Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобонун:
1) 23-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) тобокелдиктер классификациясында банк күнүмдүк ишинде дуушарланган тобокелдиктердин бардык түрлөрү, анын ичинде аларга сандык баа берүү кыйла татаал (аброй жоготуу тобокелдиги, комплаенс тобокелдиги ж.б.) болгон тобокелдиктер камтылышы керек. Учурдагы тобокелдиктерден тышкары, банк капиталдын жетиштүүлүгү боюнча келечектеги баа берүүлөрүндө өз стратегияларын ишке ашыруудан же анын операциялык чөйрөсүндөгү тиешелүү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди (мисалы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер; крипта валюталык активдерге байланыштуу тобокелдиктер, банктын чет мамлекеттердеги ишине байланыштуу тобокелдиктер ж.б.) да эске алууга тийиш;»;
2) 29-пунктунун 2-пунктчасынын «е» пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«е) башка олуттуу тобокелдиктерге, анын ичинде чет мамлекеттерде иш алып барууга байланышкан тобокелдиктерге дуушарланууңузга баа берүү жана алардын ордун жабуу үчүн капиталга болгон муктаждыкты аныктоо;».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 7 (жети) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Финансылык туруктуулукка мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүн, Лицензиялоо башкармалыгын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
1. Максаты жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Кыргыз Республикасынын банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, банк секторунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 106 «Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салууну өркүндөтүү жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин камсыз кылуу токтомдун милдеттери болуп саналат.
2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк
Кыргыз Республикасынын банктарынын чет мамлекеттердеги ишин жөнгө салууну эл аралык пруденциалдык стандарттарга ылайык өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын банктарына Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен чет мамлекеттерде иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында, колдонуудагы ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.
Буга байланыштуу, 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3- (БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр даярдалды.
3. Социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды болжолдоо
Токтом долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкууга алынууга тийиш.
Токтомдун долбоору коомдук талкуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкештигин талдоо
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Сунуш кылынган токтом долбоорун кабыл алууда кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт.
7. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Сунушталган токтомдун долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-02/81-6-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын ишкердик субъекттеринин ишине карата жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомунун долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
|
Колдонуудагы редакция |
Сунушталган редакция |
|
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобо |
|
|
6. Тобокелдиктерди аныктоо |
|
|
23. Банк өз ишин жүзөгө ашырууда дуушарланган бардык олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз негизде аныктап турууга тийиш. Бул үчүн КЖБИЖда төмөнкү элементтер камтылышы керек: 1) өз ишин жүзөгө ашырууда банк дуушарланган тобокелдиктерди аныктоодо, банктар Тобокелдиктерди тескөө боюнча жободо берилген тобокелдиктердин тизмегине жана аныктамаларына таянышат, атап айтканда: а) кредиттик тобокелдик; б) ликвиддүүлүк тобокелдиги; в) рыноктук тобокелдик, ага төмөнкүлөр кирет: - баа тобокелдиги; - пайыздык тобокелдик; - валюталык тобокелдик; г) өлкө тобокелдиги, анын ичинде трансферттик тобокелдик жана суверендик тобокелдик; д) операциялык тобокелдик; е) аброй жоготуу тобокелдиги; ж) комплаенс тобокелдиги. 2) тобокелдиктер классификациясында банк күнүмдүк ишинде дуушарланган тобокелдиктердин бардык түрлөрү, анын ичинде аларга сандык баа берүү кыйла татаал (аброй жоготуу тобокелдиги, комплаенс тобокелдиги ж.б.) болгон тобокелдиктер камтылышы керек. Учурдагы тобокелдиктерден тышкары, банк капиталдын жетиштүүлүгү боюнча келечектеги баа берүүлөрүндө өз стратегияларын ишке ашыруудан же анын операциялык чөйрөсүндөгү тиешелүү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди (мисалы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер; крипта валюталык активдерге байланыштуу тобокелдиктер ж.б.) да эске алууга тийиш; 3) банк тигил же бул тобокелдикти олуттуу деп эсептебеген себептерди көрсөтүү менен толук негиздеме берүүгө милдеттүү (мисалы, мүмкүн болуучу жоготуулар банктын Биринчи деңгээлдеги капиталынын 5% ашпайт ж.б.). |
23. Банк өз ишин жүзөгө ашырууда дуушарланган бардык олуттуу тобокелдиктерди үзгүлтүксүз негизде аныктап турууга тийиш. Бул үчүн КЖБИЖда төмөнкү элементтер камтылышы керек: 1) өз ишин жүзөгө ашырууда банк дуушарланган тобокелдиктерди аныктоодо, банктар Тобокелдиктерди тескөө боюнча жободо берилген тобокелдиктердин тизмегине жана аныктамаларына таянышат, атап айтканда: а) кредиттик тобокелдик; б) ликвиддүүлүк тобокелдиги; в) рыноктук тобокелдик, ага төмөнкүлөр кирет: - баа тобокелдиги; - пайыздык тобокелдик; - валюталык тобокелдик; г) өлкө тобокелдиги, анын ичинде трансферттик тобокелдик жана суверендик тобокелдик; д) операциялык тобокелдик; е) аброй жоготуу тобокелдиги; ж) комплаенс тобокелдиги. 2) тобокелдиктер классификациясында банк күнүмдүк ишинде дуушарланган тобокелдиктердин бардык түрлөрү, анын ичинде аларга сандык баа берүү кыйла татаал (аброй жоготуу тобокелдиги, комплаенс тобокелдиги ж.б.) болгон тобокелдиктер камтылышы керек. Учурдагы тобокелдиктерден тышкары, банк капиталдын жетиштүүлүгү боюнча келечектеги баа берүүлөрүндө өз стратегияларын ишке ашыруудан же анын операциялык чөйрөсүндөгү тиешелүү өзгөрүүлөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди (мисалы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктер; крипта валюталык активдерге байланыштуу тобокелдиктер, банктын чет мамлекеттердеги ишине байланыштуу тобокелдиктер ж.б.) да эске алууга тийиш; 3) банк тигил же бул тобокелдикти олуттуу деп эсептебеген себептерди көрсөтүү менен толук негиздеме берүүгө милдеттүү (мисалы, мүмкүн болуучу жоготуулар банктын Биринчи деңгээлдеги капиталынын 5% ашпайт ж.б.). |
|
9. Капиталга карата ички талаптар |
|
|
29. Банктар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык (кредиттик жана операциялык тобокелдик) капиталдын жетиштүүлүгүн эсептөөгө камтылган тобокелдиктерге жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган олуттуу тобокелдиктер үчүн (мисалы, кредиттик концентрациялануу тобокелдиги, банк портфелиндеги пайыздык чен тобокелдиги, комплаенс-тобокелдик ж.б.) капиталга карата өзүнүн ички талаптарын аныктоого тийиш. Мында банк төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) тобокелдиктерге карата төмөнкү ыкмалардын кайсынысы болбосун колдонуу: а) Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралган талаптарды, ошол эле учурда мындай талаптар менен ордун жабуу жетишсиз болгон тобокелдиктер менен толуктоо аркылуу; б) капиталга карата ички талаптарга баа берүү үчүн өзүнүн ички моделдерин колдонуу менен жеке башкаруу ыкмасы. Мында бул ыкма банктын капиталын башкаруунун ички процесстерине (б.а. капиталды бөлүштүрүү, баа түзүү, кредиттик тобокелдиктин андеррайтинги ж.б.у.с.) интеграцияланууга тийиш. 2) аларга карата Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган тобокелдиктер боюнча банк төмөнкүлөргө милдеттүү: а) кредиттин концентрациялануу тобокелдигин эске алуу менен капиталды баалоо жана бөлүштүрүү. Банк кеминде жеке жана тармактык концентрация тобокелдигинин ордун жабууга тийиш. Ушул Жобонун 2-тиркемесинде банктарга кредиттик концентрациялануу тобокелдигинин ордун жабуу үчүн капиталды бөлүштүрүүдө таяна турган стандартташтырылган ыкмалар сунушталат; б) банктык портфелдеги пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; в) бизнес тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; г) комплаенс тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; д) рыноктук тобокелдикке дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; е) башка олуттуу тобокелдиктерге дуушарланууңузга баа берүү; ж) банк башка олуттуу тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн өзүнүн ички капиталына сандык баа берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда, ал тобокелдиктер үчүн каралган капиталынын 5 пайызынан 15 пайызына чейинки бөлүгүн бөлүп берүүгө милдеттүү, алар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык эсептелет. |
29. Банктар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык (кредиттик жана операциялык тобокелдик) капиталдын жетиштүүлүгүн эсептөөгө камтылган тобокелдиктерге жана Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган олуттуу тобокелдиктер үчүн (мисалы, кредиттик концентрациялануу тобокелдиги, банк портфелиндеги пайыздык чен тобокелдиги, комплаенс-тобокелдик ж.б.) капиталга карата өзүнүн ички талаптарын аныктоого тийиш. Мында банк төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) тобокелдиктерге карата төмөнкү ыкмалардын кайсынысы болбосун колдонуу: а) Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо каралган талаптарды, ошол эле учурда мындай талаптар менен ордун жабуу жетишсиз болгон тобокелдиктер менен толуктоо аркылуу; б) капиталга карата ички талаптарга баа берүү үчүн өзүнүн ички моделдерин колдонуу менен жеке башкаруу ыкмасы. Мында бул ыкма банктын капиталын башкаруунун ички процесстерине (б.а. капиталды бөлүштүрүү, баа түзүү, кредиттик тобокелдиктин андеррайтинги ж.б.у.с.) интеграцияланууга тийиш. 2) аларга карата Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоодо талаптар каралбаган тобокелдиктер боюнча банк төмөнкүлөргө милдеттүү: а) кредиттин концентрациялануу тобокелдигин эске алуу менен капиталды баалоо жана бөлүштүрүү. Банк кеминде жеке жана тармактык концентрация тобокелдигинин ордун жабууга тийиш. Ушул Жобонун 2-тиркемесинде банктарга кредиттик концентрациялануу тобокелдигинин ордун жабуу үчүн капиталды бөлүштүрүүдө таяна турган стандартташтырылган ыкмалар сунушталат; б) банктык портфелдеги пайыздык чен тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; в) бизнес тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; г) комплаенс тобокелдигине дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; д) рыноктук тобокелдикке дуушарланууңузга баа берүү жана бул тобокелдиктин ордун жабуу үчүн капитал бөлүү; е) башка олуттуу тобокелдиктерге, анын ичинде чет мамлекеттерде иш алып барууга байланышкан тобокелдиктерге дуушарланууңузга баа берүү жана алардын ордун жабуу үчүн капиталга болгон муктаждыкты аныктоо; ж) банк башка олуттуу тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн өзүнүн ички капиталына сандык баа берүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда, ал тобокелдиктер үчүн каралган капиталынын 5 пайызынан 15 пайызына чейинки бөлүгүн бөлүп берүүгө милдеттүү, алар Капиталдын жетиштүүлүгү боюнча нускоого ылайык эсептелет. |
АНАЛИТИКАЛЫК КАТ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
(иштеп чыккан органдын аталышы)
Толугу менен/айрым бөлүктөрүнүн жөнгө салуучу таасирин талдоо
(керектүүсүнүн асты сызылат)
|
|
|
БЕКИТЕМ |
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы А.К. Бакетаев |
|
|
|
____________________________ (кол тамгасы) |
|
|
|
2026 - жылдын «___» ____________ _____ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорунун
ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 2026-Пр-121/75-О «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктык жөнгө салуу маселелери боюнча көзөмөлдөө методологиясын башкаруунун ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
Жөнгө салуучу
таасирин талдоо мөөнөтү: _______2026-ж _________2026-ж.
(башталышы) (аякташы)
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Маматибраим уулу Э., Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу___________; - Б.А. Бекматов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги; - А.У. Садыков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгынын банктарды инспектирлөө бөлүмүнүн начальниги___________; - И.С. Джаныбекова, «О!Банк» ААКтын юридика департаментинин методологиялык бөлүгү боюнча директорунун орун басары; - П.Н. Довлетова, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин юристи (ал жок болгон учурда - Усубалиева З.Ж., «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин микрофинансы секторунун маселелери боюнча менеджери) (макулдашуу боюнча)_____________________.
Жооптуу кызматкер менен байланышуу үчүн маалымат: Н.Т. Жапарова, тел.: 66 90 15 (1638), e-mail: njaparova@nbkr.kg А.М. Асанбекова, тел.: 66 90 15 (1637), e-mail: aasanbekova@nbkr.kg |
|
1. Проблемалар жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Проблема тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасынын банк секторунун өнүгүшүн, эл аралык кызматташтыктын кеңейишин жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын чет мамлекеттерде иш жүргүзүү мүмкүндүгүн эске алганда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын айрым ченемдерин актуалдаштыруу зарылчылыгы бар.
«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобонун колдонуудагы редакциясы капиталдын жетиштүүлүгүнө ички баа берүүдө банктардын чет мамлекеттерде ишин жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгуучу тобокелдиктерди эске алуу жөнүндө түз талапты камтыбайт.
Банктардын чет өлкөдөгү иш өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде капиталдын жетиштүүлүгүн ички баалоо маселелерин эске алуу жагынан колдонулуп жаткан пруденциалдык жөнгө салууну мындан ары өркүндөтүү талап кылынат.
Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү кабыл алуу банк системасынын туруктуулугун жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин сактоодо зарыл болгон жөнгө салуучу шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Проблеманын масштабы
Бул маселе Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына тиешелүү. Учурда бир коммерциялык банк чет өлкөдө филиал ачуу үчүн уруксат алуу процессинде. Банк секторунун өнүгүү перспективаларын эске алуу менен аталган маселе кеңири актуалдуулукка ээ болушу мүмкүн.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, проблеманы чечүүнүн актуалдуулугу
Банктык жөнгө салууну өзгөртүүнүн сунушталышы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 106 «Чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын банктарынын иши үчүн укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашырууга, ошондой эле банктык секторду өнүктүрүүнү жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын чет өлкө рынокторундагы ишин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук базасын андан ары өркүндөтүү зарылдыгына байланыштуу.
Колдонуудагы жөнгө салуу жалпысынан Кыргыз Республикасынын банк системасынын туруктуулугун камсыз кылат. Ошону менен бирге банктардын чек ара аркылуу жүргүзүлүүчү ишин өнүктүрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан банктардын филиалдарынын иш өзгөчөлүктөрү эске алынгандыгына байланыштуу айрым ченемдерди тактоо зарылчылыгы пайда болот.
Сунушталган өзгөртүүлөр банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин, капиталдын жетиштүүлүгүн жана кабыл алынган тобокелдиктерге баа берүүнү сактоо менен, банктардын чет мамлекеттердеги ишин жүзөгө ашыруусу үчүн кошумча жөнгө салуучу шарттарды түзүүгө багытталган.
4. Эл аралык тажрыйба
Эл аралык банктык тажрыйбада банктардын чет өлкөдөгү филиалдары аркылуу иши банк түзүлгөн өлкөнүн жана филиал жайгашкан мамлекеттин талаптарын бир эле учурда сактоо менен ишке ашырылат.
Мындай банктарды көзөмөлдөө, адатта, капиталдын жетиштүүлүгүнө, активдердин сапатына, тобокелдиктердин концентрациялануусу жана корпоративдик башкаруу системасына баа берүүнү кошо алганда, анын чет өлкөлүк бөлүмдөрүнүн операцияларын эске алуу менен банк түзүлгөн өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошол эле учурда кабыл алуучу мамлекеттердин жөнгө салуусу филиалдардын ишине өзүнчө талаптарды, анын ичинде тобокелдиктерди тескөөгө, ички контролдоого жана тиешелүү жөнгө салуунун болушунда капиталдын жетиштүүлүгүн баалоо боюнча ички жол-жоболорго карата талаптарды камтышы мүмкүн.
Сунушталган өзгөртүүлөр көрсөтүлгөн ыкмаларды эске алуу менен иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын банк системасынын шарттарына эл аралык тажрыйбанын айрым элементтерин ыңгайлаштырууга багытталган.
II. Сунушталып жаткан жөнгө салуу жөнүндө маалымат
5. Жөнгө салуунун максаты
Сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан филиалдары аркылуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ишин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, ошондой эле банктардын финансылык туруктуулугун жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин сактоо болуп саналат.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Долбоор менен 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-3-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүү боюнча ички жол-жоболор жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) олуттуу тобокелдиктерди идентификациялоо боюнча талаптарды чет мамлекеттерде ишти жүзөгө ашырууда келип чыккан тобокелдиктерди эске алуу милдети менен толуктоо;
2) чет мамлекеттерде ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди аларды жабуу үчүн капиталга муктаждыкты аныктоодо эске алуу милдетин киргизүү аркылуу капиталга карата ички талаптарды аныктоо боюнча талаптарды тактоо.
Сунушталган өзгөртүүлөр так мүнөзгө ээ жана учурдагы жөнгө салуу системасын өркүндөтүүгө багытталган.
7. Жөнгө салуудан улам социалдык жана экономикалык натыйжаларды баалоо
7.1. Белгилүү бир күнгө карата күтүлүп жаткан жыйынтык (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли).
Сунушталган чаралар эл аралык стандарттарга ылайык банк ишин жөнгө салууну өркүндөтүүгө, банктык көзөмөлдүн тиешелүү деңгээлин, банк секторунун финансылык туруктуулугун жана аманатчылардын каражаттарын коргоону камсыздоого багытталган.
7.2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга күтүлүүчү таасири
1) Экономикага таасири:
- оң: банк секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын банктарынын ишин диверсификациялоо жана кеңейтүү, банк секторунун эл аралык операцияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
- терс: айрым учурларда тобокелдиктерди тескөөнүн ички жол-жоболорун жана тиешелүү тобокелдиктер орун алган шартта жана капиталдын жетиштүүлүгүнө баа берүүнүн ички жол-жоболорунун натыйжалары боюнча капиталга кошумча керектөөлөрдү корректировкалоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн.
2) Социалдык чөйрөгө тийгизген таасири:
- оң: Кыргыз Республикасынын банктары эл аралык финансы рынокторуна чыккан учурда банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн жогорулашы;
- терс: күтүлбөйт.
3) Экологияга тийгизген таасири: экологияга түздөн-түз таасири күтүлбөйт.
7.3. Жөнгө салуу боюнча кызыкдар тараптардын - адресаттардын негизги тобуна күтүлүүчү таасири:
1) мамлекеттик органдар:
- оң: финансылык туруктуулукту, аманатчылардын каражаттарынын сакталышын жана Кыргыз Республикасынын банктарынын чет өлкөдө жүргүзүлгөн ишине тийиштүү деңгээлде көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн эл аралык пруденциалдык стандарттарга ылайык банктык жөнгө салууну тактоо жана өркүндөтүү;
- терс: күтүлбөйт;
2) ишкерлер (банктар):
- оң: чет өлкө рынокторуна чыгууну пландаштырган банктар үчүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен чет өлкөдө иш жүргүзүү үчүн жөнгө салуунун так эрежелерин белгилөө;
- терс: тиешелүү тобокелдиктер орун алган учурда, КЖБИЖ жыйынтыктары боюнча капиталга кошумча каражатты даярдоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүн;
3) калк (керектөөчүлөр):
- оң: Кыргыз Республикасынын банктары эл аралык финансы рынокторуна чыккан учурда, жеткиликтүү банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңейиши, ички финансы рыногунда атаандаштыктын күчөшү.
- терс: күтүлбөйт.
8. Сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруудагы тобокелдиктерди баалоо
1-тобокелдик. Банктар тарабынан олуттуу тобокелдиктерге дуушар болууну жетишсиз баалоо жана капиталга карата ички талаптарды тиешелүү түрдө толук аныкталбашы.
Тобокелдикти баалоо: орточо. Банктар олуттуу тобокелдиктерди туура эмес баалап, капиталдын жетиштүүлүгүн баалоону бурмалашы мүмкүн.
Тобокелдиктерди азайтуу боюнча сунушталып жаткан чаралар: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөл процессинин алкагында КЖБИЖ боюнча отчётторду баалоо, инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле банктарга аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жөнөтүү.
9. Атаандаштыкка таасирин баалоо
Атаандаштыкка оң таасирин тийгизет. Сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык туруктуулугун сактоо менен бирге, алардын чет өлкөдөгү иши үчүн бирдиктүү жөнгө салуучу шарттарды түзөт жана банк секторунун атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
10. Сунушталган жөнгө салууну тандоонун негиздемеси
Сунушталган толуктоолор белгиленген маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт, анткени алар колдонуудагы ченемдик укуктук актыны так өркүндөтүүгө каралган, Банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тарабынан иштелип чыккан капиталдын жетиштүүлүгүн баалоонун ички жол-жоболоруна (ICAAP) карата эл аралык ыкмаларга шайкеш келет жана чет мамлекеттерде иш жүргүзүүдө банктардын финансылык туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.
11. Тиркеме
- жөнгө салуучу таасирин талдоо үчүн туруктуу жумушчу топ түзүү жөнүндө буйрук







