Кайта келүү

2017-жылдын 22-июнунан тартып:  

2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Кыргыз Республикасынын  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы  

жана 

2016-жылдын 16-декабрындагы № 206 Кыргыз Республикасынын  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамы күчүнө киришти 

 

("Эркин Тоо" газетанын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 113-114 

санында расмий жарыяланган) 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

2016-жылдын 16-декабры № 206 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө 

(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык колдонууга киргизилди) 

I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1-глава. Жалпы жоболор 

1-берене. Банктык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Банктык мыйзамдар банк ишин жүзөгө ашыруу, акча-насыя жана валюта саясаттарын жүргүзүү, төлөм тутумунун иш-чөйрөсүндөгү мамилелерди (банктык укуктук мамилелерди), ошондой эле банктык укуктук мамилелердин катышуучуларынын укуктук статусун, компетенциясын, өз ара мамилелерин жана жоопкерчиликтерин жөнгө салат.

2. Банктык укуктук мамилелердин катышуучулары болуп төмөнкүлөр эсептелет: мамлекет - ыйгарым укуктуу орган катарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк), банктар, юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке ишкерлер, ошондой эле резидент эместер.

3. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыя уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иши, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат.

2-берене. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары 

1. Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары - Кыргыз Республикасындагы банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тутуму.

2. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдеринин жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдардын ченемдеринин ортосунда дал келбестиктер келип чыккан учурда банктык укуктук мамилелерди жөнгө салуу үчүн ушул Мыйзамдын ченемдери колдонулат.

3. Банктык укуктук мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын банктык укуктук мамилелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.

3-берене. Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери 

Банктык укуктук мамилелердин негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, ак ниеттүүлүк, айкындуулук, акыл ченемдүүлүк, калыстык, социалдык жоопкерчилик;

2) банк ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу;

3) Улуттук банктын көз карандысыздыгы;

4) банктык каржылоонун ар кандай түрлөрүн жана принциптерин, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерин колдонуу;

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында жана эл аралык банктык стандарттарда каралган жалпы кабыл алынган, негиз түзүүчү башка принциптер.

4-берене. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери 

1. Кыргыз Республикасында салттуу түрдөгү банктык иш жана насыялоо менен катар эле банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери колдонулат.

2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери - ислам банк ишин жүргүзүү стандарттарын белгилөөчү эл аралык уюмдар (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму, Ислам финансылык кызмат көрсөтүүлөр кеңеши) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген Шариат стандарттарына ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүзөгө ашыруу принциптери жана эрежелери.

3. Өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин жоболорунда каралган мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдү жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

5-берене. Банктык терминология 

1. Эгерде ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын башка банктык мыйзамдарында башкасы аныкталбаса, ушул Мыйзамда колдонулган терминдер жана аныктамалар, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык банктык практикада жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүлөт.

2. Улуттук банк банктык терминдердин глоссарийин (жыйындысын) басып чыгарууга жана банктык терминология боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.

2-глава. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө жана маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата негизги талаптар. Кардарлардын укуктарын жана таламдарын коргоо 

6-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн негиздери 

1. Банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактардын (банктык кызмат көрсөтүүчү жактардын) кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт. Кардарлар деп банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланган юридикалык жактар, жеке жактар, жеке ишкерлер түшүнүлөт.

2. Кардарлар финансы-насыялык уюмдарды жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өз эркинче тандашат. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар, кардардын талабы боюнча уюштуруу документтери, уруксат документтери жана финансылык отчеттору менен таанышуусу үчүн кардарга мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.

Ушул главанын жоболору өз ишин банк иши жана каржылоо ислам принциптерине ылайык жүргүзүүчү банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга дагы банк иши жана каржылоо ислам принциптеринин жоболорунда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат.

7-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгаруу 

1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттары ачык маалымат болуп саналат жана коммерциялык же банктык сырдын жүйөсү болушу мүмкүн эмес.

2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча кандай гана келишим болбосун, аны түзгөнгө чейин көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кардар толук, ачык маалыматтар менен камсыз болууга тийиш.

Көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана наркы тууралуу толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.

3. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар ошол кызмат көрсөтүүлөрдүн шарттарын, аларга байланыштуу тобокелдерди жана жоопкерчиликти кардар толук түшүнгөндүгүнө ынанууга милдеттүү.

4. Пайыздык ставкалар жана валюта алмашуу курсу жөнүндө маалыматтарды эске албаганда, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы шарттарындагы өзгөрүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында болбосо интернет-сайттарда алар күчүнө киргенге чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен жарыяланууга, ошондой эле маалымат такталарында дайыма жайгаштырылууга тийиш. Пайыздык ставкалардын жана валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсү жөнүндө маалымат дароо жарыяланат.

5. Көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруунун тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

8-берене. Келишимдерге карата талаптар 

1. Кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Кыргыз Республикасынын банктык жана башка мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык кардарлар менен түзүлүүчү келишимдер Шариат стандарттарына да ылайык келүүгө тийиш.

2. Келишимдердин тексттери бирдей көлөмдөгү шрифттер менен жазылып, кардардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн өтө так баяндалып жана жеткиликтүү болууга тийиш. Келишимдин тексти кардар менен макулдашуу боюнча мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт. Зарылчылык болсо келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн.

9-берене. Аманаттардын сакталышы жана кайра кайтарылышы 

1. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар банктык эсептердеги акча каражаттардын сакталышын камсыз кылууга жана ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка кодекстеринде жана мыйзамдарында каралгандан башка учурларды кошпогондо, аманатчылардын биринчи талабы боюнча кайра кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар аманатчылар үчүн банктык мыйзамдарда каралбаган кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө укугу жок.

3. Банктык эсептер менен иштөө тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

10-берене. Жоопкерчиликтүү насыя берүү 

1. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар насыялык ишмердүүлүгүн (каражаттарды жайгаштырууну) жоопкерчиликтүү насыя берүү: ак ниеттик, айкындуулук, жеткиликтүүлүк, зайымчыларга карата өнөктөштүк принциптерин сактоо, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүүгө милдеттүү. Зайымчылар насыя берүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган учурда ойлонулган жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга милдеттүү.

2. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактар зайымчыларга насыя берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү:

1) насыя берилген датага карата декларациялануучу (жарыялануучу) натыйжалуу пайыздык ставкадан жогору болбоого тийиш;

2) насыялык келишимди түзгөнгө чейин кардарлар (потенциалдуу зайымчылар) насыялык продуктынын толук наркы тууралуу маалыматты кошо алганда, насыяларды берүү шарттары жөнүндө ачыкка чыгарылган маалыматтар менен толук камсыз болууга тийиш. Улуттук банк зайымчыларга маалыматтарды ачыкка чыгаруу жөнүндө башка талаптарды белгилөөгө укуктуу;

3) зайымчыга насыялык келишим боюнча алган милдеттенмелерин аткарбай койгондо же талаптагыдай аткарбай койгондо кабылчу кесепеттери тууралуу кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш;

4) насыялык келишимди түзгөнгө чейин Улуттук банктын талаптарына ылайык зайымчынын иш жүзүндөгү төлөө кудурети кылдат изилденүүгө тийиш. Зайымчынын - жеке жактын инсан катары - ким экендиги, эмне менен алектенгендиги, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, сарптоолорунун көлөмү, багуусунда тургандардын саны жана башка көрсөткүчтөрү да кылдат иликтенүүгө тийиш;

5) насыялык келишимдин шарттарына жарыялангандардан же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгенден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле зайымчы менен макулдашылганына карабастан, акы төлөнүүчү негизде башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кошуусуна тыюу салынат;

6) насыялык келишимде кардардын келишимди түзгөндөн кийин жана кардар акчалай каражаттарды алганга чейинки убакытта, же болбосо мүлкү үчүн лизинг боюнча төлөм жүргүзгөн учурда насыяны алуудан акысыз негизде баш тартуу укугу каралууга тийиш;

7) насыялык келишимде кардарга отуз календардык күн мурда насыяны мөөнөтүнөн мурда жабуу тууралуу кабарлоо шартын коюу менен насыяны (лизингди) кайсыл убакытта болсо да эч кандай айыптык санкцияларсыз жабуу боюнча кардардын укугу каралууга тийиш;

8) зайымчылар кайрылган шартта, насыя боюнча иш жүзүндөгү карыздын өлчөмү жөнүндө толук маалымат, ошондой эле төлөөнүн өзгөртүлгөн графиги кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен берилүүгө тийиш;

9) эгерде бул зайымчынын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтө турган болсо, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар насыялык келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жана толуктоого укугу жок;

10) мөөнөтү өтүп кеткен насыялык карыз боюнча чегерилген айыптык төлөмдүн (туумдун, айыптын) максималдуу суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашпоого тийиш;

11) эгерде күрөө предметинен өндүрүп алууну жүргүзүү процессинде тараптардын келишиминде сатып өткөрүүнүн башка ыкмасы каралбаса, турак-жай түрүндөгү күрөөдө турган кыймылсыз мүлк ачык тоорук аркылуу гана сатылат;

12) мыйзамда каралган башка талаптар.

3. Улуттук банк насыялар жана башка операциялар боюнча күрөөлүк камсыздоонун минималдуу чегин, насыя боюнча төлөм өлчөмүн зайымчынын кирешесине карата максималдуу катышта жана жеке жактарды насыялоого карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.

11-берене. Комиссиялык акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар 

1. Банктык кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык сый акы жана тарифтер банктык кызмат көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет.

Эгерде банктык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн пайыздарды чегерүү каралган болсо, анда пайыздык ставканын өлчөмү банктык кызмат көрсөтүүчү жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленет.

Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банк, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүнүн шарттарын өз алдынча белгилөөгө укуктуу.

2. Банктык кызмат көрсөткөндүгү үчүн комиссиялык акы, тарифтер жана пайыздык ставкалар жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана алар коммерциялык же банктык сырдын жүйөсү болушу мүмкүн эмес.

3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү наркы жөнүндө маалыматтарды жарнамада, жарыялоодо жана таркатууда берилип жаткан насыялар боюнча номиналдык жана майнаптуу пайыз чендери жана комиссиялык сый акынын өлчөмү милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү зарыл.

4. Натыйжалуу жана салыштырылып эсептелинген номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Насыялык келишимди түзүүгө чейин банктык кызмат көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жөнүндө маалыматтар менен катар эле кардарга насыянын абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде насыянын негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык жыйымдарды жана келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүү менен кардарга берүүгө милдеттүү. Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча насыянын негизги суммасынын азайып турган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө усулу Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана насыялык келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байлоо менен насыя боюнча төлөмдөрдүн индексацияланышын караган насыялык продуктылардын колдонулушуна жол берилбейт.

7. Эгерде бул кардардын укугуна кедергисин тийгизип жана/же милдеттерин көбөйтө турган болсо, мөөнөттүү аманаттар жана насыя боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугу банк тарабынан бир тараптуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.

12-берене. Даттанууларды жана арыздарды кароо. Талаш-тартыштар. 

1. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактарда кардарлардын даттанууларын жана арыздарын (талаштарын) кароо тартибин жөнгө салуучу документтер болууга тийиш. Кардарлардын даттануулары жана арыздары отуз календардык күндөн кечиктирилбестен жазуу жүзүндө жооп берүү менен каралууга тийиш.

2. Кардарлардын каралган даттанууларынын жана арыздарынын (талаштарынын) натыйжалары боюнча документтер белгиленген тартипте кеминде үч жыл сакталууга тийиш.

3. Эгерде келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилүүгө тийиш.

13-берене. Банктык кызмат көрсөтүүчү жактардын жоопкерчилиги 

Ушул главанын талаптарын бузган банктык кызмат көрсөтүүчү адамдарга карата Улуттук банк ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

II БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

3-глава. Улуттук банктын укуктук статусу, ишинин максаты жана иш-милдеттери 

14-берене. Улуттук банктын укуктук статусу 

1. Улуттук (Борбордук) банк Кыргыз Республикасынын банкы (Кыргызстандын банкы) болуп саналат жана анын менчигинде турат.

2. Улуттук банктын укуктук статусу, иш максаты, аткаруучу иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Мыйзам тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүүчү жана пайда алуу максатын көздөбөгөн, өз алдынча уюштуруу-укуктук формасы бар юридикалык жак - "Кыргыз Республикасынын Борбордук банкы" болуп эсептелет.

4. Улуттук банктын жайгашкан жери - Бишкек шаары. Улуттук банк филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жактарга өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.

5. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүү менен өз аталышы жазылган мөөргө ээ.

6. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербеген сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

7. Улуттук банк юридикалык жак катары өз милдеттенмелери, ага таандык болгон бардык мүлкү менен жооп берет.

8. Улуттук банк өзүнүн, мамлекеттин жана коомдун таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга укуктуу.

15-берене. Улуттук банктын ишинин максаты 

Улуттук банктын ишинин максаты тийиштүү акча-насыя саясатын жүргүзүү жолу менен баалардын туруктуулугуна жетишүү жана кармап туруу болуп эсептелет.

16-берене. Улуттук банктын негизги милдеттери 

Республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүү үчүн улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо, Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу Улуттук банктын ишинин максаттарына жетишүүсүнө түрткү берген негизги милдеттерден болуп саналат.

17-берене. Улуттук банктын функциялары жана ыйгарым укуктары 

Улуттук банк:

1) Кыргыз Республикасынын банк тутумунун анын ичинде Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөйт;

2) Кыргыз Республикасынын акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, финансылык туруктуулугун камсыз кылууга көмөктөшөт;

3) бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

4) акча белгилеринин эмиссиясын ишке ашыруу жагынан өзгөчө укукка ээ;

5) банктык каржылоонун ар кандай түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат;

6) Кыргыз Республикасынын төлөм тутумун (оверсайт) көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, төлөм тутумунун натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүнө көмөктөшөт;

7) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берүүчү документтерди берет;

8) банк операцияларын жүргүзүү эрежелерин белгилейт;

9) ушул Мыйзамга ылайык банктар үчүн акыркы инстанциядагы насыя берүүчү болуп саналат;

10) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бардык эл аралык резервдерге ээлик кылат жана башкарат;

11) статистика боюнча мамлекеттик орган менен бирдикте төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык позициясын аныктайт;

12) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана чыгарат;

13) акча-насыя саясатына, банк жана төлөм тутумуна тиешелүү маселелер боюнча эл аралык форумдарда, конференцияларда жана уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт жана анын атынан иш жүргүзөт;

14) ушул Мыйзамга ылайык банк операцияларын жүргүзөт;

15) электрондук акча эмиссиясын жүргүзүү (чыгаруу) укугуна ээ;

16) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргойт;

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

18-берене. Улуттук банктын негизги операциялары 

1. Иш максатына жетүү жана негизги милдеттерди аткаруу үчүн Улуттук банк төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:

1) ушул Мыйзамга ылайык банктарга насыяларды берүүгө;

2) экинчилик рынокто чектерди, жөнөкөй жана которулма векселдерди сатып алууга жана сатууга;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды экинчилик рынокто сатып алууга жана сатууга;

4) Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды, ошондой эле чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды жана Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;

5) баалуу металлдарды жана валюталык байлыктардын башка түрлөрүн сатып алууга жана сатууга;

6) чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга;

7) чет өлкөлүк уюмдарды кошо алганда, банктардан, башка финансылык уюмдардан депозиттерди кабыл алууга;

8) банктарда жана башка финансы уюмдарында эсептерди ачууга;

9) банктарда, анын ичинде чет өлкөлүк банктарда корреспонденттик эсептерди ачууга;

10) ар кандай программаларды каржылоо үчүн эл аралык финансылык институттар тарабынан берилген каражаттарга байланыштуу бүтүмдөр боюнча ортомчу катары иш алып барууга;

11) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдар менен алардын Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоого багыттаган каражаттарына, аларды кайра сатуу милдеттенмеси менен чет өлкөлүк валютаны сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү ишке ашырууга;

12) Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында башка мамлекеттер менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүүчү эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын экономикасын жеңилдетилген шарттарда каржылоонун алар жүзөгө ашырып жаткан долбоорлору жана программалары боюнча чет өлкөлүк валюта менен камсыздоо алдында төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана кайтарымдуулук шарттарында улуттук валютада акча каражаттарын берүүгө;

13) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган шарттарда улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берүүгө;

14) өлкөгө баалуу металлдарды жана валюталардын кандай гана түрү болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга;

15) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык башка банк операцияларын жүргүзүүгө.

2. Улуттук банк акы төлөнүүчү негизде айрым банк операцияларын жүргүзөт жана кызматтарды көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн жана акынын өлчөмүн Улуттук банк, ушул Мыйзамдын 14-беренесинин жоболорун эске алуу менен өз алдынча аныктайт.

3. Улуттук банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.

19-берене. Улуттук банктын ишин уюштуруу жана анын көз карандысыздыгы 

1. Улуттук банк өз ишин ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген компетенциянын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.

2. Улуттук банктын мыйзамдуу ишине мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет Улуттук банктын өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда көз каранды эместигин кепилдейт. Улуттук банктын ыйгарым укуктарына карама-каршы келген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кабыл алууга тыюу салынат.

3. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматчылардын жана башка адамдардын Улуттук банктын негизги милдеттерине жана ишинин максатына карама-каршы келген көрсөтмөлөрүн жана нускамаларын Улуттук банктын кызматкерлери кабыл алуусуна тыюу салынат.

4. Улуттук банк кандай гана жеке жана юридикалык жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан болбосун, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте зарыл маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана документтерди кайтарымсыз түрдө алууга укуктуу.

5. Улуттук банкка ушул Мыйзамда каралган анын компетенциясынын чегинен тышкары иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

20-берене. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын курамдык бөлүгү болуп саналган ченемдик укуктук актыларды чыгарат. Улуттук банк ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгууда банктык көзөмөлдүн жана жөнгө салуунун эл аралык, анын ичинде Базель комитетинин стандарттарын эске алууга укуктуу.

2. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Реестрине киргизилүүгө тийиш.

3. Жеке жана юридикалык жактардын таламдарын, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга түздөн-түз тиешеси бар Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Улуттук банктын расмий басылмаларына жана расмий интернет-сайтына расмий жарыяланууга тийиш.

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын расмий чечмелөөүшүндүрмө берүү) тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.

21-берене. Улуттук банктын расмий басылмалары жана интернет-сайты 

1. Улуттук банктын расмий басылмаларынын жарыяланышын Улуттук банк камсыз кылат.

2. Улуттук банк расмий интернет-сайтка ээ. Интернет-сайттын ишин уюштуруу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4-глава. Улуттук банктын капиталы жана резервдери 

22-берене. Улуттук банктын капиталы 

1. Улуттук банктын капиталы уставдык капиталдан, милдеттүү резервден, активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервден, бөлүштүрүлбөгөн пайдадан же чыгымдан турат.

2. Улуттук банк 2 (эки) миллиард сом өлчөмүндөгү уставдык капиталга ээ. Улуттук банк өзүнүн уставдык капиталын ажыратып ала албайт же күрөөгө коё албайт.

3. Улуттук банктын уставдык капиталынын суммасын көбөйтүүнү же азайтууну ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизбестен туруп, ишке ашыруу мүмкүн эмес.

4. Милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдер ушул Мыйзамга ылайык түзүлөт. Милдеттүү резервдер ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банктын чыгымдарынын ордун жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.

5. Бөлүштүрүлбөгөн пайда же чыгым ушул Мыйзамга ылайык пайданы бөлүштүргөн же чыгымды төлөгөн учурга чейин финансылык жылдын ичинде болгон кирешелердин жана чыгашалардын ортосундагы айырма катары аныкталат.

23-берене. Улуттук банктын пайдасы жана резервдери 

1. Улуттук банктын пайдасы ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен ошол мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин финансылык жылдын натыйжалары боюнча аныкталат.

2. Алтын-валюта активдерди жана милдеттенмелерди кайрадан баалоо алтын-валюталык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдин эсебиндеги капиталда чагылдырылат.

3. Эгерде активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв терс калдыкка ээ болсо, анда бүтүндөй терс калдык ошол мезгилдин чыгашаларына чегерилип, ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык ишке ашырылган бөлүштүрүлүүчү пайданы эсептөөдө эске алынууга тийиш.

4. Улуттук банктын ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен эсептелген пайдасы төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:

1) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын уставдык капиталынын жана милдеттүү резервдеринин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызынан аз болуп калса, анда пайданын жетимиш пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине которулат. Республикалык бюджеттин кирешесине чегерүүдөн кийинки пайданын калдыгы Улуттук банктын милдеттүү резервине которулат;

2) эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана милдеттүү резервдин суммасы Улуттук банктын монетардык милдеттенмелеринин он пайызына барабар болсо же андан ашса, анда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине пайданын жүз пайызы чегерилет.

5. Пайданы чегерүү финансылык жыл бүткөндөн кийин көз каранды эмес тышкы аудит жүргүзүлүп, жылдык отчет Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин жүргүзүлөт.

6. Ушул берененин максаттарында Улуттук банктын монетардык милдеттенмелерине төмөнкүлөр киргизилет:

1) Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарган банкноттор жана монеталар;

2) акча-насыялык жөнгө салуу өбөлгөлөрү боюнча финансылык милдеттенмелер;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында башка финансылык милдеттенмелерди кошо алганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Улуттук банкта ачылган эсептери;

4) Кыргыз Республикасынын резиденти эмес банктардын Улуттук банкта ачылган эсептери.

7. Эгерде финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана ушул берененин 3-бөлүгүн эске алуу менен Улуттук банк милдеттүү резерв менен орду жабылбаган чыгымга дуушар болсо, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү уставдык капиталды ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмгө чейин толуктоо үчүн Улуттук банкка он эки айдан кечиктирилбеген мөөнөттө түздөн-түз акча каражатын которуу аркылуу ошол чыгымдын ордун жабат.

5-глава. Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясаты 

24-берене. Акча-насыя саясаты жана финансылык туруктуулукту камсыздоого көмөктөшүү 

1. Акча-насыя саясаты Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жүргүзүлөт. Акча-насыя саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.

2. Макропруденциалдык жөнгө салууну кошо алганда, Улуттук банк өз алдынча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракетте Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыздоого багытталган чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар финансылык туруктуулукка баа берүү, талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн макропруденциалдык көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча зарыл маалыматтарды Улуттук банкка Улуттук банк аныктаган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө өз учурунда берип турууга милдеттүү.

4. Бул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбегендиги же болбосо өз учурунда бербегендиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

25-берене. Жүгүртүүдөгү акча массасын жөнгө салуу 

Улуттук банк акча массасынын көлөмүн жана түзүмүн төмөнкүдөй инструменттерди колдонуу менен жөнгө салат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;

2) Улуттук банк тарабынан чыгарылган жана кепилденген баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;

3) чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу;

4) банктарга насыяларды берүү;

5) Улуттук банкка жайгаштырылуучу милдеттүү резервдердин өлчөмдөрүн өзгөртүү;

6) ликвиддүүлүктү жөнгө салуунун башка инструменттери, эл аралык тажрыйбада кабыл алынган ыкмалары жана усулдары.

26-берене. Улуттук банк чыгаруучу баалуу кагаздар 

Улуттук банк акча-насыя саясатын жүргүзүү максатында баалуу кагаздарды чыгарууга жана кабыл алынган эл аралык практикага ылайык алар жагынан операциялардын бардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.

27-берене. Милдеттүү резервдер 

1. Улуттук банк банктар жана аманаттарды тарткан башка банктык эмес финансы-насыялык уюмдар үчүн милдеттүү резервдер боюнча талаптарды белгилейт. Көрсөтүлгөн жактар Улуттук банкта жайгаштырылуучу милдеттүү резервдерге ээ болууга милдеттүү.

2. Милдеттүү резервдердин өлчөмү, аларды эсептөөнүн жана жайгаштыруунун тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Резервдик талаптардын ченемдери сакталбагандыгы үчүн Улуттук банк аныктоочу өлчөмдө жана тартипте айып акы алынат.

28-берене. Пайыздык ставкалардын деңгээлин жөнгө салуу 

1. Улуттук банк банктык пайыздык ставкалардын деңгээлин акча-насыя саясатынын инструменттери жана мыйзамда каралган башка чаралар менен жөнгө салат.

2. Финансылык инструменттердин түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

6-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы 

29-берене. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги (улуттук валюта) 

1. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги болуп сом саналат. Бир сом 100 (жүз) тыйындан турат.

2. Накталай акча белгилери банкнот жана монета түрүндө жүгүртүүгө чыгарылат.

3. Улуттук банк башка мамлекеттердин акча бирдиктерине карата сомдун расмий курсун белгилейт.

30-берене. Акча белгилеринин эмиссиясы 

1. Улуттук валютанын акча белгилерин жүгүртүүгө чыгаруу жана жүгүртүүдөн алуунун өзгөчө укугу Улуттук банкка гана таандык.

2. Банкноттор жана монеталар Улуттук банктын сөзсүз милдеттенмеси болуп саналат жана анын бардык активдери менен камсыз кылынат.

3. Банкнотту жана монетаны төлөм каражаты болууга жараксыз деп жарыялоого Улуттук банк гана укуктуу.

31-берене. Төлөм каражаты 

1. Сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эч кандай чектөөлөрсүз, төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш болгон бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ишке ашырылат. Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишимдерди копшогондо, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом менен көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын акча белгилерин кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы, ошондой эле аларды атайылап жок кылып же жарнамалык жана башка максаттарда мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

3. Акча белгилерин жасалма жасоо жана мыйзамсыз даярдап чыгаруу, ошондой эле акча белгилерин санкциясыз эмиссиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

32-берене. Накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчанын жүгүртүлүшүн уюштуруу максатында:

1) акча белгилерин чыгарууга болгон керектөөнү болжолдойт жана алардын даярдалышын камсыздайт;

2) акча белгилеринин резервдик фонддорун түзүүнү камсыз кылат, аларды даярдоого заказдарды даярдайт жана жайгаштырат;

3) банктар үчүн накталай акча белгилерин сактоонун, ташуунун жана инкассациялоонун тартибин жана талаптарын белгилейт;

4) банктар үчүн жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансылык-насыялык уюмдар үчүн кассалык операцияларды жүргүзүү тартибин иштеп чыгат жана бекитет;

5) акча белгилеринин төлөөгө кудуреттүүлүгүн аныктоо тартибин белгилейт;

6) акча белгилеринин коргоо мүнөздөмөлөрүн жана аларды алмаштыруу тартибин, ошондой эле жүгүртүүдөн алынган акча белгилерин жок кылуу тартибин аныктайт;

7) накталай акчаны жүгүртүүнү уюштуруунун эл аралык практикада кабыл алынган башка ыкмаларын жана механизмдерин колдонот.

7-глава. Кыргыз Республикасындагы валюта саясаты 

33-берене. Валюта саясаты 

Улуттук банк Кыргыз Республикасында бирдиктүү валюта саясатын жана валюталык жөнгө салууну иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

34-берене. Улуттук банктын валюталык операциялары 

1. Улуттук банк ар кандай валюталык операцияларды, анын ичинде валюта рыногунда баалуу металлдарды жана чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды ишке ашырат, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруу, акча-насыя саясатын жүргүзүү, өз ишин жүзөгө ашыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык таламдарын коргоо максаттары үчүн эч кандай чектөөлөрсүз баалуу металлдарды жана кайсыл валюта болбосун өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга ыйгарым укуктуу.

2. Улуттук банк чет өлкөлүк валютаны сатып алууга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө рыноктук курс боюнча келишимдик негизде сатууга укуктуу.

3. Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда (банктар аралык валюта биржасында) операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын аныктайт.

35-берене. Алмашуу курсу 

1. Расмий алмашуу курсу рыноктук спот-алмашуу жана башка рыноктук курстардын негизинде Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат. Расмий алмашуу курсу Улуттук банктын жарыяланган курстар боюнча чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу милдеттенмелерисиз, Улуттук банк тарабынан аныкталат жана жарыяланат.

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы белгиленбесе, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат.

36-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта түрүндөгү операциялар 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта түрүндөгү эсептешүүлөр жана төлөмдөр Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана накталай эмес түрдө улуттук жана/же чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларга чек коюлбайт жана алар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ болгон банктарда, адистештирилген финансылык жана финансы-насыялык мекемелерде, микрофинансылык компанияларда, микронасыялык компанияларда, насыялык союздарда жана алмашуу бюролорунда (ыйгарым укуктуу жактарда) гана жүзөгө ашырылууга тийиш.

Алмашуу бюросу - бул Улуттук банктын лицензиясына ылайык накталай чет өлкөлүк валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайы жабдылган пункт.

Улуттук банк жана/же чет өлкөлүк накталай жана накталай эмес валюталарды сатып алуу-сатуу (алмашуу) боюнча операцияларды жүргүзүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле ыйгарым укуктуу жактарга карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.

3. Ыйгарым укуктуу жактар чет өлкөлүк валютада операцияларды жүргүзүү үчүн чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө маалыматты Улуттук банкка беришет, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан операциялардын ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин камсыз кылууга милдеттүү.

37-берене. Чет өлкөлүк валюталарды жана валюталык баалуулуктарды орун которуштуруу 

Бажылык контролдоочу пункттарда бажы мыйзамдарына ылайык декларацияланган шартта чет өлкөлүк валюталарды чет өлкөлөрдөн орун которуштурууга жана чет өлкөлөргө (алып келүүгө жана алып чыгууга), ошондой эле валюта болуп эсептелбеген валюталык баалуулуктарды алып өтүүгө чек коюлбайт.

38-берене. Акча каражаттарынын жана капиталдардын кыймылынын эркиндиги 

1. Чет өлкөлөрдөн жана чет өлкөлөргө капиталдын түшүүсүнө жана которулушуна чек коюлбайт.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун коргоо максатында акча каражаттардын жана капиталдардын которулушуна чек коюуга укуктуу.

39-берене. Резиденттер тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта ачылуучу эсептерди каттоо 

1. Кыргыз Республикасынын резиденттери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда ачылган эсептерди жана аманаттарды Улуттук банкта каттатууга милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын резиденттери Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ачылган эсептер жана аманаттар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле чет өлкөлүк валютадагы операцияларга байланыштуу ар кандай башка документтерди жана маалыматтарды Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө милдеттүү.

8-глава. Кыргыз Республикасынын төлөм тутуму 

40-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм тутуму 

Кыргыз Республикасынын төлөм тутуму (мындан ары - төлөм тутуму) - акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча жүгүртүүнү камсыз кылуучу акча каражаттарын которуу тутумунун өз ара байланышкан тутуму. Төлөм тутумунун иштеши мыйзам жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

41-берене. Кардарлардын - төлөм тутумун пайдалануучулардын укугун коргоо 

1. Төлөм тутумунун катышуучулары жана операторлору төлөм кызматтарын көрсөтүүдө төлөм тутумунун кызматынан пайдалануучулардын - кардарлардын укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды, анын ичинде маалыматтарды өз учурунда ачуу жана банктык сырды түзгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

2. Улуттук банк төлөм тутумунун кызматынан пайдалануучулардын - кардарлардын укуктарын коргоого багытталган талаптарды аныктоого укуктуу.

42-берене. Мамлекеттик органдар жана төлөм тутумун көзөмөлдөөчү чет өлкөлүк органдар менен кызматташуу 

1. Катышуучулар жана операторлор Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып жаткан эл аралык төлөм тутумдарынын ишине карата көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк, зарыл болсо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка мамлекеттердин көзөмөлдөөчү органдары жана эл аралык финансылык уюмдар менен эриш-аркак иш жүргүзөт.

2. Улуттук банк төлөм тутумдарына көзөмөл жүргүзүүчү чет өлкөлүк органдар менен чек ара аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнүн стандарттарын, принциптерин жана ыкмаларын макулдашуу, ошондой эле тиешелүү юрисдикцияларда иштеп жаткан ар кандай төлөм тутумуна тиешелүү маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташууга укуктуу.

43-берене. Төлөм тутумунун катышуучуларына карата таасир этүү чаралары 

Улуттук банк төлөм тутумунун катышуучуларына карата ушул Мыйзамда жана төлөм тутуму жөнүндө мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

9-глава. Тышкы экономикалык иш жана эл аралык резервдер 

44-берене. Улуттук банктын эл аралык уюмдары, чет өлкөлөрдүн борбордук банктары жана башка мекемелери менен мамилеси 

1. Мыйзамдарда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эл аралык келишимдерде каралган учурларда Улуттук банк акча-насыя жана валюта саясатына, төлөм тутумуна, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жана анын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча эл аралык кеңешмелерде, конференцияларда жана уюмдарда республиканын таламында иш жүргүзөт.

2. Улуттук банк берилген ыйгарым укуктарына ылайык башка өлкөлөрдүн борбордук жана коммерциялык банктары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзө алат.

3. Улуттук банк эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, чет мамлекеттердин борбордук банктарынын жана башка финансылык уюмдарынын, эл аралык финансылык уюмдардын Кыргыз Республикасындагы жана анын чегинен сырттагы өкүлү же корреспонденти катары иш жүргүзүүгө укуктуу.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сыртта жайгашкан ар кандай уюмдар менен акча-насыя, валюта, төлөм жана банк чөйрөлөрүндө, макропруденциялык, банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында кызматташат.

5. Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде эл аралык уюмдар, башка мамлекеттердин борбордук, коммерциялык банктары жана ыйгарым укуктуу органдары менен келишимдерди түзүүгө укуктуу.

45-берене. Улуттук банктын эл аралык резервдери 

1. Улуттук банк ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу максатында резервдик активдерин чет өлкөлүк валюта жана Улуттук банктын милдеттерине жана керектөөлөрүнө жооп берүүчү башка эл аралык активдер менен кармап турат.

2. Эл аралык резервдер Улуттук банктын менчигинде болот жана алар төмөнкүлөрдөн турат:

1) алтын жана башка баалуу металлдардан;

2) накта жана накталай эмес формадагы чет өлкөлүк валюталардан;

3) чет өлкөлүк валютадагы жөнөкөй жана которулма векселдерден;

4) чет өлкөлөрдүн өкмөттүк мекемелери өз валютасында же чет өлкөлүк валютада чыгаруучу же кепилдик берген мамлекеттик баалуу кагаздардан;

5) Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка баалуу кагаздардан;

6) эл аралык деңгээлде таанылган ар кандай резервдик активдерден.

3. Эл аралык резервдерди башкаруу саясаты, лимиттер, контрагенттерге карата талаптар жана ыйгарым укуктардын деңгээлдери Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Улуттук банктын эл аралык резервдери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:

1) ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү акча-насыя жана валюта саясатын жүргүзүү аркылуу улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, баанын туруктуулугун сактоого, Кыргыз Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылууга;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чет өлкө валютасындагы милдеттенмелерин өз учурунда тейлөөгө. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы карыз боюнча милдеттенмелерин аткарууда, эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыларды төлөөдө, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн каржылоо боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле башка милдеттенмелерди аткарууда чет өлкөлүк валютага болгон керектөөсүн чет өлкөлүк валюталарды - эл аралык резервдин бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сатуу аркылуу канааттандырат;

3) Улуттук банктын чет өлкөлүк валютадагы милдеттенмелерин аткарууга;

4) Улуттук банктын операциялык ишин камсыз кылууга;

5) Улуттук банктын ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарын аткарууга.

5. Улуттук банк резервдик активдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу артыкчылыгын эске алуу менен бардык эл аралык резервдерди өз алдынча түзөт, ээлик кылат жана башкарат.

6. Эл аралык резервдерди түзүү жана аларды башкаруу же аларды чет өлкөлөрдө жайгаштыруу жана сатуу максатында Улуттук банктын баалуу металлдарды чет өлкөдөн алып келиши жана/же чет өлкөгө алып чыгышы үчүн лицензия талап кылынбайт. Баалуу металлдарды алып келүү жана/же алып кетүү, сатып алуу жана сатып өткөрүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

10-глава. Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара мамилелери 

46-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен өз ара аракеттенүү 

1. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде өз ара аракеттенет.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатты эске алат, эгерде Улуттук банктын негизги максаттарына, милдеттерине жана ыйгарым укуктарына карама-каршы келбесе, анын ишке ашырылышына көмөктөшөт.

3. Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономикалык жана акча-насыя саясатынын маселелери боюнча бири-бирине өз учурунда маалымдайт жана дайыма өз ара консультацияларды берип турушат.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербеген сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт.

47-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө жана финансылык жардам көрсөтүүгө тыюу салуу 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө насыя берүүгө, анын ичинде республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо үчүн насыяларды жана кепилдиктерди берүүгө Улуттук банкка тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга, Евразиялык экономикалык бирликтин (ЕАЭБ) алкагында Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен бирдикте түзүүчү эл аралык уюмдарга, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине жана Улуттук банктын кызматчыларына берилүүчү насыяларды копшогондо, Улуттук банк мамлекеттик органдарга, кайсыл болбосун жеке жана юридикалык жактарга кандай формада жана кайсыл максаттарга болбосун насыяларды же башка финансылык же болбосо материалдык жардамдарды көрсөтүүгө укугу жок.

48-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жагындагы операциялар 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды баалуу кагаздардын экинчилик рыногунда сатып алууга жана сатууга, ошондой эле депозитарий катары иш жүргүзүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын баштапкы жайгаштыруу учурунда сатып алууга Улуттук банкка тыюу салынат.

49-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча банктык операциялар 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырат.

50-берене. Улуттук банктын консультациялары 

1. Улуттук банк өз компетенциясынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө консультацияларды берет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун даярдоодо Улуттук банк менен консультация жүргүзөт.

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөөнү кошо алганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн финансылык агенти катары макулдашылган шарттарда иш жүргүзөт.

51-берене. Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзүү 

1. Улуттук банк статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын төлөм балансын түзөт.

2. Төлөм балансын түзүүдө төлөм балансын түзүү боюнча эл аралык методология, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык позиция боюнча колдонмо, ошондой эле акча-насыя жана финансы статистикасы боюнча колдонмолор пайдаланылат.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы резидент эместер төлөм балансын түзүү жана аны болжолдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалыматтарды Улуттук банк тарабынан аныкталган формалар боюнча жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка өз учурунда берип турууга милдеттүү.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтардын берилбеши же өз учурунда берилбей калгандыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

11-глава. Улуттук банктын көзөмөлүндө болуучу банктар жана башка юридикалык жактар менен Улуттук банктын өз ара мамилелери 

52-берене. Кыргыз Республикасынын банк тутумун көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган 

1. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумунун ишине көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо максатында банктык көзөмөлдү жүргүзөт жана жөнгө салуу ченемдерин белгилейт. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт.

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын ишин көзөмөлдөйт.

53-берене. Банктарга берилүүчү насыялар 

1. Банк тутумунун бүтүндүгүн жана туруктуулугун коргоо, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктардын ликвиддүүлүгүн сактоо максатында Улуттук банк банктарга улуттук валютада насыяларды акы төлөө шарты менен камсыздоонун төмөндөгү түрлөрүнүн бири болгондо берүүгө укуктуу:

1) алтын жана башка баалуу металлдар;

2) чет өлкөлүк валюта;

3) Улуттук банктагы же башка насыялык уюмдагы депозиттер;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар;

5) камсыз кылуунун башка түрлөрү.

2. Банктын камсыз кылуунун башка түрлөрү катары сунушталган активдердин жетиштүүлүгү жана алгылыктуулугу Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталат.

3. Насыялардын түрү, аларды берүү шарттары жана тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4. Овердрафт түрүндө насыяларды берүүгө тыюу салынат.

5. Улуттук банк активдер, анын ичинде насыялар боюнча ыктымалдуу чыгымдардын ордун жабуу үчүн Улуттук банктын сарптоолоруна тиешелүү атайын резервдерди (корлорду) түзөт.

6. Банктарга насыяларды берүү ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.

12-глава. Улуттук банктын отчету жана отчет берүүсү, аудити жана бюджети 

54-берене. Улуттук банктын отчету жана маалыматы 

1. Улуттук банктын төрагасы отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Улуттук банктын иши жөнүндө жыл сайын отчет берет.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июлунан кечикпеген мөөнөттө Улуттук банктын төрагасынын жылдык отчетун угат.

3. Улуттук банктын төрагасынын отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде угуу Улуттук банктын укуктук статусун эске алуу менен ишке ашырылат.

4. Улуттук банктын иши жөнүндө Улуттук банктын төрагасынын отчету төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) Улуттук банктын аудитордук текшерүүдөн өткөн финансылык отчетун;

2) Улуттук банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши жөнүндө маалыматтарды;

3) Улуттук банктын Башкармалыгы аныктаган башка маалыматтарды.

5. Улуттук банк жыл сайын жылдык отчетту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм тутумдарынын абалына тиешелүү негизги талдоо маалыматтарын Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялап турат.

6. Улуттук банк акча-насыя саясатынын негизги багыттары жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк секторун жана төлөм тутумун өнүктүрүү маселелери, анын ичинде банктык каржылоонун ар кандай формалары жана принциптери боюнча расмий маалыматтарды жылына кеминде эки жолу жарыялап турат.

55-берене. Улуттук банктын финансылык отчету 

1. Улуттук банк Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен банктын операцияларын жана финансылык абалын чагылдырган туруктуу эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.

2. Улуттук банктын финансылык жылы 1-январдан 31-декабрды кошо алгандагы мезгил аралыгы деп белгиленет.

3. Улуттук банк жыл сайын Улуттук банктын балансынан жана ага байланыштуу башка отчеттордон турган финансылык отчетту даярдайт.

4. Улуттук банктын балансынын түзүмү Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан белгиленет. Улуттук банктын жылдык финансылык отчету көз карандысыз аудиттик текшерүүдөн өткөндөн жана Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен жарыяланат.

56-берене. Улуттук банктын тышкы аудити 

1. Улуттук банктын тышкы аудити ар жылдагы негизде аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин тармактык комитети бекиткен тартипте өткөрүлүүчү тендердин жыйынтыгы боюнча финансылык жыл аяктаганга чейин алты айдан кечиктирбестен, аудитордук уюмду карайт жана бир жылдык мөөнөткө бекитет. Аудитордук уюм эл аралык деңгээлде таанылган абройго жана борбордук (улуттук) банктарда аудит жүргүзүү боюнча кеминде беш жылдык тажрыйбага ээ болууга тийиш. Бир эле аудитордук уюм катары менен эки жолудан ашык каралбайт жана бекитилбейт.

3. Улуттук банкка тышкы аудит Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн жана тиешелүү лицензияга ээ аудитордук уюм тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк аудитордук уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Ушундай чет өлкөлүк уюмдардын лицензиялары Кыргыз Республикасынын аймагында алардын легитимдүүлүгү ушундай лицензия менен тастыкталган шартта таанылат.

4. Улуттук банк аудитордук уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык ага эл аралык аудитордук практикага туура келген аудитордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл отчетторду жана маалыматтарды берет.

5. Улуттук банкка тышкы аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы Улуттук банктын өз каражатынын эсебинен төлөнөт.

57-берене. Ички контроль тутуму 

1. Улуттук банкта ички контролдун адекваттуу тутуму болууга тийиш.

2. Улуттук банктын Башкармалыгы банкта ички контроль тутумунун талаптагыдай уюштурууну жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү.

58-берене. Улуттук банктын Аудит боюнча комитети 

1. Улуттук банкта Аудит боюнча комитет иштейт. Аудит боюнча комитеттин ишинин негизги максаты болуп Улуттук банктын Башкармалыгына ички контролдун талаптагыдай тутумун камсыз кылууга, ошондой эле Улуттук банктын бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана финансылык отчетту даярдоо жол-жоболоруна контролду камсыз кылууга көмөктөшүү эсептелет.

2. Аудит боюнча комитеттин негизги иш-милдеттери төмөнкүлөр:

1) ички контроль, тобокелдерди башкаруу жана корпоративдик башкаруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшүү;

2) ички аудит кызматын көзөмөлдөө;

3) бухгалтердик эсептин стандарттарынын адекваттуу колдонулушун камсыздоо, финансылык отчеттуулуктун сапатына байкоо жүргүзүү;

4) тышкы аудиторду бекитүү жагынан Улуттук банктын Башкармалыгына сунуштамаларды берүү жана тышкы аудитордун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген стандарттарга ылайык келишине баа берүү.

3. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө, алардын санына, статусуна, компетенциясына жана иш регламентине карата талаптарды Улуттук банктын Башкармалыгы аныктайт. Комитеттин мүчөлөрүн Улуттук банктын Башкармалыгы дайындайт. Аудит боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү, ошондой эле көз каранды эмес эксперттер кириши мүмкүн.

4. Аудит боюнча комитеттин мүчөлөрүнө карата ушул Мыйзамда Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр колдонулат.

59-берене. Улуттук банктын ички аудити 

1. Улуттук банкта милдеттүү тартипте туруктуу негизде ички аудит жүргүзүлүп турат.

2. Ички аудитти Улуттук банктын Башкармалыгына отчет берүүчү ички аудит кызматы жүргүзөт. Ички аудит кызматы жөнүндө жобону Улуттук банктын Башкармалыгы бекитет.

3. Ички аудит кызматынын жетекчиси Улуттук банктын Аудит боюнча комитетинин сунушу боюнча Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан кызматка дайындалат жана андан бошотулат.

60-берене. Улуттук банктын бюджети 

Улуттук банктын кезектеги жылга киреше жана чыгаша бюджетин жана өнүктүрүү бюджетин акча-насыя саясатынын негизги параметрлерине жана Кыргыз Республикасынын Президенти белгилей турган тартипке ылайык Улуттук банктын Башкармалыгы мурунку жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен бекитет.

13-глава. Улуттук банкты башкарууну уюштуруу 

61-берене. Башкаруу органдары 

1. Улуттук банктын башкаруу органы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Улуттук банктын Башкармалыгы - жогорку башкаруу органы;

2) Улуттук банктын төрагасы - жогорку аткаруучу кызмат адамы.

2. Улуттук банктын Башкармалыгы - Улуттук банктын ишинин негизги багыттарын аныктоочу жана Улуттук банктын ишине жалпы жетекчилик кылуучу коллегиялуу орган.

3. Улуттук банктын Башкармалыгынын курамына Улуттук банктын төрагасы, төраганын үч орун басары жана Улуттук банктын Башкармалыгынын үч мүчөсү кирет. Улуттук банктын Башкармалыгы туруктуу негизде иштейт.

62-берене. Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна карата талаптар 

Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, кынтыксыз абройго, тиешелүү квалификацияга, финансы-экономикалык жана/же юридикалык чөйрөдө кесиптик тажрыйбага ээ адамдар дайындалышы мүмкүн.

63-берене. Улуттук банктын төрагасы, анын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү үчүн чектөөлөр 

1. Улуттук банктын төрагасына, төраганын орун басарларына жана Башкармалыктын мүчөлөрүнө ушул Мыйзамда Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат.

2. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү саясий партияларга, диний жана башка коомдук-саясий уюмдарга катыша албайт.

64-берене. Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн дайындоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 

1. Улуттук банктын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жети жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Улуттук банктын иштеп жаткан төрагасынын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейин үч айдан кечиктирбестен сунуштайт.

3. Улуттук банктын төрагасы мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти бул кызматка талапкерди мурдагы төраганы бошоткондон кийинки бир айдан кечиктирбестен сунуштайт. Улуттук банктын жаңыдан шайланган төрагасы кызматына киришкенге чейин анын милдетин Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири аткарат.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна сунушталган талапкерди четке каккан учурда Кыргыз Республикасынын Президенти эки жума ичинде жаңы талапкерди сунуш кылат. Бир эле талапкер эки жолу сунушталышы мүмкүн эмес.

5. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жети жылдык мөөнөткө дайындалат.

6. Улуттук банктын төрагасы Улуттук банктын төрагасынын иштеп жаткан орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары бүткөнгө чейинки эки айдан кечиктирбестен, Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди сунуштайт.

7. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматтарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Улуттук банктын төрагасы алар бошотулган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен, бул кызматтарга жаңы талапкерлерди сунуш кылат.

8. Төраганы жана төраганын орун басарларын кошо алганда, Улуттук банктын Башкармалыгынын үчтөн көп эмес мүчөсүнүн ыйгарым укуктары бир мөөнөттө бүтүшү мүмкүн.

9. Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү кызмат орундарына катары менен эки жолудан ашык дайындалышы мүмкүн эмес.

65-берене. Улуттук банктын төрагасын, анын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуунун негиздери жана тартиби 

1. Улуттук банктын төрагасы, төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматтарынан ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле төмөнкү учурларда гана мөөнөтүнөн мурда бошотулат:

1) өз арызы боюнча;

2) медициналык корутунду менен тастыкталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;

3) каза болгондугуна, же болбосо дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу;

4) соттун айыптаган өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу;

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажырашына байланыштуу;

6) Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсүнүн статусуна шайкеш келбеген иш-аракеттерди жасаган учурда же ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда, Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча;

7) кызмат ордун ээлөө талаптарына ылайык келбесе.

2. Улуттук банктын төрагасы ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бошотулат.

3. Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары жана Башкармалыгынын мүчөлөрү ээлеген кызматынан Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бошотулат.

4. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Улуттук банктын төрагасын, төраганын орун басарларын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө чечимди тиешелүү түрдө алардын ыйгарым укуктары бүткөнгө чейинки бир айдан кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алат.

5. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 6-пункттарында каралган негиздер боюнча кызматтан бошотулган учурда, бул адамдар бошотулган учурдан тартып он беш жыл аралыгында Улуттук банкта кызмат орундарын ээлөөгө талапкер болууга укугу жок.

66-берене. Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн эмгек акысын төлөө 

Улуттук банктын төрагасынын, анын орун басарларынын жана Башкармалыгынын мүчөлөрүнүн кызматтык айлык акылары атаандаш рыноктордогу эмгек акыны жана мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөө шарттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

67-берене. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу 

1. Улуттук банктын Башкармалыгынын иши дайыма, бирок айына бирден кем эмес жыйын өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.

2. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйыны Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) болуп саналат. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.

3. Каралып жаткан маселе боюнча таламдардын кагылышуусу келип чыккан учурда Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок.

4. "Каршы" добуш берген Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарынын же Башкармалыгынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири милдеттүү түрдө Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколуна жазылат. Добуш берүүдө калыс калууга жол берилбейт.

5. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынына катышпай калган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөлөрү жыйындын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюп берүү аркылуу таанышып чыгууга милдеттүү.

6. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасы алып барат. Ал жок учурда Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.

7. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын токтомдору түрүндө таризделет.

8. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу, Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармалыгынын Регламенти менен аныкталат.

68-берене. Улуттук банктын Башкармалыгынын ыйгарым укуктары 

1. Улуттук банктын Башкармалыгы Улуттук банктын компетенциясына кирген ар кандай маселелерди кароого укуктуу.

2. Төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу Улуттук банктын Башкармалыгынын өзгөчө ыйгарым укуктарына кирет:

1) Улуттук банктын ишинин негизги багыттары жана саясаттары;

2) Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясаты;

3) Улуттук банктын бюджети (кирешелер жана чыгашалар бюджети, өнүктүрүү бюджети);

4) Улуттук банктын жылдык отчету жана жылдык финансылык отчету;

5) Улуттук банктын ички контролдук тутуму жана тышкы аудит;

6) Улуттук банктын резервдеринин жана эсептеринин түрлөрү, өлчөмдөрү, аларды түзүү жана пайдалануу тартиби;

7) милдеттүү резервдик талаптар;

8) кыска мөөнөттүү насыя берүү инструменттери;

9) акча белгилеринин үлгүлөрүн жана номиналдарын чыгаруу жана банкнотторду жана монеталарды жүгүртүүдөн алып коюу;

10) Улуттук банктын эсеп планы, бухгалтердик эсеп операцияларын жана отчеттуулукту жүргүзүү эрежелери;

11) Улуттук банктын эл аралык уюмдарга катышуусу;

12) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жактарда Улуттук банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүн, ошондой эле юридикалык жактарын түзүү жана жоюу;

13) Улуттук банктын уюштуруучулук түзүмү жана кызматчыларынын штаттык санынын чеги;

14) мыйзамдарда жана ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген Улуттук банктын кызматчыларынын кызмат орундарынын тизмегин аныктоо;

15) Улуттук банктын, анын мекемелеринин, уюмдарынын жана кызматчыларынын ишин камсыз кылуу үчүн кыймылсыз мүлк жагындагы бүтүмдөр;

16) Улуттук банктын Регламенти жана Улуттук банктын Башкармалыгынын Регламенти;

17) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кабыл алуу;

18) Убактылуу администрацияны киргизүү жана токтотуу;

19) Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталуучу жактарга лицензияларды берүү жана аларды кайра чакыртып алуу (жоюу);

20) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары тарабынан Улуттук банктын Башкармалыгынын гана компетенциясына киргизилген башка маселелер.

3. Улуттук банктын Башкармалыгы көмөкчү коллегиялуу органдарды (комитеттерди жана комиссияларды) түзүүгө укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында анын гана компетенциясына киргизилген ыйгарым укуктарды кошпогондо, Улуттук банктын Башкармалыгы гана ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу.

69-берене. Улуттук банктын төрагасынын ыйгарым укуктары 

1. Улуттук банктын төрагасы:

1) Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштурат, анын жыйындарын алып барат, Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан кабыл алынган токтомдорго кол коёт;

2) Улуттук банктын Башкармалыгынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, администрациялык-башкаруучу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, күндөлүк иш боюнча чечимдерди кабыл алат;

3) Улуттук банктын атынан иш алып барат жана анын атынан ишеним катысыз иш жүргүзөт;

4) ишеним каттарды берет;

5) буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

6) штаттык ырааттаманы бекитет;

7) мыйзамдарда каралган жана Улуттук банктын Башкармалыгы өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Улуттук банктын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттери орун басарларынын бирине жүктөлөт.

14-глава. Улуттук банктын кызматчылары 

70-берене. Улуттук банктын кызматчылары 

1. Улуттук банктын бардык кызматкерлери, анын ичинде Башкармалыгынын төрагасы, төраганын орун басарлары жана мүчөлөрү, Улуттук банктын кызматчылары болуп саналат.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын кызматчыларына карата коюлган квалификациялык талаптар жана ишке кабыл алуунун башка шарттары Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан аныкталат.

3. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктын кызматчыларына эмгек акы төлөө тутуму жана тартиби, финансы рыногунда атаандаша алган эмгек акыларды эске алуу менен Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан белгиленет.

4. Улуттук банктын кызматчылары этикалык жүрүм-турум принциптерин сактоого жана таламдардын кагылышуусунун пайда болушуна себепкер болчу ар кандай учурлардан качууга тийиш.

5. Улуттук банк таламдардын кагылышуусунун мониторингин жүргүзүү максатында өз кызматкерлери жана алардын жакын туугандары боюнча маалымат базасын түзүүгө укуктуу. Таламдардын кагылышуусун аныктоо жана аны четтетүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Улуттук банк мындай маалыматтардын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

6. Улуттук банктын кызматчыларынын кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу укуктук жактан корголушу жана жоопкерчилиги ушул Мыйзам менен аныкталат.

71-берене. Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоо 

Улуттук банктын Башкармалыгы өз кызматчыларын социалдык жактан коргоо максатында өз каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Улуттук банктын кызматчыларынын өмүрүн камсыздандырууну жана медициналык камсыздандырууну, кошумча пенсия менен камсыз кылууну уюштурууга. Кызматчылардын айрым категориялары Улуттук банктын Башкармалыгы бекитүүчү тизмеге ылайык милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш;

2) Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген тартипте турак-жай ссудаларын, керектөө насыяларын берүүнү жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну уюштурат;

3) Улуттук банктын кызматчыларын социалдык жактан коргоонун башка чараларын (социалдык пакет) көрөт.

72-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр 

1. Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилүүчү кызмат орундарынын тизмегине ылайык Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга;

2) Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктарда же башка юридикалык жактарда кызмат орундарын ээлөөгө;

3) башка уюмдарда, анын ичинде ишин айкалыштыруу менен иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (буга окутуучулук, илим-изилдөө жана чыгармачылык иштери кирбейт).

Мындай тыюу салуу Улуттук банк катышуучу болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын таламында иш алып барган Улуттук банктын расмий өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык финансы-насыя жана башка уюмдарда постторду жана кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга жайылтылбайт;

4) банктардан жана микрофинансылык уюмдардан насыяларды алууга;

5) эгерде бул таламдардын каршы келүүсүнө алып келүүсү мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы, Улуттук банкта иштеп жаткан мезгилде, ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү;

6) ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктагы үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга.

2. Ушул беренеде Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, эмгек милдеттерин одоно бузууга алып келет.

73-берене. Купуя маалыматтарды коргоо 

1. Улуттук банк кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды коргоо тутумуна ээ болууга милдеттүү.

2. Улуттук банктын кызматчыларына кызматтык жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.

74-берене. Улуттук банктын кызматчыларын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн укуктук жактан коргоо 

1. Улуттук банктын кызматчылары, Убактылуу администрация жетекчиси жана анын өкүлдөрү, ошондой эле Улуттук банктын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын көздөгөн башка адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин же мыйзамдуу тапшырмаларды укук чегинде аткаруунун жүрүшүндөгү чыгашалар үчүн кайсы жактын алдында болбосун, жарандык жоопкерчилик тартпайт. Алардын укукка жатпаган ишине байланыштуу кине коюулар жана доолор Улуттук банкка карата гана коюлушу мүмкүн. Улуттук банк регресстик тартипте доо коюуга укуктуу.

2. Улуттук банк соттордо жана укук коргоо органдарында өз эсебинен зарыл болгон чыгашаларды төлөө, же болбосо кызматкерлер тарткан чыгашаларды компенсациялоо аркылуу өз кызматкерлерин укуктук жактан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

3. Улуттук банк банкка карата таасир этүү чараларын укук чегинде колдонуунун жана ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжасында келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

15-глава. Улуттук банктын мүлктүк укуктары жана коопсуздугу 

75-берене. Улуттук банктын мүлкү жана иш коопсуздугу 

1. Улуттук банк өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, транспортко жана башка мүлктөргө өз алдынча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт.

2. Мамлекет Улуттук банктын мыйзамдуу мүлктүк укуктарынын корголушун кепилдейт, анын мүлкүн алып коё албайт же кыскарта албайт. Капиталды, акча каражаттарын жана негизги каражаттарды, башка материалдык баалуулуктарды кошо алганда, Улуттук банктын мүлкү Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз аларга башка милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн эмес.

3. Улуттук банк Улуттук банктын ишин камсыз кылуу, функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жана кызматчыларын социалдык коргоого алуу максатында гана кандай мүлктү болбосун менчиктеп сатып алууга же ижарага алууга, анын ичинде акысыз пайдаланууга алууга укуктуу.

4. Улуттук банктын негизги милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Улуттук банк юридикалык жактардын акцияларына ээлик кылууга же башкача түрдө алардын ишине катышууга укуктуу.

5. Жараксыз болгон же пайдаланылбаган материалдык баалуулуктарды ээликтен ажыратуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Улуттук банк насыя берүүчүнүн ар кандай укуктарын кандай гана түрдө болбосун, эки жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө, ээликтен ажыратуу менен сатып алууга укуктуу.

7. Улуттук банк борбордук банктардын ишине карата коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык, өз ишинин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, анын ичинде мүлкүнүн, акча каражаттарынын жана башка активдеринин сакталышына, ошондой эле кызматчыларын жана маалыматтарын коргоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү.

8. Улуттук банкта ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөр иштейт.

76-берене. Салык салуу, бажы төлөмдөрү жана мамлекеттик алым 

1. Улуттук банкка салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы төлөмдөрүн ишке ашырат.

3. Улуттук банк жана анын региондук бөлүмдөрү бардык нотариалдык иш-аракеттер боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык доочу жана жоопкер катары бардык сот инстанцияларында мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат.

III БӨЛҮМ. БАНКТАР 

16-глава. Банктын укуктук абалы. Банктарды уюштурууга карата негизги талаптар 

77-берене. Банк 

1. Акционердик коомдун (жабык же ачык) уюштуруу-укуктук таризинде түзүлүүчү жана ушул Мыйзамга ылайык, Улуттук банк тарабынан берилүүчү тиешелүү лицензиялардын негизинде банк ишин жүзөгө ашырууга укуктуу юридикалык жак банк болуп саналат.

Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, чет өлкөлүк банктардын филиалдарын да банк катары түшүнүүгө болот.

2. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. Банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн банкты түзүү жөнүндөгү Улуттук банктын уруксаты көрсөтүлөт.

3. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык банк өз аталышына, капиталына жана башкаруу органдарына ээ.

4. Банк Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

5. Ислам банкы же ислам терезесине ээ болгон банк өз ишин Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырат.

6. Ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана кийлигишүүнү эске албаганда, мамлекеттик органдарга, алардын кызмат адамдарына банктардын мыйзамдуу ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

7. Банк мамлекеттин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Мамлекет мындай милдеттенмелерди өзүнө алган, же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралган учурларды эске албаганда, банктын милдеттенмелери боюнча мамлекет да жооп бербейт.

8. Банк Улуттук банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. Улуттук банк банктын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

78-берене. Банктын аталышы 

1. Банк толук жана кыскартылган түрдөгү өзүнүн расмий аталышына ээ. Банктын аталышы анын уставында көрсөтүлөт. Банктын аталышында анын уюштуруу-укуктук таризи, ишинин түрү (банк) камтылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Банкка өз аталышында же символикасында кайсыл тилде, кандай сөз айкалышында болбосун толук же кыскартылган түрдө "мамлекеттик", "государственный", "Кыргызстан", "Улуттук", "Национальный", "Борбордук", "Центральный", "Кыргыз Банкы", "Банк Кыргызстана" деген сөздөрдү, "КРУБ", "КРББ" деген аббревиатураларды колдонуусуна тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же жаңыдан түзүлүүчү банктардын аттарына чаташтыруу деңгээлине чейин окшош же окшошуп кеткен белгилөөлөрдү аталыш катары пайдалануусуна жол берилбейт.

4. Банкка расмий аталышынан башка аталышты колдонуусуна тыюу салынат. Банктын өзгөргөн аталышы, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлгөндөн кийинки он жумуш күнүнүн ичинде, банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

5. Башка юридикалык жактарга өз аталыштарында "банк" деген сөздү жана андан келип чыккан туунду сөздөрдү колдонууга тыюу салынат.

6. Банктын аталышындагы "исламдык" деген сөздү тиешелүү лицензиянын негизинде өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банктар гана колдонууга укуктуу.

7. Улуттук банк Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, банктын аталышын макулдашуудан баш тартууга укуктуу.

79-берене. Банкты уюштуруу 

1. Банк ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштурулат.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүчү жеке адамдар жана/же юридикалык жактар банктын уюштуруучулары боло алышат.

3. Төмөнкүлөр банктын уюштуруучулары боло алышпайт:

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же катталган же тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өткөн же болбосо катышуучу катары аффилирленген жактарга ээ жеке адамдар жана юридикалык жактар.

Аффилирленген жактар катары төмөнкүлөр таанылат:

юридикалык жактын олуттуу катышуучулары;

ошол эле бир юридикалык жак аларда олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар;

2) аларга карата Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар бар болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү болгон Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган эл аралык санкциялар орун алып турган мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар;

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды беришкен, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;

4) банктын акцияларын сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын мыйзамдуу булактарын, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте, тастыктай албаган жеке жана юридикалык жактар;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык өздөрүнө карата тыюу салуулар же чектөөлөр бар болгон жеке жана юридикалык жактар.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар тарабынан банктардын акцияларынын сатылып алынышына байланышкан бүтүмдөр жараксыз бүтүмдөр болуп саналат.

5. Уюштуруучулар - банктык жана/же финансылык иш жүргүзбөгөн юридикалык жактар, кандай түрдө болбосун добуш берүүчү акциялардын жыйырма же андан көп пайыздарына тике же кыйыр түрдө ээлик кыла албайт же башкара албайт же банкты контролдой албайт. Финансылык иштин жана банк жана/же финансы ишине байланыштуу иштин түрлөрү, критерийлери Улуттук банк тарабынан аныкталат.

6. Банктын уюштуруучуларына карата банктын капиталына чектик катышууга ээ болуу боюнча ушул Мыйзамдын талаптары колдонулат.

7. Банктын уюштуруучулары үчүн белгиленген чектөөлөр банктын акционерлерине да тиешелүү.

80-берене Банктын уюштуруу документтери 

1. Банкты уюштуруу жана уюштуруучулардын өз милдеттенмелерин аткарганга чейинки мезгилде банктын уюштуруу документтери болуп - уюштуруу келишими жана устав, ал эми андан кийин устав эсептелет.

2. Банктын уставында, мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары, төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш:

1) уставды бекитүү тууралуу уюштуруу же жалпы жыйындын чечими жөнүндө маалымат;

2) мамлекеттик жана расмий тилдерде банктын толук жана кыскартылган расмий аталышы;

3) банктын жайгашкан жеринин юридикалык дареги;

4) банктын башкаруу органдары тууралуу жобо;

5) банктын башкаруу органдарынын чечим кабыл алуу тартиби;

6) эгерде чет өлкөлүк банктын филиалы же өкүлчүлүгү ачылып жаткан болсо, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо.

3. Банктын аталышынын, башкаруу органдарынын, уставдык капиталынын өзгөрүшүнө, ошондой эле банкты башкарууга таасир этүүчү башка өзгөртүүлөргө байланыштуу банктын уставына киргизилчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор милдеттүү түрдө Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш.

4. Банктын капиталынын өлчөмүнө жана түзүмүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске албаганда, банктын уставына киргизилчү өзгөртүүлөр жана толуктоолорго Улуттук банктын кат жүзүндөгү макулдугу, банктын документтери менен кошо тиешелүү өтүнүч кат келип түшкөндөн кийинки бир айдан кечиктирбестен жана макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болбогондо берилет. Банктын капиталына тиешелүү өзгөртүүлөрдү макулдашуу үч ай ичинде ишке ашырылат.

5. Банктын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби жана жол-жобосу Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуудан төмөнкүдөй учурларда баш тартышы мүмкүн:

1) кароого сунушталган документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе же такталбаган документтер жана маалыматтар берилген болсо;

2) эгерде акционерлердин жалпы жыйынынын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынса;

3) эгерде уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген минималдуу өлчөмдөн аз болсо;

4) эгерде мурунку эмиссия боюнча акцияларга жазылуулар жүргүзүлбөсө, алардын толук наркы аныкталган мөөнөттөрүндө төлөнбөсө, же болбосо акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен чыгарылган жана төлөнгөн болсо, же болбосо акцияларды сатып алууга жумшалуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса;

5) ушул Мыйзамга ылайык, банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу үчүн Улуттук банктын уруксаты жок болсо;

6) эгерде бул банк ишинин туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирсе.

7. Банктын уставына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Мамлекеттик каттоодон өткөрүү жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча банк мамлекеттик каттоодон кайра өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде ал тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

8. Банк уставдык капиталдын өлчөмү өзгөргөн учурда, баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясын жыйынтыктап каттоодон өткөндүгү тууралуу Улуттук банкка бир ай ичинде билдирүүгө милдеттүү.

81-берене Банкты уюштурууга уруксат берүү 

1. Банктын уюштуруучулары банкты уюштурууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч каты менен (мындан ары - уруксат алуу) Улуттук банкка кайрылат.

2. Уруксат алуу үчүн, Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге, талаптарга жана тартипке ылайык, документтер Улуттук банкка берилет.

3. Тиешелүү өтүнүч кат жана бардык талап кылынган документтер келип түшкөндөн тартып, алты айдан ашпаган мөөнөттө уруксат берилет.

Уруксат берүү өтүнүчүн кароо учурунда Улуттук банк маалыматтарды суратып алууга жана ыйгарым укуктуу органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен консультация жүргүзүүгө укуктуу.

Эгерде берилген документтер Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, кароо мөөнөтү талаптагыдай документтер алынган учурдан тартып эсептелинет. Уруксат берүү мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен алты айга узартылышы мүмкүн.

4. Улуттук банк уруксат берүү өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча уруксат берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат.

Уруксаттын колдонулуу мөөнөтү - алты ай. Ушул мөөнөт ичинде уюштуруучулар түзүп жаткан банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө жана лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.

5. Банк жана анын уюштуруучулары уруксат берилип, лицензия алууга чейинки мезгил ичинде негизи боюнча уруксат берилген маалыматтарга кандай өзгөртүүлөр болбосун киргизилгендиги тууралуу, мындай өзгөртүүлөр болуп өткөндөн кийинки беш күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.

6. Уруксат берүүдө төмөнкү негиздердин кайсынысы болбосун орун алган шартта баш тартылышы мүмкүн:

1) уюштуруу документтеринин жана башка документтердин коюлган талапка ылайык келбеши, же болбосо такталбаган маалыматтардын жана анык эмес документтердин берилиши;

2) банктык топтун катышуучулары тууралуу толук көлөмдө маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук эмес берилиши же болбосо банктык топко же банктык топтун катышуучулары менен байланыштуу жактарга таасирдүү банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги;

3) акча каражаттарынын булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук берилбеши же болбосо акча каражаттарынын келип чыгышынын легитимдүүлүгүн аныктоонун мүмкүн эместиги;

4) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген талаптарга ылайык келбеши;

5) уюштуруучулардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеши;

6) банкта кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин (кызмат адамдарынын) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеши;

7) чет өлкө банкы же финансы-насыя мекемеси тарабынан туунду банкты ачуу учурунда чет өлкө көзөмөл органынын ага расмий макулдугун көрсөтпөсө же мындай макулдук уюштуруучунун өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгынын тастыктоосун бербесе;

8) Улуттук банктын берген баасы боюнча чет өлкө уюштуруучусуна - банкка же финансы-насыя мекемесине карата, ошондой эле катталган жери боюнча банктык топтун катышуучусуна көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жетишсиз жүргүзүлүп жаткан болсо.

7. Улуттук банк төмөнкү учурларда мурда берилген уруксатты жокко чыгарууга укуктуу:

1) алардын негизинде уруксат берилип кеткен такталбаган маалыматтар жана документтер табылган учурда;

2) уюштуруучулардын финансылык абалы начарлаган же алардын негизинде уруксат берүүдөн баш тартуу мүмкүн болгон фактылар аныкталса;

3) Улуттук банктын макулдугусуз уюштуруучулардын курамына, уюштуруу жана башка документтерге өзгөртүүлөр киргизилсе;

4) банктын уюштуруучулары банкты уюштуруудан баш тартып же кийинки аракеттерди көрбөсө.

8. Уруксат жокко чыгарылган учурда Улуттук банк юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү ыйгарым укуктуу органга ал тууралуу маалымдайт.

9. Уруксат алуу тууралуу өтүнүч кат кайтарылып алынган, ошондой эле уруксат берүүдөн баш тарткан же жокко чыгарылган учурда, берилген документтер кайтарылбайт.

10. Улуттук банк уруксат берилгендиги, уруксат берилбей калгандыгы же берилген уруксат жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялайт.

82-берене. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү 

1. Банктын уюштуруучулары банк операцияларын жүргүзүү укугуна (мындан ары - лицензия) лицензия алуу үчүн уруксаттын колдонулуу мөөнөтү ичинде лицензия берүү арызы менен Улуттук банкка кайрылат. Арызга документтер жана төмөнкү талаптардын аткарылышы жөнүндө маалыматтар тиркелүүгө тийиш:

1) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн болушу;

2) минималдуу уставдык капитал толук төлөнгөндүгү жөнүндө ырастоо;

3) банк жайгашкан имарат жайдын жана жабдуулардын Улуттук банк белгилеген коопсуздук талаптарына ылайыктуулугу;

4) алдыдагы финансылык жылга көз карандысыз тышкы аудиторду тандоо;

5) Улуттук банктын талаптарына ылайык банктын уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу органдарынын жана персоналынын (кызмат адамдарынын) болушу;

6) банктын бизнес-планынын, бардык негизги саясаттарынын, жоболорунун жана жол-жоболорунун болушу;

7) ишти баштагандан кийин капитал боюнча Улуттук банктын бардык ченемдерин жана талаптарын сактагандыгы тууралуу маалыматтарды берүү;

8) ички контролдук тутумдун, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо чараларынын, мүлктү камсыздандыруунун болушу;

9) банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалымат тутумдарын жана коопсуздук тутумдарын ийгиликтүү тестирлөө;

10) лицензия үчүн акы төлөө;

11) Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төлөмүн төлөө.

2. Улуттук банк лицензия берүү жөнүндө арызды алты айдан ашпаган мөөнөттө карайт. Улуттук банк кароонун натыйжалары боюнча лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

3. Улуттук банк төмөнкү учурларда, баш тартуу үчүн негиздерди көрсөтүү менен лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:

1) лицензия берүү жөнүндө арыз, уруксаттын мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;

2) берилген документтер жана маалыматтар ушул беренеде белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

3) ушул Мыйзамга ылайык, уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкса.

4. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда берилген документтер кайтарылбайт.

5. Лицензия Улуттук банк тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет. Лицензияга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси кошо тиркелет.

6. Банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык банк операцияларын жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу тартиби, ислам банктарынын жана "ислам терезесине" ээ болгон банктардын статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

7. Лицензия Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат, чектелбеген колдонуу мөөнөтүнө ээ, жеке өзүмдүк (ээликтен ажыратылгыс) болуп саналат жана үчүнчү жактарга берилүүгө тийиш эмес. Лицензиясыз банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат.

8. Улуттук банк лицензиясы бар банктардын реестрин жүргүзөт. Банктардын реестринен алынган маалыматтар Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.

83-берене. Лицензияларды кайтарып алуу 

1. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензияны кайра чакыртып алууга милдеттүү:

1) эгерде лицензия көз көрүнөө жалган документтердин негизинде, ошондой эле алдоо менен же башка мыйзамсыз жол аркылуу алынса;

2) эгерде банк мыйзамдарда тыюу салынган ар кандай иштерди жүргүзсө;

3) чет өлкөлүк банкынын филиалынан - чет өлкөлүк башкы банктын лицензиясы кайра алынган учурда;

4) Улуттук банк ушул Мыйзамга ылайык банкты төлөөгө жөндөмсүз деп белгилеген учурда.

2. Улуттук банк лицензияларды төмөнкү учурларда кайра алышы мүмкүн:

1) лицензия алгандан кийин банк ре эки айдын ичинде банк ишин жүргүзүүнү баштабаса, же болбосо алты айдан ашык убакытка банк ишин токтотсо;

2) Банк Депозиттерди коргоо фондуна милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөсө;

3) банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын, анын ишинин туруктуулугуна жана стабилдүүлүгүнө таасир тийгизген талаптарын бузса;

4) банк мыйзамдуу негиздер болбой туруп кардарлар алдында милдеттенмелерин аткарбаса;

5) банк Улуттук банктын көрсөтмөлөрүн жана башка милдеттүү талаптарын аткарбаса, алардын аткарылбай калышы насыя берүүчүлөрдүн жана аманатчылардын таламдарына айкын кооптуу жагдайларды жаратканда;

6) банк башкарууга, ички контролго, банктын финансылык отчетторуна байланыштуу маалыматтарды белгиленген мөөнөттө ар дайым берип турбаса, же болбосо анык эмес маалыматтарды берсе;

7) банк кооптуу, ишенимсиз жана алгылыксыз банктык ишти жүргүзсө;

8) банк өз иши жөнүндө көз көрүнөө анык эмес маалыматтарды дайыма жарыялап турса же башка жолдор менен кардарларды адашууга алып келсе;

9) банк өз аракеттери же аракетсиздиги менен инспектордук текшерүүлөрдү, тикелей банктык көзөмөлдү жүргүзүүгө, Убактылуу администрациянын ишине тоскоолдук кылса;

10) банк ушул Мыйзамга ылайык тышкы аудитти жүргүзүү талабын бузса;

11) өзгөртүп түзүү жол-жобосунан улам банк өз ишин токтотсо;

12) банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөлдү жүргүзүүдө тоскоолдуктар келип чыкса;

13) банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жөнүндө банктын өтүнүчү канааттандырылган учурда;

14) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда.

3. Улуттук банктын чечими боюнча насыя берүүчүлөр менен эсептешүүлөрдү аягына чыгаруу учурларын кошпогондо, лицензия чакыртылып алынган учурдан тартып, бардык банктык операциялар жана банктын башка иши токтотулат. Лицензиянын кайра алынышы, банктын ишинин токтошуна жана анын жоюлушуна алып келет.

4. Улуттук банк лицензияларды кайра чакыртып алуу тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялайт.

84-берене. Банктын капиталы жана акциялары 

1. Банктын капиталы анын пайда алуу менен туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн банк ишине мүнөздүү болгон потенциалдуу жоготуулардын ордун жабууну камсыз кылуу үчүн кызмат кылат, кардарлардын банкка карата ишенимине кепил катары эсептелет жана банк ишин жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргонуу чарасы катары кызмат аткарат.

2. Улуттук банк көзөмөл жүргүзүү максатында банктын капиталынын өлчөмүн, анын түзүмүн аныктайт, ошондой эле банкка карата экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.

3. Банктын капиталынын өзөгүн толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банктын капиталынын курамына акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча банктын милдеттенмелери болбогон жана Улуттук банктын талабына ылайык келген уставдык капитал гана кирет.

4. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана акционерлердин (уюштуруучулардын) акча каражаттарынын эсебинен гана накталай эмес таризде түзүлөт. Уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

5. Банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

Көңүл буруңуздар! КР 2016-жылдын 16-декабрындагы N 207 Мыйзамына ылайык 84-берененин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет. 

6. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган талаптарды эске алуу менен акциялардын эмиссиясын жүзөгө ашырат.

7. Ушул Мыйзамда каралган банкты кайра түзүмдөштүрүү же өзгөртүп түзүү, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн пайданы банктын уставдык капиталын толуктоого же багыттоо учурларды кошпогондо, банктын уставдык капиталын топтоодо же өлчөмүн көбөйтүүдө акцияларды төлөө акча каражаттары менен гана ишке ашырылат. Банктын уставдык капиталынын өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер менен топтоого же көбөйтүүгө жол берилбейт.

8. Банк жеке өзүмдүк гана акцияларды чыгара алат. Банктын акциялары жөнөкөй жана артыкчылыктуу болушу мүмкүн. Артыкчылыктуу акциялардын көлөмү банктын уставдык капиталынын жыйырма беш пайызынан ашпоого тийиш.

9. Банк өз акцияларын күрөөгө кабыл алууга укугу жок.

10. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин банк, Улуттук банкта ачылуучу эсепке минималдуу уставдык капитал өлчөмүндө каражат салууга милдеттүү.

11. Жөнөкөй акциялар боюнча дивиденддер акционерлерге төлөнө тургандыгына кепилдик берүүгө банкка тыюу салынат.

12. Улуттук банк төмөнкү учурларда дивиденддерди төлөөгө тыюу салууга же чектөөгө укуктуу:

1) эгерде бул банк тарабынан экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;

2) эгерде банктын капиталынын шайкештик коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу чектен төмөн болсо;

3) эгерде потенциалдуу жоготууларды жана чыгым тартууларды жабуу резервдери Улуттук банктын талабына ылайык түзүлбөсө же жетишсиз өлчөмдө түзүлсө;

4) эгерде банктын өткөн жылдар жана/же отчеттук жыл үчүн орду жабылбаган чыгымы бар болсо;

5) эгерде банктын финансылык абалы начарласа;

6) мыйзамдарда каралган башка учурларда.

85-берене. Банктын капиталына чектүү катышуу 

1. Банктын капиталына чектүү катышуу - жеке өзү же башка жактар менен биргелешип: банктын добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп, жыйырма жана андан көп, отуз үч жана андан көп, элүү жана андан көп, алтымыш жети жана андан көп пайызына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу (чектер).

2. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болбосун, Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.

3. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон жеке өздөрү же башка жактар менен биргелешип, менчиктен ажыратып алуу ыкмасынан көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир этүүчү сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай жеке адам же юридикалык жак болсун бүтүм жасалганга чейин, ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

4. Олуттуу катышуу - жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргелешип, акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын он жана андан көп пайызына же болбосо акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он жана андан көп пайызына тикелей жана кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу.

5. Контроль - жеке өзү же болбосо башка жактар менен биргелешип:

1) акционердик коомдун добуш берүүчү акцияларынын же акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын элүү пайызынан ашыгына тикелей же кыйыр түрдө ээлик кылуу же башкаруу, же;

2) юридикалык жактын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн эң аз дегенде жарымын шайлоо мүмкүнчүлүгү, же

3) юридикалык жактын капиталына катышуудан көз карандысыз, ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына тикелей же кыйыр түрдө аныктоочу таасир этүү мүмкүнчүлүгү.

6. Кыйыр ээлик кылуу - банктын башкаруу органдарынын же анын олуттуу катышуучуларынын же болбосо банкка же банктык топтордун катышуучуларына контролдукту жүзөгө ашырган жактардын чечим кабыл алуусуна үчүнчү жак аркылуу олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү.

7. Жактар банктын акцияларына биргелешип ээлик кылуучу деп таанылат, эгерде алар:

1) жакын туугандардан болушса (жубайлары, ата энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алгандар, ата-энеси бир жана атасы бир, энеси башка же энеси бир, атасы башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелери);

2) банктын кызмат адамдары - акционерлери болсо;

3) өз-өзүнчө же биргелешип олуттуу катышуучулардан болушса;

4) келишимден улам акцияларга биргелешип ээлик кылса, же:

а) банкты башкаруу боюнча добуш берүү жөнүндө;

б) акцияларды добуш берүү укугу менен күрөөгө коюу жөнүндө;

в) акцияларды боюнча добуш берүү укугу менен өткөрүп берүү жөнүндө;

г) акцияларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же башкаруу укугу менен башка негиздерде сактоо жөнүндө;

д) акциялар өз пайдасына, бирок башка жактын атынан сатылып алынса;

е) ишеним кат же башка мыйзамдуу өкүлчүлүк боюнча өкүл болсо;

ж) жалпы кызыкчылыгы болгондо.

8. Эки жана/же андан көп жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы таламдары төмөнкү шарттардын кайсынысында болсун орун алган деп таанылат, эгерде:

1) бир юридикалык жак же жеке адам башка юридикалык жакты же жеке жакты контролдосо;

2) ошол жактар банк менен байланыштуу жактар болуп саналса;

3) ошол жактардын бири башка жактын көз каранды компаниясы болсо.

86-берене. Иштеп жаткан банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу тартиби 

1. Банктын капиталына чектүү катышуу үчүн уруксат алуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

2. Уруксат алуу үчүн ага кызыкдар болгон жак тиешелүү документтер жана маалыматтар кошо тиркелген арызы менен Улуттук банкка кайрылат. Улуттук банктын талаптарына жооп бербеген документтер кароого жеткирилбей кайтарылат.

3. Улуттук банк келип түшкөн арыз боюнча чечимди арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирген күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Улуттук банк келип түшкөн арызды кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. Улуттук банк өз чечими - макул экендиги же андан баш тарткандыгы тууралуу арыз ээсине кат жүзүндө маалымдайт. Баш тартуу жүйөлүү болууга тийиш.

4. Улуттук банк төмөнкү учурларда арызды канааттандыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде:

1) арызды канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы монополияга алып келиши мүмкүн болсо;

2) арыз ээсинин финансылык абалы канааттандыраарлыксыз болсо;

3) арыз ээсинин, анын бенефициардык менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын (эгерде арыз ээси - юридикалык жак болсо) ишкердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар болсо;

4) арыз ээси бурмаланган же анык эмес (жалган) маалыматтарды берсе;

5) арыз ээсинин мыйзамсыз финансылык же башка иштерге катышкандыгы же катышып жаткандыгы тууралуу анык маалыматтар болсо;

6) арыз ээсинин буга чейинки иши банкроттук менен аяктаса же кайсы бир юридикалык жактын банкроттугуна же олуттуу финансылык чыгымга учуроосуна көмөк берсе;

7) арыз ээсинин - юридикалык жактын банктын контролдоочу адамдарынан болууга ниеттенген кызмат адамдары банктык мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе;

8) банк аманатчыларынын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болсо же банк менен арыз ээсинин жана/же банк менен байланыштуу жактардын жана/же арыз ээсинин жалпы таламдары бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелерден улам банкка таасирдүү көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүн болбосо;

9) арыз ээсинин бенефециардык менчик ээлерин идентификациялоого мүмкүн болбосо;

10) арыз ээси банк саясатынын олуттуу өзгөрүүсүн болжолдоп, ал анын финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же банк аманатчыларынын таламдарына коркунуч келтирсе;

11) арыз ээси, туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүнүн көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон, чет өлкөлүк юридикалык жак болсо жана эгерде:

а) туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүндө таасирдүү, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл ишке ашырылгандыгы тууралуу ырасталган маалыматты Улуттук банкка бербесе;

б) Улуттук банктын берген баасы боюнча арыз ээсине таасирдүү көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жүзөгө ашырылбаса;

в) ал арыз ээси туулуп-өскөн (катталган) мамлекетинин көзөмөл органы менен кызматташууга мүмкүн болбосо.

5. Улуттук банк банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочу адамынан болуп калышы мүмкүн, же банкка инвестиция жумшап, анын натыйжасында банк ошол жактын компаниясына көз каранды болуп калышын шарттаган, ошол жак контролдогон юридикалык жактардан бардык кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.

6. Улуттук банк банктын капиталына катышуу чегине ээ болгон акционерлер тарабынан берилген бардык маалыматтардын жана документтердин аныктыгын, ошондой эле банктын капиталына катышууга (акцияларды сатып алууга) багытталган акча каражаттарынын тек жайынын булактарын жана мыйзамдуулугун текшерет.

7. Экинчилик рыногунда банктын акциялары менен жасалган бүтүм ушул Мыйзамдын 85-беренесинин колдонулушуна туш келсе, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Улуттук банктын мындай бүтүм жасоого кат жүзүндөгү уруксатын талап кылууга, ал эми кайсыл жеке адам же юридикалык жак болбосун аны берүүгө милдеттүү.

8. Эгерде жак анык эмес (жалган) маалыматтардын негизинде Улуттук банктан алынган уруксаттын негизинде банктын капиталына чектүү катышууга ээ болсо же ал ушул Мыйзамда уюштуруучуларга карата каралган талаптарга ылайык келбей калса, Улуттук банк ушул беренеге ылайык арыз ээсине буга чейин акцияларды сатып алууга берген уруксатын кайтарып алат жана ушул берененин - 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.

9. Эгерде банктын капиталына чектүү катышууга Улуттук банктын уруксатысыз жол берилген болсо, мындай бүтүм жараксыз болуп саналат жана алар боюнча ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.

Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.

10. Эгерде тиешелүү жак мурастоо боюнча же аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу банктын капиталына чектүү катышуу өлчөмүндө акцияларга карата менчик укугуна ээ болсо, Улуттук банктын уруксатын алууга чейин ушул берененин 11-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.

Эгерде көрсөтүлгөн жактарга Улуттук банктын уруксатын берүүдөн баш тартылса, ушул берененин 11-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн натыйжалар келип чыгат.

11. Ушул берененин 8, 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасир эткен болсо, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер анык эмес катары эсептелинет.

Ушул берененин 8 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда кемчиликтерге жол берген жак акциялардын тиешелүү топтомун аны менен байланыштуу болбогон жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбосо, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу өтүнүчү менен сотко кайрылат.

12. Улуттук банк ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалардын келип чыккандыгы жөнүндө банктын көз карандысыз реестр жүргүзүүчүсүнө маалымдайт.

87-берене. Банк тарабынан түзүлгөн резервдер 

1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдардын ордун өз учурунда жабуу үчүн банк тиешелүү резервдерди түзүүгө жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык активдердин реалдуу наркын финансылык отчетто чагылдырууга милдеттүү.

2. Улуттук банк жөнгө салуу максатында насыялар боюнча тобокелдиктерди жана башка тобокелдиктерди өзүнө камтыган активдер боюнча келип чыгышы ыктымал болгон банктын сарптоолоруна чегерилүүчү чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервдердин өлчөмүн, аларды түзүү тартибин жана эсептөө ыкмаларын аныктоого укуктуу.

3. Өз ишинде контролдукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу максатында, жүргүзүлүп жаткан операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша, банк финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык капиталдык жана башка резервдерди түзөт.

88-берене. Бизнес-планга карата талаптар 

1. Банктын бизнес-планы банктын стратегиясын жана иш масштабын чечмелеп берүүгө тийиш. Бизнес-план үч жылга түзүлүп, милдеттүү түрдө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) банк ишинин экономикалык негизин жана финансылык келечегин (бюджет, болжолдонгон: баланстык отчет, капиталдын шайкештигин эсептөө, кирешелер жана чыгашалар);

2) башкаруу жана ички контролдук тутумдарынын тузумун;

3) насыялык саясатты (насыялоодо тобокелдиктерге баа берүү механизми, берилген насыяларга үзгүлтүксүз контролдук механизми жана банктын насыя саясатына байланыштуу башка маселелер) жана насыялык стратегияны;

4) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу операциялардан коргоо механизмин;

5) кардарларды тартуу жана банктын кардарлар базасын түзүү планын;

6) банкта кадр саясатын жүргүзүү планын;

7) активдерди жана пассивдерди башкаруу планын;

8) иштин Улуттук банк тарабынан аныкталган башка аспекттерин.

2. Бизнес-план төмөнкүлөрдү баалоого мүмкүндүк берүүгө тийиш:

1) банктын финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, экономикалык ченемдерди, милдеттүү резервдик талаптарды аткара алуу, мыйзамдардын талаптарын сактоо жөндөмдүүлүгүнө;

2) пайдалуу финансылык уюм катары банктын узак убакыт бою иштей алуу жөндөмдүүлүгүнө;

3) тобокелдиктерди башкаруу тутумунун шайкештигине.

3. Бизнес-план төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлүүгө тийиш:

1) эсептөөлөр жана болжолдоолор банк иштей турган базар сегментинин реалдуу экономикалык шарттарын эске алуу менен түзүлүүгө тийиш;

2) экономикага жумшалган инвестициялар суммасын, анын ичинде насыяларды көрсөтүү менен өлкө экономикасын жакшыртууга банк операцияларынын таасиринин сыпаттамасы келтирилүүгө тийиш.

3) өбөлгөлөр жана болжолдоолор сапаттуу, текшерилген маалыматтардын негизинде түзүлүүгө тийиш;

4) алгылыктуу мөөнөт ичинде банктын жакшы кирешелүүлүккө жетишүүсү;

5) банктын капиталынын шайкештиги Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүгө жана активдердин болжолдонгон өсүшүн колдоого алуу, тобокелдиктердин ордун жабуу жана банк ишин уюштурууга байланыштуу баштапкы чыгашалардын ордун жабууга жетиштүү болууга тийиш.

4. Бизнес-план жыл сайын кайрадан каралып турууга тийиш. Кийинки жылга кайрадан каралып чыккан бизнес-план өтүп жаткан жылдын 31-декабрына чейин Улуттук банкка берилет.

5. Бизнес-план банктын иш жүзүндөгү ишине ылайык келбеген учурда, банк аны дароо кайрадан карап чыгууга милдеттүү. Кайрадан каралып чыккан бизнес-план бир айлык мөөнөт ичинде Улуттук банкка берилет.

89-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар 

1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат.

Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жекече же башка жактар менен биргелешип, ошол юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат.

Бул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат.

2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде:

1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе;

2) туунду компаниянын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролго алуу жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик өзгөчөлүгүн колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса;

3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык стабилдүүлүгү жана туруктуулугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө;

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.

3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишкердикти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти гана жүргүзө алат.

4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана көз каранды компанияларды сатып алышы же түзө алышы мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банк жана/же финансылык ишти гана жүргүзө алат.

5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде:

1) компания тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон эл аралык санкциялар орун алган мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же иш жүргүзсө;

2) ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар, компаниянын катышуучулары болсо.

6. Банк туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө укугу жок, эгерде:

1) мындай компанияны каттоо жана/же анын иш жүргүзүүсү Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон эл аралык санкциялар орун алган мамлекеттерде жана аймактарда болжолдонсо;

2) ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар мындай компаниялардын кошо уюштуруучулары болсо.

7. Банкка туунду жана же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

90-берене. Банктын филиалы жана башка обочолонгон бөлүмдөрү 

1. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында өз филиалын түзө алат. Банк жайгашкан жерде орун албаган, юридикалык жак болуп саналбаган, банктын атынан банктык операциялардын бардыгын же анын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган берилген ыйгарым укуктардын чегинде иштеген өзүнчө бөлүм банктын филиалы болуп саналат. Банктын филиалы жөнүндө маалымат анын уставында камтылууга тийиш.

2. Филиал банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "филиал" деген сөздөр кошулган банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Филиалдардын жетекчилери банк тарабынан дайындалат жана аларга берилген ишеним каттын негизинде иштейт. Ишеним катта операциялардын тизмеги жана филиалдын жетекчисинин башка ыйгарым укуктары көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Филиалдын иш-аракети банктын - юридикалык жактын иш-аракети катары каралат. Банк өз филиалынын аракеттери үчүн толук жоопкерчилик тартат.

4. Банктын филиалын түзүү тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан белгиленет.

5. Банк банктын филиалы каттоодон өткөндүгү тууралуу беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын филиалдарынын реестрин жүргүзөт.

6. Банк Улуттук банктын уруксаты менен чет өлкөдө өз филиалын ача алат. Чет өлкөдө филиалды ачууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

7. Банктын чет өлкөдө филиал ачуусуна Улуттук банктын уруксат берүү тартибинде каралган негиздер боюнча баш тартылышы мүмкүн, ошондой эле эгерде:

1) кабыл алуучу өлкөдө жетиштүү жана таасирдүү банктык көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негиздеги көзөмөл камсыз кылынбаса;

2) кабыл алуучу өлкөнүн көзөмөл органдары менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, натыйжалуу кызматташуу мүмкүн болбосо.

8. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында аманат кассалары жана башка обочолонгон бөлүмдөр түрүндөгү обочолонгон бөлүмдөрдү ачышы мүмкүн.

9. Аманат кассаларын жана башка обочолонгон бөлүмдөрдү ачуу тартиби жана иш өзгөчөлүгү Улуттук банк тарабынан аныкталат.

91-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалы 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык бекем абалга кынтыксыз ишкердик абройго ээ болгон чет өлкөлүк банктар, чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл органы менен Улуттук банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн шартта филиалдарын ача алышат.

2. Чет өлкөлүк банктын филиалы "филиал" деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.

3. Чет өлкөлүк банктардын филиалдары Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иштейт. Чет өлкөлүк банктардын филиалдарын лицензиялоо жана алардын иш өзгөчөлүгү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу өтүнүчү алты ай ичинде каралат. Улуттук банктын Башкармалыгы өтүнүчтү кароо мөөнөтүн алты айга узартышы мүмкүн.

5. Чет өлкөлүк банктын филиалын ачуу үчүн чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн банктык көзөмөл органынын расмий макулдугу талап кылынат. Чет өлкөлүк банктар өз филиалдарына Улуттук банктын банк капиталына карата талаптарына ылайык келген өлчөмдө кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет.

6. Чет өлкөлүк банктын филиалына лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, ошондой эле толук эмес маалыматтар же анык эмес документтер берилген учурда;

2) башкы чет өлкөлүк банк Улуттук банк тарабынан белгиленген кынтыксыз ишкердик аброй жана финансылык туруктуулук критерийлерине ылайык келбесе;

3) башкы чет өлкөлүк банктын ушул Мыйзамдын банктын уюштуруучуларына карата талаптарына ылайык келбесе;

4) эгерде башкы банк тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) эгерде филиалда кызмат ордун ээлөөгө талапкер адамдар (кызмат адамдары) банктык мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

6) эгерде филиалдын имарат-жайы жана жабдуулары, ички контролдук тутуму, техникалык, маалымат тутуму жана коопсуздук тутуму белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

7) эгерде чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл режими таасирдүү банктык көзөмөлдү, анын ичинде консолидацияланган негиздеги көзөмөлдү камсыз кылбаса, ошондой эле маалымат алмашууну кошо алганда, аны менен талаптагыдай кызматташуу жөнгө салынбаса.

7. Чет өлкөлүк банктын филиалы лицензия берүү шарттарына байланыштуу же ага тиешелүү болгон бардык өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү.

8. Чет өлкөлүк банктын филиалынын лицензиясын кайра чакыртып алуу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча жана тартипте жүргүзүлөт.

9. Улуттук банк лицензия берүү, берүүдөн баш тартуу негиздери жана чет өлкөлүк банктын филиалынан лицензияны кайра чакыртып алуу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыялайт.

92-берене. Банктын өкүлчүлүгү 

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын таламында өкүлчүлүктү ишке ашырган, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банктык операцияларды эске албаганда, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген аракеттерди жасаган банктын өзүнчө бөлүмү өкүлчүлүк болуп саналат.

2. Өкүлчүлүккө банктын мүлкү берилет, ал банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Банк өз өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчиликтүү болот.

3. Банкын өкүлчүлүгүн каттоо тууралуу банк беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.

4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт.

5. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачуу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра чакыртып алууга укуктуу.

93-берене. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү 

1. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен чет өлкөлүк банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.

2. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартибин жана алардын ишине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

3. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет-сайтына жарыялайт.

4. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн аталышын, жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт.

5. Өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра чакыртып алууга укуктуу.

94-берене. Банктардын союздары, ассоциациялары жана бирикмелери 

1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды көздөө, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригип, союздарды, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.

2. Банктардын бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

3. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана башка бирикмелери өздөрүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш.

4. Банктарга өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык ставкаларды, тарифтерди жана комиссиялык акыны белгилөө маселелеринде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

95-берене. Банкты өзгөртүп түзүү 

1. Банкты өзгөртүп түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.

2. Банкты өзгөртүп түзүү Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

3. Банктарды өзгөртүп түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

17-глава. Банкты башкарууну уюштуруу 

96-берене. Банктын башкаруу органдары 

1. Банктын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушу;

2) банктын Директорлор кеңеши;

3) банктын Башкармалыгы.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы белгиленбесе, банктын башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Банк ишин жана каржылоону ислам принциптерине ылайык ишке ашырган банкта Шариат кеңеши иштөөгө тийиш.

Шариат кеңеши - банктын саясаттарынын жана типтүү келишимдеринин Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жооп берген банктын органы. Шариат кеңешинин курамына Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген адамдар кириши мүмкүн.

97-берене. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу 

1. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу банкты башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Банктын акционерлери банк ишинин коопсуздугу, таза жана ишенимдүү иштөөсү максатында өз укуктарын жана милдеттерин ак ниет жана акыл-эстүүлүк менен жүзөгө ашырууга милдеттүү.

3. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чакырылат жана өткөрүлөт.

4. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу, эгерде анда акционерлер же уставдын талабына ылайык банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын алтымыштан ашык пайызына ээ болгон мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу деп таанылат.

Кворум жок учурда банктын Башкармалыгы бир айлык мөөнөттө акционерлердин жалпы чогулушун кайталап чакырууга милдеттүү, ал эгерде анда акционерлер же банктын добуш берүүчү акциялары жайгаштырылган добуштардын кырк пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон алардын мыйзамдуу өкүлдөрү катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болуп эсептелет.

5. Кворумду эсептөөдө жана добуш берүүдө ушул Мыйзамдын 86 жана 146-беренелеринин жоболору эске алынат.

6. Акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу милдеттүү чакырылат, эгерде:

1) банктын капиталы Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе;

2) Директорлор кеңешинин курамында бош орун пайда болуп, кворум жок болсо;

3) тышкы аудитор келишимди бузса же башка себептер боюнча аудитти улантууга мүмкүнчүлүгү жок болсо.

7. Улуттук банк тарабынан аныкталган күн тартибинде жана көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, бирок Улуттук банк мындай талап койгон күндөн тартып он күн өткөндөн кийин ал акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын чакырууну талап кылууга укуктуу.

8. Улуттук банк акционерлердин алдыдагы жалпы чогулушу боюнча кандай маалыматты болбосун талап кылууга укуктуу.

9. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктары банкта Убактылуу администрация режиминин киргизилишине байланыштуу чектелиши мүмкүн.

98-берене. Банктын акционерлеринин реестри 

1. Банктын акционерлеринин реестри Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу - көз карандысыз реестр кармоочу тарабынан жүргүзүлөт.

2. Банктын акционери акцияларга менчик укугунун өтүшүн каттоого байланышкан бардык өзгөрүүлөр тууралуу көз карандысыз реестр кармоочуга маалымдоого милдеттүү.

3. Көз карандысыз реестр кармоочу акционерлер реестриндеги бардык өзгөрүүлөр тууралуу банкка, алардын ортосундагы келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө маалымдоого милдеттүү.

4. Улуттук банктын жана банктын талабы боюнча аларга көз карандысыз реестр кармоочу банктын акционерлеринин реестриндеги ар кандай маалыматты берүүгө милдеттүү.

5. Банк Улуттук банк белгилеген тартипте акционерлердин юридикалык ишин түзүүгө милдеттүү.

6. Банктын акционерлери юридикалык ишке киргизүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген тизме боюнча жана көлөмдө банкка маалымат берүүгө милдеттүү.

Банк тарабынан суралган маалыматты берүүдөн баш тарткан учурда Улуттук банк акционерден ага тиешелүү акцияларды аны менен байланышы жок жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууну талап кылууга укуктуу. Мындай болбосо Улуттук банк ошол акционердин акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу жөнүндө өтүнүчү менен сотко кайрылат.

7. Эгерде банктын капиталында олуттуу катышууга ээ болуу, өзгөртүүлөр же ээликтен ажыратуу фактысы жөнүндө ага маалым болсо, банк дароо бир жумуш күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.

99-берене. Банктын Директорлор кеңеши 

1. Банктын Директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу банктын башкаруу органы.

Директорлор кеңеши банктын эң жогорку кызыкчылыктары үчүн иштөөгө, бардык акционерлерге бирдей мамиле жасоо принцибин сактоого тийиш жана банктын акционерлеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы чогулушунда өз иши жөнүндө акционерлерге отчет берип турууга милдеттүү.

2. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү маселелер кирет:

1) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү;

2) банктын шайкеш ички контролдук тутумун уюштуруу;

3) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү, көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;

4) Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле ички жана тышкы аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасын кароо жана алардын жыйынтыктары боюнча чара көрүү;

5) ички аудит, тобокелдик менеджментинин жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилерин бекитүү, аларга эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;

6) банктын уставында каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.

3. Банктын Директорлор кеңеши банк ишиндеги тобокелдиктерге ылайык капиталдын шайкеш деңгээлин сактоо максатында баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуу тутумун жөнгө салынышы үчүн жоопкерчиликтүү.

4. Банктын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес так санда болууга тийиш.

Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш.

5. Банктын Директорлор кеңешинин жыйыны квартал ичинде кеминде бир жолу өткөрүлөт. Директорлор кеңешинин жыйыны, ага анын курамынын кеминде 2/3 катышса, банктын уставында андан ашык кворум каралбаса, чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) деп эсептелет. Директорлор кеңешинин чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Директорлор кеңешинин мүчөсүндө таламдардын кагылышуусу пайда болгон учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

6. Жыйынды өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн маалымдоо тартиби жана мөөнөтү, жыйындарды өткөрүү жана банктын Директорлор кеңешинин чечимдерди кабыл алуу тартиби Директорлор кеңешинин регламенти менен аныкталат. Директорлор кеңешинин чечиминин жазуу жүзүндө сурамжылоо усулунда кабыл алынышы Директорлор кеңешинин жыйындарынын коммуникация каражаттарын колдонуу менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү Банктын уставында каралышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир жыйынында банктын корпоративдик катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучунун жана банктын корпоративдик катчысынын колу коюлат.

7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүнчү жактын алдында банктын милдеттенмелерин түзүүчү банктын чечимдери үчүн милдеттенмелерди Директорлор кеңешинин жыйындарынан тышкары өз алдынча кабыл ала албайт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кандай документ болбосун таанышып чыгуусуна, банк кызматкерлеринен банктын иши жөнүндө ар кандай зарыл маалыматтарды алуусуна чек коюлбайт.

8. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү кеңештин жыйынына катышпаса, ал Директорлор кеңешинин жыйынынын протоколу жана чечимдери менен кол коюу аркылуу, таанышып чыгууга милдеттүү. Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү Банктын Директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликтүү болушат. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн пикири боюнча Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган чечим банктын финансылык туруктуулугуна, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч туудурса, ал бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

9. Банкта банкроттук коркунучунун белгилери пайда болгон учурда банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) банкроттуктун алдын алуу боюнча шашылыш зарыл чараларды көрүүгө;

2) акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын кечиктирбестен чакырууга;

3) банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгондугу жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу маселесин Директорлор кеңеши карап чыгышынын натыйжалары, ошондой эле банкроттукту алдын алуу боюнча шашылыш көрүлүүчү жана пландаштырылып жаткан чаралар жөнүндө Улуттук банкка дароо маалымдоого.

100-берене. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жана бошотуу 

1. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланат. Банктын уставы бир эле адам шайланган мөөнөттөрдүн санын чектей алат.

2. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын талабына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик даярдыкка жана иш тажрыйбага ээ болгон жеке жактар гана банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп шайланышы мүмкүн. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишими же ушундай эле макулдашуулар жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга карата жайылтылбайт.

3. Төмөнкүдөй адамдар банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү боло албайт:

1) банктын Башкармалыгынын мүчөсү болуп саналган же банкта башка кызматты ээлеген;

2) Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун кызмат адамы же маанилүү акционери болуп саналган;

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген, ошондой эле мыйзамдарга ылайык же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган.

4. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумга жетпеген санга чейин азайган учурда банктын Башкармалыгы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулгандан датадан тартып беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.

5. Директорлор кеңешинин мүчөсү тарабынан бул Мыйзамдын ченемдери бузулган учурда Улуттук банктын чечими боюнча банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү четтетилген мезгилге карата акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.

6. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү төмөнкү учурларда Улуттук банктын чечими боюнча ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:

1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса;

2) таламдардын кагылышын жашыргандыгы же банктын бүтүмү түзүлүшүнө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса;

3) эгерде ошол адам квалификациялык талапка, кынтыксыз ишкердик абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө тастыктаган маалыматты жашырган болсо;

4) Улуттук банктын баасы боюнча Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе.

7. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн четтетүү же бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, ал кабыл алынган күндөн тартып дароо күчүнө кирет.

101-берене. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү 

1. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул шайлоо учуруна карата:

1) ошол банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштагы кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген;

2) акыркы беш жыл аралыгында тиешелүү банктын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон жана болуп көрбөгөн же болбосо банк менен байланыштагы юридикалык жактардын Башкармалыгынын мүчөсү болбогон;

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, ошол банктан же банкка байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган;

4) ушул банк же банк менен байланыштыгы бар кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (зайымдарды берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон;

5) ушул банктын же банк менен байланыштыгы бар жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган;

6) ушул банктын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана банктын ишине олуттуу катышуучу же банктын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган;

7) акыркы беш жыл ичинде бул банктын Директорлор кеңешинин курамына кирбеген;

8) ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында эске алынган жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам.

102-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери 

1. Банктын Директорлор кеңеши өз иш-милдеттерин аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультациялык органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын иш-милдетин да аткарбайт.

2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:

1) тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет;

2) аудит боюнча комитет;

3) дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет.

Банкта Жаңы продуктылар боюнча комитет, Комплаенс-контроль боюнча комитет жана башка комитеттер түзүлүшү мүмкүн.

3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.

103-берене. Банктын корпоративдик катчысы 

1. Банкта корпоративдик катчынын кызмат орду уюштурулууга тийиш. Корпоративдик катчы банктын кызмат адамы болуп эсептелет, банктын Директорлор кеңеши тарабынан шайланат. Банктын корпоративдик катчысынын өз алдынча кызматын банктагы башка милдеттерди аткаруу менен айкалыштырууга банктын Директорлор кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.

2. Корпоративдик катчы акционерлердин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин протоколдорун жүргүзөт, алардын чечимдеринин аткарылышына контролду ишке ашырат, банктын башкаруу органдарынын ортосунда талаптагыдай корпоративдик өз ара аракеттенүүнүн камсыздалышына көмөк көрсөтөт жана Улуттук банк тарабынан аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

104-берене. Банктын Башкармалыгы 

1. Банктын Башкармалыгы банктын аткаруучу органы болуп саналат. Банктын Башкармалыгынын компетенциясына банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун жана Директорлор кеңешинин компетенциясына гана кирген маселелерден тышкары, банктын күндөлүк ишин жетектөө боюнча бардык маселелер кирет. Банктын Башкармалыгы банктын акционерлеринин жалпы чогулушу жана Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамдуу чечимдердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү.

2. Банктын Башкармалыгынын компетенциясы, иш-тартиби жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдар жана банктын уставы менен белгиленет.

3. Банктын Башкармалыгы бештен кем эмес адамдан турууга тийиш. Башкармалыктын мүчөлөрү банктын уставында каралган, бирок беш жылдан ашпаган мөөнөткө дайындалышат. Башкармалыктын мүчөлөрү кайрадан дайындалышы мүмкүн.

4. Банкты уюштуруу учурунда Башкармалыктын мүчөлөрү алгач банктын уюштуруучулары тарабынан дайындалат, ал эми кийин алар банктын Директорлор кеңеши тарабынан кызматка дайындалат.

5. Эмгекке толук жөндөмдүү жана Улуттук банктын кынтыксыз ишкердик абройго, кесиптик жарамдуулукка жана иш-тажрыйбага карата белгиленген талаптарына ылайык келген жеке жак гана банктын Башкармалыгынын мүчөсү боло алат.

6. Банктын Башкармалыгына банктын Директорлор кеңеши дайындаган Башкармалыктын төрагасы жетекчилик кылат. Башкармалыктын төрагасынын орун басарлары кызмат орундары боюнча Башкармалыктын мүчөлөрү болуп саналат. Банктын Башкармалыгынын мүчөлөрү банктын Башкармалыгынын төрагасынын сунушу боюнча банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалат.

7. Төмөнкүлөр банктын Башкармалыгынын мүчөсү боло албайт:

1) банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп саналган адам же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун кызмат адамы болуп саналган адам;

2) банктын капиталына олуттуу катышууга ээ болгон акционер же Улуттук банктын көзөмөлүндө турган башка банктын же банктык эмес финансы-насыялык уюмдун олуттуу акционери болуп саналган адам;

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербеген ар кандай башка адам, ошондой эле мыйзамдар же соттун чечими боюнча мындай кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган адам.

8. Башкармалыктын мүчөсү ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган учурда Улуттук банктын чечими боюнча банктын Башкармалыгынын мүчөсү четтетилген учурга карата эмгек акысы төлөнбөстөн, өз милдеттерин аткаруудан четтетилиши мүмкүн.

9. Банк Башкармалыгынын мүчөсү Улуттук банктын чечими боюнча төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:

1) кынтыксыз кызматтык аброюнан ажырап калса;

2) таламдардын кагылышын жашыргандыгы же банктык бүтүмдү түзүүгө кызыкдар экендиги жөнүндө факты аныкталса;

3) эгерде адам квалификациялык талапка, кынтыксыз кызматтык абройго жана көз карандысыздыкка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө тастыктаган маалыматты жашырган болсо;

4) Улуттук банктын баасы боюнча Башкармалыктын мүчөсүнүн аракеттери же аракетсиздиги банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч алып келсе.

10. Банктын Башкармалыгынын мүчөсүн четтетүү же ишинен бошотуу жөнүндөгү Улуттук банктын чечими, мындай чечим чыгарылган күндөн тартып күчүнө кирет.

11. Банктын Башкармалыгынын жыйыны зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Эгерде банктын уставында өтө жогору кворум белгиленбесе, банктын Башкармалыгынын жыйыны анын курамынын кеминде 2/3 катышса, чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) деп эсептелет. Банктын Башкармалыгынын чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Башкармалыктын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Банктын  Башкармалыгынын мүчөсүндө таламдардын кагылышуусу келип чыккан учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

12. Банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколун Башкармалыктын катчысы жүргүзөт. Банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучу, банктын Башкармалыгынын жыйынга катышып олтурган мүчөлөрү жана банктын Башкармалыгынын катчысы кол коёт. Эгерде банктын Башкармалыгынын мүчөсү банктын Башкармалыгынын жыйынына катышпай калса, ал кийинчерээк банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколу менен кол коюу аркылуу таанышууга милдеттүү.

13. Банктын Башкармалыгынын төрагасы жана мүчөлөрү банктын Башкармалыгынын жыйындарында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчиликти тартат. Эгерде Башкармалыктын мүчөсүнүн пикири боюнча банкта кабыл алынган чечимдер анын финансылык туруктуулугуна, насыя берүүчүлөрдүн укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына коркунуч алып келе турган болсо, Башкармалыктын мүчөсү банктын Директорлор кеңешине бул тууралуу маалымдоого милдеттүү. Эгерде Директорлор кеңеши Башкармалыктын мүчөсүнүн маалыматын этибарга албаса, банктын Башкармалыгынын мүчөсү бул жөнүндө Улуттук банкка билдирүүгө укуктуу.

105-берене. Ички контролдоо тутуму 

1. Ички контроль - банктын төмөнкү максаттарга жетишүүсүнө багытталган үзгүлтүксүз процесс:

1) иштин натыйжалуулугуна жана жыйынтыгына, активдерди жана пассивдерди башкаруунун натыйжалуулугуна, активдердин сакталышын камсыздоого, тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга;

2) ички жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык, жөнгө салуучу жана башка отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн, толуктугун, объективдүүлүгүн жана өз учурунда түзүлүшүн жана берилишин камсыздоо;

3) мыйзамдуулукту жана банктын ички ченемдик укуктук документтерин сактоо.

2. Банктын ички контролдоо тутуму төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:

1) банктын башкаруу органдарынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызмат адамдарынын компетенциясын, ыйгарым укуктарынын жана жоопкерчиликтеринин бөлүнүшүн, банктагы акы төлөө тутумун караган банктын тиешелүү уюштуруу түзүмүн;

2) тиешелүү ички маалымат тутумун жана өз учурунда чечим кабыл алууга, маалымат коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берген башкаруу органдарына маалымдоо тутумун;

3) тобокелдиктерге, тобокелдиктерди башкаруу жана аларды баалоо тутумдарына туруктуу байкоо жүргүзүүнү;

4) ички контролдун тиешелүү жол-жоболорун;

5) ички контролдоо тутумун анын кемчиликтерин аныктоо жана өркүндөтүү максатында мезгил-мезгили менен өзүн-өзү баалоо.

3. Банктын Директорлор кеңеши банктын ички контролдоо тутумунун талаптагыдай уюштурулушун жана иштешин камсыз кылууга милдеттүү.

4. Ички контролдоо тутумун уюштуруу жана иштетүү боюнча банктарга карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

106-берене. Ички аудит, тобокелдик менеджменти жана комплаенс-контролдоо 

1. Банкта милдеттүү түрдө туруктуу негизде иштеген, Директорлор кеңешине отчет берип турган ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтары иштейт.

2. Ички аудит, тобокелдик-менеджменти жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын ишине карата талаптар жана алардын компетенциясы Улуттук банк тарабынан аныкталат.

107-берене. Банктын кызмат адамдары 

1. Банктын милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарынын тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталат.

2. Банктын кызмат адамдарына талапкерлер белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө жана жетиштүү иш-тажрыйбага, кынтыксыз кызматтык абройго ээ болууга тийиш. Кызмат адамдарына талапкерлерге карата талаптар, аларды макулдашуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

108-берене. Кынтыксыз кызматтык аброй 

1. Банктын олуттуу катышуучулары жана алардын аффилирленген жактары, банктын кызмат адамдары, ошондой эле банк менен байланышкан жактар ушул Мыйзамга ылайык кынтыксыз кызматтык абройго ээ болууга тийиш.

2. Жак (жеке же юридикалык) төмөнкү учурларда кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет:

1) эгерде экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар болсо;

2) эгерде өзү мажбурлап жоюлууга, банкроттукка дуушар болсо же сот тарабынан юридикалык жактын олуттуу катышуучусу же башкаруу органынын мүчөсү катары анын аракеттери же аракетсиздиги банкроттукту кошо алганда, мажбурлап жоюлууга алып келген деп таанылган болсо;

3) эгерде соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишти жүргүзүүгө укуксуз же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укугу жок болсо;

4) эгерде жак соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз кызматтык аброюнан ажыраса;

5) эгерде кызмат адамы Улуттук банктын Башкармалыгынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулса;

6) эгерде жак банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуусу боюнча ушул Мыйзамдын талаптарын бузууга атайылап жол берсе;

7) эгерде өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттук чечим бар болсо;

8) эгерде жак Улуттук банкка атайылап такталбаган маалыматтарды жана документтерди берсе.

3. Таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде кызматынан бошотулганганына байланыштуу кынтыксыз ишкердик аброюн жоготкон банктын кызмат адамдары чектөөлөр белгиленген мөөнөт ичинде: Улуттук банктын чечими күчүнө кирген күндөн тартып 5 жана андан көп жыл аралыгында Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат орундарына кайрадан талапкер боло алышпайт. Кынтыксыз ишкердик абройду жоготуу себептерине жараша чектөөлөрдүн айкын мөөнөтү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

4. Ушул беренеде көрсөтүлгөн жак деп Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин ар кандай жеке жана юридикалык жактары түшүнүлөт. Мыйзамдар, соттор жана компетенттүү органдар деп Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мыйзамдары, сот жана компетенттүү органдары түшүнүлөт.

109-берене. Банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттери 

1. Банктын кызмат адамдары банктын мыкты таламында ак ниеттүү жана акылга сыярлык иштөөгө милдеттүү, бул алар тарабынан төмөнкү талаптардын сакталышын болжолдойт:

1) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана банктын уставынын талаптарын сактоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аракеттенүү;

2) берилген ыйгарым укуктарды алар көздөп берилген максаттарда колдонуу;

3) алгылыктуу мөөнөттөрдө жеткиликтүү маалыматтарды алуу үчүн мүмкүн болушунча күч-аракеттерди жумшагандан кийин жеке квалификациясынын жана иш-тажрыйбасынын негизинде ойлонулган чечимдерди кабыл алуу;

4) таламдардын кагылышына жол бербөө боюнча талаптарды сактоо, таламдардын кагылышы келип чыккандыгы тууралуу банктын башкаруу органдарына өз учурунда билдирүү;

5) бир акционердин таламын башкалардын таламынан жогору койбостон акционерлерге карата теңдештик принциптерин сактоо;

6) бардык белгилүү болгон банктын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген инциденттер жөнүндө банктын башкаруу органдарына билдирүү.

2. Улуттук банк банктын кызмат адамдарынын фидуциардык милдеттерине карата башка талаптарды белгилөөгө укуктуу.

110-берене. Таламдардын кагылышуусуна жол бербөө 

1. Банктын Директорлор кеңеши банк ишинин бардык деңгээлинде таламдардын каршы келип калышын идентификациялоо жана ага жол бербөө боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш.

2. Банк таламдардын кагылышуусуна байланышкан банктын ишиндеги ыктымалдуу коркунучтар жөнүндө банктын жетекчилигине маалымдоо жол-жоболоруна ээ болууга тийиш.

3. Банктын кызмат адамы кызматка дайындалганга (шайланганга) чейин жакын туугандарынын тизмесин банкка берүүгө милдеттүү. Банк менен өзүнүн ортосунда таламдардын кагылышы келип чыккандыгы жөнүндө билген кызмат адамы же банк кызматкери ал тууралуу банктын Башкармалыгына жана/же Директорлор кеңешине дароо билдирүүгө милдеттүү.

4. Банк орун алган таламдардын кагылышуусу жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш.

5. Таламдардын кагылышуусунун өз учурунда аныкталбагандыгы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

18-глава. Банк иши 

111-берене. Банк иши жана банк операциялары 

1. Банк лицензиясында түздөн-түз көрсөтүү менен улуттук жана/же чет өлкө валютасында төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырат:

1) келишимдик шарттарда өзүнүн атынан аманаттарды тартуу;

2) келишимдик шарттарда өздүк жана/же тартылган каражаттарды өзүнүн атынан жайгаштыруу;

3) эсептерди ачуу жана жүргүзүү;

4) кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө;

5) насыялык жана төлөмдүк карточкаларды кошо алганда, төлөм документтерин (чектерди, аккредитивдерди, векселдерди жана башка документтерди) чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана ырастоо;

6) үчүнчү жактардан милдеттенмелерин акчалай түрүндө (факторинг) аткаруусун талап кылуу укугуна ээ болуу;

7) жөнөкөй жана которулма векселдерди (форфейтинг) сатып алуу жолу менен карыз милдеттенмесин төлөө;

8) карыздык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу;

9) банктык кепилдиктерди берүү;

10) кардарлардын акча которууларын, анын ичинде эсеп ачуусуз жүзөгө ашыруу;

11) Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктары үчүн корреспонденттик эсептерди ачуу жана жүргүзүү;

12) кардарлар үчүн чет өлкөлүк валютадагы эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардардын атынан чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу (алмашуу) операцияларын ишке ашыруу;

13) өзүнүн атынан чет өлкөлүк валютаны сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу);

14) баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу (банктык алтын, күмүш, платина жана жогорку пробадагы ушул металлдардан жасалган монеталар менен гана);

15) туунду финансылык инструменттер (деривативдер) менен операцияларды ишке ашыруу;

16) электрондук акчаларды чыгаруу;

17) маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм тутумдары аркылуу өз ишинин жыйынтыгы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү;

18) ушул процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетеп чыгуу жана берүү.

2. Банктар төмөнкүдөй иш-аракеттерди жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга укуктуу:

1) үчүнчү жактар үчүн кепилдиктерди жана башка милдеттенмелерди берүү;

2) баалуу кагаздарды чыгаруу, сатып алуу, сатуу, тейлөө, ошондой эле депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү;

3) жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктөрдү (акча каражаттарын кошпогондо) ишеничтүү башкаруу;

4) жеке жана юридикалык жактарга баалуулуктарды сактоо үчүн сейфтерди ижарага берүү;

5) банк алдындагы милдеттенмелердин ордун жабуу үчүн күрөөлүк мүлктөрдү сатуу;

6) инвестициялык кызмат көрсөтүүлөр;

7) банк ишине байланыштуу консультациялык кызмат көрсөтүүлөр;

8) финансылык лизинг боюнча бүтүмдөрдү түзүү;

9) финансылык агент катары кызмат көрсөтүүлөр.

3. Эгерде бул Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди банктар жүзөгө ашырат. Банк анын негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон же банк ишине байланыштуу иштерди гана жүргүзүшү мүмкүн.

4. Банк Улуттук банктын макулдугу менен лицензиялануучу иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.

5. Банк келишимдин негизинде банкка зарыл болгон кызматтарды көрсөтүү үчүн (аутсорсинг) башка жакты ишке тартууга укуктуу. Аутсорсингге карата талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

6. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялардын, бүтүмдөрдүн жана типтүү келишимдердин тизмегин жана аларды жүргүзүүнүн тартибин белгилөөгө укуктуу. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери боюнча каражаттарды жайгаштыруу Улуттук банктын ченемдик талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.

7. Айрым банк операциялары, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операциялар банктык эмес финансы-насыялык уюмдар жана башка юридикалык жактар тарабынан Улуттук банк тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү болгон шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

8. Банктарга ар кандай утуштарды, лотереяларды жана башка ушул сыяктуу "оюн" иш-чараларын уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга, ошондой эле аларды жарнамалоого жана жарыялоого тыюу салынат. Банктар Улуттук банктын талаптарына ылайык маркетингдик иш-чараларды жүзөгө ашыра алат.

9. Банк операцияларын, башка иштерди жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруунун талаптары, шарттары жана өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

112-берене. Насыя берүү 

1. Банк жоопкерчиликтүү насыя берүү принциптерин жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен насыя берүүнү ишке ашырууга тийиш.

2. Банк банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүчү насыя саясатына ээ болууга тийиш.

3. Банкта насыялык тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуу тутуму иштөөгө тийиш.

4. Директорлор кеңеши банктын насыя саясатынын, лимиттердин, насыя тобокелдиктерин башкаруу өбөлгөлөрүнүн жана жол-жоболорунун тутумунун, насыя тобокелдиктерин башкаруу боюнча ички контролдоо жана ички аудит тутумунун шайкештигин мезгил-мезгили менен жылына кеминде бир жолу кайрадан карап чыгууга милдеттүү.

5. Банк бүтүндөй банктык продуктыларда, операцияларда жана банк ишинде орун алган насыялык тобокелдиктерди башкарууга тийиш.

6. Банкта Улуттук банктын насыя берүүгө жана насыя тобокелдигин башкарууга карата талаптарын эске алуу менен насыя берүүнүн тартиби белгиленет.

7. Каражаттарды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптеринин спецификасын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.

113-берене. Банктын инвестициялары 

1. Банк төмөнкү талаптарды жана чектөөлөрдү сактоо менен инвестицияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн:

1) банктын банктык эмес уюмдарга катышуусу узак мөөнөттүү инвестициялоо катары ишке ашырылууга тийиш;

2) ар бир банктык эмес уюмга кандай гана инвестиция болбосун, финансылык салымдарды жана насыяларды кошо алганда, өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучулук) капиталынын он беш пайызынан азыраагын түзүүгө тийиш. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын алтымыш пайызынан ашпайт;

3) кыймылсыз мүлккө инвестициялардын өлчөмү белгиленген лимиттерден ашпоого тийиш;

4) өз ара байланыштуу жактар бир жак катары каралат.

2. Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктын инвестициялык саясатына карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Инвестицияларды жүзөгө ашыруу боюнча банктарга карата башка талаптар жана чектөөлөр жана алардын банктын капиталына тийгизген таасири Улуттук банк тарабынан аныкталат.

114-берене. Банктын кыймылсыз мүлкү 

1. Банк кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жерди Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык сатып алууга, ижарага алууга, ижарага берүүгө жана ээликтен ажыратууга укуктуу.

2. Улуттук банк кыймылсыз мүлккө байланышкан эсебин алуу, кармап калуу мезгилин баалоого карата талаптарды аныктоо маселелери жана башка маселелер боюнча талаптарды белгилейт.

115-берене. Банк менен байланыштуу жактар жана кызыкдар болгон бүтүмдөр 

1. Банк менен байланыштуу жактар - булар:

1) банктын кызмат адамдары жана алардын жакын туугандары;

2) банктын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу жактар;

3) банкынын жана анын кызмат адамдарынын олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар;

4) ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн юридикалык жактардын байкоочу жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;

5) жеке адамдар - ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын жакын туугандары;

6) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу катышы бар жана/же контролду жүзөгө ашыруучу адамдар кирген юридикалык жактар.

2. Улуттук банк тарабынан белгиленген сандан ашкан суммада банк менен банкка байланыштуу жактардын ортосундагы бүтүмдөр кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр болуп саналат.

3. Акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпаган, кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. Эгерде Директорлор кеңеши кворумдун жоктугунан улам мындай чечимди кабыл ала албаса, мындай бүтүмдү түзүү жөнүндө маселе банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун кароосуна жиберилет.

4. Акчалай наркы Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашкан, кызыкдар болуу менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө чечим банктын акционерлеринин жалпы жыйыны тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн.

5. Банктын бүтүм түзүүгө кызыкдар болгон жагы ошол маселени талкуулоого жана добуш берүүгө катыша албайт, ошондой эле чечимдин кабыл алынышына башка ыкма менен таасир эте албайт.

6. Бүтүмдүн ишке ашырылышына кызыкдар жак экендиги өзүнө маалым болору менен ошол жак дароо эле жазуу жүзүндө бүтүмгө канчалык даражада кызыкдар экендиги жана/же бүтүмдүн экинчи тарабы менен өз ара мамилесинин даражасы тууралуу маалыматтарды банкка ачып берүүгө милдеттүү.

7. Банк банк менен байланышкан жактардын реестрин жүргүзүүгө тийиш. Реестрди жүргүзүүгө карата талаптарды Улуттук банк аныктайт.

116-берене. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосундагы операцияларга жана бүтүмдөргө карата талаптар жана чектөөлөр 

1. Банк банк менен байланыштуу жактарга төмөнкү учурларда насыя берүүгө укуксуз:

1) акыркы отчеттук күнгө карата учурдагы чыгашалары болсо;

2) эгерде банк менен байланыштуу бир адамга банк тарабынан берилген бардык насыялардын жана аларды алмаштыруучулардын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашса;

3) эгерде банк менен байланыштуу бардык жактарга берилген насыялардын жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы Улуттук банк белгилеген өлчөмдөн ашса.

2. Эгерде Улуттук банк тарабынан башкасы каралбаса, мындай операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттары ачык рыноктук шарттарда ишке ашырылган ушундай эле операцияларга жана бүтүмдөргө салыштырганда алда канча ыңгайлуу болсо, банк банк менен байланыштуу жактар менен ар кандай операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга укуксуз.

3. Ачык түзүлүүчү келишимдерден тышкары, Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашкан суммада банктын банк менен байланыштуу жактар менен бүтүмдөрү жана операциялары банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.

4. Банктын туунду компаниялары, эгерде мындай операциялар жана бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарына ылайык келсе, банк менен байланышкан жактар менен операцияларга жана бүтүмдөргө катыша алат.

5. Банк ар кандай жак менен ага төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз:

1) банк менен байланыштуу жактан алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка жол менен аткарууга;

2) банк менен байланыштуу жактан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга;

3) банк менен байланыштуу жак тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга.

6. Эгерде банк менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжасында банктын финансылык абалы начарласа жана ал финансылык кыйынчылыктарга алып келип, ошондон улам аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына коркунуч туулса, анда мындай операциялардын жана бүтүмдөрдүн кандайы болбосун, банктын ишке ашыруусуна тыюу салынат. Банктын финансылык кыйынчылыктарга дуушар болуу белгилери Улуттук банк тарабынан аныкталат.

7. Эгерде банктын акционерлери жана кызмат адамдары ушул Мыйзамга каршы келген жана банк үчүн чыгымдарды алып келүүчү чечимдерди кабыл алып же ал үчүн добуш берген болсо, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат.

8. Банк жана банк менен байланыштуу жактардын ортосундагы ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу аркылуу түзүлгөн ар кандай бүтүм жараксыз болуп саналат.

9. Банк менен байланыштуу жактар менен түзүлгөн банктын бардык бүтүмдөрү тууралуу маалыматты банк Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

10. Банктын банк менен байланыштуу жактар менен болгон операцияларынын жана бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүктөрүн Улуттук банк аныктайт.

117-берене. Банк ишинде коркунуч туудурууга жана аны алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбага тартууга жол бербөө 

1. Өз ишин жүзөгө ашырууда банктар аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламдарына, Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайларга жол бербөөгө, ошондой эле банктын алгылыксыз, кооптуу банктык иш тажрыйбасына тартылышына бөгөт коюуга милдеттүү. Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык иш-тажрыйбаны жүзөгө ашыруу белгилерин аныктайт.

2. Алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылган, ошондой эле банктын аманатчыларынын жана насыя берүүчүлөрүнүн таламына Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумунун туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдайды түзгөн банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.

118-берене. Чындыкка ылайык келбеген жарнамаларга тыюу салуу 

1. Банктарга банктагы иштин чыныгы абалына шайкеш келбеген жарнамаларды берүүгө тыюу салынат. Улуттук банктын талабы боюнча банк талапка жооп бербеген жарнамаларын жана башка ушуга окшош маалыматтарын белгиленген мөөнөттө өзгөртүүгө, талапка ылайык келтирүүгө же кайра чакыртып алууга милдеттүү.

2. Ушул беренеге ылайык Улуттук банктын талаптары аткарылбаган учурда Улуттук банк банктын жарнамалары чындыкка ылайык келбегендиги тууралуу маалыматты банктын эсебинен жарыялоого жана ага карата ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.

3. Банктарга саясий ишти, анын ичинде саясий партияларды жана шайлануучу кызматтарга талапкерлерди каржылоого, анын ичинде акысыз негизде каржылоого, саясий өңүттөгү жарнамаларды берүүгө, ошондой эле башкача түрдө саясий иш-чараларга катышууга тыюу салынат.

119-берене. Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча банктардын милдеттери 

Банктар кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

120-берене. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутуму 

1. Банктар аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутумуна катышат.

2. Аманаттарды милдеттүү түрдө коргоо тутумун иштетүү тартиби Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана аны пайдалануу, кепилдик учурлары келип чыкканда аманаттар боюнча компенсацияларды төлөө, ошондой эле депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, банктардын, Улуттук банктын, мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилелер жана башка ушул чөйрөдө келип чыгуучу мамилелер банк аманаттарын коргоо тууралуу мыйзам менен жөнгө салынат.

3. Банк эл аралык банктык тажрыйбада колдонулуучу депозиттерди коргоонун кошумча түрлөрүн тандай алат.

121-берене. Камакка алуу, өндүрүп алуу жана конфискация 

1. Юридикалык жана жеке жактардын банктык эсептерде же сактоо жайында турган акча каражаттарына жана башка баалуулуктары сот тарабынан гана камакка алынышы мүмкүн.

Банктык эсеп же банкта сактоодо турган баалуулуктарды камакка алынган учурда, эсеп боюнча ар кандай чыгымдоо операциялары же баалуулуктарды которуштуруу дароо токтотулат. Банктык эсептеги акча каражаттарынын айрым суммасы камакка алынган учурда, ошол сумманын өлчөмүндө азайтылбаган калдык чегинде ар кандай чыгымдоо операциялары токтотулат.

2. Жеке жана юридикалык жактардын банктык эсептерде же банкта сактоодо турган акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды өндүрүп алуу аткаруу документтеринин негизинде сот тарабынан, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык төлөм талаптарын коюу аркылуу салык органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Банктагы акча каражаттарына, баалуулуктарга жана документтерге карата тинтүү, кароо, алуу жана башка тергөө амалдары козголгон кылмыш иштери боюнча өзгөчө соттук актынын негизинде гана тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды конфискациялоо соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) негизинде гана ишке ашырылышы мүмкүн.

5. Сот же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, кызмат адамдары банктардын ишин, анын ичинде өздөрүнүн акча каражаттарын же мүлкүн тескөөлөрүнө карата чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечимин кабыл алуудан мурда, Улуттук банктан мындай чечимдин банктын насыя берүүчүлөрү жана кардарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы тутуму үчүн алып келе турган кесепеттери тууралуу сурап алууга милдеттүү.

19-глава. Эсеп, отчет жана аудит 

122-берене. Жалпы жоболор 

1. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана банктын эсепке алуу саясатына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүгө милдеттүү.

Өз ишин ислам банк ишинин жана каржылоонун принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу банк бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт жана финансылык отчетту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу стандарттарына ылайык түзөт.

2. Банктын эсепке алуу саясатында бухгалтердик эсепке алуунун жалпы принциптери, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруунун усулдары жана эрежелери камтылууга тийиш. Эгерде финансылык топко көзөмөл жүргүзүлө турган болсо, банк Улуттук банктын талаптарын эске алуу менен ошол топтун жалпы (консолидацияланган) эсепке алуу саясатын иштеп чыгууга тийиш.

3. Банкта эсепке алуу төмөндөгүдөй сыпатта уюштурулууга тийиш:

1) анын негизинде төмөнкүлөр ишенимдүү түзүлгүдөй:

а) банктын реалдуу финансылык абалын жана ишинин натыйжаларын чагылдырган эл аралык стандарттарга ылайык финансылык отчеттуулук;

б) Улуттук банктын талаптарына ылайык жөнгө салуучу отчеттуулук;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык отчеттуулуктун башка түрлөрү;

2) банктын активдерин жана келип чыккан тобокелдиктерди коопсуз жана ишенимдүү башкаргыдай;

3) банктын акционерлери жана Директорлор кеңеши банктын финансылык абалын жана кызмат адамдарынын ишин контролдой алгыдай.

123-берене. Банктагы эсепке алуу жана отчеттуулук 

1. Банктын финансылык жылы 1-январдан тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгилге белгиленет. Эгерде банк 1-январдан кийин каттоодон өткөн болсо, анда биринчи финансылык жыл банк мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып башталат жана ошол эле жылдын 31-декабрында бүтөт.

2. Банктар бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчеттордун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык финансылык отчет түзөт.

3. Консолидацияланган негизде түзүлгөн отчетторду кошо алганда, банктык, бухгалтердик жана башка отчеттордун тизмеги, берүү тариздери жана мөөнөттөрү, ошондой эле аларды бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

4. Банктар Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча акча каражаттарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан каражаттарынын (корреспонденттик эсептер) кыймылы жөнүндө кандай гана маалымат болбосун берип турууга милдеттүү.

5. Банктын Башкармалыгынын төрагасы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттордун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтардын ишенимдүүгү, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчеттордо бухгалтердик операциялардын жана окуялардын туура чагылдырылышы, бухгалтердик эсептин жана финансылык отчеттуулуктун регистрлеринин талаптагыдай сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

124-берене. Документтердин эсебин алуу жана сактоо 

1. Банк бухгалтердик эсепте жана отчетторду түзүүдө колдонулган документтердин так эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

2. Так эсепке алынууга жана сакталууга тийиш болгон документтердин тизмеги, ошондой эле аларды сактоо тартиби жана мөөнөттөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

125-берене. Банктардын аудити 

1. Банктын иши аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жыл сайын тышкы аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.

2. Банктын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы чогулушунун кароосуна сунуштоо үчүн аудитордук уюмдарды жана талапкер аудиторлорду тандайт. Банк акционерлердин жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки токсон жумуш күнүнөн кечиктирбестен аудитордук уюм жана аудиторлорго талапкерлер тууралуу Улуттук банкка билдирет. Улуттук банк банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербегендер катары аудитордук уюмду жана аудиторго талапкерлерди четке кагууга укуктуу жана ал жөнүндө билдирүү келип түшкөн күндөн тартып, он жумуш күнүнөн кечиктирбестен банкка билдирет.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында банктардын аудиттик ишин жүзөгө ашыруу укугуна тиешелүү лицензиясы бар, банктарды аудитордук текшерүүдөн өткөрүү үчүн Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берүүчү аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору боло алат.

4. Тышкы аудитор банктан көз карандысыз болууга тийиш, бул аудитордук корутундунун натыйжаларына, тыянактарга жана тышкы аудитор өз пикирин билдиришине сырттан кимдир-бирөөнүн таасирин жокко чыгарган шартта өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүүлүктү түшүндүрөт. Тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө келишимде аудитордук уюмдун өзү же анын кайсы бир аудитору же башка кызматкери, банкта эч кандай кызыкчылыкка ээ эмес экендиги, ага көз каранды эместиги, банк жана анын кызматкерлери менен эч кандай мамилеси жоктугу тууралуу билдирүүсү чагылдырылууга тийиш.

5. Аудитордук уюм жана аудитор банктан көз каранды эмес деп эсептелбейт, эгерде алар акыркы эки жылдын аралыгында:

1) банктын же анын аффилирленген жактарынын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышы бар адамдардан болсо;

2) банктын же анын аффилирленген жактарынын аффилирленген жактары болсо;

3) банкка жана анын аффилирленген жактарына башка кызмат көрсөтүүлөрдү (атайын аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, ички аудит кызмат көрсөтүүлөрү) сунуштаган жактар болсо;

4) банктын же анын аффилирленген жагынын кызматкери болсо;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

6. Банктын тышкы аудити бир эле аудитордук уюм тарабынан катары менен беш жылдан ашык жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Банктык топтун курамына кирген банктын өтүнүчү боюнча ротациялоо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

7. Тышкы аудитор төмөнкүлөр жөнүндө билингенден тартып, бир жумуш күндүн ичинде алар тууралуу Банктын Башкармалыгына, Директорлор кеңешине жана Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү:

1) банктын туруктуулугуна жана бекемдигине коркунуч келтирүүчү фактылар табылгандыгы тууралуу;

2) Убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиз болгон фактылар жөнүндө;

3) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө тышкы аудитти жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө;

4) алдамчылыктын же алдамчылык схемаларынын бети ачылгандыгы жөнүндө же акча каражаттарын "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо боюнча операциянын белгилерине туура келген бүтүмдөрдүн табылгандыгы жөнүндө;

5) тышкы аудиттин өтүнүчү боюнча кайсы бир маалыматты Улуттук банкка билдирүүдөн банктын баш тартып жаткандыгы жөнүндө;

6) аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык банкта же аффилирленген юридикалык жакта олуттуу зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон кемчиликтер же бузуулар табылгандыгы жөнүндө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

8. Тышкы аудитор Улуттук банктын талабы боюнча аудиттик текшерүүгө байланыштуу ар кандай маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүүдө купуялуулукту камтыган маалыматтын ачыкка чыгарылышы катары эсептелбейт.

9. Эгерде Улуттук банк аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келбейт деп тааныса, анда банк өз эсебинен кайрадан аудит жүргүзүүгө милдеттүү.

10. Аудитордук корутундудагы маалыматтар аудиттин эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык чагылдырылууга тийиш.

11. Банктардын тышкы аудитине карата талаптар, анын ичинде аудитордук уюмдарга жана аудиторлорго карата коюлуучу талаптар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

126-берене. Банктык топтордун аудити 

1. Эгерде банк банктык топко кирсе, бүтүндөй банктык топ милдеттүү түрдө аудитордук текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш. Банктык топко жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча топтун ар бир катышуучусу боюнча отчеттор жана консолидацияланган отчет түзүлөт.

2. Банктык топко аудит бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Банктык топко аудитти жүргүзүүгө карата талаптар, анын ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга карата алып салуулар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. Тышкы аудитор Улуттук банктын суроо-талабы боюнча банктык топко аудит жүргүзүүгө байланыштуу кандай маалымат болбосун ага берүүгө милдеттүү. Мындай маалыматтардын берилиши тышкы аудитти жүргүзүү учурунда купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.

127-берене. Аудитти жүргүзүүнүн, банктын жылдык финансылык отчетун бекитүүнүн, берүүнүн жана жарыялоонун мөөнөттөрү 

1. Финансылык жыл аяктагандан кийин банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечикпеген мөөнөттө банктын тышкы аудитин жүргүзүүнү камсыз кылууга;

2) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлгөнгө чейинки беш жумуш күнүнүн ичинде берүүгө;

3) акционерлердин жалпы чогулушунда банктын жылдык финансылык отчетунун жаңы финансылык жыл башталгандан тартып токсон күндөн кечиктирбестен бекитилишин камсыздоого;

4) Улуттук банкка аудитордук корутундунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен бирге акционерлердин жалпы чогулушунда бекитилген финансылык отчетту жана аудитордун банктын жетекчилигине жазган катын жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз беш күндөн кечиктирбестен берүүгө;

5) банктын жылдык финансылык отчетун (анын ичинде консолидацияланган - отчетту) аудитордук корутунду менен бирге жаңы финансылык жыл башталгандан тартып жүз жыйырма күндөн кечиктирбестен, Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте жана таризде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.

2. Банктын акционерлеринин жалпы чогулушу банктын жылдык финансылык отчетун аудитордук корутундусуз кароого жана бекитүүгө укуксуз.

128-берене. Банктын финансылык отчетун жарыялоо жана банк ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачып берүү 

Банк финансылык отчетун финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачуу менен жарыялоого милдеттүү.

IV БӨЛҮМ. БАНКТЫК СЫР 

20-глава. Банктык сыр 

129-берене. Банктык сыр 

1. Банктык сыр - бул келишим түзүлгөнгө чейинки мамилелерди кошо алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн, же болбосо, банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача түрдө келип чыккан бардык маалыматтар.

2. Банктык сырга төмөнкүлөр кирбейт:

1) легитимдүү ачык маалымат (мыйзамдарга ылайык жетүү эркин болгон маалымат);

2) банктын кардарын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген консолидацияланган мүнөздөгү маалымат;

3) Улуттук банк тарабынан аныкталган чектерде банк менен байланыштуу жактар тууралуу маалымат.

3. Бул главанын талаптары Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга да жайылтылат.

130-берене. Банктын сырды түзгөн маалыматты берүү 

1. Ушул беренеде башкасы каралбаса, банк банктык сырды түзгөн маалыматты кардардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен каалаган жактарга берүүгө укуктуу.

2. Банк Улуттук банкка банктык сырды түзгөн ар кандай маалыматты берүүгө милдеттүү. Улуттук банк банктык сырды түзгөн маалыматты мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо үчүн, ошондой эле банктык көзөмөлдөө максатында ушул Мыйзамда каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, башка мамлекеттердин борбордук банктарына/көзөмөлдөө органдарына жана башка жактарга берүүгө укуктуу.

3. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан төмөнкүлөргө берилет:

1) Кыргыз Республикасынын сотуна - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;

2) кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди майзамдаштырууга (адалдоого) жана террордук же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органына - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык алуу максаттары үчүн;

4) насыялык бюролорго - насыялык маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык;

5) кардардын мураскерлерине (укугун мурастоочуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укугун мурастоо) тастыктоочу документтерин көрсөткөндө, ошондой эле мураскерлик иштери боюнча алардын өндүрүшүндө турган мамлекеттик нотариалдык кеңселерге каза болгон аманатчылардын аманаттары жөнүндө - маалымат берүү жөнүндө нотариалдык кеңсенин расмий талабынын негизинде.

4. Банктык сырды түзгөн маалымат ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн ар кандай башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилиши мүмкүн.

5. Банктык сырды түзгөн маалыматты берүүдө ушул берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык банктын кардарларынын макулдугу талап кылынбайт.

131-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапка карата талаптар 

Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) суроо-талап менен кайрылган жактын толук расмий аталышы жана реквизиттери, ошондой эле маалымат алууга ыйгарым укуктуу адамды жана өткөрүп берүү ыкмасын көрсөтүү менен анын дареги, байланыш каналдары же башка байланыш түзүү маалыматтары;

2) суроо-талап жөнөтүлгөн жактын аталышы;

3) талап кылынган банктык сырды түзгөн маалыматтардын чегин жана көлөмүн көрсөтүү менен банктын кардарынын аты-жөнү;

4) банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу максаты жана суроо-талап жиберүүнүн укуктук негиздери;

5) суроо-талапка кол койгон адамдын колу, мөөрү жана ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар.

Банктык сырды камтыган маалыматтарды берүү жөнүндөгү суроо-талап ушул берененин талаптарына ылайык келбеген учурда банк банктык сырды камтыган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү.

132-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу 

1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар банк тарабынан пайдалануу үчүн төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) банктын негизги ишине байланыштуу кызматтык милдеттерди аткаруу максатында банктын кызматкерлерине;

2) мындай маалыматтар ушундай кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында зарыл болсо, банк ишине байланыштуу банкка кызмат көрсөтүүлөрдү берген жактарга;

3) консолидацияланган отчетту даярдоо максатында банкка контролду ишке ашырган жакка;

4) банк менен кардардын ортосундагы талаш маселелер боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотко. Банктын же анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттук жыйын жабык түрдө өтүшү мүмкүн.

Мындай берүү банктык сырды берүү жана ачыкка чыгаруу катары эсептелбейт.

2. Мында банк ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарга берилген банктык сырды түзгөн маалыматтын корголушун жана купуялыгын камсыздоого милдеттүү.

133-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты коргоо 

1. Банк, ошондой эле банктык сырды түзгөн маалымат берилген жана/же ачылган ар кандай жактар мындай маалыматтын талаптагыдай корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

2. Коргоо жана купуялуулук банктык сырды түзгөн маалыматтарды талаптагыдай сактоо, пайдалануу, ачыкка чыгаруу жана аларга санкциясыз кирүүдөн коргоо боюнча толук бирдей уюштуруучулук, укуктук жана техникалык чаралардын көрүлүшү аркылуу камсыз кылынат.

134-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаруу же пайдалануу үчүн жоопкерчилик 

1. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгаргандыгы же пайдалангандыгы үчүн банк, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана башка ар кандай жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Банктык сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз ачыкка чыгарган же пайдаланган учурда укуктары бузулган кардар же башка жактар ушуга байланыштуу келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

135-берене. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды алмашуу 

1. Насыялык тобокелдиктерди минималдаштыруу жана өз ара маалымат алмашуу максатында насыялык таржымалды түзүү жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануучуларга берүү үчүн юридикалык жактар түзүлүшү мүмкүн.

2. Банктар өз ара макулдашуунун негизинде банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз ара алмашууга укуктуу.

3. Ушул берененин максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалымат кардардын макулдугу менен гана жана ушул главанын талаптарын сактоо менен банк тарабынан берилиши мүмкүн.

4. Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана жүгүртүү ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу деп эсептелбейт. Насыялык маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдын максаттары үчүн берилүүчү жана жүгүртүлүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматтар деп, насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган насыялык маалыматтар түшүнүлөт. Мында насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн кардардын эсептери тууралуу маалымат күрөөнүн жүйөсү катары каралган акча каражаттары жөнүндө маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү менен чектелет, ал эми кардардын тапшыруусу боюнча аткарылган операциялар жөнүндө маалыматтар кепилдиктер же кепилчилик кылуу түрүндө берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана жүгүртүү менен чектелет.

5. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтарды өз кардарларынын - насыялык маалымат субъектилеринин макулдугу менен насыялык бюролорго берет.

Насыялык бюролор банктык сырды түзгөн маалыматтарды насыялык маалымат субъекттеринин макулдугу менен насыялык маалыматты пайдалануучуларга берет.

6. Банктар, насыялык бюролор жана насыялык маалыматтарды пайдалануучулар ортосунда банктык сырды түзгөн маалыматтардын берилиши жана жүгүртүлүшү насыялык маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын тартибинде жана ага ылайык жүзөгө ашырылат.

V БӨЛҮМ. БАНКТЫК КӨЗӨМӨЛ ЖАНА ТААСИР ЭТҮҮ ЧАРАЛАРЫ 

21-глава. Банктык көзөмөл жана экономикалык нормативдер 

136-берене. Банктык көзөмөл 

1. Улуттук банк ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык банктардын, банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын жана башка юридикалык жактардын иштерине көзөмөлдү жана жөнгө салууну ишке ашырат.

2. Банктык көзөмөл тышкы көзөмөлдү жана инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жөнгө салуучу ченемдерди чыгаруу аркылуу ишке ашырылат. Улуттук банк жеринде комплекстүү жана максаттуу текшерүү усулдарын тышкы көзөмөл менен айкалыштыруу аркылуу ар бир банк үчүн анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен көзөмөл жүргүзүү стратегиясын аныктайт.

3. Улуттук банкта банктык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу коллегиялуу орган түзүлүшү мүмкүн.

4. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн финансы секторунун ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташууну ишке ашырат.

5. Улуттук банк банктык топторго көзөмөлдү ушул Мыйзамга ылайык консолидацияланган негизде (консолидацияланган көзөмөл) ишке ашырат.

137-берене. Банктык көзөмөл жүргүзүү максаттары үчүн маалымат жана документтер 

1. Банк, анын кызмат адамдары жана башка кызматкерлер, банктын акционерлери жана банк менен байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча отчетторду, документтерди жана башка каалаган маалыматтарды өз учурунда берип турууга милдеттүү.

2. Ушул Мыйзамга ылайык банк көзөмөлүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан алынган жана банктык сырга жатпаган маалымат жана документтер купуя маалымат болуп саналат жана алар жарыяланууга же кимдир бирөөгө берилүүгө тийиш эмес.

3. Улуттук банктын купуя маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар кызматкерлерине жана башка жактарга, ушул Мыйзамда белгиленген тартиптен тышкары, башка жол менен аларды ачыкка чыгаруусуна тыюу салынат.

4. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон банктык топтун ишине тиешелүү маалыматтарды берүү тартибин алар үчүн аныктап берүүгө укуктуу.

5. Улуттук банктын насыялык регистрин кошо алуу менен Улуттук банк маалымат базасын түзөт. Насыялык регистрди түзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

138-берене. Банк үчүн экономикалык ченемдер, талаптар жана чектөөлөр 

1. Банктар үчүн экономикалык ченемдердин жана талаптардын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:

1) уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;

2) өздүк (жөнгө салуучулук) капиталдын минималдуу өлчөмү;

3) капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) стандарттары;

4) бир зайымчыга же байланышы бар зайымчылар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;

5) ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү);

6) валюталык, насыялык, операциялык жана башка тобокелдиктерди чектөө жана аларды тескөө боюнча талаптар;

7) резервдерди түзүү тартибине карата талаптар;

8) Улуттук банк тарабынан белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка түрлөрү.

2. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн өлчөмү жана аларды эсептөөнүн усулу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банк тутумдук банктарга жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга карата экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн башка өлчөмдөрүн белгилөөгө укуктуу. Тутумдуулук статусу Улуттук банк тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банк банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруучу банктар үчүн экономикалык ченемдерди жана башка милдеттүү талаптарды, ченемдерди жана лимиттерди белгилейт.

5. Банктар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

139-берене. Банктык ишке тышкы көзөмөл 

1. Банктарга тышкы көзөмөл кароого сунушталган отчеттор жана башка маалыматтар боюнча банктардын ишине талдоо жүргүзүү аркылуу, ошондой эле банк ишинин негизги багыттары боюнча банктын башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү аркылуу аралыктан, туруктуу негизде ишке ашырылат.

2. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкери банктан тиешелүү документтерди жана маалыматтарды суратууга, ошондой эле өзү көзөмөлгө алып, көмөк көрсөткөн банкка барып, анын жетекчилиги, башка кызмат адамдары жана кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрүүгө укуктуу.

3. Банктардын ишине тышкы көзөмөлдү уюштуруу, аны жүзөгө ашыруу тартиби жана ыйгарым укуктар Улуттук банк тарабынан аныкталат.

140-берене. Банктык ишке инспектордук текшерүү 

1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу кызматкерлерди банкка жөнөтүү аркылуу банк ишине мезгил-мезгили менен инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп турат.

2. Инспектордук текшерүүлөрдүн алкагында төмөнкүлөргө баа берилет:

1) банктын финансылык абалына, башкаруу сапатына жана натыйжалуулугуна;

2) банктын туруктуулугуна жана коопсуз ишине таасир этүүчү банк ишине мүнөздүү тобокелдиктерге;

3) банктын финансылык жана жөнгө салуучу отчеттуулугунун ишенимдүүлүгүнө;

4) Улуттук банктын эскертүүлөрүнүн, талаптарынын жана сунуштамаларынын банк тарабынан аткарылышына;

5) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын ченемдеринин банк тарабынан сакталышына;

6) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген башка милдеттердин жана талаптардын банк тарабынан аткарылышына.

3. Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери инспектордук текшерүүлөрдүн жүрүшүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) банктын кайсы жайына болбосун кирүүгө, каалаган документтерди жана маалыматтарды көрсөтүүнү талап кылууга, анын ичинде алардын көчүрмөлөрүн алууга;

2) тышкы аудитор, банктын кызмат адамдары жана башка кызматкерлери, ошондой эле банкка кызмат көрсөтүүчү башка жактар менен жолугушууга, ошондой эле алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү маалыматтарды алууга;

3) банкты инспектордук текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзүүгө.

4. Текшерүүгө алынган банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системаларына кирүү коддору (паролдору, PIN-коддору) тууралуу маалыматтарды кошпогондо, Улуттук банкка зарыл болгон бардык документтерди жана маалыматтарды берүүгө;

2) текшерүү жүргүзүлүүчү банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин катышуусунда банктын маалымат тутумдарына жана маалымат базасына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

3) өзүнчө орун-жай, тиешелүү техникаларды жана байланыш каражаттарын берүүгө;

4) башка кызматташууну ишке ашырууга.

5. Ушул берененин талаптары ошондой эле банктык топторго жана анын катышуучуларына, банк менен жалпы кызыкчылыктары болгон ар кандай башка компанияларга жана банк менен байланышы бар ар кандай башка жактарга жайылтылат.

6. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин Улуттук банк аныктайт.

7. Банкка жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчет Улуттук банктын купуялуулукту камтыган документи болуп саналат жана аны Улуттук банктын макулдугусуз үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы инспектордук текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюп берүү менен Улуттук банк белгилеген мөөнөттөрдө таанышууга милдеттүү.

8. Улуттук банк банктын инспектордук текшерүүсүнө аудиторлорду, эксперттерди, адистерди, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана уюмдарды тартууга укуктуу. Текшерүүгө тартылган жактар маалыматтардын купуялыгын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө талапты сактоого милдеттүү.

9. Улуттук банк жана банк көзөмөлүн жүргүзгөн чет өлкөлүк органдар тиешелүү эки тараптуу келишимдердин негизинде бири-биринин аймагында көзөмөлгө алынган субъекттер жагынан өз ара инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууга укуктуу.

22-глава. Банктык топ. Консолидацияланган көзөмөл 

141-берене. Консолидацияланган көзөмөл объекти 

1. Улуттук банк төмөнкү банктык топторго карата консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашырат:

1) банк жетектеген жана анын туунду жана/же көз каранды компанияларына;

2) банктык холдингдик компания жетектеген туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банк болуп саналат. Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же көз каранды компанияларынын бири болуп банк саналат;

3) курамына аны контролдоону бир эле жак жеке өзү же башка жактар менен биргелешип жүзөгө ашыруучу банк кирген банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жактардын тобуна.

2. Эгерде юридикалык жактардын тобунун башкы компаниясы жок болсо, анда Улуттук банктын макулдугу менен контролдоочу жак катары ыйгарым укук берилген топтун юридикалык жактарынын бири консолидацияланган отчетту жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү милдетин аткарат.

3. Улуттук банк консолидацияланган көзөмөл талаптарын колдонбоо учурларын белгилөөгө укуктуу.

142-берене. Банктык топтордун иши 

1. Банктык топко кирген компаниялар банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банктык холдингдик компаниялар менен болгон учурларда, топтун катышуучуларынын акцияларына ээлик кылууну кошо алганда, банктык жана/же финансылык ишке байланыштуу иштерди гана жүзөгө ашыра алат.

2. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун калган катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана банктык топко кирген банктык холдингдик компаниялар акционердик коом таризинде болууга тийиш.

3. Банктык топту жетектеп турган банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы компания бүтүндөй банктык топтун ишинин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топту, банктык холдингдик компанияларда жана юридикалык жактар тобун контролдогон башкы компанияларда жетектеп турган банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы, банктык топтун бардык катышуучуларынын ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыздоого тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктын финансылык абалына анын банктык топко катышуусунан улам коркунуч орун алса, банк ал тууралуу жазуу жүзүндө дароо Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.

6. Банктарга коюлган ушул Мыйзамдын талаптары банктык топко жана банктык топтун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө жана чектерде жайылтылат.

143-берене. Экономикалык ченемдер жана башка талаптар 

1. Улуттук банк банктык топтордун катышуучуларынын капиталынын шайкештигине карата талаптарды, ошондой эле банктык топ милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон башка экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт.

2. Банктык топ банктык топтун бардык катышуучуларынын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгымдарынын ордун жабуу үчүн жетиштүү болгон капиталдын тиешелүү деңгээлине ээ болууга тийиш.

3. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо боюнча саясатка жана жол-жоболорго ээ болууга тийиш. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигин камсыздоо үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктык топтун катышуучулары капиталдын шайкештигине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон бардык фактылар жана жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү.

144-берене. Тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо 

1. Банктык топтун катышуучулары өз ишинде банктык топтун каалаган катышуучусунун же бүтүндөй алганда банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өзүнө алууга тийиш эмес.

2. Банктык топ жана анын катышуучулары банктык топтун ишине, ошондой эле ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдун талаптагыдай тутумуна (саясатына) ээ болууга тийиш.

3. Банктык топ жана анын катышуучулары Улуттук банктын ири тобокелдиктери, инвестициялардын өлчөмү жана консолидацияланган негизде валюталык позицияга тиешелүү чектөөлөрүн сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди жана иштеги чектөөлөрдү минималдаштыруу боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. Улуттук банк банктык топтун катышуучуларынын ортосундагы бүтүмдөр жана операциялар боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Банктык топтун башында турган банк банктык холдингдик компания жана юридикалык жактардын тобун контролдоочу башкы компания ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө тутумуна карата Улуттук банктын талаптарынын банктык топ тарабынан сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат.

145-берене. Банктык топтор берген отчеттор жана маалыматтар 

1. Банктык топ Улуттук банк тарабынан, анын ичинде банктык топтордун катышуучуларына - Кыргыз Республикасынын резидент эместерине карата да белгиленген тизмекте, тариз боюнча көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө өз иши жөнүндө консолидацияланган отчетторду жана маалыматтарды Улуттук банкка берүү жана чечмелеп берүүгө милдеттүү.

2. Банктык топ же анын катышуучулары аларга карата олуттуу таасир эте алган (тике же кыйыр түрдө) башка юридикалык жактар консолидацияланган отчеттуулукту түзүү максатында өз иши жөнүндө отчетторду берип турууга милдеттүү.

3. Банктык топ Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын мүчөлөрү жөнүндө, аларга тике же кыйыр түрдө контролду жүргүзгөн олуттуу катышуучулар жөнүндө, алар менен байланышкан башка жактар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө Улуттук банкка берүүгө тийиш.

4. Улуттук банк алардын финансылык абалына, тобокелдиктерди тескөө тутумуна, корпоративдик башкаруунун сапатына жана көзөмөлдү жүргүзүүнүн башка максаттарына баа берүү үчүн банктык топтордон жана анын катышуучуларынан башка отчеттордун жана маалыматтардын берилишин талап кылууга укуктуу.

146-берене. Банктык топтордун катышуучуларына карата таасир этүү чаралары 

1. Банктык топтун кайсыл болбосун катышуучусуна (жеке жана юридикалык жактарга) же кызмат адамдарына карата ушул беренеге ылайык таасир этүү төмөнкү учурларда колдонулушу мүмкүн, эгерде:

1) аффилирленген жактар банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтерди жана бузууларды четтетүүгө тиешелүү Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө;

2) банктын олуттуу катышуучусу, иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна же анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон, алар контролдогон компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө;

3) Улуттук банктын баасы боюнча банктык топтун ишине башкы (энелик) банк/компания жана/же чет өлкөлүк көзөмөл органы тарабынан контролдук/банктык топтун катышуучуларына контроль/көзөмөл тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштырууга мүмкүндүк бербегендей негизде, жетишсиз жүргүзүлүп жатса;

4) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды ала албай жатса;

5) Ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча.

2. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:

1) банктын туунду компаниясы жагынан - бул компанияга кандай болбосун инвестициялардын убактылуу токтотулушун банктан талап кылууга;

2) банктын аффилирленген жактары жагынан - мындай аффилирленген жак менен банк ортосунда операциялардын, бүтүмдөрдүн (тике же кыйыр) убактылуу токтотулушун банктан жана/же аффилирленген жактардан талап кылууга;

3) банктык холдингдик компания жагынан - банк ишине контролдукту, анын ичинде акциялар боюнча тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун убактылуу токтотууну банктык холдингдик компаниядан талап кылууга;

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонуучу компаниялар жагынан - олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга:

а) банк ишине катышууну убактылуу токтотууга, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүү укугун ишке ашырууну убактылуу токтотууга;

б) банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен олуттуу катышуучуну контролдогон компаниянын ортосунда тике жана кыйыр түрдө операциялардын, бүтүмдөрдүн ишке ашырылышын убактылуу токтотууга;

5) банктын туунду же көз каранды компаниясы жагынан - компания андан ары банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбагандай деңгээлге чейин банк өз инвестицияларын азайтууну талап кылууга;

6) банктык холдингдик компания жагынан - банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу уруксатын жокко чыгарууга жана акциялардын тиешелүү топтомунун сатууну талап кылууга;

7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясы жагынан - банктык холдингдик компаниянын туунду компанияны, же болбосо банкты контролдоону токтотушун талап кылууга;

8) банктын олуттуу катышуучусу болуп саналган компаниялар жагынан - банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу уруксатын жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга;

9) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдонгон юридикалык жактар менен болгон учурда - банктын олуттуу катышуучусу укугуна берилген уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-9-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда акциялар боюнча добуштар банктын акционерлеринин чогулушунун кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны тиешелүү чечимдин кабыл алынышына таасир этсе, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет. Кемчиликтерге жол берген жак Улуттук банктын талабы боюнча акциялардын тиешелүү топтомун белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Андай болбогон учурда, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу жөнүндө арызы менен сотко кайрылат.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен ишке ашырылган болсо, анда мындай бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Улуттук банк жараксыз бүтүмдүн жараксыздыгынын натыйжаларын колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу.

147-берене. Улуттук банк менен финансы секторунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү 

1. Эгерде банктык топтун катышуучусу башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар банктык топтун ишине ар тараптуу көзөмөл жүргүзүү максатында алар менен кызматташууну жүзөгө ашырууга тийиш.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Улуттук банктын суроо-талабы боюнча ага банктык топко же анын катышуучуларына кандай болбосун тиешелүү колдо болгон маалыматты берүүгө тийиш.

3. Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда банктык топко жана анын катышуучуларына карата макулдашылган иш-аракеттер планын жана иш-чаралардын координацияланышын караган тиешелүү келишимдерди түзүшөт.

148-берене. Улуттук банк менен чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтык 

1. Банктык топко консолидацияланган негизде ар тараптуу жана натыйжалуу көзөмөлдү жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзөт.

2. Чет өлкөлүк көзөмөлдөө органдары менен консолидацияланган көзөмөл боюнча кызматташтыкты ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк банктык сырды кошкондо, зарыл болгон маалыматтарды алмашууга, суроо-талап боюнча максаттуу текшерүүлөрдү (анын ичинде биргелешкен) жана өз ара консультацияларды жүргүзүүгө, ошондой эле колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө билдирүүгө укуктуу.

23-глава. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары 

149-берене. Жалпы жоболор 

1. Улуттук банк ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын банкка, анын акционерлерине жана кызмат адамдарына, ошондой эле банктык топко карата колдонот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамдын таасир этүү чараларын колдонуу жана аларга карата даттануу тартиби жагындагы жоболору Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга карата да колдонулат.

2. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларынын колдонулушунун максаты болуп Кыргыз Республикасынын банктарынын жана бүтүндөй алганда банк тутумунун туруктуулугун колдоо үчүн көйгөйлөрдү алдын-ала ыкчам аныктоо, оңдоолорду киргизүү жана четтетүү, аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо саналат.

3. Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча анда белгиленген учурларда жана тартипте колдонулат. Банкка карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатка ылайыктуулугун, түрүн жана тартибин Улуттук банк өз алдынча аныктайт.

Улуттук банк алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбанын белгилерин жана ага банктардын, анын кызмат адамдарынын тиешеси бардыгын аныктайт.

4. Улуттук банк банктарга карата таасир этүү чараларын колдонууда банктык тажрыйбанын жогорку стандарттарын жана Кыргыз Республикасынын финансы жана банк тутумдарынын туруктуулугун сактоо зарылчылыгын жетекчиликке алууга тийиш. Ал банктын акционерлеринин, кызмат адамдарынын, банк менен байланыштуу жактардын жана бардык башка жактардын таасири алдында болууга, же болбосо Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чараларынан улам, алар потенциалдуу жоготууларга учурап калышын көңүлгө алууга укугу жок.

5. Жарыялоо банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн таламдарына, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугуна, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларды, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка учурларды кошпогондо, Улуттук банк банктар жагынан колдонулган таасир этүү чаралары жөнүндө, ошондой эле мындай чаралардын ар кандай өзгөрүүлөрү же токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтарды жарыялайт. Аталган маалыматты жарыялоо мөөнөтү жана тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. Мындай маалыматтардын жарыяланышы банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп саналбайт.

150-берене. Таасир этүү чараларын колдонуунун негиздери 

1. Таасир этүү чараларын колдонуу үчүн негиз болуп ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен белгиленген ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн бузулушу саналат.

2. Таасир этүү чаралары ушул Мыйзамда каралган башка учурларда да колдонулат.

151-берене. Таасир этүү чаралары 

1. Таасир этүү чараларына төмөнкүлөр кирет:

1) жазма буйруктар:

а) бузууларды четтетүү жөнүндө;

б) ишти шайкеш келтирүү жөнүндө;

в) айрым иштерди аткаруу жөнүндө;

2) айыптык төлөмдөр:

а) банкка - уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминен он пайыздан көп эмес өлчөмүндө;

б) банктын кызмат адамына - төлөөлөрдүн бардык түрлөрүн (эмгек маянаны, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошкондо, орточо жылдык сый акыдан көп эмес өлчөмдө;

в) Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктык эмес финансы-насыялык уюмдарга жана башка юридикалык жактарга - активдердин баланстык наркынан он пайыздан көп эмес өлчөмүндө жана алардын кызмат адамдарына - төлөөлөрдүн бардык түрүн (эмгек маяна, сый акыларды, бонустарды ж.б.) кошкондо, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө;

3) талаптар:

а) банкты финансылык жактан чыңдоо, кайра түзүмдөштүрүү жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө;

б) банкка кайталап/атайын тышкы аудит жүргүзүү жөнүндө;

в) Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде банктын акцияларын сатуу жөнүндө;

г) административдик чыгымдарды кыскартуу жөнүндө;

д) банктын уюштуруучулук түзүмүн өзгөртүү жөнүндө;

е) банктын саясатын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү жөнүндө;

4) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу жөнүндө;

5) төмөнкүлөргө чек коюу же тыюу салуу:

а) банктын мүлктөрүн жана/же акча каражаттарын тескөөгө;

б) пайданы бөлүштүрүү жана/же сыйакыларды төлөөгө;

в) инвестицияларды жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүүгө;

г) банктык операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашырууга;

д) банктын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө;

е) банк менен байланышы бар жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүргүзүүгө;

ж) акционердин банк ишине андан ары катышуусуна;

б) кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органдарын алмаштырууга;

7) атайын режимди киргизүүгө:

а) тикелей банктык көзөмөлдү киргизүү;

б) Убактылуу администрацияны киргизүү;

8) Ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча лицензияларды кайра чакыртып алуу.

152-берене. Таасир этүү чараларын колдонуу жана ага даттануу тартиби 

1. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин Улуттук банк белгилейт.

2. Банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары Улуттук банктын тиешелүү документине, эгерде анда башкача белгиленбесе, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Банкка карата колдонулган таасир этүү чаралары Улуттук банктын чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.

4. Таасир этүү чарасы бузуулар табылган күндөн тартып он эки айдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн.

5. Ушул Мыйзамга ылайык банктын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароодо, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушу белгилүү болгондугу, ошондой эле мындай бузуулардын алдын алуу же четтетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралардын көрүлгөндүгү жөнүндө, анын ичинде банктын коллегиялуу башкаруу органы тарабынан добуш берүү аркылуу чечимдер кабыл алынгандыгы тууралуу Улуттук банкка өз убагында маалымдалган фактор эске алынат.

6. Ушул Мыйзамга ылайык банктарга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары административдик жоопкерчилик чараларына кирбейт.

7. Банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу Улуттук банктын чечимине ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

VI БӨЛҮМ. БАНКТЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН ЧЫҢДОО. УБАКТЫЛУУ АДМИНИСТРАЦИЯ ЖАНА КАЙРА ТҮЗҮМДӨШТҮРҮҮ 

24-глава. Банкты финансылык жактан чыңдоо 

153-берене. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы 

1. Банкта финансылык кыйынчылыктар жана көйгөйлөр пайда болчу учурга карата Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банкты финансылык жактан чыңдоо планы болууга тийиш.

2. Планда банктын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча шайкеш чаралар, ыкмалар жана ресурстар каралууга тийиш.

3. Банк банкты финансылык жактан чыңдоо планынын шайкештигине баа берүүнү жүргүзүүгө милдеттүү.

4. Банкты финансылык жактан чыңдоо планы, анын ичинде жаңыртылган планы Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. Банкты финансылык жактан чыңдоо планын түзүүгө жана аны жаңыртууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

5. Эгерде банк банктык топтун бөлүгү болуп саналса, анда анын банктык топту финансылык жактан чыңдоо боюнча кошумча планы болууга тийиш. Ушул главадагы талаптар банктык топко жайылтылат.

154-берене. Улуттук банктын талабы боюнча банкты финансылык жактан чыңдоо 

1. Улуттук банк кайсы убакыт болбосун финансылык жактан чыңдоо планында каралган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өзүнүн каалоосу боюнча бардык башка чаралардын колдонулушун банктан талап кыла алат.

2. Улуттук банктын талабына ылайык банктын Директорлор кеңеши банкты финансылык жактан чыңдоо программасын бекитүүгө милдеттүү.

3. Улуттук банктын талабы коюлган күндөн тартып банк пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы ар кандай финансылык милдеттенмелерди аткаруу тууралуу, ошондой эле эмгек акыны копшогондо, банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кандай болбосун сый акыларды төлөө тууралуу чечимдерди кабыл алууга укуктуу эмес.

4. Банкты финансылык жактан чыңдоо боюнча чаралар көрүлүп жаткан мезгилде Улуттук банк, эгерде бул банктын финансылык абалынын начарлашына же банкрот болушуна алып келе турган болсо, банктын акчалай милдеттенмеси боюнча насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга тыюу салууга же чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.

25-глава. Убактылуу администрация 

155-берене. Жалпы жоболор 

1. Убактылуу администрация - ушул Мыйзамга ылайык таасир этүү чаралары катары Улуттук банк тарабынан киргизилген банкты башкаруунун жана ишинин атайын режими.

2. Убактылуу администрация төмөнкү максаттарда киргизилет:

1) активдердин, документтердин жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу үчүн банкка контролду орнотуу;

2) банктагы иштин чыныгы абалын белгилөө жана анын андан аркы ишин аныктоо;

3) банктын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу.

3. Убактылуу администрация алты айга чейинки мөөнөткө киргизилет. Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү алты айдан көп эмес мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.

4. Убактылуу администрация Убактылуу администрациянын иштешинин мөөнөтү бүткөндө же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

5. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө чечими белгиленген тартипте банктын башкаруу органдарына жана кызыкдар жактарга жеткирилет.

6. Улуттук банк Убактылуу администрация мезгилинде банктын лицензиясын каалаган убакта кайра чакыртып алууга жана аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоого укуктуу.

7. Улуттук банктын Убактылуу администрацияны киргизүү жана анын ишин токтотуу жөнүндөгү чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Улуттук банктын интернет-сайтында жарыяланат.

156-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн негиздери 

1. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө милдеттүү:

1) банктын өздүк капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн жетимиш беш пайызынан азын түзсө;

2) капиталдын шайкештик коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициенттин өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө;

3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күндүн ичинде банк карыздык милдеттенмелер боюнча насыя берүүчүнүн укук ченемдүү талаптарын канааттандырууга жөндөмсүз болсо.

2. Улуттук банк төмөнкү негиздердин бири боюнча банкка Убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу:

1) банк капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлайт деп эсептөөсүнө негиздер бар болсо;

2) ушул Мыйзамга ылайык лицензияларды кайра чакыртып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;

3) банктын башкаруу органдарынын ортосунда анын ишинин үзгүлтүккө учурашына алып келүүчү пикир келишпестиктер болсо жана/же банктын өз ыктыяры менен жоюлушуна уруксат бербеген учурду кошкондо, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз иш-милдеттерин аткара алышпай, банкты башкарууга мүмкүн болбой калганда;

4) ушул Мыйзамда каралган башка негиздер.

157-берене. Убактылуу администрацияны киргизүүнүн натыйжалары 

1. Банкка Убактылуу администрация киргизилген учурдан тартып төмөнкүдөй натыйжалар келип чыгат:

1) банктын башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулат жана Убактылуу администрацияга өтөт. Банктын атынан юридикалык жак катары Убактылуу администрация гана иш алып барууга укуктуу. Ким болбосун, банктын атынан кандай иш-аракеттерди жасабасын, бардыгы жараксыз деп эсептелинет;

2) эгерде Улуттук банк тарабынан башкача белгиленбесе, бардык банктык операциялар, бүтүмдөр жана башка иштер убактылуу токтотулат;

3) банктын ишенимдүү башкарууда турган мүлктөрүн кошпогондо, банктан карыздарды өндүрүү жөнүндө соттук актыларды аткаруу убактылуу токтотулат;

4) банк тарап катары иш алып барган жарандык жана экономикалык иштер боюнча сот өндүрүшү убактылуу токтотулат;

5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын банкка карата кабыл алынган ар кандай мажбурлоочу актыларын аткаруу убактылуу токтотулат;

6) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөөнү кошуу менен банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка финансылык санкцияларды кошуп эсептөө токтотулат;

7) пайдаларды бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө, акционерлердин алдындагы башка бардык финансылык милдеттенмелерди аткаруу, ошондой эле банктын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине ар кандай сыйакыларды (белгиленген эмгек акыны кошпогондо, сыйакылар, бонустар жана башка дем берүүчү төлөөлөр) төлөөлөр токтотулат.

2. Убактылуу администрация иш алып барып жаткан мезгилде банктык операцияларды жана төлөмдөрдү, ошондой эле башка иштерди жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

3. Улуттук банктын чечими боюнча Убактылуу администрация банк менен байланышы жок жактардын аманаттары боюнча төлөөлөрдү ишке ашырышы мүмкүн.

4. Улуттук банктын макулдугу менен ушул Мыйзамда каралган төлөм тутумдарында жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарында акыркы эсептешүүлөрдүн эрежелери колдонулушу мүмкүн.

5. Банк Убактылуу администрация тарабынан ушул Мыйзамга ылайык банктын атынан жүргүзүлгөн бардык операциялар жана бүтүмдөр боюнча толук жоопкерчилик тартат.

6. Убактылуу администрация иш алып барган мезгилде эмгек акыны төлөө жана кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүү убактылуу токтотулбайт.

7. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башка кызматтар) Убактылуу администрациянын киргизилишине байланыштуу банк менен түзүлгөн кызмат көрсөтүүгө келишимдерди бир тараптуу негизде токтотууга укуксуз.

158-берене. Убактылуу администратор 

1. Убактылуу администратор болуп кынтыксыз кызматтык абройго ээ, финансы-банк тутумунда беш жылдан кем эмес иш-тажрыйбасы бар жана Улуттук банк тарабынан белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга жооп берген жеке жактар дайындалышы мүмкүн. Улуттук банктын кызматчылары Убактылуу администратор боло албайт.

2. Убактылуу администратор Улуттук банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барат.

3. Таламдардын карама-каршылыктарына жол бербөө максатында Убактылуу администратордун кызмат ордуна талапкер адам өзү жана ишкердик кызыкчылыктары жөнүндө толук маалыматтарды белгиленген тариз боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

4. Убактылуу администратордун жана ишке тартылган, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгек акылары банктын каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Убактылуу администрациянын курамына тартылган Улуттук банктын кызматкерлеринин эмгек акылары Улуттук банктын эсебинен төлөнөт.

5. Убактылуу администрациянын чыгымдарынын сметасын Убактылуу администратор түзөт жана Улуттук банк менен макулдашылат. Убактылуу администратор Улуттук банк белгилеген тартипте жана мөөнөттөрдө Убактылуу администрациянын чыгымдары боюнча отчет берет.

6. Убактылуу администратордун жарандык жоопкерчилиги милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш. Камсыздандыруучуга карата талаптар жана камсыздандыруу шарттары Улуттук банк тарабынан аныкталат.

159-берене. Убактылуу администратордун ыйгарым укуктары жана анын ишин уюштуруу 

1. Өз ыктыяры менен жоюлуу жөнүндө чечимди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарды кошпогондо, Убактылуу администратор банктын башкаруу органдарынын бардык ыйгарым укуктарын устав жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жүзөгө ашырат.

2. Убактылуу администратор ушул Мыйзамда каралган максаттарга жетүү үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат. Убактылуу администратор банктын, анын аманатчыларынын жана башка насыя берүүчүлөрүнүн таламында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш алып барууга тийиш.

3. Убактылуу администратор Улуттук банк менен өз аракеттерин координациялайт жана ага отчет берет. Убактылуу администратор операцияларды жана төлөмдөрдү Улуттук банктын уруксаты менен жүзөгө ашырат.

4. Убактылуу администратордун ишин уюштуруу жана отчет берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.

160-берене. Убактылуу администратордун корутундусу 

Убактылуу администратор банкка Убактылуу администрация киргизилген күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен, банктын финансылык абалына жүргүзүлгөн талдоонун жана анын ишин баалоонун натыйжалары боюнча төмөнкү сунуштамалардын бирин камтыган корутундуну Улуттук банкка берет:

1) көйгөйлөрдүн четтетилгенине байланыштуу банктын өз алдынча ишин кайтадан баштоосу;

2) банктын лицензиясын кайтарып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо;

3) банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ушул Мыйзамда каралган иш-чараларды жүргүзүү.

26-глава. Банкты кайра түзүмдөштүрүү 

161-берене. Банкты кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө жалпы жоболор 

1. Банкты кайра түзүмдөштүрүү - бул аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн таламдарын коргоо, банк же төлөм тутумдары үчүн банктын тутумдуу мааниге ээ иш-милдеттеринин үзгүлтүксүздүгүн сактоо, ошондой эле банк жана финансы тутумдарынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында банкка карата колдонулуучу чаралардын комплекси. Банкты кайра түзүмдөштүрүү төмөнкү чараларды өз-өзүнчө же комплекстүү түрдө колдонуу аркылуу ишке ашырылат:

1) банкты кайра капиталдаштыруу;

2) банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу;

3) "өтмө банкты" түзүү.

2. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча ар кандай чараларды ишке ашырууда алар банктын насыя берүүчүлөрүнүн абалын банкты мажбурлап жоюуда келип чыгуучу жагдайларга салыштырмалуу начарлатууга тийиш эмес.

3. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды колдонуудан мурда Улуттук банк белгилеген тартипте анын активдери жана милдеттенмелери бааланууга тийиш.

4. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар ушул Мыйзамда каралган таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктарын чектебейт.

5. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды ишке ашырууда кандай болбосун чечимдер жана иш-аракеттер сот тарабынан убактылуу токтотулууга тийиш эмес. Кызыкдар жактар өз укуктарын жана таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу.

6. Улуттук банктын чечими менен кайра түзүмдөлүүчү банк ушул Мыйзамга ылайык мажбурлап жоюлууга дуушар болушу мүмкүн.

7. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чаралар Убактылуу администратор тарабынан Убактылуу администрация режиминин алкагында Улуттук банктын макулдугу менен ишке ашырылат. Банкты кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленет.

162-берене. Банкты кайра капиталдаштыруу 

1. Банкты кайра капиталдаштыруу - бул кошумча капиталды киргизүү, чыгашалардын ордун жабуу, акционерлердин жана банк менен байланыштуу адамдардын алдындагы милдеттенмелерди кошкондо, банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүү аркылуу, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу капиталды өзгөртүү, активдердин түзүмүн жана пассивдердин түзүмүн өзгөртүү.

2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чараларды жүргүзүүдө, банктын акционерлеринин жана насыя берүүчүлөрүнүн макулдугу талап кылынбайт.

3. Банкты кайра капиталдаштыруу төмөнкүчө ишке ашырылат:

1) акционерлердин акцияларынын жана башка капиталдык эсептеринин (резервдердин, бөлүштүрүлбөгөн пайданын ж.б.) эсебинен чыгымдардын ордун жабуу аркылуу. Мында акциялар жоюлат;

2) банктын акционерлеринин жана банк менен байланыштуу адамдардын алдындагы анын милдеттенмелеринин эсебинен чыгымдардын ордун жабуу же мындай милдеттенмелерди банктын капиталына өзгөртүп түзүү аркылуу. Бул учурда мындай милдеттенмелер токтотулат;

3) жаңы акциялардын эмиссиясы жана аларды сатуу аркылуу;

4) субординацияланган насыяны тартуу аркылуу;

5) башка чараларды көрүү аркылуу.

4. Төмөнкүлөргө карата банктын милдеттенмелерин капиталга өзгөртүп түзүүгө жол берилбейт:

1) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзам боюнча корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча;

2) насыя берүүчүлөрдүн күрөө жүйөсүнүн наркынан ашпаган суммадагы күрөө менен камсыздалган талаптары боюнча;

3) банктын каражаттарынан бөлөк эске алынган кардарлардын алдындагы;

4) эмгек акы, чыгуу жөлөкпулдары боюнча, ошондой эле банк кызматкеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыяндан улам келип чыккан милдеттенмелерге;

5) банктын бюджетке жана башка бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөрү боюнча.

5. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга катышуу жөнүндө чечим Улуттук банктын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды тартуу менен тутумдук банкты кайра капиталдаштыруу, ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ишке ашырылат.

6. Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен же анын кепилдиги менен кайра капиталдаштырууну ишке ашырууга тыюу салынат.

7. Тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга башка жактар Улуттук банктын макулдугу менен катыша алат.

8. Банкты кайра капиталдаштыруу боюнча чаралардын тартиби жана шарттары Улуттук банк тарабынан белгиленет.

163-берене. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу 

1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу ишке ашырылат, эгерде Улуттук банктын берген баасы боюнча:

1) банкты банкрот деп таануунун реалдуу коркунучу болсо жана мындай чечимди кабыл албоо аманатчылардын жана банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн абалынын начарлатышы мүмкүн болсо;

2) мындай чечим аманатчыларды жана башка банк менен байланышы жок насыя берүүчүлөрдү коргоону камсыздоонун, ошондой эле депозиттик базаны сактоонун эң мыкты ыкмасы болуп саналса;

3) мындай чара финансы жана банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун сактоо, калктын банктарга ишениминин кетишине жол бербөө үчүн зарыл болсо.

2. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүүдө же сатууда банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин бардыгы же анын кандайдыр бир бөлүгү кандай көлөмдө жана катышта болбосун өткөрүлүп берилиши же сатылышы мүмкүн.

3. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу рыноктук шарттарда ишке ашырылат. Банктын активдерин сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жумшалат.

4. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу учурунда, аларды кабыл алып же сатып алып жаткан жактын тиешелүү лицензиясы же уруксаты болууга тийиш.

5. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу банктын насыя берүүчүлөрүнүн жана акционерлеринин, ошондой эле башка кызыкдар жактардын макулдугун талап кылбайт.

6. Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын интернет сайтына банктын активдерин, милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу жөнүндө билдирүүнү жарыялайт.

7. Биринчи кезекте банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттар боюнча банктын милдеттенмелери өткөрүп берилүүгө тийиш.

8. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу аманатчылардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн укуктарын бузуу болуп саналбайт.

9. Банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлери жана менчиги, милдеттенмелери жана укуктары өткөрүлүп берилбеген же сатылбаган башка жактар башкаларга өткөрүлүп берилген же сатылган активдерге, милдеттенмелерге жана укуктарга кандай негиздер болбосун талапкер болууга же өз укуктарын билдирүүгө укугу жок.

164-берене. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын пайдалануу 

1. Банктын активдерин жана милдеттенмелерин өткөрүп берүү же сатуу боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө Депозиттерди коргоо каражаттары депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосунда макулдашылган көлөмдө жана шарттарда пайдаланылышы мүмкүн.

2. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары аманаттар боюнча милдеттенмелерди башка банкка өткөрүүдө банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык корголууга тийиш болгон аманаттарга карата гана пайдаланылат.

3. Ушул беренеге ылайык Депозиттерди коргоо фонду тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын суммасы банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, кепилденген учур келгенде аманаттар боюнча төлөө суммасынан ашпоого тийиш.

4. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарын ушул беренеде каралган максаттар үчүн пайдалануу кепилденген учур келгендеги төлөөлөргө теңештирилет. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттарынын ордун толтуруу насыя берүүчүлөрдүн ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.

165-берене. "Өтмө" банкты түзүү 

1. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен кайра түзүмдөлүүчү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу.

2. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып, жетимиш эки сааттын ичинде жүргүзүлөт.

3. "Өтмө" банкка лицензия берүү тартиптерин, капиталына жана башка экономикалык ченемдерине карата талаптарды Улуттук банк белгилейт.

4. "Өтмө" банктын уюштуруу тууралуу расмий жарыялоо Улуттук банктын лицензиясын бергенден кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

5. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кыска мөөнөттө, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен, ар кандай мүмкүн болгон ыкмалар менен сатууга милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатуу мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатылбаса, ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатууга байланыштуу бардык маалыматтар ачык-айкын болууга, рынок шарттарында айрым сатып алуучуларга артыкчылык берилбестен, ишке ашырылууга тийиш.

6. "Өтмө" банктын акцияларын сатуудан түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жиберилет.

7. Ушул Мыйзамда каралган Убактылуу администрацияны киргизүүнүн натыйжалары "өтмө" банкка карата колдонулбайт.

8. "Өтмө" банк түзүлгөн учурдан тартып кирүү төгүмдөрүсүз эле депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу статусуна ээ болот.

9. "Өтмө" банк юридикалык жак катары кайра түзүмдөлүүчү банктын укугун мурастоочу болуп саналбайт жана ушул Мыйзамга ылайык ага өткөрүлүп берилген милдеттенмелерди кошпогондо, анын кандай гана милдеттенмелери үчүн болбосун, жоопкерчилик тартпайт.

10. Активдерди жана милдеттенмелерди "өтмө" банкка өткөрүп берүү ушул Мыйзамдын 163-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

166-берене. Кайра түзүмдөштүрүү чараларын жүзөгө ашырууда Улуттук банктын башка кызыкдар жактар менен өз ара аракеттенүүсү 

1. Банктарды кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу учурларына карата Улуттук банктын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка кызыкдар органдар менен макулдашылган иш-чараларынын планы болууга тийиш.

2. Улуттук банк банктык топко карата көзөмөлдөө иш-чараларын ишке ашыруу боюнча чет өлкөлүк ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет.

VII БӨЛҮМ. СОТКО ЧЕЙИНКИ ДАТТАНУУ ЖАНА УЛУТТУК БАНКТЫН ЧЕЧИМИН СОТКО ДАТТАНУУ 

27-глава. Сотко чейинки даттануу жана Улуттук банктын чечимин сотко даттануу 

167-берене. Сотко чейинки даттануу тартиби жана мөөнөттөрү 

1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармалыгынын сотко даттанылуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын ар кандай чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин күчүн токтото албайт.

3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбеген мөөнөттө, аны маңызы боюнча териштирип карап чыгат. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн бир жолу отуз календардык күнгө узартууга укуктуу.

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

168-берене. Сотко даттануу 

1. Улуттук банктын чечиминин үстүнөн сотко даттанууга болот.

2. Улуттук банктын банкты кайра түзүмдөштүрүү, Убактылуу администрация режимин киргизүү жана лицензияны кайтара чакыртып алуу жөнүндө чечимдерине карата доону камсыздоо чаралары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган алып коюулар менен ишке ашырылат.

169-берене. Соттук териштирүүлөрдүн өзгөчөлүктөрү 

Улуттук банктын чечимин даттанылып жаткан чечимди кабыл алуу үчүн мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда сот тарабынан анык эмес деп таанылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.

VIII БӨЛҮМ БАНКТАРДЫ ЖОЮУ 

28-глава. Жалпы жоболор 

170-берене. Банкты жоюу жөнүндө жалпы жоболор 

1. Банкты жоюу өз эрки боюнча жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) же мажбурлап жоюу формасында ишке ашырылат. Өз эрки боюнча жоюлуу (өзүнөн-өзү жоюлуу) жол-жобосу соттук эмес тартипте, ал эми бакты мажбурлап жоюу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Улуттук банктын лицензияларды кайра чакыртып алуу жөнүндө чечими банкты кандай болбосун формада жоюунун негизи болуп саналат. Улуттук банк банктын лицензиясын банктын демилгеси боюнча (ыктыярдуу түрдө жоюу) же болбосо өз демилгеси боюнча (мажбурлап жоюу) кайра чакыртып алат.

Улуттук банк ушул мыйзамга ылайык банктын лицензиясын өз демилгеси боюнча же болбосо кызыкдар болгон жактардын (акционерлердин, насыя берүүчүлөрдүн) өтүнүчүн канааттандыруу тартибинде кайра чакыртып алат. Эгерде Улуттук банк кызыкдар болгон жактардын негиздемелерине макул болбосо, банкты кандай болбосун формада жоюу процесси башталууга тийиш эмес.

Улуттук банктын банк лицензияларын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечими жок болгон учурда банктын насыя берүүчүлөрү, акционерлеринин же башка кызыкдар жактарынын өтүнүчү боюнча соттун аны мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоосуна тыюу салынат.

3. Банкты ар кандай формада жоюу ушул мыйзамга ылайык гана ишке ашырылууга тийиш.

4. Банктарды жоюуга карата Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын ченемдери ушул Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда гана колдонулат.

5. Улуттук банк лицензияны кайра чакыртып алган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайра чакыртып алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүүгө милдеттүү.

6. Улуттук банк үч жумуш күндүн ичинде банктын лицензиясы кайра чакыртып алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү интернет-сайтка жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого милдеттүү.

7. Улуттук банк жоюучунун акыркы отчетун макулдашууну кошкондо, бардык жол-жоболор бүткөрүлгөнгө чейин жоюлуп жаткан банктарга мониторинг жүргүзөт.

8. Бир кезектеги насыя берүүчүлөрдүн бирден ашык өлкөлөрдө иш жүргүзгөн, жоюлуп жаткан банктын активдерине карата талаптарынын бирдейлигин камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр белгиленет:

1) Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында катталган банктын филиалдары, өкүлчүлүктөрү же туунду компаниялары жайгашкан чет өлкөлөрдүн көзөмөлдөөчү жана башка расмий органдары менен кызматташат, анын ичинде банктык сырды кошкондо, банктык көзөмөлдөө жана жоюу жол-жоболорунун алкагында маалыматтарды алмашат;

2) чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкка карата чет өлкөлүк соттор тарабынан кабыл алынган чечимдерди таануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык Улуттук банктын расмий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын соту тарабынан ишке ашырылат.

9. Жоюлуп жаткан банктын бардык документтеринде, ошондой эле банктын жоюучусу түзгөн келишимдерде банк жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө жазуулар камтылууга тийиш.

10. Банктын жоюлушу укук мурастоого алып келбейт.

171-берене. Банкроттукка байланыштуу банкты жоюу 

1. Банктын төлөөгө кудуретсиздигин Улуттук банк аныктайт жана ал сот тарабынан таанылууга тийиш. Банктын төлөөгө кудуретсиздигин белгилөө аны банкрот деп таануу жана ушул Мыйзамга ылайык банкроттоо процессин баштоо үчүн негиз болуп саналат. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги белгиленген учурда, банктын лицензиясы кайра чакыртып алынууга тийиш.

2. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги төмөнкү учурларда аныкталат, эгерде:

1) банк төлөм мөөнөтү келип жеткенде, он жумуш күндүн ичинде карызды төлөө же башка милдеттенмелерди аткаруу боюнча насыя берүүчүнүн мыйзам ченемдүү талабын канааттандырууга кудуретсиз болсо;

2) банктын өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн элүү пайызынан азын түзсө;

3) капиталдын шайкештигинин кайсы коэффициенти болбосун Улуттук банк белгилеген коэффициенттин өлчөмүнүн жыйырма беш пайыздан азын түзсө;

4) банктын активдеринин наркы Улуттук банктын эсептөөлөрү боюнча анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо.

3. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги аныкталып, банк банкрот деп таанылган учурда төмөнкүлөр эске алынбайт:

1) келечекте карызды төлөө же анын ордун башкача жабуу мүмкүнчүлүгү;

2) банктын акционерлеринде жана/же потенциалдуу инвесторлорунда банктын активдерине кирбеген финансылык резервдердин олуттуу суммасынын болушу, банктын мурда кирешелүү экендиги же анын аброю;

3) банкты банкрот деп таануу учурунда банк тарабынан берилген Улуттук банкка маалым болбогон же анда жок болгон кошумча фактылар жана документтер.

4. Банктын төлөөгө кудуретсиздиги белгиленген учурда, анын лицензиялары кайра чакыртып алынат жана банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталууга тийиш.

172-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу 

1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте ишке ашырылат.

2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын алар жайгашкан өлкөдөгү иштери токтотулганда, алардын акча каражаттары жана башка активдери ушул Мыйзамда каралгандардан башкача түрдө өткөрүп берилбейт/ажыратылбайт/алып коюлбайт/өндүрүп алынбайт.

3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда чет өлкөлүк банктын филиалынын насыя берүүчүлөрү карызды төлөп берүү талабы менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.

173-берене. Чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкты жоюунун өзгөчөлүктөрү 

Чет өлкөдө филиалы, өкүлчүлүгү же туунду компаниясы бар банкты жоюуда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган өзгөчөлүктөр менен ушул бөлүктүн эрежелери колдонулат.

174-берене. Банктын ыктыярдуу түрдө жоюлушу (өзүн-өзү жоюу) 

1. Банктын ыктыярдуу жоюлушу банктын акционерлеринин жалпы чогулушунда банктын акционерлеринин жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен кабыл алынган чечими боюнча соттон тышкары тартипте жүргүзүлөт. Банктын ыктыярдуу жоюлушу Улуттук банктын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

2. Банктын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндөгү акционерлердин жалпы чогулушунун чечиминен кийин банк бардык аманатчылары менен толук эсептешүүнү жүргүзүүгө же болбосо банктык аманат келишимдеринен улам келип чыккан укуктарды жана милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүүгө, андан кийин лицензияны кайра чакыртып алуу жана банктын ыктыярдуу жоюлушунун жол-жобосун баштоо жөнүндө өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.

3. Банктын лицензияны кайра чакыртып алуу жана өз ыктыяры менен жоюу жол-жобосунун баштоо жөнүндө өтүнүчүнө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:

1) банктын ыктыярдуу жоюлушу жөнүндө акционерлердин жалпы чогулушунун чечими;

2) банктын бардык аманатчылары менен толук эсептешүү жөнүндө же банктык аманат келишимдеринен келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерди башка банкка өткөрүп берүү жөнүндө маалымат;

3) Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп берген жоюучунун талапкерлиги;

4) аудитордук корутунду менен ырасталган банктын акыркы отчеттук күнгө карата финансылык отчету;

5) ыктыярдуу түрдө жоюу планы;

6) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталчу башка зарыл маалыматтар.

4. Улуттук банк бир айлык мөөнөттө банктын өтүнүчүн кароого жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алууга милдеттүү:

1) лицензияны кайра чакыртып алуу, банкты ыктыярдуу түрдө жоюуну баштоо жана жоюучуну дайындоо жөнүндө. Эгерде банк тарабынан сунушталган жоюучунун талапкерлиги Улуттук банк тарабынын канааттандырылбаса, Улуттук банк башка жоюучуну дайындоого укуктуу;

2) ушул берененин талаптарын бузуу менен берилген банктын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартуу же банктын ыктыярдуу түрдө жоюу планы Улуттук банктын баа берүүсү боюнча ылайыксыз болуп санала тургандыгы тууралуу;

3) эгерде Улуттук банктын баа берүүчү боюнча банктын активдеринин наркы анын милдеттенмелеринин наркынан төмөн болсо, банктын лицензиясын кайра чакыртып алуу жана мажбурлап жоюуну баштоо жөнүндө.

5. Лицензияларды кайра чакыртып алуу жана банкты өз ыктыяры менен жоюуну баштоо жөнүндө Улуттук банк тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жөнүндө чечими кайтарылбайт же жокко чыгарылбайт.

6. Жоюучунун корутунду отчетун жана банкты жоюу балансын бекитүүнү кошпогондо, Улуттук банк тарабынан лицензиялар кайра чакыртып алынган жана ыктыярдуу түрдө жоюу башталгандан тартып акционерлердин жалпы чогулушунун бардык ыйгарым укуктары банктын жоюучусуна өтөт.

175-берене. Банкты мажбурлап жоюу 

1. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия кайра чакыртып алынгандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде Улуттук банк ушул мыйзамда белгиленген тартипте банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин Улуттук банк банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу, аманатчылардын таламдарын коргоо максатында Убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра чакытарып алуу учурунда Убактылуу администрация иштеп турган болсо, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укугун сактап калат.

2. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.

3. Банкты мажбурлап жоюуну жүргүзүүнүн жүрүшүндө Убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды көрүүгө, өзгөртүп түзүүгө, ошондой эле жарашуу макулдашуусун түзүүгө тыюу салынат.

4. Мажбурлап жоюуга дуушар болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча бардык активдери жана мүлктөрү менен толук жоопкерчилик тартат.

29-глава. Банктын жоюучусу 

176-берене. Жоюучунун статусу 

1. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укук берилген, банкроттоо иши боюнча мамлекеттик органдын жоюучу катары иш алып барууга берген лицензиясына ээ болгон жак жоюучу болуп саналат. Жоюучу Улуттук банктын сунушу боюнча соттун чечими менен дайындалат. Банктын жоюучусу милдетин аткаруучу талапкерлерди тандоого карата квалификациялык жана башка талаптарды Улуттук банк белгилейт.

Жоюучу банктын бардык башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болот жана ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, юридикалык жак катары банктын бирден-бир мыйзамдуу өкүлү болуп саналат. Жоюучу банктын атынан ишеним катсыз эле, бардык чыгыш документтерде жана билдирүүлөрдө банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткандыгын көрсөтүү менен иш алып барат.

2. Жоюучунун негизги милдети болуп банктын активдерин өндүрүү, сатуу жана каражаттарды ушул Мыйзамга ылайык насыя берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүү саналат.

3. Жоюучунун жоопкерчилиги жарандык мыйзамдарга ылайык келип чыккан учурларды кошпогондо, жоюучуга ушул Мыйзам менен берилген ыйгарым укуктарга ылайык аны менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик банкка жүктөлөт.

4. Сот жоюучунун өз иш-милдетин талаптагыдай аткарбай жаткандыгын, же жоюучунун өз милдетин аткарууга укугунун жоктугун, же болбосо милдетти аткарууга жоюучунун кудуретсиз экендигин аныктаса, жоюучуну алмаштырат. Жоюучуну алмаштыруу тартибинде сот тарабынан дайындалган жакты да сотко Улуттук банк сунуштайт.

Банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын өтүнүчү же өз демилгеси боюнча банк ыктыярдуу түрдө жоюлган шартта Улуттук банк жоюучуну алмаштырууга укуктуу.

Жаңыдан дайындалган жоюучуга жоюучунун ыйгарым укуктары белгиленген тартипте өтөт.

5. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, бирок Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензияны кайра чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл үчүн инфляция коэффициентин эске алуу менен эсептелинген, жоюлуп жаткан банктын Башкармалыгынын төрагасынын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүнөн ашпаган чекте сот тарабынан белгиленет.

Жоюучу ишке тартылган кызматкерлерге Убактылуу администрация киргизилгенге же лицензия кайра чакыртып алынганга чейин иштеп турган банктын тиешелүү кызматкерлеринин кызматтык айлык акысынан ашпаган өлчөмдө сый акы белгилейт.

6. Активдерди сатып өткөрүүдөн түшкөн жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталган сумманын үч пайызы (жогорку ликвиддүү, милдеттенмелер жүктөлбөгөн активдерди жана күрөөлүк мүлктү сатуудан түшкөн суммаларды кошпогондо) жоюучу тарабынан топтоо фондуна жөнөтүлөт. Сот жоюучунун корутунду отчетун бекиткенге чейин Улуттук банк жоюу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча жоюучуга, ошондой эле түзүлгөн контракттарга ылайык кызматкерлерге жоюучунун чечими боюнча топтоо фондусунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөө чечимин кабыл алууну сотко сунуштоого укуктуу. Улуттук банктын мындай сунушу жок болсо, топтоо фондунун каражаттарынын эсебинен сый акы төлөөгө тыюу салынат, ал эми топтоо фондунун каражаттары насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандырууга багытталат.

7. Сый акыларды төлөө банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун чыгымдарына (административдик чыгымдарга) чегерилет.

177-берене. Жоюучунун ыйгарым укуктары 

1. Жоюучу банкты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө ак ниеттүү жана насыя берүүчүлөрдүн таламдарында иш алып барууга милдеттүү.

2. Өз милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу максатында жоюучу:

1) өзү дайындалган учурдан тартып банкты өзүнүн башкаруусуна алат, активдерди, эсептерди жана документтерди түгөлдөөнү жүргүзөт, банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

2) банктын мүлкүн тескейт, насыя берүүчүлөрдүн талаптарын оптималдуу канааттандыруу максатында банктын бардык активдери менен укук ченемдүү иш-аракеттерди жүргүзөт, банк алдындагы карыздарды өндүрүп алуу боюнча чараларды, ошондой эле банктын мүлктөрүн жана активдерин иликтеп табууга жана кайтарып алууга багытталган чараларды көрөт;

3) насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын негиздүүлүгүн текшерет жана талаптар негизсиз болгон учурда аларды толугу менен же жарым-жартылай четке кагат;

4) ушул Мыйзамда белгиленген эрежелерди жана тартипти сактоо менен насыя берүүчүлөргө төлөөлөрдү жүргүзөт;

5) киреше алып келбеген же милдеттенмелердин келип чыгышын жараткан бүтүмдөрдү кошо алганда, банктын кайсыл милдеттенмелеринен болбосун баш тартууга укуктуу (насыя берүүчүлөрдүн же жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө юридикалык анык милдеттенмелерди же милдеттерди аткаруудан баш тартуунун натыйжасында аларга келтирилген чыгашалар жагынан банктын насыя берүүчүлөрүнүн же банктын насыя берүүчүлөрү болуп калуучу тараптардын бүтүмдөрүнүн талаптарын канааттандырбастан);

6) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамда белгиленген мөөнөттүн ичинде депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жактардын кепилденген депозиттери жөнүндө маалыматтарды берет;

7) жоюу башталганга чейинки акыркы үч жылдын ичинде банк жүргүзгөн бүтүмдөрдү, эгерде аталган бүтүмдөрдө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу белгилери болсо, жараксыз деп таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу;

8) банктын акционерлерин, Директорлор кеңешинин, Башкармалыгынын мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу;

9) ушул бөлүмдүн максаттары үчүн Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкты ишке ашырат;

10) жоюлуп жаткан банктын бухгалтердик жана статистикалык отчетторун жана башка отчетторун, Улуттук банк белгилеген тартипте жана көлөмдө Улуттук банкка берет;

11) банкты жоюу жол-жобосун ишке ашыруу боюнча ушул Мыйзамдан келип чыккан башка иш-милдеттерди аткарат.

3. Карызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арызын берген учурда жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары соттордо мамлекеттик алымдарды төлөөдөн бошотулат.

178-берене. Жоюучунун отчеттору 

1. Жоюучу сотко, Улуттук банкка, ошондой эле акционерлердин жалпы чогулушуна (ыктыярдуу түрдө жоюу учурунда) алдын ала даярдалган, кезектеги жана корутунду отчетторду берет.

2. Алдын ала даярдалган отчет банкты жоюу жол-жобосу башталган күндөн тартып жоюучу тарабынан отуз календардык күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

3. Жоюу жол-жобосунун жүрүшү жөнүндө кезектеги отчет квартал сайын берилип турат.

4. Корутунду отчет ушул Мыйзамга ылайык жоюучу тарабынан берилет.

5. Улуттук банк жоюучунун отчетторунун түзүмүнө жана мазмунуна карата талаптарды аныктайт.

30-глава. Банкты жоюуну жүргүзүү тартиби 

179-берене. Банкты жоюу жол-жобосун баштоонун натыйжалары 

1. Банкты кайсы таризде болбосун жоюу башталган учурдан тартып:

1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун (ушул Мыйзамда белгиленген банкты ыктыярдуу түрдө жоюудагы айрым ыйгарым укуктарды кошпогондо), Директорлор кеңешинин жана Башкармалыгынын, ошондой эле Убактылуу администрациянын белгиленген тартипте токтоосуз жоюучуга өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктары токтотулат;

2) Улуттук банк же банкка дайындалган жоюучу же алардын атынан башка ыйгарым укуктуу жак жүзөгө ашыруучу аракеттерди кошпогондо, банк тарабынан же анын атынан жасалган аракеттер юридикалык күчкө ээ болбойт;

3) банктын бардык карыз милдеттенмелерин тындыруу мөөнөтү, эгерде алар мурда келип жетпесе, келип жеткен деп саналат;

4) банкка карата мүлктүк мүнөздөгү, анын ичинде милдеттүү төлөмдөр боюнча бардык талаптар жоюу жол-жобосунун алкагында гана коюлушу мүмкүн;

5) банктын бардык карыздык милдеттенмелери боюнча бышмана (айыптык, төлөмдөр, туумдар) жана пайыздарды кошуп эсептөө токтотулат, жоюу жол-жобосу башталган учурга карата кошуп эсептелген суммалар ушул Мыйзамга ылайык төлөнүүгө тийиш;

6) банктык сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо, банктын финансылык абалы жөнүндө маалыматтар купуялуулукту камтыган же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтар категориясына таандык болушу токтотулат;

7) банктын мүлкүн ажыратууга, карыздарды төлөөгө, милдеттенмелерди жабууга байланышкан же анын мүлкүнүн үчүнчү жактардын пайдалануусуна өтүшүнө алып келген бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, жоюу жол-жобосунун алкагында гана жол берилет;

8) банкка карата кандай болбосун, анын ичинде банктын милдеттенмелерин мажбурлап аткартууга багытталган соттук иштер, ошондой эле банктын активине камак салуулар жана анын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөр токтотулат. Жаңы камак салууларга же банктын мүлкүн тескөө боюнча башка чектөөлөргө жол берилбейт;

9) банктын активдерине, анын ичинде банктык эсептерге же башка мүлккө камак салууга жана өндүрүүгө багытталган соттук актылардын кайсынысы болбосун (чечим, аныктама, токтом, аткаруу баракчасы, буйрук) банкты жоюу жол-жобосунун алкагында гана аткарылууга тийиш;

10) банкка жана анын активдерине карата башка мажбурлоочу жол-жоболор козголбойт;

11) жоюлуп жаткан банк үчүн ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарда каралган башка натыйжалар келип чыгат.

2. Жоюучу дайындалган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде өзүнүн дайындалгандыгы жөнүндө билдирүүнү банктын негизги иш жүргүзгөн жери боюнча республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү. Билдирүү эки жолу жети жумуш күн интервалы менен жарыяланат.

3. Аталган жарыялоодо төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

1) жоюлуп жаткан банктын расмий аталышы жана башка реквизиттери;

2) жоюу жол-жобосун баштоонун негиздери жана датасы;

3) жоюучу жөнүндө маалымат;

4) жоюлуп жаткан банктын насыя берүүчүлөрү тарабынан талап коюла баштагандыгы тууралуу маалымат;

5) насыя берүүчүлөр жоюлуп жаткан банкка карата өз талаптарын коюусу үчүн банктын дареги;

6) талаптарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөн дата;

7) башка маалыматтар.

180-берене. Жоюуну жүргүзүү мөөнөтү 

1. Банкты жоюуну жүргүзүү мөөнөтү жыйырма төрт айдан ашууга тийиш эмес. Зарылчылык болгон учурда бул мөөнөт Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жоюучунун өтүнүчү боюнча сот тарабынан узартылышы мүмкүн.

2. Жоюучунун мурдагы мөөнөт үчүн отчеттору сот тарабынан каралбаса жана бекитилбесе, жоюу мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.

181-берене. Жоюу планы 

1. Жоюучу сот тарабынан мажбурлап жоюу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде Улуттук банк менен макулдашуу боюнча банкты жоюу планын даярдайт. Улуттук банк план келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен аны макулдашуу тартибинде кароого милдеттүү.

2. Жоюучу Улуттук банк менен макулдашылган планды бекитүү үчүн сотко жөнөтөт. Сот бул планды сунушталган күндөн тартып буш жумуш күнү ичинде бекитет. Жоюу планы сот тарабынан бекитилгенден кийин тааныштыруу үчүн Улуттук банкка жана талаптары бекитилген талаптардын тизмегине киргизилген банктын насыя берүүчүлөрүнө берилет.

3. Жоюу планы алты айда бир жолу жаңыртылып турат.

4. Жоюу планында төмөнкүлөр камтылат:

1) банк активдерин жана пассивдерин жоюу наркы боюнча чагылдыруучу учурдагы баланс жана банктын үч айдан кийин күтүлүүчү активдеринин жана пассивдеринин болжолдуу балансы; бул баланстарда пассив катары кабыл алынган, бекитилген жана насыя берүүчү тарабынан каршы пикирлер билдирилген талаптар көрсөтүлөт;

2) банктын мурдагы жана болжолдонуучу кирешелери жана чыгашалары тууралуу кварталдык отчеттору;

3) банктын негизги активдерин же активдер тобун сатуу боюнча аткарылган иштер жана сатуу пландары жөнүндө отчет;

4) алдамчылык аракеттерден улам түзүлгөн келишимдерди жана которууларды, ошондой эле мындай келишимдердин жана которуулардын натыйжасында келип чыккан укуктарды жокко чыгаруу боюнча соттук аракеттерди кошо алганда, банктын талаптарын канааттандырууга багытталган соттук жана соттон тышкаркы аракеттер жөнүндө отчет;

5) банктын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана банктын пайдасына компенсация алууга багытталган аракеттери жөнүндө отчет;

6) банк кызматкерлеринин финансылык жактан камсыз болуусуна жүргүзүлгөн толук талдап-иликтөөлөрдү кошо алганда, банктын камсыздандыруу келишимдери, эмгек келишимдери, кызмат көрсөтүү жана тейлөө келишимдери сыяктуу учурдагы контракттардын аракетин улантуу же токтотуу жөнүндө отчет;

7) банктын милдеттенмелери тууралуу отчет жана кийинки жарым жыл ичинде банктын кредиторлоруна төлөөлөрдүн графиги;

8) жоюуга кеткен мурдагы жана келечектеги чыгымдар жана чыгашалар жөнүндө отчет.

182-берене. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби 

1. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын каражаттарын топтоо үчүн башка банкта жоюлуучу банктын атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада ачылышы мүмкүн.

2. Жоюлуп жаткан банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуп жаткан банктын атайын эсебине которулууга тийиш.

3. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги каражаттар банктын насыя берүүчүлөрүнүн талаптарын жабууга жана жоюучунун административдик чыгымдарына гана жумшалууга тийиш.

4. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарына камак салууга, алар менен жүргүзүлгөн операцияларды токтотууга жана өндүрүүнү жүргүзүүгө тыюу салынат.

5. Жоюлуп жаткан банктын атайын эсеби турган банк жоюлууга дуушар болсо, атайын эсептеги акча каражаттар жоюлуучу массага киргизилбейт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке дароо которулууга тийиш.

6. Жоюучу жоюлуп жаткан банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту квартал сайын сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш.

183-берене. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) 

1. Жоюу жол-жобосуна сарптоолор (жоюучунун административдик чыгымдары) өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жоюучунун билдирүүлөрдү жана кулактандырууларды жарыялоого чыгымдарын;

2) банктын активдерин иликтеп табуу, өндүрүп алуу, баа берүү жана сатуу менен байланышкан чыгымдарын;

3) банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдарды;

4) жоюучуга акы төлөөнү жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын;

5) топтоочу фондду;

6) иштөөсүн улантуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр жана бюджетке милдеттүү төлөмдөр менен байланышкан чыгымдарды (электр энергиясы, суу менен камсыздоо, байланыш, күзөт, транспорт, салыктар, алымдар, жыйымдар, төлөөлөр жана башкалар).

184-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын кабыл алуу жана каттоо 

1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, насыя берүүчүлөрдүн талаптары банкка карата жоюу жол-жобосун козгоо тууралуу билдирүү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган күндөн тартып алтымыш календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө жоюучуга берилүүгө тийиш.

2. Сот бул мөөнөттү бардык насыя берүүчүлөр үчүн отуз календардык күнгө бир жолу узарта алат. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын кабыл алуу мөөнөтүн узартуу тууралуу маалымат жоюучу тарабынан жарыяланууга тийиш.

3. Насыя берүүчү талаптарды коюуда коюлуп жаткан талаптар менен катар насыя берүүчүнү идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, ошондой эле анын банктык реквизиттерин (алар бар болсо) көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары мындай талап коюу үчүн негиздерди ырастаган документтер менен бирге кабыл алынат.

5. Банк тарабынан чагылдырылган суммага караганда көп же аз суммага талаптарды кошпогондо, банктын бухгалтердик эсепке алуу жана отчетторду түзүү боюнча документтеринде чагылдырылган насыя берүүчүлөрдүн талаптары, кошумча далилдөөлөрсүз, документтерде чагылдырылган түрдө кабыл алынат.

6. Жоюучу банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коюлган аманатчылардын талаптарын аманат боюнча (кепилденген аманат) компенсация суммасынан ашкан бөлүгүндө гана кабыл алат.

7. Суммалары аныкталбаган насыя берүүчүлөрдүн талаптары көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган нарк боюнча кабыл алынат.

8. Талаптар каралгандан кийин жоюучу кабыл алган талаптарды Кабыл алынган талаптардын тизмегине, ал эми ал кабыл алуудан четке кагылган талаптарды - четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен Четке кагылган талаптардын тизмегине киргизет. Жарым-жартылай четке кагылган талаптар эки тизмекке тең, тиешелүү түрдө кабыл алынган жана четке кагылган бөлүктөрү боюнча киргизилет. Эки тизмекте тең ар бир насыя берүүчүнүн аталышы, дареги, талаптарынын суммасы, камсыздоосунун бар экендиги жана насыя берүүчүнү идентификациялоо жана карыздарды төлөө үчүн зарыл болгон башка маалыматтар көрсөтүлөт.

9. Эки тизмек тең талаптарды кабыл алуу мөөнөтү бүткөн күндөн тартып кырк беш календардык күндөн кечиктирилбестен жоюучу тарабынан бекитилет, бул тууралуу жоюучу ар он беш календардык күн аралыгы менен кеминде үч жолу республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына насыя берүүчүлөрдүн талаптарынын тизмектери бекитилгендиги тууралуу билдирүүнү жарыялайт. Тизмектердин көчүрмөлөрү Улуттук банкка берилет.

10. Насыя берүүчү талаптардын тизмегинде көрсөтүлгөн жоюлуп жаткан банкка карата өз талаптарынын өлчөмү жана аны канааттандыруунун кезектүүлүгү менен таанышууга укуктуу.

Насыя берүүчүлөр жоюучудан жоюлуучу банктын финансылык абалы жөнүндө жана жоюу процессинин жүрүшү жөнүндө маалыматты талап кылууга укуктуу.

11. Насыя берүүчүлөр өздөрүнүн талаптарына карата жоюучунун чечимин жоюучунун акыркы билдирүүсү жарыяланган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен сотко даттанууга укуктуу.

12. Жоюучу тарабынан бекитилген насыя берүүчүнүн талаптарынын тизмектери, эгерде алар белгиленген мөөнөттө сотко даттанылбаса, биротоло мүнөзгө ээ болот.

13. Жоюучу четке кагылган талаптардын эсебине эч кандай төлөөлөрдү жүргүзбөйт.

185-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графиги 

1. Насыя берүүчүлөрдүн бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.

2. Жоюучу тарабынан бекитилген ошол талаптар түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шарттарда, жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.

3. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, насыя берүүчүлөрдү аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн эместигинен улам, төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайын эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммаларды жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин эч ким сурап албаса, анда алар жоюлуп жаткан банк жайгашкан жер боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.

4. Жоюучу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталгандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого тийиш, анда көрсөтүлгөн насыя берүүчүлөргө каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.

186-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу эрежелери 

Жоюучу банктын активдерин сатуудан алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерге таянуу менен ушул Мыйзамдын башка талаптарын эске алуу менен төмөнкүдөй бөлүштүрөт:

1) ар бир кийинки кезектеги насыя берүүчүлөргө карызды төлөө алдында, ага чейинки кезекте турган бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары толугу менен канааттандырылууга тийиш;

2) бир кезекте турган насыя берүүчүлөрдү канааттандырууда бул кезекте турган бардык насыя берүүчүлөр өз ара тең укуктуу жана тиешелүү карызды пропорционалдуу төлөөдө бирдей укукка ээ;

3) эгерде кайсыл бир мүлк бир нече айкын күрөөлөрдүн жүйөсү болуп саналса, анда мындай күрөөлөр менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн ортосундагы артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;

4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда активдер бир кезекте турган насыя берүүчүлөргө өздөрүнүн макулдугу менен же соттун макулдугу менен карыздарды толук төлөөнүн эсебине тикелей өткөрүлүп берилиши мүмкүн;

5) күрөө менен камсыз болгон насыя берүүчүлөрдүн талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат.

187-берене. Күрөө менен камсыз кылынган насыя берүүчүлөрдүн талаптары 

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер жоюучунун карамагына токтоосуз түрдө өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Жоюлуп жаткан банктын мүлкүнүн курамындагы күрөө жүйөсү болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана ал милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.

3. Күрөө менен камсыз кылынган кредит берүүчүлөрдүн талаптары күрөө жүйөсүнүн наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.

4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгымдарынын ордун жабууга жумшалат.

188-берене. Жоюлуучу масса 

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктөрдү кошпогондо, жоюу жол-жобосу башталган учурга карата банктын колдо болгон бардык активдери (мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары) жана бул жол-жобонун жүрүшүндө табылган мүлкү жоюу массасын түзөт.

2. Жоюу массасына төмөнкүлөр киргизилбейт:

1) күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк;

2) кардарлардын депозиттик сейфтеги мүлкү;

3) банктын каражаттарынан өзүнчө эсепке алынуучу, брокер же депозитарий катары иш алып барган банктын кардарларынын акча каражаттары жана баалуу кагаздары;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өткөрүп берүүгө тийиш болбогон мүлктүк укуктар;

5) банкты жоюу жол-жобосуна сарптоолор (административдик чыгымдар);

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюу массасына киргизилүүгө тийиш эмес башка мүлктөр.

189-берене. Насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү 

1. Насыя берүүчүлөрдүн талаптары төмөнкү кезектүүлүк менен канааттандырылат:

1) мыйзамдар боюнча банк жоопкерчилигин мойнуна алган банктын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирүүдөн келип чыккан милдеттенмелер боюнча талаптар, анын ичинде тиешелүү мезгилдүү төлөмдөрдү капиталдаштыруу аркылуу;

2) банк кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек акысы жана бошонуу жөлөкпулдары боюнча талаптары;

3) банктык аманаттарды коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык коргоого алынууга тийиш болгон аманатчылардын аманаттар боюнча талаптары. Бул талаптар ушул Мыйзамга ылайык кайра түзүмдөштүрүү максаттарына багытталган суммалар боюнча дагы талаптарды коё алуучу аманаттарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга мыйзамдуу өтөт;

4) ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлбөгөн, банк менен байланышы жок аманатчылардын талаптары;

5) банк менен байланышы жок башка насыя берүүчүлөрдүн талаптары;

6) уставдык капиталга салынган суммаларды кошпогондо, тутумдук банкты кайра капиталдаштырууга багытталган суммалар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн талаптары;

7) бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар;

8) банк менен байланышы бар аманатчылардын жана насыя берүүчүлөрдүн талаптары;

9) субординацияланган карыздар боюнча талаптар. Ушул беренедеги субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздалбаган, насыя берүүчүнүн талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүгө тийиш болбогон, банк жоюлуп кеткен шартта ал боюнча талаптар насыя берүүчүнүн жана аманатчылардын бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок банктын акционерлери менен эсептешүүлөргө чейин акыркы болуп орду жабылуучу милдеттенмелер түшүнүлөт.

2. Банктын акционерлери насыя берүүчү болуп саналбайт. Жоюлуучу массанын калдыктары бардык насыя берүүчүлөрдүн талаптары канааттандырылгандан кийин банктын акционерлерине өткөрүп берилет.

190-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери 

1. Жоюучу келишимди бузуу болжолдонгон күнгө чейин отуз календардык күн мурда контрагенттерге милдеттүү түрдө билдирүү жиберүү менен банктын бардык болуп келген келишимдеринин кайсынысы болбосун, бир тараптуу негизде бузууга укуктуу. Мында жоюучу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте контрагенттерге насыя берүүчүлөрдүн талаптарын жоюучуга жеткирүү зарыл экендиги тууралуу билдирүүгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жоюучу тарабынан бузулбаган келишимдерди, ошондой эле жоюучу өзү түзгөн келишимдерди аткаруу, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү максатында жарандык мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.

3. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башкалар) банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө банк менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу тартипте бузууга укуксуз.

191-берене. Төлөм тутумдарындагы жана баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумдарындагы акыркы эсептешүүлөр 

1. Ушул берене менен төмөнкүлөр белгиленет:

1) банк тарабынан төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлүп берилген, Улуттук банк тарабынан ушундайча таанылган акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырмалар юридикалык күчкө ээ жана банкты жоюу жол-жобосу башталган учурда үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналат;

2) банкты жоюу жол-жобосу башталгандан кийин банк акча каражаттарын же баалуу кагаздарды которууда жокко чыгарылгыс тапшырманы төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна берген учурда, алар эгерде жоюучу которуу жөнүндө тапшырма жокко чыгарылганга чейин банкты жоюу башталгандыгы тууралуу тутумдун операторуна маалым болгондугун далилдей алган учурда гана юридикалык күчкө ээ болбойт жана үчүнчү тараптар үчүн милдеттүү болуп саналбайт.

2. Банкты жоюу жол-жобосу башталганга чейин кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн контракттар жана бүтүмдөр, төлөм тутуму же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутуму аркылуу жүргүзүлгөн банкты жоюу жол-жобосу башталгандан улам Улуттук банк тарабынан ушундай деп таанылган клирингдин натыйжаларын жокко чыгарууга алып келбейт.

3. Тутумдун оператору, катышуучу, эсептешүүлөрдөгү ортомчу жана клиринг борбору банкты жоюу жол-жобосу башталгандыгы тууралуу аларга маалым болгон учурдан тартып акча каражаттарынын же баалуу кагаздардын төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна которулушуна жол бербөө үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш.

4. Ушул берененин максаттары үчүн:

1) төлөм тутумуна же баалуу кагаздар боюнча эсептешүүлөр тутумуна өткөрүлгөн которууга тапшырма бул тутумдун эрежелер менен аныкталуучу учурда кайра чакыртып алынбай турган болуп калат;

2) "клиринг" которууга тапшырмалардан келип чыккан талаптардын жана милдеттенмелердин бир таза талапка же бир таза милдеттенмеге өзгөртүлүп түзүлүшүн билдирет, мында натыйжада бир таза талап же бир таза милдеттенме гана калгандай кылып, эсептешүүлөр тутумунун бир же бир нече катышуучулары аларды ушул тутумдун бир же бир нече башка катышуучуларына сунушташат же алардан алышат.

192-берене. Активдерди сатуу 

1. Банктын активдерин түгөлдөө жана баалоо аяктагандан кийин жоюучу бир айдын ичинде Улуттук банкка макулдашуу боюнча сотко мүлктүн курамы жана өзгөчөлүктөрү, аны сатуу мөөнөттөрү, ачык торуктардын таризи жана шарттары, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды берүү таризи, аны сатуунун баштапкы баасы, мүлктү сатуу жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо жана жайгаштыруу тариздери жана мөөнөттөрү тууралуу маалыматтарды камтыган банктын активдеринин (мүлкүнүн) тизмегин бекиттирүү үчүн берүүгө милдеттүү.

2. Банктын сатылууга тийиш болгон активдеринин (мүлкүнүн) тизмеги сот тарабынан бекитилгенден кийин жоюучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен аларды сатууга киришет.

3. Банктын мүлкүн баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

4. Банктын кыймылсыз мүлкүн сатуу аукцион өткөрүү аркылуу гана жүргүзүлөт. Эгерде аукцион өткөрүлгөн жок деп таанылса, анда аукцион милдеттүү түрдө кайрадан өткөрүлөт. Эгерде кыймылсыз мүлк кайрадан өткөрүлгөн аукциондо сатылбаса, жоюучу соттун макулдугу менен аны башка ыкма аркылуу сатууга укуктуу.

5. Өзгөчө учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөрдү сактоо менен активдерди сатуу соттун макулдугу менен гана түздөн-түз сатуу аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Жоюучу банктын активдерин насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн рынок баасы боюнча негизи жок кармабастан сатууга милдеттүү. Эгерде активдерди сатууга мүмкүн болбосо, аларга суроо-талаптын аздыгынан улам баасы төмөн болсо же ээликтен ажыратуу боюнча чыгымдар активдердин наркынан ашып кетсе, же болбосо башка себептерден улам аларды рыноктук баада сатууга мүмкүн болбосо, жоюучунун жогорудагы милдеттери өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн.

7. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

8. Насыя берүүчүлөр банктын активдерин баалоо жана аларды сатуу жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу.

193-берене. Өз ара эсептешүүгө тыюу салуу жана жоюу неттинги 

1. Жоюу жол-жобосун ишке ашыруунун жүрүшүндө насыялык жана дебитордук карыздар боюнча өз ара талаптарды чегеришүүнү (өз ара эсептешүүнү) колдонууга, милдеттенмелерди токтотуу (отступ) же жаңылоо (новация) жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу насыя берүүчүлөрдүн талаптарын жабууга тыюу салынат.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жоюу неттингин колдонууга жол берилет.

194-берене. Корутунду отчет жана жоюу жол-жобосун бүткөрүү 

1. Ушул Мыйзамда каралган бардык иш-чаралар бүткөндөн жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу сотко корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана банкты жоюу жол-жобосун бүткөрүү тууралуу өтүнүч каты менен кайрылат. Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу учурунда, жоюучу Улуттук банкка кайрылуунун алдында банктын акционерлеринин жалпы жыйналышынын тиешелүү чечимин алууга тийиш. Корутунду отчеттун түзүмү жана мазмуну Улуттук банк тарабынан аныкталат. Жоюучу корутунду отчеттун түп нускасынын бирин Улуттук банкка берет. Сот жоюучунун корутунду отчетун Улуттук банк жактыргандан кийин гана бекитет.

2. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу корутунду отчетту бекитүү жана мажбурлап жоюу жол-жобосун аяктоо жөнүндө соттун аныктамасы чыккандан кийин бүткөрүлгөн болуп саналат. Соттун аныктамасы дароо күчүнө кирет. Корутунду отчетту бекитүү тууралуу соттун аныктамасынын көчүрмөсү сот тарабынан Улуттук банкка жөнөтүлөт.

Банкты ыктыярдуу түрдө жоюу жол-жобосу Улуттук банк тарабынан корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана жоюу жол-жобосу аяктагандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып бүткөрүлгөн болуп саналат.

3. Банкты жоюу жол-жобосу бүткөрүлгөндөн кийин аны кайра калыбына келтирүүгө жол берилбейт.

4. Жоюучу соттун (мажбурлап жоюуда), же болбосо Улуттук банктын (ыктыярдуу түрдө жоюуда) жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу чечими күчүнө киргенден кийинки он беш календардык күн ичинде банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат жана соттун же Улуттук банктын (ыктыярдуу түрдө жоюуда) чечимин банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды жазуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштайт, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы тууралуу билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

31-глава. Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө соттогу өндүрүш 

195-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө сот өндүрүшү 

1. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер өзгөчө өндүрүш иши болуп эсептелет.

2. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер сот тарабынан ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча каралат.

3. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иштер өндүрүш тарабынан токтотулууга, кийинкиге калтырылууга, бейтарап соттун кароосуна берилүүгө жана жарашуу келишими менен аяктоого тийиш эмес.

196-берене. Сотто каралууга тиешелүү иш 

Банктарды мажбурлап жоюу жөнүндөгү иш банк жайгашкан жердеги сот тарабынан каралат.

197-берене. Сотко кайрылуу укугу 

1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо тууралуу арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.

2. Насыя берүүчү, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.

Банктын насыя берүүчүсү тарабынан Улуттук банкка берилген арызда банк өз финансылык милдеттенмелерин аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөй албай калгандыгы тууралуу айкын талапты камтууга тийиш, мында документ түрүндөгү тиешелүү тастыктоолор тиркелет. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк тарабынан лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиздер белгиленбесе, ал насыя берүүчүгө жүйөлөрү көрсөтүлгөн баш тартууну жөнөтөт.

Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, анда банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголбойт.

198-берене. Ишке катышуучу жактар 

1. Ишке катышуучу жактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу Улуттук банк;

2) Убактылуу администрациянын жетекчисинин атынан банк;

3) насыя берүүчүлөр.

2. Зарылчылык болгон учурда сот тараптардын өтүнүчү боюнча процесске күбөлөрдү, эксперттерди жана адистерди, ошондой эле кызыкдар жактарды тарта алат.

3. Процесске катышкан жактар процесстик укукка ээ жана аларга ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган милдеттер жүктөлөт. Мында Улуттук банк доогерге карата, ал эми банк-жоопкерге карата Жарандык процесстик кодексте каралган укукка жана милдеттерге ээ.

199-берене. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын сотко арызы 

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) жоопкер банктын аталышы, анын почта жана юридикалык дареги;

3) ушул мыйзамда каралган лицензияны кайра чакыртып алуу үчүн негиздер;

4) ишти туура чечүү үчүн башка маалыматтар;

5) тиркелүүчү документтердин тизмеси.

2. Арыз ээси арыздын көчүрмөсүн жоопкер банкка жөнөтүүгө милдеттүү.

3. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету;

2) лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө Улуттук банктын чечиминин көчүрмөсү;

3) лицензияны кайра чакыртып алуунун негиздүүлүгүн тастыктаган башка зарыл документтер.

200-берене. Арызды кабыл алуу 

1. Сот ушул главада каралган талаптарды сактоо менен берилген Улуттук банктын арызын өндүрүшкө кабыл алууга милдеттүү.

2. Сот арыз келип түшкөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө аныктама чыгарат, ал иш боюнча тараптарга дароо жөнөтүлөт.

3. Сот арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндөгү аныктамада, ишти соттун жыйналышында териштирүүгө коюу жөнүндө, аны өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтөт.

4. Сот тарабынан Улуттук банктын арызы кабыл алынган учурдан тартып банктын карыздарын төлөөгө, активдерине камак салууга жана мүлкүн өндүрүүгө тиешелүү бардык соттук жана башка мажбурлоо аракеттерин аткарууга жол берилбейт.

5. Арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктамага даттанылбайт.

6. Арыз сот тарабынан соттук ишке кабыл алынган учурда Улуттук банктын ушул мыйзамга ылайык күчүнө кирген чечимдерине даттануу же кайра кароо жөнүндө кайсы болбосун жактардын кайчы жана/же өз алдынча койгон талаптары кароого кабыл алынбайт.

201-берене. Арызды кайра кайтаруу 

1. Сот арызды төмөнкү учурларда гана кайра кайтарат:

1) эгерде ушул мыйзамда белгиленген арызды тариздөөгө карата талаптар сакталбаса;

2) эгерде арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз ээси арызынан баш тартса.

2. Судья арызды кайтарып берүү жөнүндө эки күндүк мөөнөттө аныктама чыгарат жана аны чыгарган учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ишке катышкан жактарга жөнөтөт.

3. Арыздын кайтарылышы жол берилген бузууларды четтетүүдөн кийин сотко экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

202-берене. Маңызы боюнча ишти карап чыгуу мөөнөтү 

Улуттук банктын мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө арызды кароого алуунун натыйжалары боюнча чечим өндүрүшкө кабыл алынгандыгы тууралуу аныктама чыгарылган күндөн тартып беш календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө сот тарабынан чыгарылууга тийиш. Өзгөчө учурларда көрсөтүлгөн мөөнөт соттун жүйөлүү аныктамасы боюнча, бирок беш календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.

203-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү козгоо үчүн негиз 

Сот Улуттук банктын лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө чечиминин негизинде банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш козгойт.

204-берене. Соттун чечими 

1. Сот иш боюнча банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү козгоо, мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жана жоюучуну тандоо жөнүндө чечим чыгарат.

2. Соттун чечими чыгарылган күндөн тартып дароо мыйзамдуу күчүнө кирет.

3. Соттун чечимин чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө жогору турган сотко даттанууга болот.

205-берене. Соттун аныктамасы 

1. Сот бул иш боюнча төмөнкү аныктамаларды чыгарат:

1) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жана ишти угууга даярдоо жөнүндө;

2) арызды кайра кайтаруу жөнүндө;

3) ушул Мыйзамга ылайык жоюучуга сый акы белгилөө жөнүндө;

4) мажбурлап жоюу жол-жобосунун алкагында жоюучу иш-аракеттерди аткаргандыгын же тыюу салгандыгын аныктоо жөнүндө;

5) жоюучунун корутунду отчетун бекитүү тууралуу;

6) ушул Мыйзамдын максаттары үчүн башка аныктамалар.

2. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн алкагында Улуттук банктын арызын кароосуз калтырууга жол берилбейт.

206-берене. Апелляциялык жана көзөмөлдүк инстанциядагы соттогу иш 

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечими апелляциялык же көзөмөлдүк тартипте даттанылышы мүмкүн. Кассациялык тартипте биринчи инстанциядагы соттун чечимин кайра карап чыгууга жол берилбейт.

2. Апелляциялык даттанууну карап чыгуу боюнча соттун апелляциялык инстанциясынын токтому келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен иш менен биргеликте сотко берилет.

3. Соттун апелляциялык инстанциясы төмөнкү чечимдерди кабыл алат:

1) биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөрүүсүз, ал эми даттанууну канааттандыруусуз калтыруу тууралуу;

2) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен жокко чыгаруу жана жаңы чечимди кабыл алуу тууралуу.

Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарууга жана ишти жаңы кароого сунуштоого жол берилбейт. Апелляциялык инстанциядагы соттун чечими кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет жана ал кабыл алынган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө көзөмөлдүк тартипте даттанууга болот.

4. Көзөмөлдүк даттанууларды кароо боюнча соттун көзөмөлдүк инстанциясынын токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген иш менен биргеликте келип түшкөн күндөн тартып жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкү токтомдорду кабыл алат:

1) көзөмөлдүк даттанууну канааттандыруудан баш тартуу жана биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтыруу тууралуу;

2) биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана маңызы боюнча жаңы чечимди кабыл алуу тууралуу.

Төмөн турган инстанциядагы соттордун чечимин жокко чыгарууга жана ишти кайрадан кароого жөнөтүүгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому кабыл алынган учурдап тартып күчүнө кирет жана ага даттанылбайт.

6. Көзөмөлдүк даттануу өндүрүшкө кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлдүк даттануу каралганга чейин карызкор банктын активдерин ээликтен ажыратууга байланыштуу кайсы болбосун аракеттерди жоюучу тарабынан аткарылышына тыюу салуу жөнүндө аныктамасын чыгарууга укуктуу.

207-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштүн алкагында арыздарды карап чыгуу 

Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосунун жүрүшүндө ушул мыйзамда белгиленген талаптардын бузулгандыгы жөнүндө жоюучунун жана Улуттук банктын арыздары алар алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен сот тарабынан кароого алынат.

208-берене. Банкты мажбурлап жоюу жөнүндө өндүрүштү аяктоо тууралуу соттун аныктамасы 

1. Сот банкты мажбурлап жоюу өндүрүшүн аяктоо жөнүндө аныктаманы жоюучунун корутунду отчету бекитилген учурда чыгарат.

2. Эгерде жоюучунун корутунду отчету сот тарабынан бекитилбесе, банкты мажбурлап жоюу аягына чыкты деп эсептелбейт.

3. Соттун банкты мажбурлап жоюуну аяктоо жөнүндө аныктамасы банкты юридикалык жак катары мамлекеттик реестрден алып салуу үчүн негиз болуп саналат.

IX БӨЛҮМ. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР 

32-глава. Корутунду жоболор 

209-берене. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик 

Улуттук банк, банктар жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматчылар, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде резидент эместер ушул Мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

210-берене. Ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

Улуттук банктын расмий корутундусу болмоюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө тыюу салынат.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

 

2016-жылдын 30-ноябрында 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган