчү 7,7 пайыздан ашкан эмес. 

Белгилей кетсек, 2010-жылы сектор катышуучуларынын санынын өсүшү токтогон (454 МФУ), жана 2011-жылдан тартып, МФУлардын саны байкаларлык кыскара баштаган: 2016-жылдын акырына карата МФУлардын саны 162ни түзгөн2. МФУлардын санынын кыскарышы кирешелүү иш жүргүзүү үчүн капиталдын жетишсиздигине, МФУларга карата жөнгө салуучу талаптардын күчөшүнө жана башка себептерге байланыштуу болгон.  

 

2-таблица. БФКУлардын өнрүгүүчүнүн негизги көрсөткүчтөрү 

  

2005 

2010 

2016 

МФУ 

КУ 

МФУ 

КУ 

МФУ 

КУ 

Саны 

134 

320 

396 

217 

162 

116 

Кредит алуучулар, мин адам 

52,1 

22,4 

371,9 

19,6 

218,6 

9,4 

Кредиттик портфель, млрд.с. 

1,49 

0,58 

9,9 

1,14 

19,5 

0,94 

Кредиттин орточо өлчөмү, мин.с 

28,5 

25,9 

26,7 

58,2 

89,2 

100,1 

 

МФУлардын санынын кыскаргандыгына карабастан, калктын микрокредиттер менен камсыз болуусу 1,4%дан 3,8%га өскөн (3-таблица). Бирок финансылык камтуу көрсөткүчү ( 3,9%дан (2005-жылы) 2,5%га чейин төмөндөгөн. 

 

3-таблица. МФУлардын өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү 

Негизги корсоткучтор 

2005 

2010 

2015 

2016 

МФУлардын саны 

134 

396 

172 

162 

Калктын микрокредиттер менен камтылышы, % 

1.4 

7.1 

9.1 

3.8 

Финансылык камтуу көрсөткүчү, % 

3,9 

5.2 

2,5 

Жакырчылык денгээли, % 

43.1 

33.7 

32,1 

25,4 

Калктын бир адамына карата ИДӨ (АКШ долл.) 

478 

888 

1163,3 

1133,6 

Инфляция (жылдык орточо көрсөткүч), % 

4,9 

19,2 

13,6 

0,4 

 

МФУлардын кредиттик портфелинин, активдеринин, ресурстук базасынын, финансылык камтуу көрсөткүчүнүн төмөндөөсү менен, ошол эле учурда, 3 ири МФУлардын коммерциялык банктарга: «Бай Түшүм», «Компаньон ФТ» микрокаржылоо компаниялары «Бай Түшүм Банкы» ЖАКка, «Компаньон Банкы» ЖАКка, «ФИНКА» микрокредиттик компаниясы «Финка Банкы» ЖАКка трансформацияланышы менен түшүндүрүлөт. 

2-график. БФКУдардын кредиттик портфелинин динамикасы 

 

 

МФК «Компаньон Финансылык тобу» ЖАКтын коммерциялык банктар секторуна өткөндүгүнө байланыштуу, 2016-жылы БФКУ секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн, атап айтканда, активдер менен ресурстук базанын төмөндөөсү, ошондой эле кредиттик портфелдин 2015-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 27,1 пайызга кыскаргандыгы байкалган, ал 10,9 млрд сомду түзгөн. МФК «Компаньон Финансылык тобу» ЖАКты эске албаганда, БФКУлардын кредиттик портфелинин өлчөмү 2015-жылга салыштырганда 3,3 пайыздык пунктка көбөйгөн. 

 

3-график. БФКУлардын кредиттик портфелинин өзүнчө секторлорго бөлүштүрүлүшү 

 

МФУлардын чогуу алгандагы кредиттик портфели 29,0 пайызга азаюу менен  

2016-жылдын аягына карата 10,0 млрд сомду түзгөн. Негизинен, МФУлардын кредиттик портфели кыска жана орто мөөнөттүү кредиттерден турат. 3-графикте көрсөтүлгөндөй, айыл чарбасы МФУлардын кредит берүүдөгү артыкчылыктуу тармагы болуп келген жана ошол бойдон сакталууда, айыл чарба микрокредиттөөнүн жалпы көлөмүндө 2012-жылдагы 44,2%дан 2016-жылы 27,7%га чейин төмөндөгөн. 2009-2015-жылдары айыл чарбанын үлүшү 36дан 45%га чейин өзгөрүп турган. Коммерция менен сооданын үлүшү бул мезгил ичинде төмөндөгөн: 2012-жылдагы 20,61%дан 2016-жылы 16,1%га чейин. Тескерисинче, керектөө кредиттеринин үлүшү 9,5%дан 23,5%га чейин өсүп, микрокредиттерди колдонуудагы экинчи секторго айланган.  

МФУлардын ишин жүргүзүүнүн негизги булагы болуп, алардын өздүк капиталы (50%дан ашыгыраагы) саналат. МФУлардын милдеттенмелеринин тузүмүндо чет өлкөлүк уюмдар алдындагы милдеттенмелери 26,8 пайызды түзгөн. Ал эми, МФУлардын милдеттенмелеринин көлөмү 2015-жылдан тартып 2016-жылдын акырына чейин 55,6 пайыздан 4,4 млрд.сомго чейин азайгандыгына карабастан, МФУлардын чет өлкө валютасындагы милдеттенмелеринин көлөмү алардын жалпы көлөмүнүн 33,1%ын түзгөн.  

Банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмү 2015-жылдан бери 17% азаюу менен, 2016-жылдын акырына карата 3,9 млрд сомду түзгөн. Ошону менен бирге БФКУлардын өздүк капиталы 6,9 млрд сом чегинде катталып, 8% же 0,6 млрд сомго азайган. 

МФУлардын (МФК, МКК, МКА) БФКУлардын кредиттик портфелинин жалпы көлөмүндөгү үлүшү 91,4%ү түзөт. Калган кредиттик портфель кредиттик союздар тарабынан берилген. 

2016-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 116 кредиттик союз иштеп турган. Алардын 16,4 миң катышуучусу болуп, анын ичинде 9,4 миңин карыз алуучулар түзөт. Орточо алганда ар бир кредиттик союзга 140 катышуучу туура келет. Бул көрсөткүч кредиттик союздар системасы үчүн, анын мүмкүнчүлүгүн жана жыйырма жылдык ишин эске алганда, абдан эле төмөн болуп эсептелет. 

Кредиттик союздар системасынын кредиттик портфели 2013-жылдан тартып өсүшүн токтоткон жана 2016-жылдын акырына карата 940 млн сомду түзгөн. Кредиттердин активдердеги үлүшү МФУ тутумундагы кредиттердин активдердеги үлүшунө барабар: тиешелүүлүгүнө жараша 79,5% жана 80,4%. Кредиттик союздун кредитинин орточо өлчөмү 100 миң сомду түзөт (4-таблица). 

 

4-таблица. Кредиттик союздардын 2013-2016-жж ишинин көрсөткүчторү 

Көрсөткүчтөрү 

2013 

2014 

2015 

2016 

Уюмдардын саны 

153 

135 

125 

116 

Кредит алуучулардын саны (адамдар) 

15 176 

11 613 

9 924 

9 396 

Активдер (млн. сом) 

1 747,2 

1 330,4 

1 136,5 

1 183,9 

Кредиттик портфели (млн. сом) 

1 456,5 

1 152,6 

933,5 

940,6 

Капиталдын орточо өлчөмү (мин сом)  

96 

99,3 

94,1 

100,1 

Аманаттардын жалпы көлөмү (млн. сом)  

80,8 

14,2 

8,5 

8,6 

Мүчөлөрдүн саны (адамдар) 

24 541 

20 047 

17 488 

16 353 

Кредиттердин пайыздык чени (%) 

27,31 

25,63 

27,88 

27,77 

 

Кредиттик союздардын негизги каржылоо булактары өздүк капиталы жана «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын каражат эсебинен калыптанган. Айрым кредиттик союздар каражаттарды өлкөнүн башка финансы-кредит уюмдарынан жана башка булактардан тартышат.  

2016-жылдын аягына карата депозиттик базасы анчалык көп эмес, 8 кредиттик союзда гана депозиттерди тартуу лицензиясы болгон. Кредиттик союздардын 42% айыл аймагында, 15% Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан, башкалары жакын жайгашкан аймактарды камтуу менен шаарчаларда ишин жүзөгө ашырышууда. Кредиттик союздардын ишин жүзөгө ашырып турган мезгилде филиалдарын жана тейлөө түйүндөрүн өнүктүрө алышкан жок, жана кредиттөө негизинен айыл чарбага жана соода-сатыкка берилген.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторуна SWOT талдап-иликтөөлөр 

ЧАБАЛ ЖАКТАРЫ: 

· БФКУларда тобокелдиктерди тескөө боюнча кесипкөй компетенттүүлүктүн жетишсиздиги; 

· корпоративдик маданияттын жана көптөгөн чакан жана орто БФКУларды тескөө денгээлинин төмөндүгү;  

· депозит рыногунун өнүкпөгөндүгу; 

· каржылоо булактарынан жана апекстик институттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн чектелүүсүнөн улам жана тышкы каржылоо наркынын жогору болушунан улам, ресурстук камсыздоонун шайкеш эместиги; 

· БФКУлар тутумунда абройду жоготуу тобокелдиктин орун алышы, кредиттик маданияттын жана БФКУлар тутумуна болгон ишенимдин жетишсиздиги; 

· кардарлардын финансылык сабаттуулугунун жетишсиздиги; 

· микрокаржылоо сектору үчүн кадрларды даярдоочу жана алардын квалификациясын жогорулатуучу комплекстүү системанын жоктугу, региондордо жогорку квалификациялуу адистердин жоктугу; 

· мигранттардын кирешелерине, алардын акча которууларына, доллардын курсунун өзгөрүмөлүүлүгүнө көз карандылыктын жогору болушу; 

· кесиптик ассоциациялардын жана экинчи денгээлдеги уюмдардын институционалдык дареметинин чабалдыгы. 

· БФКУлардын кредиттик маалымат алмашуу системасына катышуу денгээлинин төмөндүгү

АЛГЫЛЫКТУУ ЖАКТАРЫ: 

· шарттары калктын аз камсыз болгон катмарларынын талаптарына ылайык келүүчү продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн болушу (билдирүүлөрдүн кыска мөөнөттө каралышы, күрөөсүз кредит берүү, ынгайлуу төлөө графиги, кардарларды тарта билүүсү ж.б.);  

· элет калкын, айрыкча аялдарды кредит берүүдө тейлөө боюнча билими жана тажрыйбасы; 

· кредиттер көбүнчө улуттук валютада берилгендиктен, кардарлар үчүн валюталык тобокелдиктер төмөндөйт. 

КОРКУНУЧТАР: 

· мыйзамдардын улам өзгөрүп туруусуна байланыштуу орун алышы ыктымал болгон укуктук тобокелдиктер; 

· финансы рыногунда анын катышуучулары арасында сыяктуу эле, чакан жана орто бизнес субъекттеринде да көмүскө иш жүргүзүү (лицензиясыз иш жүргүзүү) масштабдары жөнүндө маалыматтын жоктугу; 

· коммерциялык банктардын микрокаржылоо секторуна активдүү кошулушу; 

· тышкы экономикалык жана геосаясий таасирлерге дуушарлануусу; 

· ЕАЭБке кирүүгө жана анын миграцияга, акча которууларга тийгизүүчү кесепеттерине байланыштуу аныксыздык; 

· жагымсыз ишкер жагдай (жумушсуздуктун өсүшү, жеке ишкердик жана чаканжана орто бизнес субъекттеринин төмөн арымда өсүшү); 

· экономикалык калыбына келүүнүн өзгөрүмөлүүлүгү жана чабал секторлорго калктын жакыр катмарына жана айыл үй чарбаларына алгылыксыз таасир тийгизүүсү.  

МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

· калктын ар башка катмарлары тарабынан микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүнө талаптын болушу; 

· микрокаржылоонун максаттуу топторунун ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө жогорку деңгээлде муктаждыгы; 

· банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана жаны технологияларды, продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу максатында тиешелүү маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу; 

· финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештируу жаатында мультипрофилдуу өнөктөштөр менен биргелешкен долбоорлорду интеграциялоо; финансылык жана финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча мамлекеттик өнүктүрүү программалары менен иш алып баруу; 

· финансылык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү кенири сунуштоо кардарларга көмөк көрсөтүү (тар чөйрөдөгү адистердин консультациялары, кардарларды акысыз окутуу, продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б жайылтуу үчүн көрөзмөлөрдү жана жарманкелерди уюштуруу ж.б.); 

микрокаржылоонун ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаларын жайылтууга жана БФКУлардын ачык-айкын иш жүргүзүүсүн пропагандалоо

 

 

§2.3. Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясынын жүзөгө ашырылышына баа берүү 

 

Микрокаржылоону өнүктүрүү 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын №150/40/6 биргелешкен токтому менен 2012-жылдын 28-февралында кабыл алынган.  

БФКУ секторун андан ары өнүктүрүү, ченемдик базаны өркүндөтүү, МФУнун депозиттерин коргоо системасынын концепциясын иштеп чыгуу, керектөөчүлөр укугун коргоо принциптерин жайылтуу, финансылык апекстерди түзүү, агенттик банкингди жана акча которуулар боюнча операцияларды өнүктүрүү микрокаржылоону 2011-2015-жылдар аралыгында өнүктүрүү стратегиясынын негизги багытынан болуп саналат.  

Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында ченемдик базаны өркүндөтүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлгөн. Атап айтканда, Стратегияны жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө» жана «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Сектордун өнүгүшүнө таасир эткен мыйзамдык жана жөнгө салуу чөйрөсүнө эң эле маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген, атап айтканда:  

- МФУ үчүн операциялар тизмегин кеңейтүү, МФУну ислам каржылоо принциптери боюнча түзүү жана иш алып баруусу үчүн мыйзам чыгаруу жана жөнгө салуу базасын өркүндөтүү

- рыноктун жаңы катышуучулары үчүн лицензиялык талаптарды күчөтүү (МФУнун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды көбөйтүү, МФУнун кызмат адамдарынын квалификациялык жана аброй талаптарын белгилөө, МФК жана МККнын уставдык капиталына жөнөтүлүүчү акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына карата талаптарды, алардын келип чыгышынын легалдуулугун тастыктоо тартиби жана башка МФУнун институционалдык туруктуулугун камсыздоо инструменттери); 

- БФКУну трансформациялоо тартибин жөнгө салган ченемдерди ишке киргизүү, РППУну үстү-үстүнөн алынган кредиттер боюнча түзүүгө кошумча талаптарды белгилөө аркылуу калкты үстү-үстүнөн кредиттөө деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу, кредиттик тобокелдикти тескөөгө карата талаптарды белгилөө;  

- кардарлар менен өз ара мамилелерди юридикалык жактан тариздетүү боюнча жөнгө салуу талаптарын, микрокредиттин максималдуу өлчөмү боюнча чектөөлөрдү, үстөк айып (айыптык төлөмдөр, туумдар) өлчөмүн чектөө, эффективдүү пайыздык чен өлчөмү жана абсолюттук туюндурууда кредиттин толук наркы тууралуу маалыматты ачып көрсөтүү боюнча талаптарды камтыган керектөөчүлөрдүн укугун коргоо системасын түзүү.  

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №319 токтому менен Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдар аралыгында жогорулатуу программасы бекитилген жана Кыргыз Республикасынын «Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген.  

БФКУ секторунун негизги жетишкендиктери: 

- БФКУнун кредиттери боюнча пайыздык чендердин 2010-жылы 38,8 пайыздан 2016-жылы 31,4 пайызга чейин төмөндөтүү

- чет өлкө донорлордон жана инвесторлордон секторго 1,5 млрд сомдон ашык сумммага инвестицияларды тартуу; 

- 2010-жылга салыштырганда БФКУну капиталдаштырууну 62 пайызга көбөйтүү

- калктын кредиттөө кызмат көрсөтүүлөрү менен камтылышы, кредиттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. БФКУ секторунун карыз алуучуларынын саны кредиттердин жалпы суммасы 10 млрд сомдо 222 миң адамды түзгөн кредиттердин; БФКУнун кредит портфелинин кайтарымдуулугу 95 пайызды түзөт; 

- микрофинансы секторун өнүктүрүү: МКК үчүн уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн 5 млн сомго чейин жогорулатуу, майда БФКУларда кыйла ири БФКУларга трансформациялоо. 3 МФУну коммерциялык банктарга трансформациялоо, микрокредиттик компаниялардан жана кредиттик союздардан трансформациялоо аркылуу микрофинансылык компаниялардын санын арттырууга тенденция. 

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн  

2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарында ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №150/40/6 токтому менен бекитилген Микрокаржылоону өнүктүрүүнүн 2011-2015-жылдарга каралган стратегиясында туруктуу негизде аткарууну талап кылган иш-чаралар камтылган: финансылык туруктуулукту камсыз кылуу менен бирге эле, финансылык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана микрокаржылоонун алгылыктуу жана туруктуу секторун калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жөнгө салуу чөйрөсүн өркүндөтүү.  

3-ГЛАВА.  

Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 

негизги багыттары 

 

§ 3.1. Микрокаржылоо секторунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү ролу  

Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү көйгөйлөрүн чечүүдө анын өсүп жаткан маанисин шарттаган бир катар факторлордун натыйжасында калыптанат: 

1. Микрокаржылоо жакырчылык менен күрөшүүнүн таасир этүүчү инструменттердин бири болуп саналат. Жакырчылык деңгээли 25,4 пайыз жогору бойдон калууда, 1,5 млн ашык адам жакырчылык чегинде турат, алардын көпчүлүгү (74 пайыз) айыл жергесинде жашайт. Калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн өз алдынча иш менен камсыз кылуу жана материалдык абалын жакшыртууга өбөлгө түзүү максатында, МФУлардын кызматтарын аларга жеткирүү жана жайылтуу субсидия берүү, жумушсуздарга жөлөк пул берүү маселелерин алмаштыра алышы мүмкүн, андай адамдардын саны экономикалык активдүү калктын 2,2%ын түздү (бардыгы болуп 2 544,3 миң адам).  

2. Микрокаржылоо экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири болуп саналган чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн таасирдүү механизми катары эсептелет. Кыргыз Республикасынын экономикасында анча чоң эмес чарба жүргүзүүчү субъекттер басымдуулук кылат, алардын көпчүлүгү БФКУ үчүн потенциалдуу кардарлардан болуп саналган фермерлер, жеке ишкерлер жана чакан ишканалар болуп саналат. 

2016-жыл жыйынтыгы боюнча ИДӨдөгү чакан бизнестин үлүшү 40,8 пайызды түзгөн, ишкердик иши менен алектенген адамдардын саны 463,6 миң адамды түзөт. 2016-жылы түзүлгөн жаңы жумуш орундарынын жалпы санынан 65 пайызга жакыны чакан бизнес чөйрөсүндө түзүлгөн. Микрокаржылоо айыл чарба тармагында өзгөчө ролду ойнойт, БФКУнун портфелинде олуттуу орунду (30%ды) ээлеп, айыл жеринде жашаган калктын иш менен камсыз болуусуна көмөк көрсөтүп келет. 

3. Микрокаржылоо жаштардын иш менен камсыз болуу маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы жаштардын үлүшү боюнча эң чоң 20 ири өлкөлөрдүн катарына кирет (калктын жаштарынын тийиштүү топторунда). Калктын жаш курактык түзүмүндө 19 жашка чейинки курактагы калктын үлүшү 38,5%ды түзөт жана калктын санынын жогорку арымда өсүшү белгиленген. Жумушсуздардын жалпы санынын басымдуу көпчүлүгүн 18 жаштан 30 жашка чейинки адамдар түзөт. Аталган категория бизнести баштоо учун чакан карыздарга муктаж, мисалы: үй шартында чакан чарба уюштуруу, жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ж.б. Жогоруда белгилгендердин ишке ашуусунун натыйжасында жаштар арасында жумушсуздуктун төмөндөөсүнө алып келет. 

4. Микрокаржылоо шаарлардагы урбанизация процессинин башталышынан улам жогорулаган кредиттерге болгон талапты канааттандыра алышы мүмкүн. Акыркы жылдары Бишкек жана Ош шаарларынын айланасында: экономикалык өсүш арымдарынын жана ички миграциянын өсүшү сыяктуу эки фактордун бир учурда тийгизген таасири катары урбанизация процесстеринин күчөшү байкалууда. Орто класстагы менен шаардык жаш курактагы калктын калыптануу процессинин чагылдыруусу катары керектөө максатына берилген кредиттердин кескин өсүшүн эсептесе болот, бул микрофинсылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талапты жогорулатат. 

5. Микрокаржылоо гендердик тең укуктуулукту илгерилетүүнүн жана аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн натыйжалуу механизми катары өзүн көрсөтө алды. Кыргызстанда ишкер аялдардын саны көбөйүп, алардын экономикалык жигердүүлүгү да өсүүдө, мисалы ишкер аялдардын саны 2002-жылдагы 30 254 адамга салыштырганда 2015-жылы алардын саны 87 125 адамга жеткен.  

6. Кредиттик союздар аркылуу микрокаржылоо айыл жерлеринде кооперативдик кредиттөөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Алардын болгону 15%ы Ош жана Бишкек шаарларында жайгашкан, айылдарда, чакан шаарларда жана аларга жакын жайгашкан аймактардагы кредиттик союздар аркылуу берилген кредиттердин дээрлик көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. 

Микрокаржылоонун социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү ролун жана азыркы мезгилге чейинки сектордун өнүгүү жыйынтыктарын кыскача айта кетсек, төмөнкү тыянактарды чыгарууга болот: 

1. Социалдык жана экономикалык контекстте микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуудан максималдуу пайданы алган эң эле маанилүү максаттуу топтордон болуп аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, аялдар, айыл жергесинин тургундары, жаңыдан баштап жаткан ишкерлер жана жаштар саналат. 

2. Микрофинансы сектору финансылык ортомчулук түзүмүндө салыштырмалуу бир аз эле үлүштү ээлейт, бирок анын ролунун жогорулашынын туруктуу динамикасы байкалууда, бул андан ары өнүгүүсү үчүн кыйла потенциалы бар экендигинен кабар берет. 

3. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар тышкы жана ички факторлору узак мөөнөттүү келечекте микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөргө болгон жогорку суроо-талапты түптөйт. 

4. «Жаны доорго - кырк кадам» программасында айыл чарба секторун жана алыс жайгашкан аймактарда чакан жана орто бизнес тармактарын өнүктүрүүдөгү негизги параметрлерин бири микрокаржылоо секторунда кредиттик союздар адистешкен кооперативдик кредиттөөнү өнүктүрүүгө багытталган. 

 

3.2. Микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

Финансылылык институттун түрүнө карабастан, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу маселеси узак мөөнөттүк келечекте Кыргызстанда финансы секторун өнүктүрүүнүн негизги милдетинен болуп саналат. Бул институттардын жана финансылык тейлөө технологияларынын көп түрдүүлүгүн чагылдырган микрофинансылык рыноктун диверсификацияланган үлгүсүн (моделин) түзүүнү болжолдойт. Орто мөөнөттүк мезгил ичинде микрофинансылык институттардын интеграцияланышын арттыруу талап кылат, бул микрофинансылык иш көлөмдөрүн кескин жогорулатуу сыяктуу эле, калктын микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз болуусун кыйла кеңейтүү зарылдыгын шарттайт. 

Учурда калыптанган шарттарда, социалдык жоопкерчиликтуу институттардын рынокко багытталган өсүштүн, ошондой эле калктын, анын ичинде социалдык-аярлуу катмарынын микрокаржылоонун сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде, микрокаржылоо секторун өнүктүрүүгө таянган жаңы стратегиялык ыкманы колдонуу зарыл. 

Иш-аракеттер планында көрсөтүлгөн иш-чаралар комплексинде микрокаржылоо секторун жакырчылыкты төмөндөтүүнүн жана чакан бизнести каржылоо, калктын иш менен камсыз болуусунун жана жашоо деңгээлин жогорулатуунун маанилүү инструменти катары өнүктүрүүгө андан ары колдоо көрсөтүү каралган. БФКУнун географиялык жактан камтуусун кеңейтүүгө, алардын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, кызмат көрсөтүүлөр спектрин кеңейтүүгө жана инфраструктураны чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп келет. 

1. Жаңы финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга жана жайылтууга, БФКУ үчүн каржылоо булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн мыйзамдык жана ченемдик базаны өркүндөтүү 

Улуттук экономикадагы БФКУнун ролун арттыруу, өлкөнүн алыс жайгашкан региондоруна микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана тарды олконун алыс жайгашкан аймактарына жеткируу; жана микрофинансылык иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен БФКУнун туруктуу өнүгүүсүн дем берүү максатында, БФКУнун мыйзамдык, ченемдик жана методологиялык базасын андан ары өркүндөтүү үчүн бир катар концептуалдык жоболорду аныктап алуу зарыл. 

Орто мөөнөттүк келечекте микрокаржылоо секторунун сапаттуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. 

Бул багытта төмөнкүлөр сыяктуу чараларды ишке ашыруу зарыл: 

өлкө аймагынын географиялык камтуу боюнча сыяктуу эле, жаңы продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу боюнча да БФКУнун финансылык ортомчулук жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири жайылтуу денгээлин жогорулатууга таасир эткен мыйзам ченемдерине талдап-иликтөө жана корректировкалоо; 

- БФКУнун ресурстук базасын кеңейтүү жана каржылоонун альтернативалуу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу. 

Кредиттик союздарды өнүктүрүүгө дем берүү максатында, кооперативдик башкаруу жагында мыйзамдык ченемдерди андан ары өркүндөтүү зарыл, ал үчүн кредиттик союздардын иш алып баруусунун эң мыкты эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана аны ишке киргизүү талап кылынат. Баарыдан мурда, кооперативдик кредиттөө механизмин толук түрдө колдонууга, атап айтканда, кредиттик союздардын катышуучуларынын жыйымдарын андан аркы керектөө жана ишкердик кредиттөө үчүн кооперативдик жалпылыкты жана кредиттик союзду башкаруу механизминин натыйжалуулугун өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Ошону менен бирге кредиттик союздар системасынын көмөкчү жана апекстик институттарды өнүктүрүүгө, өзүн-өзү жөнгө салуу системасын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

Кыргыз Республикасында ислам банк иши жана каржылоо принциптерин андан ары өнүктүрүү үчүн БФКУ системасында мыкты эл аралык тажрыйбалар менен таанышуу, ислам каржылоо принциптерине ылайык операциялар кеңейтүү бөлүгүндө колдонуудагы банк мыйзамдарын корректировкалоо жана жаңы мыйзам ченемдерин иштеп чыгуу жагында иштер улантылат. 

 

2. Микрокаржылоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системаларын бекемдөө 

БФКУнун ар башка түрлөрү үчүн жөнгө салуу стандарттарын ишке киргизүү аркылуу жөнгө салуу таасирин оптималдаштыруу жана микрофинансылык рынокту өнүктүрүү, жаңы продукттарды жана альтернативалуу технологияларды ишке киргизүү, ошондой эле санариптик технологияларды активдүү жайылтуу жана ИКТны ишке киргизүү кыйла алгылыктуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт жана микрокаржылоо секторунун потенциалын тартууга мүмкүн кылат. 

Сектордун андан аркы өнүгүүсү өзүн-өзү жөнгө салуу институтун түзүүнү жана ишке киргизилишин болжолдойт, бул жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жөнгө салуу чыгымдарын азайтууга өбөлгө түзөт. 2021-жылга чейин өзүн-өзү жөнгө салуу институтун ишке киргизүү боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу пландаштырылууда, бул мыйзамдык жана ченемдик базаны түзүү үчүн эл аралык тажрыйба менен таанышууну, системанын өзүн-өзү жөнгө салуу концепциясын даярдоону талап кылат. 

Жөнгө салуу чыгымдарын кыскартуу жана анын натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдү ишке киргизүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо механизмдеринин таасирин арттыруу жана тажрыйба алмашуу боюнча кесипкөй программаларга тартылган кызматкерлердин катышуусу, микрокаржылоо секторунун жөнгө салуда жаңы ыкмалар боюнча квалификацияны туруктуу негизде жогорулатуу аркылуу жөнгө салуучунун потенциалын чыңдоо жагында чараларды көрүү каралууда. 

Эл аралык тажрыйбага ылайык, аялдардын каржылоодон4 кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылынышына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле аялдар ишкердигин андан ары өнүктүрүү максатында, Улуттук банкта гендердик статистиканы өнүктүрүүгө багытталган, финансылык пайдалануу мүмкүнчүлүгү саясатын иштеп чыгууда гендердик дезагрегацияланган мааалыматтарды чогултууну, талдап-иликтөө жүргүзүүнү жана аларды колдонууну камтыган иш-чаралар жүзөгө ашырылат.  

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттеннүүгө тийиштүү регулятивдик (жөнгө салуучу) базаны өркүндөтүү, Бантык көзөмөл боюнча Базель комитетинин жана ФАТФтын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык жаңы технологияларга пропорционалдуу жана тобокелдикти аныктоого багытталган жөнгө салууну жана көзөмөлдүктү ишке киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү зарыл.  

3. Микрокаржылоо секторун анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн институционалдык өнүктүрүү, алар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана географиялык жактан жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу 

Микрофинансылык уюмдардын толук кандуу институционалдык өнүгүүсү жоопкерчиликтүү каржылоо принциптерин жана корпоративдик башкаруу стандарттарын ишке киргизүү сыяктуу иш алып баруунун кесипкөй стандарттарын ишке киргизүүсүз мүмкүн эмес.  

Тилекке каршы, көпчүлүк БФКУларда иш стандарттарынын жана кадрлардын кесипкөй денгээлинин төмөндүгү микрокаржылоо секторуна ички жана чет өлкө инвестицияларын тартуу, БФКУну капиталдашуусун жогорулатуу боюнча басаңдатуучу фактор болуп саналат. Ушуга байланыштуу, БФКУнун потенциалын сектордун адистеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүгүндө өнүктүрүү эң башкы милдети болут саналат.  

БФКУну алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянып, талаптагыдай жетекчилик кылууну жана башкарууну камсыз кылуу максатында, БФКУнун персоналын милдеттүү түрдө жыл сайын окутуу, жогорку жетекчиликтин квалификациясын жогорулатуу, корпоративдик башкаруу принциптерин ишке киргизүү талаптарын киргизүү сунушталууда. 

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн баа жеткиликтүүлүгү БФКУнун баа саясатынын негизинде аныкталган микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан түздөн-түз көз каранды. Иш-аракеттер планында кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган, анын ичинде ислам каржылоо принциптерине ылайык келген, БФКУнун баа саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу каралган. 

Калктын микрокаржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн МФУнун узак мөөнөттүү жана арзан ресурс булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу жогорулап турат. Бул контекстте кредиттик союздар тутумунун андан ары өнүгүүсүнө түрткү берүү аркылуу калктын жыйымдарын тартуу, аманаттарды кабыл алуу укугун колдонуу, финансылык туруктуу жана социалдык жоопкерчиликтүү МФУлар тарабынан инвестиция тартуу ж.б. багыт катары алынууга тийиш. Физикалык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле филиалдык түйүндөрдү ачууга, аларга колдоо көрсөтүү боюнча чыгымдарды кыскартуу максатында, операциялардын стандарттарын иштеп чыгууну жана МФУлардын снапариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөр операторлору менен өз ара аракеттенуусу кошо алганда, аралыктан банкингди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүү зарыл. 

Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун 2016-2020-жылдарга каралган программасын жүзөгө ашыруунун алкагында калктын кеңири катмары үчүн МФУлар тарабынан микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан пайдалануу боюнча билим берүүчү программаларынын өткөрүү зарыл. 

2016-жылы Symbiotics тарабынан жүргүзүлгөн микрофинансылык инвестициялар ортомчуларын (MIV)5 сурамжылоо инвесторлор микрокаржылоодо инвестиция кылуу боюнча чечим кабыл алууда экологиялык, социалдык жана башкаруучулук артыкчылыктарына (ESG) көбүрөөк көңүл бургандыгы тууралуу тастыктап турат/ 

95 MIV сурамжылоосунун жыйынтыктарында кредиттөөгө билдирмени кароого алуу процессинде алар курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча бир катар индикаторлорду колдонот экендиги көрсөтүлгөн жана MIV 98%ы кардарларды коргоо принциптеринин системасын жана социалдык таасир этүүнүн денгээлине баа берууну колдошот. Мында, MIVдин 80%ы өз инвесторлорунун алдында экологиялык, социалдык жана башкаруучулук маселелери боюнча отчет берип турары маалым. 

Ошентип, эл аралык инвесторлордун жана кредиторлордун каражаттарын тартуу үчүн микрокаржылоо сектору жоопкерчиликтуу каржылоонун талаптарына ылайык, кардарларды коргоонун комплекстүү системасын түзүүнү кошо алганда, жогоруда белгиленген стандарттарды сактарын көрсөтө алууга тийиш. 

 

4) Микрокаржылоо рыногунун инфраструктура институтун түзүү жана аны бекемдөө 

Микрокаржылоо ишин колдоо боюнча иш алып барган кесипкөй түзүмдөр өркүндөп жаткан микрокаржылоо тармагынын негизги компоненти болуп саналат. Мезо-денгээли боюнча шайкеш жана эффективдүү инфраструктуранын иш алып барышы транзакциялык чыгымдарды төмөндөтүү, чөйрөнү кеңейтүү, потенциалды жогорулатуу жана сектордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл. 

Учурда банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ресурстук базасын түптөө булактарынын тизмеги чектелген. Жыйымдарды тартуу жана аларды инвестициялык нукка буруунун маанилүүлүгүнө карабастан, макроэкономикалык контекстте, биринчиден, институттар депозиттик кызматтарды сунуштоо менен байланыштуу тобокелдиктерди тескөө үчүн тиешелүү потенциалга ээ болууга тийиш. Экинчиден, аларды коргоочу тиешелүү инфраструктура болушу зарыл. Мындан улам, депозиттерди кабыл алуучу банктык эмес финансы-кредит уюмдарына карата ишенимди арттыруу максатында депозиттерди коргоо институтун түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо же болбосо өзүнчө механизмди иштеп чыгуу аркылуу колдонуудагы депозиттерди коргоо системасына киргизүү сунушталат.  

Эл аралык жеке инвесторлордун жана донорлордун микрокаржылоо уюмдарына кредиттерди жана займдарды берүүсүнө олуттуу кызыкчылыгы болушуна карабастан, алар, эң оболу, финансылык туруктуу уюмдар менен көмөктөшүүгө кызыктар экенин эске алуу шарт. Банктык эмес финансы-кредит уюмунун бир аз капитал менен ресурстук базасын камсыз кылуу менен проблеманы чечүү үчүн апекстик уюмдардын ишин уюштуруу сунушталат. Эл аралык тажрыйбада апекстик институттар уюмдардан каражаттарды тартуу жана финансы-кредит уюмуна дүң кредиттерди берүү сыяктуу негизги функцияларынан тышкары, валюталык тобокелдиктерди камсыздандырат, консультативдик, техникалык жардамдарды көрсөтөт. Апекстик институттар аркылуу экономиканын айрым тармактарына түрткү берүүчү программалар ишке ашырылат, жаны ыкмалар ж.б. киргизилет.  

Микрокаржылоо секторунун жаңы кошумча институттарын түзүүдөн тышкары, кесиптик ассоциациялардын потенциалын бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Азыркы учурда бизнес-ассоциациялар тармактын өнүгүүсү боюнча так маалымат бере албайт, анткени тармактын болгону 20% гана алардын мучөсү болуп эсептелинет. Бизнес-ассоциацияларга тармактын өнүгүүсүндө негизги роль берилери божомолдонууда, анын ичинде банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын потенциалын жогорулатуу, билим берүү программаларын өткөрүү жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын ишинин бардык аспектилери боюнча консультацияларды берүү: салык алуу маселеси, юридикалык консультациялар жана коштоо, персоналды окутуу жана сертификациялоо ж.б. 

Микрокаржылоо инфраструктурасынын өнүгүүсү менен бирге мындай чаралар микрофинансылык уюмдардын ишинде кошумча финансылык туруктуулукту жана ачык-айкындыкты камсыз кылат, ошондой эле сектордун олуттуу өсүшүнө, аны консолидациялоого жана шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт. 

 

5) Микрокаржылоо рыногунун ачык-айкындылуугун камсыз кылуу жана микрофинансылык кызматтардын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо 

Микрокаржылоо секторунун ачык-айкындыгы кредиттик портфель, финансылык көрсөткүчтөр, кеңири коомчулукту камтуу жана аларга улуттук деңгээлде социалдык таасири этиши жөнүндө маалыматты топтоого жана аны жайылтууга көмөктөшөт. 

Кесиптик ассоциациялар адистештирилген эл аралык маалымат аянтчаларында өздөрүнүн мүчөлөрү жөнүндө мааалыматты жайылтуу аркылуу сектордун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жардам берет. 

Финансылык чөйрөнүн кенейүүсү жана ачык-айкындыктын жогорулашы бир гана салттуу кредиттик кызматтарды пайдалануу менен ишке ашпайт, ал микрофинансылык кызматтарды пайдаланууда калктын кенири катышуусун көздөйт. Коомчулукту микрофинансылык кызматтарга тартуу максатында калктын банктык эмес финансы-кредит уюмдарына болгон ишенимин арттырууга, калктын жеке узак мөөнөттүү финансылык келечеги жөнүндө аң-сезимин өзгөртүүгө багытталган чараларды жүргүзүү зарыл, алар финансылык сабаттуулуктун төмөн денгээлдеги шартында атайы программалардын жардамы менен калыптанышы зарыл. 

Финансы системанын өнүгүүсү финансылык талаш-тартыш маселелердин санынын өсүшүн шарттайт. Финансылык сектордун туруктуулугун жана анын мындан ары өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында финансылык омбудсмен институтун түзүү зарыл болууда. 

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-июнундагы №319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын 2016-2020-жылдар ичинде финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашырууга, финансылык омбудсмен боюнча схеманы ишке киргизүү жагында системалык иш-аракеттерди жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Кыргызстанда микрокаржылоо иши өтө чоң потенциалга ээ экендигин белгилей кетүү зарыл. Республикада чакан бизнести жана киреше алып келүүчү бизнести микрокаржылоого болгон алгылыксыз суроо-талап бар. Бирок микрокаржылоонун ийгиликтүү өнүгүшү үчүн калкка анын максаттары жана социалдык маанилүүлүгү жөнүндө өлкөнүн бардык денгээлинде ар түрдүү маалымат каражаттарын колдонуу аркылуу маалымдоо жана жайылтуу иштерин жигердүү алып баруу зарыл. 

Эффективдүү жыйынтыктарга жетүү максатында микрокаржылоо секторунун өнүгүүсүнүн негизги багыттары үч деңгээлде ишке ашырылат. Бул эң башкысы макродеңгээл, анда банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын эффективдүү ишин камсыз кылуу үчүн алгылыктуу мыйзамдык жана жөнгө салуучу чөйрөнү түзүү боюнча чараларды көрүү, жаны финансылык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү жана алардын жеткиликтүлүүгү каралган. Экинчи деңгээл бул мезодеңгээл, анда банктык эмес финансы-кредит уюмдарын колдоочу инфраструктуранын мындан ары өнүгүүсү, анын ичинде окутуу жана консультация берүү иши каралган. Үчүнчү деңгээл микродеңгээл, ал банктык эмес финансы-кредит уюмдарын түзүүгө жана алардын туруктуу иш алып баруусуна багытталган. Мында, проблемалардын болгонуна карабастан, Кыргызстанда микрокаржылоо рыногу өнүгүү жолунда, анын бизнес-процесстери калктын кеңири катмарына, чакан бизнеске жана жеке ишкерлерге карыздык каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү менен бирге жакшырып жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.  

 

§3.3. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн  

2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары  

 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары Улуттук банк, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы, Кредиттик союздардын ассоциациялары жана банктык эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан аталган багыттардын иш-чаралар планынын негизинде ишке ашырылат. Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасы отчет жана баа берүү процессин уюштуруунун негизинде камсыз кылынат. Негизги багыттар боюнча милдеттердин аткарылышына шайкеш баа берүү максатында Улуттук банктын, кесиптик ассоциациялардын, микрокаржылоо секторунун катышуучуларынын жана эксперттик коомчулуктун катышуусунда жыл сайын жолугушууларды өткөрүү сунушталууда, мындай жолугушуу Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын алкагында жүзөгө ашырылуучу чаралардын жыйынтыгына баа берүү үчүн каралган. Бул жолугушуулардын алкагында жогоруда көрсөтүлгөн негизги багыттарды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү үчүн микрокаржылоо рыногун өнүктүрүү жөнүндө бардык таламдаш тараптардын ой-пикири эске алынат.  

 

4-ГЛАВА. 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Алдын ала каралган чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында микрокаржылоо секторун кенейтүү бир гана экономикалык эмес оң социалдык натыйжаларга да алып келет. Чакан жана орто бизнести, айрыкча өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердик ишине финансылык колдоо көрсөтүү аркылуу жакырчылыкты жана жумушсуздук деңгээлин жоюуга, аймактарды өнүктүрүүгө, гендердик тең укуктукту жайылтууга жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жагында башка проблемаларды чечүүгө мүмкүн болот. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын ишке ашырылышы жана алдын ала каралган артыкчылыктуу чаралардын колдонууга киргизилиши төмөнкүлөргө шарт түзөт: 

- микрокаржылоо рыногунун социалдык жооптуу катышуучуларын жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр керектөөчүлөрүнүн коргоого алынышын камсыз кылуучу финансылык жеткиликтүүлүк тармагында эффективдүү жөнгө салуучу чөйрөнү түзүү, ишенимсиз финансылык ортомчулардын санын кыскартуу, микрокаржылоо рыногунун натыйжалуу инфраструктурасын өнүктүрүү

- биринчи кезекте жеке ишкердикти, чакан бизнес субъектерин, өз алдынча иш алып барууну жана (же) башка ишкердик демилгелерин өнүктүрүүгө микрокредит сунуштоочу микрофинансылык уюмдардын ресурстук жана инфраструктуралык потенциалын жогорулатуу; 

- микрокаржылоо чөйрөсүнө узак мөөнөттүү негизде жеке адамдардын акча каражаттарын депозит жана сактык пай түрүндө тартуу үчүн шарттарды түзүү

- микрокаржылоо рыногунда орун калышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди кыскартуу;  

- микрокаржылоо рыногунда ачык-айкындуулук деңгээлин, туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү арттыруу, банктык эмес финансы-кредит уюмдары үчүн финансылык ресурстардын наркын төмөнтөтүү

- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо денгээлин жогорулатуу, керектөөчүлөр үчүн кредиттер боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү

 

Күтүлүүчү натыйжалар төмөнкү жетишкендик көрсөткүчтөрүнүн негизинде бааланат: 

1) Кыргызстан калкынын микрофинансылык кызматтардан пайдалануу деңгээли 2021-жылдын акырына карата 4,89% тузөт, кардарлардын жалпы саны 313 мин адамга жетет, ал эми микрофинансылык кызматтардын географиялык деңгээли 60% жетет; 

2) 2021-жылдын соңунда активдер суммасы 35,4 млрд сомду (2016-жылдын 31-декабрына карата 14 млрд сом) же ИДӨгө карата 5% тузөт; 

3) өздүк жыйымдарды мобилизациялоо көрсөткүчү 14,7 млрд сомго жетет (2016-жылдын 31-декабрына карата 8 млрд сом). 

Жогорудагы келтирилген көрсөткүчтөр микрокаржылоо секторун өнүктүрүү тенденцияларынын жана өнүктүрүүнүн макроэкономикалык индикаторлорунун, ошондой эле регионалдык кызматташуунун алкагында болуп жаткан интеграциялык процесстердин негизинде аныкталган. 

 

5-ГЛАВА.  

КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

Кыргызстанда микрокаржылоо иши миндеген адамдарга ишкердик ишин алып баруу менен бирге кирешеге ээ болушуна жана коомдун экономикалык жигердүү мучөсү болушуна шарт тузсө да, калктын дээрлик көпчүлүгүнө жеткиликсиз бойдон кала берүүдө. Чындыгында, микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн таасири көбүнесе калктын аярлуу катмарларынын өкүлдөрү үчүн терең мааниге ээ. 

Алгачкы институттардын жана программалардын пайда болгон учурунан тартып өткөн жылдар аралыгында микрокаржылоо иши өлкөнүн кредиттик союздар системасынын өнүгүүсүнө, ошондой эле тармактын ири катышуучуларынын банктарга трансформацияланышы аркылуу микрокаржылоо уюмдарынын өсүшүнө жана өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү менен өлкөнүн финансылык системасында өз ордун бекемдеген. Ушул өзгөрүүлөрдүн бардыгы микрокаржылоо тармагынын укуктук, ченемдик, инфраструктуралык жана институционалдык калыптанышы үчүн алгылыктуу шарттарды түзүүдөн улам орун алган. 

Азыркы учурда микрокаржылоо тармагынын сандык өнүгүү баскычы соңуна келип жетүүдө. Микрокаржылоону өнүктүрүү келечектери бул баскычта финансылык ортомчулук деңгээлин тереңдетүү жана микрофинансылык институттардын интеграциясын күчөтүү, анын ичинде институционалдык инвесторлордун микрофинансылык рыноктон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, микрофинансылык продукттар менен кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жана ар тараптуу өнүктүрүү, тейлөө боюнча аралыктан орнотулган жана интерактивдик технологияларды колдонууга киргизүү аркылуу микрофинансылык уюмдардын финансылык потенциалын күчөтүү жана алардын ресурстук базасын диверсификациялоо зарылчылыгы менен тыгыз байланышта. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттарынын ишке ашырылышы - Кыргызстан калкынын социалдык жана экономикалык бакубаттуу жашоосун камсыз кылуу максатында тармактын катышуучулары тарабынан сунушталган микрофинансылык кызматтардын чөйрөсүн жана көлөмүн кенейтүүгө багытталган атаандашууга жөндөмдүү жана социалдык жооптуу микрокаржылоо институттарын өнүктүрүү аркылуу секторду өнүктүрүүнүн сапаттуу баскычына каралган. 

 

 

 

КЫСКАРТЫЛГАН СӨЗДӨРДҮН ТИЗМЕСИ 

АЗД 

КР финансы министрлигинин алдындагы депозиттерди коргоо агенствосу  

АКСКК 

Юридикалык жактардын биримдиги «Кыргызстан кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясы»  

АМФО 

Юридикалык жактардын биримдиги «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы»  

АИФ 

Юридикалык жактардын биримдиги «ислам финансыларынын ассоциациясы» 

ЕАЭБ  

Евразия экономикалык биримдиги  

ИДӨ 

Ички дүң өнүм 

КМШ 

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 

РППУ  

Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган кам  

МФО 

Микрофинансылык уюмдар 

МКК  

микрокредиттик компаниялар 

МФК 

МСБ 

микрофинансылык компаниялар 

орто жана кичи бизнес 

КРУБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

БФКУ 

НСКСКК  

Банктык эмес финансы кредиттик уюмдар 

Юридикалык жактардын биримдиги «Кыргызстан кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук ассоциациясы» 

НСУР 2013-2017 ж.ж. 

 

КС  

2013-2017 жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы  

кредиттик союз  

ОНРСМ 2018-2021 ж.ж. 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган негизги багыттары  

 

 

ССРМ  

2006-2010 жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү стратегиясы   

СРМ 2011-2015 ж.ж. 

СРО  

2011-2015 жылдарга микро каржылоо стратегиясы.  

 

Өзүн өзү жөнгө салүүчү уюмдар  

SWOT  

 

ФККС 

ИКТ  

Strength, weaknesses, opportunities and threats/ күчтүү тараптар, алсыз тараптар, мүмкүнчүлүктөр жана коркунучтар  

ААК «кредиттик союздардын каржы компаниясы» 

Маалымат-коммуникациялык технологиялар 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «13» декабрындагы 

№ 2017-П-11/51-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо 

секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга 

каралган негизги багыттарына карата 

№1 тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга каралган 

негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

 

№ п/п 

Иш-чаранын аталышы 

Иш-чара/ 

Иш-аракет 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

Жаңы финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтууга жана БФКУ үчүн каржылоо булактарын кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн мыйзамдык, ченемдик жана усулдук базаны өркүндөтүү  

1.1 

Кредиттик союздарга жана «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсына тиешелүү мыйзамдарды, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өркүндөтүү 

1) Мыйзамдарды инвентаризациялоо жана эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү

2) Кредиттик союз тарабынан сунуштарды даярдоо. 

3) Кредиттик союздар тутумунун андан ары сапаттуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу  

Мыкты эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү жана мыйзамдарды жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча концепцияны даярдоо. 

Региондорду өнүктүрүү, инвестициялык нукка жыйымдарды мобилизациялоо үчүн кредиттик кооперациянын потенциалын натыйжалуу пайдалануу. 

Кредиттик союздардын системасынын туруктуу иш алып баруусу. 

Кредиттик союздардын инфраструктура системасын түзүү (ИКТ, аудит, камсыздандыруу). 

2018-2020-жылдар аралыгында. 

1) Улуттук банк, КСФК. 

 

 

 

 

2) КСФК, КС, КС ассоциациясы  

 

3) Улуттук банк, КСФК, КС 

1.2 

БФКУларга жаңы финансылык кызматтарды сунуштоо үчүн мыйзамдык негизин түптөө  

1) Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого багытталган жаңы финансылык кызматтарды жайылтуу зарылчылыгын изилдөө жана аларга талдап-иликтөө жүргүзүү

2) Банк жана микрофинансылык рыноктордо жаңы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу маселелери боюнча семинар өткөрүү

3) Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана/же БФКУнун жаңы финансылык кызматтарды сунуштоо мүмкүнчүлүгүн караган Улуттук банктын жаңы ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу  

БФКУга жаңы микрофинансылык кызматтарды сунуштоого мүмкүн кылган ченемдик база  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) Улуттук банк, АМФО, КСФК, КС ассоциациясы. 

 

 

2) АМФО, КСФК, КС ассоциациясы. 

 

 

 

 

3) Улуттук банк, АМФО, МФУ, КСФК, КС ассоциациясы;  

1.3 

БФКУга ислам каржылоо принциптери боюнча инвестицияларды тартуу жагында тиешелүү инструменттерди жана механизмдерди сунуштоо максатында мыйзамдык базаны жана механизмдерди түзүү.  

1) Ислам каржылоо принциптери боюнча инвестицияларды тартуу жагында эл аралык тажрыйбаны изилдөө

2) Кыргыз Республикасынын «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» мыйзамына кабыл алынган өзгөртүүлөргө байланыштуу, БФКУнун ислам баалуу кагаздарын чыгарууну жана анын жүгүртүлүшүн камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу.  

Ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган БФКУга инвестицияларды тартуу маселелери жөнгө салынып, ислам каржылоо принциптери боюнча инвестицияларды тартуу бөлүгүндө БФКУга карата тиешелүү жөнгө салуу жана көзөмөлдүк талаптар иштелип чыккан.  

2018-2021-жылда аралыгында 

1) жана 2) Улуттук банк, АМФО, МФУ, КСФК, КС ассоциациясы;  

Микрокаржылоо чөйрөсүндө жөнгө салуу жана көзөмөл системасын бекемдөө 

2.1. 

БФКУну, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча иш алып барган БФКУну жөнгө салуу жана көзөмөл системасын өркүндөтүү  

1) Мыкты эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү жана финансылык пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого карата таасирди оптималдаштыруу. 

2) Микрокаржылоо сектору үчүн жөнгө салуу стандарттарына жана эл аралык тажрыйбага ылайык Улуттук банктын ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

3) Жөнгө салуу, көзөмөлдүн жана гендердик каржылоо жагында статистиканы чогултуунун жаңы стандарттарына ылайык регулятивдик отчеттуулукту өркүндөтүү.  

4) Ислам микрокаржылоо сунуштоочуларына көзөмөл жүргүзүү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу жана көзөмөл органын окутуу/өнүктүрүү

5) Улуттук банктын ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар тизмегин кеңейтүү боюнча ченемдик талаптарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.  

Микрокаржылоонун мыйзамдык жана жөнгө салуу чөйрөсү жакшыртылган. БФКУну жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндө БФКУнун иш өзгөчөлүгүн жана алар тарабынан тейлөөгө алынган максаттуу топторду эске алуу менен тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма колдонулат.  

Системалуу тобокелдиктерди жөнгө салуу, мониторинг жүргүзүү сапатын жогорулатуу жана аларды алдын алуу  

Ислам каржылоо принциптери боюнча микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде “ислам терезесин” пайдалануу менен жөнгө салуу маселелери талаптагыдай жөнгө салынган, ислам каржылоо принциптери боюнча операциялардан туура салык алуу маселелери чечилген. 

2018-2021-жылдар аралыгында. 

1) Улуттук банк, АМФО, КСФК, КС ассоциациясы. 

 

 

2) Улуттук банк, АМФО, КСФК, КС ассоциациясы. 

 

 

 

 

 

 

 

3) Улуттук банк, АМФО, КСФК, КС ассоциациясы;  

 

 

 

 

 

 

4) Улуттук банк  

 

 

 

5) Улуттук банк  

2.2. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана БФКУ үчүн ФАТФ эл аралык стандарттарына ылайык, кылмыш жолу алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүгө тиешелүү БФКУнун жөнгө салуу базасын өркүндөтүү  

1) Жөнгө салуу базасын инвентаризациялоо. 

2) Улуттук банктын ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  

БФКУ секторунда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди төмөндөтүү 

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) Улуттук банк, АМФО, КСФК, КС. 

 

2) Улуттук банк 

2.3. 

Депозиттерди тартпаган МФУ үчүн өзүн-өзү жөнгө салуу институтун ишке киргизүү 

1) СРОну түзүү жана жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү

2) СРОнун рынокко тийгизген таасирине талдап-иликтөө

3) СРО концепциясын даярдоо. СРОну ишке киргизүү боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу  

Өзүн-өзү жөнгө салуу схемасын түзүү жана ишке киргизүү боюнча мыйзамдык жана ченемдик базаны иштеп чыгуу  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) Улуттук банк, АМФО. 

 

2) Улуттук банк  

3) Улуттук банк, АМФО, МФУ 

2.4. 

Микрокаржылоо секторун жөнгө салуу жана көзөмөл органынын потенциалын бекемдөө  

Микрокаржылоо секторун жөнгө салууда жаңы ыкмалар боюнча окутуу жана кесипкөй алмашуу, СРОну, апекстик институттарды түзүү боюнча тажрыйба алмашуу, тобокелдиктерди хеджирлөө ж.б.у.с.  

Жөнгө салуу жана мониторинг жүргүзүү сапатын жогорулатуу. Тобокелдиктерди алдын алуу системасы  

2018-2021-жылдар аралыгында 

Улуттук банк 

Микрокаржылоо секторун анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн институционалдык өнүктүрүү, алар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана географиялык жактан жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу 

3.1. 

Кыргыз Республикасынын региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана алардын наркын төмөндөтүү

БФКУнун ресурстук базаны диверсификациялоого жана микрокаржылоо кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү

МФУга Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде карыздык баалуу кагаздарды чыгарууга уруксат берилген, акционерлерден каражаттарды тартуу жана карыз алуулар боюнча чектөөлөр кайра кароого алынып, эмитентке карата жөнгө салуу талаптары иштелип чыккан. БФКУнун ресурстук базасын диверсификациялоо, кызмат көрсөтүүлөр наркын төмөндөтүү жана узак мөөнөттүк келечекте сектордун иштөө жөндөмүн камсыз кылуу. 

2018-2021-жылдар аралыгында 

Улуттук банк, АМФО, МФУ, КСФК, КС ассоциациясы;  

3.2. 

Микрокамсыздандыруу боюнча агенттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароого алуу  

1) микрокамсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талапты жана сунушту изилдөө

2) Камсыздандыруу компаниясынын агенти катары иш алып барууга БФКУга уруксат берүү үчүн укуктук тоскоолдуктарга баа берүү жана ченемдик укуктук актыларга сунуштарды иштеп чыгуу. 

3) БФКУга микрокамсыздандыруу боюнча кызматтарды сунуштоого мүмкүн кылган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү 

БФКУнун ишин диверсификациялоо, алардын ишинде орун алган тобокелдиктерди азайтуу  

Финансылык жактан кеңири жайылтылышын арттыруу  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1), 2) жана 3) АМФО, Улуттук банк 

3.3. 

Рационалдуу пайда алуусун камсыз кылынышын эске алуу менен, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча кымат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн БФКУнун баа саясатын өркүндөтүү  

1) Эл аралык тажрыйбага ылайык ар түрдүү типтеги, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырган БФКУнун кредиттик продукттарынын өздүк наркына жана баа түзүү системасына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

2) БФКУнун ресурстук базасын кеңейтүү боюнча чектөөлөрдүн болушуна жөнгө салуу жоболоруна талдап-иликтөө  

3) Эффективдүү баа саясатын камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин иштеп чыгуу  

4) Каржылоо булактарын диверсификацияланышын камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын ченемдик документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү  

Чакан бизнестин жана ишкердиктин өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөр наркын төмөндөтүү, өтө карызга батып кетүүгө жол бербөө  

Ресурстук базаны диверсификациялоо жана тартылган ресурстардын наркын төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү  

2018-жыл 

1) Улуттук банк, АМФО, АИФ, КСФК, КС ассоциациясы. 

 

 

 

 

 

2) Улуттук банк. 

 

 

3) Улуттук банк, АМФО, АИФ, КСФК, КС ассоциациясы. 

4) Улуттук банк 

3.4. 

БФКУда корпоративдик башкаруу принциптерин жайылтылышын камсыз кылуу.  

1) Корпоративдик башкаруунун колдонуудагы тажрыйбасына талдап-иликтөө

2) Эл аралык тажрыйбага ылайык МФУ жана КС үчүн корпоративдик башкарууну жайылтуу. 

3) Окутуучу семинарларды өткөрүү  

Башкаруунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу 

2018-2021-жылдар аралыгында 

1), 2) жана 3) АМФО, КС ассоциациясы  

3.5. 

БФКУнун ишинде маалыматтык коммуникациялык технологияларды иштеп чыгуу  

1) МФУда колдонулган IT продукттарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

2) Скорингдик карттарды ишке киргизүү, тобокелдиктерди тескөө жана планшеттик кредиттөөнү жайылтуу  

БФКУнун натыйжалуулугун жогорулатуу  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) жана 2) АМФО, КС ассоциациясы  

Микрокаржылоо рыногунун инфраструктура институтун өнүктүрүү 

4.1. 

Ислам каржылоо принциптери боюнча да көмөкчү институттарын түзүү жана иш алып баруу  

1) Чет өлкөлөрдүн МФУнун көмөкчү институттарынын ишин жөнгө салуу боюнча тажрыйбаларын үйрөнүү (апекстик институттар, хеджирлөө боюнча схемалар, депозиттерди коргоо/камсыздандыруу боюнча институттар ж.б.у.с.). 

2) Түптөлгөн чөйрөгө талдап-иликтөө жана көмөкчү институттарды түзүү концепциясын иштеп чыгуу. 

3) Эл аралык финансылык институттарды же социалдык инвесторлордун атынан стратегиялык өнөктөштү тартуу үчүн апекстик фондду түзүү боюнча концепцияны жана техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо. 

4) Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана апекстик институттарды түзүүгө, ишине жана ишин жөнгө салууга тиешелүү ченемдик укуктук документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

МФУнун көмөкчү институттарын өнүктүрүү үчүн мыйзамдык негизин түзүү зарылчылыгы тууралуу корутунду. 

МФУ ортосунда тышкы жана ички ресурстарды топтоштуруу жана кайра бөлүштүрүү функциясы менен апекстик институт түзүлүп, иш алып барууда, апекстик МФУнун ишине карата жөнгө салуу жана көзөмөлдүк талаптар иштелип чыккан. 

2018-2021-жылдар аралыгы 

1), 2) жана 4) Улуттук банк, АМФО  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3) АМФО, МФУ 

4.2. 

БФКУнун потенциалын бекемдөө  

1) БФКУнун потенциалын жогорулатуу ыкмаларын кароого алуу  

2) БФКУнун персоналын жыл сайын окутуу бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү.  

Эффективдүү жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган кесипкөй жана финансылык жактан туруктуу сектор. 

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) АМФО, КС ассоциациясы, БФКУ 

2) Улуттук банк 

Микрокаржылоо рыногунун ачык-айкындуулугун жана микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укуктарын жана таламдарын коргоого алынышын камсыз кылуу  

5.1. 

БФКУ тууралуу маалыматтарды эл аралык маалымат аянтчаларына жайгаштыруу, ар жылдык негизде тышкы аудит жүргүзүү 

1) БФКУну эл аралык аянтчаларды пайдалануу боюнча окутуу. 

2) Сектордун катышуучуларынын арасында аудит жүргүзүү жана аудирленген отчетту жарыялоо тууралуу түшүндүрмө иштерин өткөрүү.  

Сектордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана социалдык таасирди тастыктоо  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) жана 2) АМФО, КС ассоциациясы  

5.2. 

Финансылык акыйкатчынын схемасын ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү 

1) Финансылык акыйкатчынын схемасын түзүү жана аны жүзөгө ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү

2) Финансылык акыйкатчынын схемасын түзүү жана ишке киргизүү үчүн мыйзамдык чөйрөнү иштеп чыгуу  

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын укугун коргоону камсыз кылуу боюнча натыйжалуу механизми  

2018-2021-жылдар аралыгында 

1) жана 2) Улуттук банк, кызыкдар уюмдар 

5.3. 

Микрофинансылык сектордун карыз алуучуларынын жана катышуучуларынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу  

1) Карыз алуучуларды, катышуучуларды финансылык башкаруу, карыздарды тескөө, бизнес-процесстерди тескөө ж.б.у.с. боюнча окутуудан өткөрүү жол-жобосун иштеп чыгуу. 

2) Сектордун карыз алуучуларына, катышуучуларына окутуучу семинарларды, курстарды өткөрүү   

Калктын БФКУ секторуна болгон ишенимин жогорулатуу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу  

2018-2021-жылдар аралыгы 

1) жана 2) АМФО, КС ассоциациясы, БФКУ