Кайта келүү

Абдыгазиев Санжар Каниметович 


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү 

1986-жылдын 19-декабрында туулган 

Билими:

2004-2009-жж. – Кыргыз-Россия Славян университети, "юриспруденция" адистиги боюнча артыкчылыгы менен диплом. 

2023-2024-жж. – Лондондогу Queen Mary университети, технология, медиа жана телекоммуникациялар боюнча укук боюнча магистр (артыкчылыгы менен), Лондон, Улуу Британия. 


Эмгек жолу:

2009-2010-жылдар – "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААК, юрист; 

2010-2018-жылдар – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөө; 

2018-2019-жылдар – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коопсуздук жана маалыматты коргоо башкармалыгынын башкы инспектору; 

2019-2021-жылдар – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары бөлүмүнүн башкы адиси; 

2021-2023-жылдар – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси; 

2023-2024-жылдар – Британиянын Чивниг (Chevening) стипендиялык программасынын стипендианты – Лондондогу Queen Mary университети, Лондон, Улуу Британия; 

2024-2025-жылдар – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн инспектору. 


Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-октябрындагы тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.  


Сыйлыктары:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан акрил блогу менен сыйланган. 

- "Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси" класстык чинине ээ. 


Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис.