Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  

мыйзам долбооруна карата маалымдама-негиздеме 

 

Мыйзам долбоору аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык монеталарды Кыргызстандын финансы рыногунда жүгүртүү шарттарын түзүү максатында иштелип чыккан.  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 12-мартында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, анда банктар тарабынан ишке ашырылган аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, ошондой эле инвестициялык монеталар менен операцияларды КНСтен жана сатуудан салыктан бошотуу талабы каралган. Жогорку Кеңеш тарабынан Салык кодексине кабыл алынган түзөтүүлөр бүгүнкү күндө өтү актуалдуу, анткени калк өз каражаттарын алтынга жана/же күмүшкө салуунну кошумча мүмкүнчүлүккө ээ болот, бул өз кезегинде экономикада долларлашуу деңгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзө тургандыгын баса белгилөө зарыл.  

Кыргызстандын финансы рыногун толук кандуу жана ишенимдүү өнүктүрүү үчүн республикага аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык монеталарды алып келүүдө Улуттук банкты КНСти, бажы алымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу зарыл.  

Мындан тышкары, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга да аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, ошондой эле инвестициялык монеталар менен операцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо зарыл. Мында, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар республиканын финансы рыногунда мындай операцияларды ийгиликтүү ишке ашыруусу үчүн аларга да салык төлөө жагында жеңилдиктерди караштыруу зарылчылыгы келип чыгууда.  

Бул демилге, биринчи кезекте, финансы рыногундагы туруксуздук, ошондой эле калктын жана жеке ишкерлердин сыяктуу эле, юридикалык жактардын да каражаттарды коопсуз жумшоосун жана сактоосун камсыз кылуу менен шартталган.  

Баалуу металлдар рыногу финансы рыногунун башкы секторунун бири экендигин өзгөчө белгилеп кетүү зарыл. Дүйнө валюталары акыркы кезде туруксуздукту башынан кечирип жатышынан улам, уникалдуулугу менен башкалардан айрымаланган алтын жана күмүш сыяктуу баалуу металлдар ишенимдүү инвестициялык жана камдык актив катары туруктуулугун сактап калууда. Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү дүйнөлүк рынокто эң эле алгылыктуу финансылык каражат болуп саналгандыктан жана алтынга суроо-талап жогору болуп турган азыркы учурда Кыргызстан жөнгө салынган финансы рыногуна ээ болууга тийиш.  

Өлкөбүздүн финансы рыногуна аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, ошондой эле инвестициялык монеталар түрүндө жаңы каражаттарды сунуштоо менен мамлекет калк, ишкерлер жана ишканалар үчүн жыйым топтоонун жана инвестициялоонун жаңы альтернативалуу инструменттерин түзүп, аларга кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн да сунуштай алат, ошондой эле мында Кыргызстанда баалуу металлдарды өндүрүү жана иштетүү ишин өнүктүрүү натыйжалуулугуна көмөктөшүү да маанилүү маселе болуп саналат.  

Ошентип, бул мыйзам долбоору республиканын узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзүүгө багытталгандыгын белгилеп кетүү зарыл.  

Кыргызстанда баалуу металлдардын ички рыногу өнүккөн эмес, ошондуктан калктын жана ишканалардын жыйымдары чет өлкө валютасында, кыймылсыз же кыймылдуу мүлк түрүндө топтолуп келет. 

Учурда, Кыргыз Республикасында депозиттердин долларлашуу коэффициенти 58% чегинде катталууда. Баалуу металлдардан инвестициялык куймаларды чыгаруу көлөмүн бара-бара арттыруу Кыргызстан экономикасында долларлашуу деңгээлин басаңдатууга багытталган. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн банк рыногунда чет өлкө валютасындагы депозиттер алда канча ликвиддүү болуу менен активдерди топтоо гана эмес, кредиттик операцияларды ишке ашырууда күрөөлүк камсыздоо катары милдет аткарууда. 

Инвестициялоонун жана жайым топтоонун кошумча жаңы альтернативалуу инструменттерин колдонууга киргизүү валютанын алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди диверсификациялоого мүмкүндүк берет. Учурда валюта рыногунда орун алып жаткан чет өлкө валютасы курсунун туруксуздугу акча массасын жөнгө салуунун альтернативалуу механизмин иштеп чыгууну талап кылууда.  

Ушундан улам, Салык кодексине аффинаждалган алтындан жана/же күмүштөн жасалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, ошондой эле инвестициялык монеталарды республикага алып келүүдө Улуттук банкты салыктарды, бажы алымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу жагында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр калкка, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга жеткиликтүү баада жаңы салым түрүн сунуштоо, демек финансы рыногунда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түптөйт. Жогоруда белгиленген өзгөртүүлөрдүн кабыл алынбай калышы финансы секторунун жетиштүү деңгээлде өнүкпөй калышына алып келип, анын түп-тамыры менен өзгөртүлүшүн шарттайт.  

Эгерде, 2015-жылы даярдалган өлчөнгөн куймалардын Ѕ бөлүгү жеке ишкерлер жана юридикалык жактар тарабынан дагы бир жолу кошумча сатылат деп болжолдосок, өлчөнгөн куймалар менен операциялар салык алуудан бошотулган шартта республикалык бюджеттин жоготуулары 1,8 млн сомго жакынды түзөт.  

Бул жерде, Улуттук банк тарабынан 2015-жылдын баш жагында сатылып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында импорттолгон 1, 2, 5, 10, 31 грамм салмагындагы, 3200 даанадагы өлчөнгөн куймалар боюнча импортко КНСтин суммасы 4 722 миң сомду түзгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл. Демек, өлчөнгөн куймалардын импорту боюнча салык алуудан бошотуу орун алган шартта, салыктын бул суммасы республикалык бюджетке түшпөй калмак. 

Ошентип, финансы рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн операциялардан салык алынган шартта республикалык бюджетке болжолдонгон салыктын түшпөй калышынан келип чыккан жоготуунун болжолдуу көлөмү анчалык деле олуттуу эмес жана сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынбай калса, ал узак мөөнөттүү келечекте өлкөдө банктык баалуу металлдар рыногун, демек республиканын экономикасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн солгундатат.  

Эгерде Салык кодексинин колдонуудагы беренелерин өзгөртүүсүз калтырсак, ал пландаштырылып жаткан иш натыйжасын камсыз кыла албай, келечекте өлкө банктык баалуу металлдар рыногун, демек финансы секторун өнүктүрүүнүн таасирдүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы ыктымал.  

Ошондой эле Мыйзам долбоорунда КР Бажы кодексинин 178-беренесенин 10 пунктунда көрсөтүлгөн товарларды алып келүү учурунда Улуттук банкты КНСти төлөөдөн бошотуу аныкталган түзөтүү сунушталган. Ушул норма ”КР Улуттук банкы жөнүндө” Мыйзамдын 53-беренесине ылайык сунушталган. Аталган беренесине ылайык областтык башкармаларын кошо алганда Улуттук банкы, анын менчиги, мүлктөрү жана кирешелери, ошондой эле бүтүмдөрү жана операциялары Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин 178-статьясынын 10-пунктунда көрсөтүлгөн товарларга карата жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын ошондой эле мамлекеттик алымдардын кандай гана болбосун түрлөрүнөн бошотулат. Белгиленген товарларынын тизмесинин ичинде акча жабдуулары (банкнот жана монета санагычтар жана алардын тетиктери, банкнотторду жана монеталарды иргегичтер жана алардын тетиктери, банкнотторду вакуумдук жана бандеролдук таңгактагычтар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, банкнотторду жок кылуучу системалар жана алардын алмаштырылуучу тетиктери, валюта детекторлору, касса арабачалары, жана башкалар); компьютердик жабдуулар жана алардын чыгымдалуучу материалдары; дизельгенераторлор, үзгүлтүксүз ток берүү булактары жана алардын алмаштырылуучу тетиктери; атайын транспорт. Ушул товарлардын тизмеси акча жана эсперттик жабдуулар, жана ошондой эле офистик, сервердик, түйүндүк жабдуулар менен байланыштуу товарлар менен толукталган. 

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы укук коргоо жагында, гендердик, экологиялык, коррупциялык эч кандай кесепеттерге алып келбейт, анткени мыйзамдын сунушталган нормаларын колдонууга киргизүү банк рыногуна инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, экономиканын долларлашуу деңгээлин басаңдатуу, баалуу металлдарды өндүрүү секторун натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, акырында келип республиканын экономикасынын узак мөөнөттүү өнүгүшүнө түрткү берүү милдетин чечүүгө багытталат.  

Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына, республиканын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык мыйзам нормаларына жооп берет.  

Мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкө бюджетинен кошумча каржылоону талап кылбайт.  

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамынын талабына ылайык, долбоор менен баардык кызыктар жактар кеңири таанышуусу үчүн www.nbkr.kg сайтында жайгаштырылган.