Кайта келүү

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна карата  

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА  

 

Колдонуудагы редакция 

Сунуш кылынган редакция 

30-статья. Айып 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз (ушул Кодекстин 238-статьясын, 242-статьясынын 4-бөлүгүн жана 248-статьясынын 3-бөлүгүн кошпогондо) өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо, юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. 

30-статья. Айып 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептик көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү жүз эсептешүү көрсөткүчтөн (ушул Кодекстин 238-беренесин, 242-беренесинин төртүнчү бөлүгүн, 248-беренесинин үчүнчү бөлүгүн, 357-359-беренелерин кошпогондо), кызмат адамдарына эки жүз эсептешүү көрсөткүчтөн (ушул Кодекстин 357-359-беренелерин кошпогондо) ашпоого тийиш. 

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо, юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. 

357-статья. Банк ишин жүргүзүүнү лицензиясыз ээлөө 

 

Банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз ээлөө

- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

Финансылык кредиттик мекемелердин банктык айрым операцияларды мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз жүзөгө ашыруусу - 

жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

357-статья. Лицензиясыз/күбөлүксүз банк операцияларын жүзөгө ашыруу 

 

Мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген лицензиясыз/ күбөлүксүз чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын жүзөгө ашыруу, - 

жарандарга бир миң, кызмат адамдарына бир миң беш жүз, юридикалык жактарга эки миң беш жүз эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет. 

358-статья. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу 

 

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - 

- эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

358-статья. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу 

 

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - 

жарандарга бир миң, кызмат адамдарына бир миң беш жүз, юридикалык жактарга эки миң беш жүз эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет. 

359-статья. Банк мыйзамдарын бузуу 

Банктардын же финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарынын банк мыйзамдарынын жоболорун бузуусу, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоосу - 

кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

Банк иши жөнүндө дайыма маалымат бербөө же анык эмес маалымат, отчет же кабарларды берүү

эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. 

359-статья. Банктык, микрокаржылоо, төлөм мыйзамдарын, кредиттик маалымат менен алмашуу мыйзамдарын бузууга жол берүү 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктар, финансы-кредит мекемелери же башка жактар (адамдар) тарабынан банктык, микрокаржылоо, төлөм мыйзамдарынын, кредиттик маалымат менен алмашуу тууралуу мыйзамдардын жоболорун бузууга жол берүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын жана талаптарын аткарбай коюу - 

жарандарга эки жүз, кызмат адамдарына беш жүз, юридикалык жактарга бир миң эсептешүү көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айыптык төлөм салууга алып келет