Кайта келүү

“Кыргыз Республикасынын банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата  

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору менен биргеликте иштелип чыккан жана анда Банктык кодексти колдонууга киргизүү мөөнөттөрү жана тартиби каралып, айрым мыйзамдарды, Банктык кодекстин талаптагыдай аткарылышы үчүн зарыл болгон айрым өтмө жоболорду күчүн жоготкон катары таануу шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү каралып (жалпысынан алганда 30ка жакын кодекске жана мыйзамдарга), Банктык кодексти Кыргыз Республикасынын бүтүндөй жарандык жана башка мыйзамдарынын нормаларына ылайыкташтырууга багытталган. 

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын текстинде, алардын айрым жоболору Банктык кодекстин долбоорунда камтылган Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө, “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу”, “Банктык сыр жөнүндө” жана “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамдарга шилтемелер орун алгандыгына байланыштуу, аларга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, ошого жараша жогоруда белгиленген мыйзамдарга шилтемелер Кыргыз Республикасынын Банктык кодексине шилтемелерге өзгөртүлгөн.  

Банктык мыйзамдар мамлекеттин жана коомдун, банктардын жана алардын кардарларынын учурдагы керектөөлөрүнө, бүтүндөй өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө ылайык келиши үчүн аларды андан ары модернизациялоо жана өркүндөтүү боюнча иш алкагында, Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорунда камтылган принциптерге ылайык “Заем жана кредит” деп аталган 34, “Банктык аманат” деп аталган 36, “Банктык эсеп” деп аталган 37 жана “Эсептешүүлөр “ деп аталган 38-главалардын нормалары кайрадан каралып чыккан, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерин жөнгө салуучу нормаларды камтыган жаңы глава киргизилди.  

Мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоо жагында, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзам сунуш кылган нормалар банктык мыйзамдарды оптималдаштыруу жана кодификациялоо милдетин чечүүгө, Банктык кодекстин нормаларын Кыргыз Республикасынын жарандык жана бүтүндөй башка мыйзамдарынын нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзам талабына ылайык, Банктык кодекстин долбоору Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук талкуудан кийин Улуттук банкка келип түшкөн сунуш-пикирлер, айтылган сындар эске алынып, кайрадан иштелип чыккан.  

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бүтүндөй жарандык мыйзамдарга жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам нормаларына ылайык келет. 

Сунушталып жаткан Банктык кодекстин долборунун регулятивдик таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн алкагында ушул мыйзам долбоорунун бул багыттагы мүмкүнчүлүгүнө да талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөн. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы өлкө бюджетинен кошумча каржылоону да талап кылбайт. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын Төрагасы З.Асанкожоева