Кайта келүү

Долбоор  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы  

 

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., №8, 992-б.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

1. 256-беренедеги “алтындын жана күмүштүн” деген сөздөрдөн кийин “, аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар” деген сөздөр менен толукталсын.  

2. 257-берененин: 

- 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы “, нумизматтык максатта пайдалануудан башка” деген сөздөр алынып салынсын; 

- 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 16) пункт менен толукталсын: 

“16) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү аффинаждалган алтындан, күмүштөн, мельхиордон жана/же жез-никелден даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан алынып келинүүчү төмөнкүдөй жабдуулар жана товарлар: акча менен иш алып баруу жабдуулары (банкнотторду жана монеталарды саноочу жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду жана монеталарды иргөөчү жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду вакуум жана бандероль түрүндө таңычактоочу жабдуулар, аларга тиешелүү тетиктер, банкнотторду жок кылуучу система, аларга тиешелүү тетиктер, валюта детекторлору, нак акча каражаттарын ташуучу касса арабалары, контейнерлер жана башкалар); эксперттик жабдуулар (эксперттик-криминалисттик комплекс, рентген-флуоресценттик анализатор, атайы максатта пайдаланылуучу электрондук тараза); компьютердик жана кеңсе жабдуулары (принтерлер, факстар, сканерлер), аларга карата чыгымдалуучу материалдар; сервердик, түйүндүк жабдуулар (маршрутизаторлор, коммутаторлор, IP-телефония жабдуулары ж.б.); маалыматтарды сактоо жабдуулары (массивдер, дисктер, маалымат топтоочулар); резервдик көчүрүү жабдуулары (лента түрүндөгү маалыматтар топтому жана аларга тиешелүүлөр); өндүрүш багытындагы желдеткич жабдуулар; программалык камсыздоо; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз негизде ток менен камсыздоо булактары жана аларга карата тетиктер; атайы багытка каралган транспорт.”. 

3. 261-беренедеги “алтынды жана күмүштү” деген сөздөрдөн кийин “, аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн даярдалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар” деген сөздөр менен толукталсын. 

4. 315-берененин 4-бөлүгүндөгү “банктар тарабынан” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

 

2-берене.  

Бул мыйзам расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Президенти