Кайта келүү

Операциялык тобокелдиктер жана бизнес-процесстер бөлүмү 

 

Тобокелдиктер боюнча комитет Улуттук банктын ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди идентификациялоо, аларга баа берүү жана чектөө жагында түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин координациялоо аркылуу Улуттук банктын ишиндеги тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча ишти жүзөгө ашырат.  

Тобокелдиктер боюнча комитеттин курамына аталган Комитеттин төрагасы болуп саналган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн алты начальниги кирет. Тобокелдиктер боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын төрагасынын буйругу менен бекитилет.  

Тобокелдиктер боюнча комитеттин ишинин багыты, анын негизги функциялары менен милдеттерине ылайык, тобокелдиктерди башкаруу процессин оптималдаштыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, Улуттук банктагы тобокелдиктерди башкаруу маселелерин карап чыгуудан турат.  

2020-жыл ичинде Комитет 3 отурум өткөргөн. Комитет жарым жыл ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чектөө чараларынын тийгизген таасирлерин эске алуу менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн операциялык тобокелдиктерге өз алдынча баа берүүсүнүн жыйынтыктарына талдоо жүргүзгөн. Талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары операциялык тобокелдиктер жол берилген чекте орун алгандыгын күбөлөндүрөт. 

Ошондой эле, Улуттук банкта Тобокелдиктерди башкаруу саясатына ылайык жана эл аралык стандарттарды, тобокелдиктерди башкаруунун алдыңкы концепцияларын (ISO 31000 Тобокелдиктерди башкаруу, COSO Уюмдардын тобокелдиктерин башкаруу) эске алганда, негизги көңүл тобокелдиктерди башкаруу методологиясын андан ары өркүндөтүү жана Комитеттин курамын түзүү маселелерине бурулган.