Кайта келүү

"Кыргыз Республикасынын Банк кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата 

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА 

Мыйзамдардын колдонулуп жаткан редакциясы 

Сунушталып жаткан редакция 

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

1-статья. Граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. 

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, эмгектик мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, эмгектик мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат. 

Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат. 

2. Адамдын ажыратылбай турган укуктарын жана эркиндиктерин жана башка материалдык эмес баалуулуктарды (жеке мүлктүк мамилелерге байланышпаган мүлктүк эмес мамилелер) жүзөгө ашыруу жана коргоо менен байланыштуу мамилелер ушул мамилелердин маңызынан башка нерсе келип чыкпагандыктан, граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат. 

3. Граждандар, юридикалык жактар, мамлекет граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучулары болуп эсептелет. 

Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, граждандык мыйзамдар тарабынан белгиленген эрежелер чет өлкөлүк граждандар, граждандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан мамилелерге карата колдонулат. 

4. Граждандык мыйзамдар ишкердик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган адамдардын ортосундагы же алар катышкан мамилелерди жөнгө салат. 

Пайда алууга багытталган, мыйзамда белгиленген тартипте ушундай сапатта катталган адамдар тарабынан өз алдынча, өзүнүн тобокелге салуусу менен жүзөгө ашырылган ишмердүүлүк ишкерчилик болуп эсептелет. 

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, бир тарапты экинчи тарапка административдик же башка бийликтик баш ийдирүүгө негизделген мүлктүк мамилелерге карата граждандык мыйзамдар колдонулбайт. 

1-статья. Граждандык мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелер 

1. Граждандык мыйзамдар граждандык карым-катнашка катышуучулардын укуктук абалын, менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттарынын (интеллектуалдык менчик) натыйжаларына болгон укуктардын пайда болушунун негиздерин жана аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт, келишимдик же башка милдеттенмелерди, ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салат. 

Ушул статьянын 1-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн белгилерге жооп берген үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик, банктык мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерге граждандык мыйзамдар бул мамилелер, тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик, банктык мыйзамдар жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынбаган учурларда колдонулат. 

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине тиешелүү мамилелердин өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс, ал эми Кодекс менен жөнгө салынбаган бөлүктөрү башка мыйзамдар аркылуу жөнгө салынат. 

Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелердин өзгөчөлүктөрү башка мыйзамдар менен жөнгө салынат. Банк ишинин жана финансылоонун исламдык принциптери жаатында мамилелерге ушул Кодекс башка мыйзамдар менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө колдонулат. 

2. Адамдын ажыратылбай турган укуктарын жана эркиндиктерин жана башка материалдык эмес баалуулуктарды (жеке мүлктүк мамилелерге байланышпаган мүлктүк эмес мамилелер) жүзөгө ашыруу жана коргоо менен байланыштуу мамилелер ушул мамилелердин маңызынан башка нерсе келип чыкпагандыктан, граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат. 

3. Граждандар, юридикалык жактар, мамлекет граждандык мыйзамдар тарабынан жөнгө салынуучу мамилелердин катышуучулары болуп эсептелет. 

Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, граждандык мыйзамдар тарабынан белгиленген эрежелер чет өлкөлүк граждандар, граждандыгы жок адамдар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан мамилелерге карата колдонулат. 

4. Граждандык мыйзамдар ишкердик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган адамдардын ортосундагы же алар катышкан мамилелерди жөнгө салат. 

Пайда алууга багытталган, мыйзамда белгиленген тартипте ушундай сапатта катталган адамдар тарабынан өз алдынча, өзүнүн тобокелге салуусу менен жүзөгө ашырылган ишмердүүлүк ишкерчилик болуп эсептелет. 

5. Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, бир тарапты экинчи тарапка административдик же башка бийликтик баш ийдирүүгө негизделген мүлктүк мамилелерге карата граждандык мыйзамдар колдонулбайт. 

35-статья. Акча (валюта) 

1. Кыргыз Республикасында акча бирдиги сом болуп эсептелет. 

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр түрүндө жүзөгө ашырылат. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары мыйзам тарабынан аныкталат. 

35-статья. Акча (валюта) 

1. Кыргыз Республикасында акча бирдиги сом болуп эсептелет. 

2. Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр накталай жана накталай эмес эсептешүүлөр түрүндө жүзөгө ашырылат. 

3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк валюта менен эсептешүүнүн учурлары, тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары тарабынан аныкталат. 

38-статья. Баалуу кагаздардын түрлөрү 

Мыйзамда же белгиленген тартипте баалуу кагаздардын катарына таандык облигация, вексель, чек, банктык сертификат, көрсөтүүчүнүн банктык аманат китепчеси, коносамент, акция жана башка документтер баалуу кагаздарга таандык кылынат. 

49-статья. Банк сертификаты 

Аманаттын белгиленген мөөнөтү бүткөндө анын суммасын жана ошол банктын бардык мекемелеринде анын проценттерин алууга аманат салган адамдын укугун күбөлөндүрүүчү акча каражатын салгандыгы жөнүндө банктын кат жүзүндөгү күбөлүгү банк сертификаты деп таанылат. 

Банк сертификаты талап кылуучу же өздүк болушу мүмкүн

49-статья. Банк сертификаты 

Аманаттын белгиленген мөөнөтү бүткөндө анын суммасын жана ошол банктын бардык мекемелеринде анын проценттерин же башка төлөмдөрүн алууга аманат салган адамдын укугун күбөлөндүрүүчү акча каражатын салгандыгы жөнүндө банктын кат жүзүндөгү күбөлүгү банк сертификаты деп таанылат. 

Банк сертификаты өздүк болуп саналат

96-статья. Юридикалык жакты жоюу 

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктун өтүүчүлүк тартибинде башка жактарга өткөрбөй токтотууга алып келет. 

2. Юридикалык жак: 

аны уюштуруучулардын (катышуучулардын) же юридикалык жактын уюштуруу документи менен ыйгарым укугун алган органдын чечими боюнча, анын ичинде ал максатына жетүү үчүн түзүлгөн юридикалык жак түзүлгөн мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу же аны түзүүдө четтетүүгө болбой турган мыйзамды бузууга жол берилгендигине карата юридикалык жакты каттоо сот тарабынан жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу; 

ишмердигин тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) жүзөгө ашырган же мыйзам тарабынан тыюу салынган ишмердикти жүргүзгөн, же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же ишмердигин юридикалык жактын уставдык максаттарына лицензияда белгиленген операцияларды жүргүзүү алар үчүн ишмердиктин бирден-бир уруксат берилген түрү болуп саналган банктардын, финансы-кредиттик уюмдардын жана мекемелердин лицензиясы кайтарылып алынган учурларда карама-каршы жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Кодексте каралган башка учурларда соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн. 

Төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жакты - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган банкты же финансы-кредиттик мекемени жоюу банк операцияларын жүргүзүү укугундагы лицензия кайтарылып алынган учурда, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер үчүн белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Банктын акционерлери тарабынан банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензия кайтарылып алынгандан кийин жоюу же өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим 1 айдын ичинде кабыл алынбаса, юридикалык жакты - банкты мажбурлап жоюу жүргүзүлөт. 

Банк лицензиясын кайтарып алуу же убактылуу токтотуу учурунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы катышуучулар тарабынан - жоюу комиссиясы (жоюучу) же сот тарабынан администратор дайындалганга чеиин банктын активдерин жана документтерин сактап туруу максатында убактылуу башкаруучуну дайындоого тийиш. Убактылуу башкаруучу "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-статьясына ылайык убактылуу администратор үчүн анын дайындалышынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болот. 

3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча юридикалык жакты жоюу жөнүндө талап мыйзам мындай талап коюу укугун берген мамлекеттик орган же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы тарабынан сотко берилиши мүмкүн. 

Юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун чечими менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же аны уюштуруу документтери менен юридикалык жакты жоюуга ыйгарым укук берилген органга юридикалык жакты жоюуну жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн. 

Ушул Кодекстин ушул статьясынын 2, 3-пункттарынын жана 97, 98-статьяларынын талаптары банкрот болуу процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт. 

4. Коммерциялык уюм болуп эсептелген кооператив же коомдук фонд катары аракеттенген юридикалык жак ал банкрот(кудуретсиз) деп табылгандыгына байланыштуу ушул Кодекстин 100-статьясына ылайык жоюлат. 

Эгерде мындай юридикалык жактын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. 

Банкроттуктун (кудуретсиздиктин) натыйжасында юридикалык жактарды жоюу жөнүндө жоболор мекемелерге карата колдонулбайт. 

5. Банктарды жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди жана Улуттук банктан лицензия алышкан башка жактарды өз эрки боюнча жана мажбурлап жоюу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат. 

99-статья. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу 

1. Юридикалык жак жоюлганда анын кредиторлорунун талабы төмөндөгүдөй кезекте канааттандырылат: 

биринчи кезекте - мыйзамда аныкталган тартипте тийиштүү убктылуу төлөмдөрдү капитализациялоо жолу менен өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгендиги үчүн карызкор жоопкерчилик тарткан граждандардын талабы канааттандырылат; 

экинчи кезекте - эмгек келишими (контракт) боюнча иштеген адамдарга эс алуу күндөрү үчүн жана социалдык пособиелерди төлөп берүү жана эмгек акы төлөп берүү боюнча эсептешүүлөр үч айдан ашпаган мезгил үчүн жүргүзүлөт; 

үчүнчү кезекте - кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынбаган алар боюнча пайыздары жана негизги суммалары боюнча талаптар канааттандырылат. Мында, бул кезектин башка кредиторлорунун талаптарына карабастан, адегенде аффилирленбеген жеке жактардын - банктардын аманатчыларынын талаптары, андан кийин аффилирленген жеке жактардын - банктардын талаптары канааттандырылат; 

төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлөт; 

бешинчи кезекте - бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча үчүнчү жана төртүнчү кезектеги кредиторлордун неустойканы (пеня жана штрафтар) төлөп берүү боюнча талаптары канааттандырылат. 

Кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин калдыгы юридикалык жактын уюштуруучуларына (катышуучуларына) төлөнүп берилет (берилет). 

Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары ушул Кодекстин 324-статьясына ылайык күрөөнү реализациялоодон алынган сумманын чегинде башка кредиторлордун алдында артыкчылык менен канааттандырылат. 

2. Ар бир кезектин талаптары андан мурдагы кезектин талаптары толугу менен канааттандырылгандан кийин гана канааттандырылат. 

3. Жоюу комиссиясы (жоюучу) кредитордун талабын аткаруудан баш тартса же аны кароодон четтесе, кредитор юридикалык жактын жоюу балансынын бекитилишине чейин жоюу комиссиясына (жоюучуга) доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Соттун чечими менен кредитордун талаптары жоюлуп жаткан юридикалык жактын калган мүлкүнүн эсебинен канааттандырылышы мүмкүн. 

4. Жоюу комиссиясы (жоюучу) белгилеген мөөнөт кийин коюлган кредитордун талабы ал мөөнөт ичинде билдирилген кредиторлордун талаптары орундалгандан кийин карызкордун калган мүлкүнөн канааттандырылат. 

5. Банкрот болуу (кудуретсиздик) процессин жүргүзүүдө ушул статьянын талаптары ушул Кодекстин 100-статьясында белгиленген өзгөчөлүктөр менен колдонулат. 

725-статья. Заем келишиминин формасы 

1. Заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда - суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт. 

2. Заем келишимин жазуу жүзүндө түзүлбөгөндүгү ушул Кодекстин 178-статьясында каралган натыйжаларга алып келет. 

3. Заем алуучунун ага заем берүүчү белгилүү бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин күбөлөндүргөн тилкаты же башка документи болгон учурда заем келишими жазуу жүзүндө түзүлдү деп таанылат. 

4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш. 

5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз. 

725-статья. Заем келишиминин формасы 

1. Заем келишими, эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн он эседен кем эмес ашса, ал эми келишимде тараптардын бири юридикалык жак болгон учурларда - суммасына карабастан, жазуу жүзүндө түзүлөт. 

2. Заем келишимин жазуу жүзүндө түзүлбөгөндүгү ушул Кодекстин 178-статьясында каралган натыйжаларга алып келет. 

3. Заем алуучунун ага заем берүүчү белгилүү бир суммадагы акча же белгилүү сандагы буюмдарды бергендигин күбөлөндүргөн тилкаты же башка документи болгон учурда заем келишими жазуу жүзүндө түзүлдү деп таанылат. 

4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариалдык жактан же бүтүмгө күбө катары катышкан эки адам тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

5. Ушул статьянын 4-пунктунда каралган талаптардын аткарылбашы тараптарды талаш маселе келип чыккан учурда бүтүмдү жана анын шарттарын тастыктоо катары күбөнүн көрсөтмөлөрүнө таянуу укугунан ажыратат, бирок аларды жазуу түрүндө жана башка далилдөөлөрдү көрсөтүү укугунан ажыратпайт. 

726-статья. Заем келишими боюнча проценттер 

1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент алууга укуктуу. Келишимде проценттин өлчөмү жөнүндө шарт каралбаган учурда анын өлчөмү заем берүүчү жашаган жерде, ал эми заем берүүчү юридикалык жак болгон учурда - ал жайгашкан жерде заем алуучу карыз суммасын же анын тиешелүү бөлүгүн кайтарып берген күнгө карата болгон банк процентинин өлчөмү (кайрадан финансылоо өлчөмү) менен аныкталат. 

2. Граждандардын ортосунда эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, процентсиз деп эсептелинет. 

3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент төлөнүүгө тийиш. 

4. Процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталат. Эгерде процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталбаса, анда алар заем суммасын кайтарып бермейинче ай сайын төлөнөт. 

5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет. 

6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт. 

726-статья. Заем келишими боюнча проценттер же башка төлөмдөр 

1. Мыйзамда же заем келишиминде башка белгиленбесе, заем берүүчү заем алуучудан келишимде аныкталган өлчөмдө жана тартипте заем суммасынан процент же башка төлөм алууга укуктуу. Келишимде проценттин өлчөмү жөнүндө шарт каралбаган учурда анын өлчөмү заем берүүчү жашаган жерде, ал эми заем берүүчү юридикалык жак болгон учурда - ал жайгашкан жерде заем алуучу карыз суммасын же анын тиешелүү бөлүгүн кайтарып берген күнгө карата болгон банк процентинин өлчөмү (кайрадан финансылоо өлчөмү) менен аныкталат. 

2. Граждандардын ортосунда эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн элүү эсе ашпаган суммага түзүлгөн жана жок дегенде тараптардын биринин ээлик кылуу ишкердигин ишке ашыруусуна байланышпаган заем келишими, эгерде анда түздөн-түз башкасы каралбаса, процентсиз же башка төлөмсүз деп эсептелинет. 

3. Эгерде заем келишими боюнча заем алуучуга түрдүк белгилери аныкталган буюмдар берилген болсо, алардын өлчөмү жана формасы (акчалай же натуралай) келишимде каралган учурда процент же башка төлөм төлөнүүгө тийиш. 

4. Процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталат. Эгерде процентти төлөө тартиби жана мөөнөтү заем келишиминде аныкталбаса, анда алар заем суммасын кайтарып бермейинче ай сайын төлөнөт. 

5. Ушул Кодекстин 727-статьясынын 2-пунктуна ылайык, пайызга берилген заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилген учурда, пайыздар заемдун суммасы мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай кайтарылып берилген күндү кошуп алганга чейин кошулуп эсептелет. 

6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт. 

727-статья. Заем алуучунун заем суммасын кайтарып берүү милдети 

1. Заем алуучу алынган сумманы заем берүүчүгө заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтаруу мөөнөтү келишимде аныкталбаган же талап кылынган убакыты менен аныкталган учурда, эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем суммасы заем алуучу тарабынан заем берүүчү кайтарып берүүнү талап кылган учурдан тартып бир айдын ичинде кайтарып берилүүгө милдеттүү

2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн. 

Жеке жана юридикалык жактарга пайызга берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн. 

Пайызга берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн. 

3. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, анда заем суммасы заем берүүчүгө өткөрүп берилген же тийиштүү каражаттар анын банктагы эсеп-кысабына чегерилген учурдан тартып кайтарып берилди деп эсептелинет. 

727-статья. Заем алуучунун заем суммасын кайтарып берүү милдети 

1. Заем алуучу алынган сумманы заем берүүчүгө заем келишиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө кайтарып берүүгө милдеттүү. Кайтаруу мөөнөтү келишимде аныкталбаган же талап кылынган убакыты менен аныкталган учурда, эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, заем суммасы заем алуучу тарабынан заем берүүчү кайтарып берүүнү талап кылган учурдан тартып бир айдын ичинде кайтарып берилүүгө милдеттүү

2. Эгерде заем келишиминде башкача каралбаса, пайызсыз заемдун суммасы заем алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда кайтарылып бериши мүмкүн. 

Жеке жана юридикалык жактарга пайызды кошо алганда акы төлөө үчүн берилген заемдун суммасы, финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларын кошпогондо, бул тууралуу мындай кайтарып берүү күнүнө чейин отуз күндөн кем эмес мурда заем берүүчүгө кабарландырылган шартта жеке жана юридикалык жактар тарабынан мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп кайтарылып берилиши мүмкүн. Заем келишиминде заемчунун акчалай каражаттарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүү ниети жөнүндө заем берүүчүгө кабарлоосунун бир топ кыска мөөнөтү белгилениши мүмкүн. 

Пайызды кошо алганда акы төлөө үчүн берилген заемдун суммасы, башка учурларда заем берүүчүнүн макулдугу менен мөөнөтүнөн мурда кайтарылып берилиши мүмкүн. 

3. Эгерде заем келишиминде башкасы каралбаса, анда заем суммасы заем берүүчүгө өткөрүп берилген же тийиштүү каражаттар анын банктагы эсеп-кысабына чегерилген учурдан тартып кайтарып берилди деп эсептелинет. 

34-Глава 

Заем жана кредит 

2-параграф. Кредит 

734-статья. Кредит келишими 

1. Кредит келишими боюнча банк же башка кредит уюму (кредитор) акча каражатын (кредитти) келишимде каралган шартта заем алуучуга берүүгө, ал эми заем алуучу алынган акча суммасын кайра кайтарууга жана ал үчүн процент төлөп берүүгө милдеттенет. 

2. Кредит келишими боюнча мамилелерге, эгерде ушул параграфтын эрежелеринде башкасы каралбаса же кредит келишиминин маңызынан башкасы келип чыкпаса, ушул главанын 1 параграфында каралган эрежелер колдонулат. 

735-статья. Кредит келишиминин формасы 

Кредит келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. 

Жазуу жүзүндөгү форманын сакталбагандыгы кредит келишиминин анык эместигине алып келет. Мындай келишим жокко эсе. 

736-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу 

1. Заем алуучуга берилген сумма өз убагында кайтарылбай тургандыгы анык экендигин күбөлөндүргөн кырдаалдарда заем берүүчү келишимде белгиленген кредитти толугу менен же жарым-жартылай берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

2. Заем алуучу, эгерде мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде же кредит келишиминде башкасы каралбаса, келишимде белгиленген берүү мөөнөтү келе электе кредиторго билдирүү менен кредитти алуудан баш тартууга укуктуу. 

3. Заем алуучу тарабынан кредит келишиминде каралган кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмеси бузулган учурда (730-cтатья) кредитор дагы заем алуучуга келишим боюнча андан ары кредит берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

34-Глава 

Заем жана кредит 

2-параграф. Кредит 

734-статья. Кредиттик келишим 

Кредиттик келишим боюнча кредитор (банк же банктык эмес башка финансы-кредиттик уюм мындан ары банк) акча каражаттарын (кредит) келишимде каралган өлчөмдө жана шарттарда берүүгө, ал эми карызкор алган акча суммасын кайтарып берүүгө жана ал боюнча пайыздарды төлөөгө милдеттенет. 

735-статья. Кредиттик келишимдин формасы 

Кредиттик келишим жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Жазуу формасынын сакталбашы кредиттик келишимдин жараксыз болушуна алып келет. Мындай келишим жараксыз деп саналат.  

736-статья. Кредит берүү күнүн аныктоо 

Кредит берилген күн болуп кредиттин суммасы карыз алуучунун эсебине келип түшкөн же ага нак акча каражат түрүндө берилген күн эсептелет. 

736-1-статья. Кредит берүүдөн же алуудан баш тартуу 

1. Карызкорго берилүүчү сумма мөөнөтүндө кайра төлөнбөстүгүн айкын далилдеген жагдайлар болсо кредитор келишимде каралган кредитти берүүдөн толугу менен же айрым бөлүгүн берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

2. Карыз алуучу кредиттик келишимде каралган кредитти максаттуу пайдалануу милдеттенмесин бузган учурда, кредитор келишим боюнча карыз алуучуга андан ары кредит берүүдєн баш тартууга укуктуу.  

3. Карыз алуучу келишимди түзгөндөн кийин акча каражатты алган учурга чейинки мезгил ичинде кредитти алуудан же лизинг боюнча мүлк үчүн төлөөнү ишке ашыруудан акысыз негизде баш тартууга укуктуу. 

736-2-статья. Кредитти максаттуу пайдалануу 

1. Эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча алган каражатын өз каалоосуна жараша пайдаланат. 

2. Эгерде кредиттик келишим карыз алуучунун алган каражатты белгилүү бир максатта (максаттуу кредит) пайдалануу шарты менен түзүлгөн болсо, ал кредиторго кредиттин суммасынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.  

3. Эгерде карыз алуучу кредиттин суммасын максаттуу пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттарын аткарбаса, ошондой эле ушул статьянын 2-пунктунда каралган милдеттенмелерди бузган болсо, кредитор, эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

736-3-статья. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздар жана төлөм 

1. Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредитор кредиттик келишимди түзгөнгө чейин пайыздар жана кредитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр (комиссиялык акы) жөнүндө маалымат менен ар бир карыз алуучунун таанышып чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү. Пайыздар жана комиссиялык акылар тууралуу маалымат ачык-айкын, жеткиликтүү болууга жана банк тарабынан потенциалдуу карыз алуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүгө тийиш.  

2. Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредитор кредиттик келишимди түзүүдө пайыздардын жана комиссиялык акылардын өлчөмүн, пайыз кошуу мезгилин жана төлөө мөөнөтүн ар бир конкреттүү карыз алуучу менен өз алдынча аныктайт. 

Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана кредиттин негизги суммасын төлөө тартиби тараптардын макулдашуусу боюнча кредиттик келишимде каралат.  

Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кредит берилген күнү төлөөгө жол берилбейт.  

Эгерде аны төлөө милдети кредиттик келишимде каралган болсо, кредиттик келишимде карыз алуучунун пайыздарды жана кредитти пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жоопкерчилиги каралышы мүмкүн  

736-4-статья. Карыз алуучунун кредиттин суммасын кайра төлөө 

боюнча милдети 

1. Карыз алуучу алган кредитинин суммасын кредиттик келишимде каралган мөөнөттө жана тартипте кредиторго кайра берүүгө милдеттүү

2. Карыз алуучу кредиттин түрүнө, пайдалануу мөөнөтүнө жана суммасына карабастан кредиттин ордун кайсыл учурда болбосун мөөнөтүнөн мурда жабууга укуктуу, мында ал бул тууралуу 30 календардык күн мурда алдын ала билдирүүгө тийиш. 

3. Эгерде кредиттик келишимде башкасы каралбаса, кредиттин суммасы кредиторго өткөрүп берилген мезгилден же тиешелүү акча каражат анын кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсебине түшкөн учурдан тартып кайра төлөндү деп эсептелет.  

736-5-статья. Карыз алуучунун милдеттенмелери аткарылышын камсыздоо  

1. Кредиттик келишим боюнча карыз алуучунун милдеттенмесинин аткарылышы күрөө, кепилдик, гарантиялар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыкмалар аркылуу камсыздалышы мүмкүн.  

Улуттук банк тарабынан банктардын кредиттери боюнча камсыздоого карата минималдуу талаптар белгиленет.  

2. Карыз алуучу кредиттин суммасынын кайра төлөнүшүн камсыздоо боюнча милдетин аткарбаса же кредитор жооптуу болбогон жагдайларга байланыштуу камсыздоо мүмкүндүгүнөн ажыраса же камсыздоо шарты начарласа, эгерде келишимде башкасы каралбаса, кредитор карыз алуучудан кредит боюнча карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу. 

Жаңы глава 

34-1-глава. Каржылоонун исламдык принциптерине ылайык каржылоо  

1-параграф. Мудараба келишими 

738-1-берене. Жалпы шарттар 

1. Мудараба келишими боюнча бир тарап (инвестор) акча каражатты тараптар белгилеген максаттарга андан ары инвестициялоо үчүн же мударибдин каалоосу боюнча келишимдин шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорциялуу негизде бөлүштүрүлүүчү пайданы алуу максатында экинчи тарапка (мударибге жеке адам же юридикалык жак - акча каражатты алуучуга) берет.  

2. Мудараба келишими акча каражатты (аманаттарды) тартуу максатында да, мудараба боюнча тартылган акча каражатты жайгаштыруу максатында да колдонулат. 

3. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш.  

4. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары банк) мудараба келишиминин тарабы болушу мүмкүн. Мында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аларга карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн. 

738-2-берене. Мудараба келишиминин түрлөрү 

1. Мудараба келишими төмөнкүдөй түрлөрдө түзүлүшү мүмкүн:  

1) чектелген (атайын) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык инвестор мударибдин инвестициялашы үчүн активдердин же объекттердин түрлөрүн белгилейт. Мында, инвестициялоонун ар бир активи/объектиси үчүн мудариб менен инвестор ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт; 

2) чектелбеген (жалпы) мудараба келишими, анын шарттарына ылайык мудариб инвестор тарабынан сунушталган каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланууга укуктуу; 

3) ачык мудараба келишими, бул келишимдин шарттарына ылайык инвестор мөөнөтүнөн мурда (алгачкы эле суроо-талабы боюнча) мударибден ал сунуштаган акча каражатты алууга укуктуу. Мындай учурда банк (эгерде ал мудариб катары чыгып жатса) инвесторго акыркы толук мезгилдеги (ай, жыл) пайданы толук төлөп берет. 

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мудараба келишиминин башка түрлөрү да каралышы мүмкүн.  

738-3-берене. Акча каражатты пайдалануудагы чектөөлөр  

Мудараба келишими боюнча акча каражат Шарияттын стандарттарына ылайык келген иштин түрлөрүнө гана инвестицияланышы мүмкүн.  

Чектелген (атайы) мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына акча каражатты башка максатка пайдаланууга, акча каражатты үчүнчү жактарга кандай болбосун тике же кыйыр формада жайгаштырууга тыюу салууну киргизүүгө тийиш. 

738-4-берене. Инвестордун мудараба келишими боюнча укуктары  

жана милдеттери 

1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишим шарттарына ылайык жүргүзүүгө, келишимде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражатты мударибге берүүгө, ал берген акча каражаттын пайдаланылышын жана келишимдин башка шарттарынын аткарылышын контролдоого, келишимде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.  

2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, инвестор келишим боюнча берген, анын ичинде мударибдин камсыздоосунун эсебинен берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн. 

Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин күндөлүк ишине кийлигишүүгө укугу жок. 

738-5-берене. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары  

жана милдеттери 

1. Мудараба келишими боюнча мудариб инвесторго керектүү баардык зарыл отчетторду жана башка маалыматтарды берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын аткаруу максатында ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого милдеттүү жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алынуучу акча каражатты (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзөт.  

2. Мудариб инвестордон алынган акча каражатты мудараба келишиминде каралган максаттарга гана жумшоого укуктуу.  

3. Мудариб инвестордон алган капиталды пайда алуу максатында башкарууга жана мудараба келишимине ылайык акы алууга укуктуу.  

738-6-берене. Мудараба келишими боюнча милдеттенмелерди  

камсыздоо ыкмасы  

Инвестор мударибден алган акча каражатты камсыздоосу катары күрөөнүн, кепилдиктин, гарантиянын жана камсыздоонун башка түрүнүн берилишин талап кылууга, ошондой эле мударибдин мыйзамсыз иш-аракетинен, калпыстыкка жол беришинен жана келишимдин шарттарын бузушунун кесепетинен тарткан чыгымдарын күрөөнүн эсебинен жабууга укуктуу.  

738-7-берене. Пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүү  

1. Мудараба келишиминин алкагында алынуучу пайда мудараба келишиминде каралган тартипте, алынган пайданын пайызына үлүштүк катышта бөлүштүрүлөт. 

2. Эгер мудариб келишимин аткарууда чыгым болсо, анда инвестор мударибге берген акча каражаттын суммасынын өлчөмүндө чыгым тартат, мудариб болсо мындай учурда өзүнүн эмгеги үчүн акы албайт. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн бул эрежеси, эгерде чыгымга мудариб күнөөлүү болбосо колдонулат.  

3. Чыгым мударибдин күнөөсү боюнча же анын мыйзамсыз иш-аракетинин/аракетсиздигинин кесепетинен болсо, инвестордун чыгымы мударибдин эсебинен жабылат. Мындай учурда инвестор мудараба келишими боюнча берген акча каражатын мударибдин камсыздоосунун эсебинен, ал камсыздоо жетишсиз болсо мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу. 

738-8-берене. Мудараба келишимин токтотууга тыюу салуу  

Мудариб келишимди аткарууга киришкен болсо жана ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдаланып жатса, ошондой эле келишим мөөнөтү бүтө элек болсо, мудараба келишимин бир тараптуу негизде токтотууга болбойт. 

2-параграф. Мурабаха келишими 

738-9-берене. Мурабаха келишиминин жалпы шарттары 

1. Мурабаха келишими боюнча банк же тийиштүү лицензиясы бар банктык эмес башка финансылык-кредиттик уюм кардардын өтүнмөсү боюнча алдырылган товарды кардарга бөлүп төлөө шартында сатууга милдеттенет.  

2. Мурабаха келишиминин предметин кардарга мурабаха келишими боюнча сатууда банк мурабаха келишиминин предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш. 

3. Мурабаха келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. 

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында мурабаха келишимине карата милдеттүү шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

738-10-берене. Менчик укугунун өтүшү  

1. Эгерде мурабаха келишиминин шарттарында башкасы белгиленбесе, мурабаха келишиминин предметине менчик укугу кардарга ал мурабаха келишиминин предметинин баасын толук төлөгөндөн кийин өтөт.  

2. Банк сатуу-сатып алуу келишимин өз алдынча да, агент аркылуу да түзүшү мүмкүн. Банк агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, ал банктын атынан жана эсебинен иш жүргүзөт. Агентти дайындоодо банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү сактоого тийиш. 

738-11- берене. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр  

1. Мурабаха келишими боюнча мурабаха келишиминин предметин сатып алуу боюнча баардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт. 

2. Банк төмөнкүлөр менен мурабаха келишими боюнча бүтүм түзүүгө укугу жок: 

1) мөөнөтүндө төлөнбөгөн, баалуу металлдарга (алтын, күмүш ж.б.) жана чет өлкө валютасына байланыштуу милдеттенмелер боюнча; 

2) активдердин камсыздоосу болуп дебитордук карыз деп эсептелген жүгүртүүдөгү капитал менен; 

3) бүтүмдү кайра каржылоо учурунда.  

3. Эгерде кардар төлөөнү келишимде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу. 

Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алынган төлөөлөрдүн ордун кардарга төлөп берет.  

4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыздалган болсо, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу. 

5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же шарика/мушарака келишиминде тараптардын биринин башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенменин эсебинен сатып алуу караштырылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат. 

738-12-берене. Мурабаха келишиминин камсыздоосу 

1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелердин кардар тарабынан тийиштүү түрдө аткарылышын камсыздоо максатында банк кардардан акча каражатты же камсыздоонун башка түрүн күрөөгө коюу жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, банк күрөө катары өткөрүп берилген акчалай сумманы инвестициялашы мүмкүн эмес.  

Күрөө катары өткөрүп берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.  

2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.  

3. Банк келишимдин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголгонуна байланыштуу баардык тобокелдерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылууга тийиш эмес.  

738-13-берене. Мурабаха келишиминин предмети боюнча жоопкерчилик  

1. Эгер мыйзамда же мурабаха келишиминин предметин банктын атынан сатып алуу тууралуу келишимде башкача белгиленбесе, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин мурабаха келишиминин предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтер үчүн банк жоопкерчилик тартпайт.  

2. Мурабаха келишими күчүнө киргенден кийин кардар мурабаха келишиминин предметин сатып алуудан баш тартса, банк мурабаха келишиминин предметин сатып алууга байланышкан, сатылган товар менен орду жабылбаган чыгымды төлөө милдетин, мунун ичинде кардар берген камсыздоонун эсебинен төлөө милдетин кардарга жүктөө менен мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу.  

738-14-берене. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы 

1. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуунун баасы предметти алган баанын суммасы жана мурабаха келишиминин тараптары макулдашкан банктын үстөк баасы катары аныкталат.  

2. Банктын үстөк баасына мурабаха келишиминин предметин сатып алууга, анын ичинде ташып жеткирүүгө, үчүнчү жакка мыйзамдуу төлөөгө байланыштуу банктын чыгымдары, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик төлөмдөр кошулат. Мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылган учурда камсыздандыруу боюнча чыгымдар да банктын үстөк баасына кошулат.  

Банктын үстөк баасына анын өз кызматкерлерине эмгек акы боюнча чыгымдары жана мурабаха келишиминин предметин сатууга байланыштуу чыгымдары кошулбайт.  

3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрдө белгиленет: 

- туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүүчү сумма; 

- мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.  

4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын келечекте белгилүү болуучу кандайдыр бир күмөндөр көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуучу баасын жана үстөктү кардарга алдын ала белгилүү болгон көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттын факторлоруна жараша болушу мүмкүн эмес. 

738-15-берене. Эсептешүүнүн тартиби 

1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде такай төлөмдөр менен ишке ашырылышы мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардар төлөө мөөнөтүн кечиктиргени же төлөө мөөнөтүн узарткандыгы үчүн банк андан кошумча төлөөнү талап кылууга укугу жок.  

2. Банк кардардан мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш болгон төлөмдөрдүн эсебине кошулуучу авансты төгүүнү талап кылууга укуктуу.  

3. Эгерде кардар бөлүп-бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, анда ага бышмананы төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Бышмананын өлчөмү жана аны төлөө тартиби келишимде аныкталат. 

Бышмана катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынбайт жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына жумшайт.  

4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, банк төлөө мөөнөттөрү жөнүндө кардарга алдын ала билдирүү менен кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн акыны мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.  

5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү ишке ашырбаса, ошондой эле эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук акыны мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- товарды үчүнчү жактарга сатып жана эгерде мурабаха келишиминин предметинин баасынын айрым бөлүгү мурда төлөнгөн болсо, алардан алынган акча каражатты ошол төлөмдүн эсебинде кардарга кайра берүүгө;  

- мурабаха келишиминин предметине акы толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын ошол товарга менчик укугун тариздебөөгө

3-параграф. Өнөктөштүк жөнүндө келишим (шарика келишими) 

738-16-берене. Шарика келишиминин (өнөктөштүк жөнүндө келишимдин) жалпы жоболору 

1. Шарика келишими эки же андан көп тараптардын ортосунда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө келишим. Ал келишим менен ар бир өнөк тийиштүү суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, бул ар бир өнөктөшкө шарика келишимине ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында компаниянын активдерин пайдалануу менен иш жүргүзүүгө укук берет, ал эми чыгымдарды ар бир өнөктөш компаниянын жалпы капиталына кошкон салымына ылайык тартат.  

2. Алдыга койгон максаттарын ишке ашыруу үчүн шарика келишиминин катышуучулары (өнөктөр) өздөрүнүн активдерин бириктирүүгө жана юридикалык жакты уюштуруу менен да, аны уюштурбастан да иш жүргүзүүгө укуктуу. Юридикалык жак уюшулган учурда мындай уюм оператордук функцияга жана процессти тескөө функциясына ээ болушу мүмкүн. Өнөктөштөр оператордук жана процесстерди тескөө функцияларын өнөктөштөрдүн бирине тапшырууга укуктуу. Мындай учурда юридикалык жак түзүлбөйт. 

738-17-берене. Шарика келишимин түзүүгө карата талаптар  

1. Шарика келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде шарика келишиминин негизинде юридикалык жак түзүлсө, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.  

2. Эгерде өнөктөштүк ишти жүргүзүү максатында тараптар беришкен финансылык каражаттар же мүлк жол берилген булактардан алынса, банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары банк) өнөктөш болууга укуктуу. Эгерде шарика келишиминде юридикалык жакты түзүү каралса, анда алар ишин жүргүзүүдө Шариаттын эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш.  

3. Эгерде тиешелүү лицензиясы жок банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм шарика келишиминин тарабы болсо, аларга карата Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

738-18-берене. Капиталды куроо 

1. Өнөктөштөр шарика келишиминин шарттарына ылайык жалпы капиталга өз салымдарын кошушат.  

2. Өнөктөштөр жалпы капиталга салым катары акча каражаттарын да, башка материалдык жана материалдык эмес активдерин да салууга укуктуу. Оператордук функцияны жана процесстерди башкаруу боюнча функцияны аткарууга байланыштуу сарптоолор жана жумшалган эмгек да салым катары эсепке алынышы мүмкүн. 

3. Эгерде жалпы капиталга материалдык активдер (товарлар) салынса, анда мындай активдердин наркы көз каранды эмес эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш.  

4. Капиталга кошумча катары салынган башка активдерден ажырагыс болгондон башка учурларда карыздык милдеттенмелерди (дебитордук карыздарды) капиталга кошумча катары салууга жол берилбейт. Мында таза активдердин наркы көз каранды эмес аудиторлор тарабынан ырасталууга тийиш.  

5. Шарика келишиминин алкагында юридикалык жакты түзгөндө ар бир өнөктөштүн келишимдин алкагында жана компаниянын кызыкчылыгында иштөө милдети, ошондой эле Шариаттын эрежелерин жана принциптерин так сактоо милдеттенмеси каралууга тийиш.  

738-19-берене. Пайданы жана чыгымды бөлүштүрүү 

1. Шарика келишиминде алынган пайданы тараптардын ортосунда ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына пропорциялуу үлүш түрүндө бөлүштүрүүнүн тартиби каралууга тийиш. Пайда туруктуу аныкталган акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. Ар бир өнөктөш капиталга салган үлүшүнө жараша чыгым тартат.  

2. Пайда компаниянын ишинен күтүлгөн пайданы эске албастан, иш жүзүндөгү натыйжага жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.  

3. Тараптар шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын тескөө боюнча кызматты аткаруу түрүндө салым кошкон же кандайдыр бир башка түрдө өз кызмат аткарган, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында ишти аткарган өнөктөшкө туруктуу акыны караштырышы мүмкүн. Мында шарика келишиминин тараптары андай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өзүнүн үлүшүнө ылайык алчусуна караганда пайданын көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.  

4. Шарика келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын пайдасынан пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы алууга же капиталынан пайыз алууга жол берилбейт.  

5. Өнөктөштөр каражаттардын бир бөлүгүн кайсыл бир тарапка аванс катары бөлүштүрүүгө укуктуу, ал жыйынтыктап эсептешүүдө эске алынууга тийиш. Эгерде берилген аванстын өлчөмү пайданын тиешелүү үлүшүнөн жогору болуп калса, мындай сумманы алган тарап айырманын ордун төлөп берүүгө милдеттүү

6. Эгерде шарика келишиминин предмети ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып алынган активдер болсо, же келишимдин предмети кызмат көрсөтүүлөр болсо, мындай бүтүмдөрдөн алынган сумма жыл сайын өнөктөштөр ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана жөнгө салынып, шарика келишиминин мөөнөтүнүн акырында орду толукталууга тийиш.  

7. Тараптар алынган бүткүл пайданы же анын бир бөлүгүн бөлүштүрбөөгө жана мындай сумманы төлөөгө жөндөмдүүлүктүн резервине же капиталдын жоготууларынын ордун жабуу үчүн резервге (инвестициялык тобокелдин резервине) коюуга, ошондой эле кайрымдуулук иштер катары жумшоого укуктуу.  

8. Шарика келишимине пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шартты киргизүүгө тыюу салынат.  

9. Өнөктөштүк мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын колдо болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда шарика келишиминин негизинде, рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.  

738-20-берене. Өнөктөштүктөгү үлүштүн өзгөрүүсү  

1. Өнөктөштөр шарика келишиминде бөлүштүрүү күнүнө карата пайданы бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүнүн өзгөрүүсүн же өнөктөштүн пайданы бөлүштүрүү күнү ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун караштырууга укуктуу. 

2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз ыктыяры менен өзүнө алууга укуксуз. Бирок чыгым келип чыккан учурда башка өнөктөштүн жоопкерчиликти алдын ала шарт коюусуз эле өз ыктыяры менен аны өзүнө алуу укугу шарика келишиминде каралышы мүмкүн.  

3. Өнөктөштөр шарика келишиминде пайданын туруктуу же туруксуздугунан көз карандысыз бөлүштүрүүнүн ыкмасын пайдалануу тууралуу жобону караштырууга укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун ыкмасын колдонуу, пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучунун пайдага катышуудан четтетилишине алып келбөөгө тийиш. Мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.  

4. Келишимдин катышуучуларынын аманаттар үлүшүнүн өзгөрүүсү, ар бир өнөктөшкө карата алардын өнөктөштөр капиталына кошкон салымынын өзгөрүүсүн эске алуу менен жүктөлгөн пайданы бөлүштүрүүнүн жана чыгымдар өлчөмүнүн коэффициентинин өзгөрүүсүнө алып келет.  

738-21-берене. Өнөктөштөрдүн шарика келишими боюнча жоопкерчилиги  

1. Эгерде өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан укуксуз аракеттерге, шалаакылыкка, көңүл коштук мамилеге же келишимдерди бузууга жол берилген болсо, орун алган чыгымдардын ордун жабуу үчүн камсыздоону берүү боюнча өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги шарика келишиминде каралууга тийиш. 

2. Эгерде айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдардын ордун толтуруунун кепилдиги үчүнчү тарап жагынан сунушталса, анда мындай кепилдик төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) кепил катары иш алып барган үчүнчү тараптын укукка жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттенмеси, шарика келишиминен көз карандысыз болууга тийиш; 

2) кепилдик белгилүү бир компенсация үчүн берилиши мүмкүн эмес жана шарика келишими менен байланыштуу болушу мүмкүн эмес; 

3) кепил катары чыгуучу үчүнчү тарапка ал кепилдик берген компаниядагы капиталдын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болууга тийиш эмес; 

4) кепилдикке ээ болгон компанияга мындай кепилдикти берген компаниянын капиталындагы сумманын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болууга тийиш эмес; 

5) үчүнчү тарап жагынан анын пайдасына кепилдик берилген өнөктөш, эгерде кепил кепилдиктин шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укуксуз.  

738-22-берене. Шарика келишиминин колдонулуу мөөнөтү.  

Түзүлгөн юридикалык жактын ишин токтотуу. 

1. Тараптар шарика келишимин белгилүү бир мөөнөткө, ошондой эле мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзүшү мүмкүн, же болбосо келишимди токтотуу үчүн негиз катары алып салуучу шарттарды (шарика келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналган шарттар) белгилеши ыктымал. 

Шарика келишими ошондой эле, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөктөштөр тарабынан түзүлгөн юридикалык жак жоюлган учурда да токтотулат.  

2. Ар бир өнөктөш шарика келишиминин шарттарында өнөктөштүктөн чыгууга укуктуу. Эгерде калган өнөктөштөрдүн саны эки же андан көптү түзсө, бир өнөктөштүн чыгышы калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүнүн токтотулушуна алып келбейт. 

3. Эгерде шарика келишими белгилүү бир мөөнөткө түзүлгөн болсо, келишимдин өнөктөштөрү тараптардын макулдашуусу боюнча өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктуу. Бардык мындай учурларда өнөктөштөрдүн милдеттенмелери жана иш-аракеттери келишимди токтотконго чейин ишке ашырылып, өзгөрүүсүз калуу менен андан ары улантылат.  

4. Шарика келишиминин негизинде уюшулган юридикалык жак шарика келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөндө же тараптардын макулдашуусу боюнча мөөнөтүнөн мурда өз ишин токтотот.  

5. Өнөктөштөр тарабынан уюштурулган юридикалык жак жоюлган учурда, тараптар юридикалык жакты жоюунун жүрүшүндө сакталып калган активдердин негизинде жаңы шарика келишимин түзүүгө укуктуу.  

6. Эгерде жоюу шарика келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык активдер рыноктук баада сатылат, ал эми андан алынган кирешелер төмөнкү максаттарга жумшалат: 

1) жоюуга кеткен чыгымдардын ордун жабууга; 

2) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө

3) калган активдерди алардын жалпы капиталдагы үлүшүнө ылайык өнөктөштөр ортосунда бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар бардык салынган капиталын кайтарып ала албаса, активдер алардын жалпы капиталындагы үлүшүнө жараша пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.  

4-параграф. Мушарака келишими 

738-23-берене. Мушарака келишими боюнча жалпы жоболор  

1. Мушарака келишими бул шарика келишиминин негизиндеги өнөктөштүк формасы, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн, ошол үлүшкө менчик укугу ага толук өткөнгө чейин бара-бара сатып алууга сөз берет.  

2. Мушарака келишими, ошондой эле ошол үлүштү сатып алуу жөнүндө келишими, шарика келишиминде мындай келишимдерди түзүү каралган же каралбагандыгына карабастан түзүлөт. Аталган келишимдердин бири башка келишимди түзүү шартында түзүлүшүнө жол берилбейт.  

3. Мушарака келишимине каалаган тарапка өнөктөштүк капиталынан өз үлүшүн кайтарып алуу укугун берген кандайдыр бир жобону киргизүүгө тыюу салынат.  

4. Мушарака келишими боюнча мамилелерге карата ушул главанын 3-параграфында каралган эрежелер колдонулат.  

5-параграф. Иджара келишими 

738-24-берене. Иджара келишими боюнча жалпы жоболор 

1. Иджара келишими бул ижарага берүүчүнүн жабдууну же башка мүлктү менчикке атайылап сатып алуусу жана аны ижарачыга макулдашылган мөөнөткө, акы төлөө негизинде түзүлгөн иджара келишимине (сатып алуусуз) же иджара мунтахийя биттамлик келишимине (сатып алуу менен) ылайык сатып алуу укугу менен же ансыз эле пайдаланууга берүүсүнө тиешелүү келишим.  

2. Эгерде тиешелүү лицензияга ээ банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм иджара келишиминин тарабы болсо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата кошумча шарттар жана талаптар каралышы мүмкүн.  

3. Ушул параграфтын жоболору иджара мунтахийя биттамлик келишимине карата да колдонулат.  

738-25-берене. Иджара келишиминин предмети 

1. Каалаган кыймылдуу же кыймылсыз мүлк иджара келишиминин предмети болушу мүмкүн. 

2. Иджара келишиминин предмети ал сакталып турган шартта пайдаланылууга тийиш, ал эми иджара келишимин аткаруудан алынган пайда мыйзамдарга жана Шариат талаптарына ылайык келүүсү зарыл.  

3. Иджара келишиминин предметинен болуп, ошол ижарачы ижара берүүчүнүн өнөктөшүбү же жокпу ага көз карандысыз, ижарачы менен бирге ээлик кылып турган айрым активдердеги үлүш ижара предметинен болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алган үлүштөн ижарага берүүчү колдонгон ыкмада эле, тактап айтканда убакытты бөлүштүрүү же менчиктин кайсы бир бөлүгүн аныктоо аркылуу пайда көрүшү мүмкүн.  

738-26-берене. Иджара келишиминин тараптары 

1. Ижарачы, ижарага берүүчү жана сатуучу иджара келишиминин тараптары болушат.  

2. Иджара келишимине ылайык келишим предметин белгиленген мөөнөткө белгилүү бир төлөм үчүн белгилүү бир шарттарда ээлик кылуу жана пайдалануусуна кабыл алууга милдеттүү болгон жеке адам же юридикалык жак ижарачы болушу мүмкүн.  

Өздүк жана/же карыздык каражаттардын эсебинен мүлктү менчигине сатып алып, аны иджара келишиминин предмети катары белгилүү бир төлөм алдында, белгилүү бир мөөнөткө келишим предметине менчик укугунун ижарага өтүшү менен же ансыз эле белгилүү бир шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берген жеке адам же юридикалык жак (анын ичинде тиешелүү лицензияга ээ банк же банктык эмес финансы-кредиттик уюм) ижарага берүүчү болушу мүмкүн. 

Сатуучу ижарага берүүчү менен түзүлүп жаткан сатуу-сатып алуу келишимине ылайык, иджара предметинен болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө саткан жеке адам же юридикалык жак. Сатуучу бир иджара келишиминин чегинде бир эле учурда ижарачы катары да иштеши мүмкүн.  

3. Иджара келишими белгилүү бир жак үчүн кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, ар бир ижарачынын укугуна доо кетирбестен, кайсыл бир мүлккө жана ижара мезгилине карата бирдей эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен түзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда ар бир ижарачы ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык, ага бөлүп берилген мезгил ичинде мүлктөн пайдага ээ болушу мүмкүн.  

4. Ижарага берүүчү ижарачынын өтүнмөсүнө ылайык спецификациялоодо баяндалган мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн. Ижарачы спецификациялоого жооп бербеген мүлктөн баш тартууга укуктуу. 

738-27-берене. Иджара келишимин түзүү тартиби 

1. Иджара келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

2. Иджара келишими боюнча мүлк келишим түзүлгөндөн кийин өткөрүлүп берилет.  

3. Ижарачы өз милдеттенмелерин мүлктү ижарага алуу убадасын аткаруунун кепилдиги катары тараптардын макулдашуусу боюнча белгилүү бир сумманы ижарачыга сунуштайт. Ижарачынын макулдашуусунун негизинде ижарага берүүчү акча каражаттарынын ошол суммасын ижарачы менен ижара берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн мудабара келишиминин негизинде инвестициялоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.  

738-28-берене. Иджара келишими боюнча тараптардын жоопкерчилиги 

1. Иджара келишими боюнча башкасы каралбаса, ижарага берүүчү тарабынан ижарачынын өтүнмөсү боюнча сатылып алынган мүлктүн кандай болбосун кемчиликтери үчүн жоопкерчилик ижара берүүчүгө жүктөлөт.  

2. Ижарачы анын иш-аракеттеринин натыйжасында же ижара келишими боюнча болжолдонгон пайдага таасир эткен, анын контролдугуна жатпаган кандайдыр бир жагдайлардын натыйжасында ижарага алынган мүлктүн абалынын начарлагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.  

3. Эгерде ижарага алуу учурунда ижарачынын укуксуз аракеттеринин натыйжасында, ижарага берилген мүлктөн алынуучу пайда толугу менен же анын бир бөлүгү азайса, анда ижарачы ижарага берүүчү алууга тийиш болгон пайданы алууга бөгөт койгон тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарачы ошол мезгил ичинде ижарага алган мүлктөн пайда ала албай калган мөөнөткө узартылат. Ал эми ижарачы пайда ала албаган мөөнөт аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес.  

4. Иджара келишиминде башкача каралбаса, ижарага берүүчү негизги техникалык тейлөөнү жүзөгө ашырат, ал эми ижарачы мүлккө карата учурдагы же мезгил-мезгили менен (кадимки) техникалык тейлөөнү ишке ашырат.  

5. Ижарачы өзүнүн күнөөсү боюнча мүлккө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.  

738-29-берене. Иджара келишим предметин камсыздандыруу 

1. Иджара келишим предмети камсыздандырылууга тийиш.  

2. Мүлктү камсыздандырууну ижарага берүүчү ишке ашырат. Камсыздандырууга кеткен чыгашалар ижара төлөмдөрүнө кошулат.  

738-30-берене. Иджара келишиминин олуттуу шарттары 

Иджара келишиминин олуттуу шарттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

1) аталышы, ошондой эле идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон иджара предметинин сүрөттөлүшү

2) иджара келишиминин предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу тараптардын укуктары жана милдеттери; 

3) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

4) иджара келишиминин предметин жана сатуучуну тандоону жүзөгө ашырган тараптын көрсөтмөлөрү

5) башка шарттар. 

738-31-берене. Иджара келишими боюнча эсептешүүлөр (төлөмдөр)  

1. Иджара келишими боюнча ижара төлөмү милдеттүү болуп саналат жана ижарага берүүчүнүн ижара төлөмүн алуу укугу, ижарачы иджара келишиминин предметин ижарага алуудан пайда ала баштаган учурдан тартып же ижарага берүүчү иджара келишиминин предметинен пайда алуу укугу менен ижарачыны камсыз кылган учурдан тартып башталат.  

2. Ижара төлөмү кандайдыр бир өзгөрүүлөргө дуушар болсо, иджара келишиминин колдонулган алгачкы мезгилине ижара төлөмүнүн суммасын караштыруу зарыл. Салыштыруунун белгилүү бир базасына ылайык кийинки мезгилдерге ижара төлөмүн аныктоого жол берилет. Салыштыруу үчүн мындай базанын негизинде калган мезгилдерге ижара төлөмүнүн өлчөмү үчүн аныктоочу фактордон болуп саналуучу так тартип камтылууга тийиш.  

3. Эгерде ижарага берүүчү иджара келишиминде каралган мөөнөттө мүлктү ижарачыга сунуштабаса, келишим күчүнө кирген күн менен, мүлк ижарачыга иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндүн ортосундагы мезгил үчүн ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. Эгерде тараптар иджара келишиминин мөөнөтү бүткөн баштапкы күндөн кийин мүлктү бербеген мезгилге эквиваленттүү болгон мезгилге узартуу тууралуу макулдашышпаса, демек ижара төлөмү кыскартылат. 

4. Ижара төлөмү акча каражаттары натуралай (товар менен) же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн.  

Ижара төлөмү иджара келишими колдонулган мөөнөттү камтыган бир жолку төлөм катары же келишим колдонулган белгилүү бир мезгил үчүн бөлүп төлөө түрүндө белгиленет жана алдын ала төлөө катары толук төлөнүшү же иджара келишими колдонулган мезгилге барабар, андан ашкан же ага жетпеген мезгил ичинде бөлүп төлөө менен ишке ашырылат. Ижара төлөмү тараптардын макулдашуусу боюнча катталган же өзгөрүлмө сумма болушу мүмкүн.  

5. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн кандайдыр бир бөлүгү ижарага берүүчүгө төлөнүшү, ал эми башка бөлүгү ижарага берүүчү тарабынан бекитилген, негизги техникалык тейлөө наркы, камсыздандыруу ж.б. сыяктуу чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн.  

6. Тараптар ижаранын келерки мезгилине ижарачы ижарадан кандайдыр бир пайда ала элек мезгилге ижара төлөм өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.  

7. Буга чейин кайсыл бир мөөнөттөр үчүн төлөнбөгөн ижара төлөмү карыз болуп саналат, аны ижарачы ижарага берүүчүгө төлөп берүүгө тийиш. Карыздын өлчөмү көбөйтүлбөйт.  

8. Эгерде ижарачы сунуштаган кепилдик камсыздоону алуу укугунан ажырап калса, ижарачы мындай суммадан, алар үчүн ижарачы ижарага алган менчиктен пайда ала элек мезгил келип жетпеген төлөөлөрдү, милдеттенмелерди кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрдүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгилдер үчүн ижара төлөмү катары ага төлөнүүгө тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп алып коёт. Ижарага берүүчү кепилдик камсыздоонун суммасынан ижарачы келишимди бузууга жол бергендиги үчүн төлөөгө тийиш болгон бардык мыйзамдуу компенсацияларды да эсептеп алып салышы мүмкүн. 

9. Ижарага берүүчү төлөө мөөнөттөрү жөнүндө ижарачыга алдын ала маалымдалган шартта, кезектеги ижара төлөмдөрү негизсиз кечиктирилген учурда ижара төлөмүн мөөнөтүнөн мурда төлөөнү кардардан талап кылууга укуктуу. Бирок бул ижара төлөм өлчөмүн көбөйтүү үчүн негиз болушу мүмкүн эмес. 

10. Иджара келишиминде келишим боюнча төлөмдү негизсиз кечиктиргендиги үчүн ижарачыга финансылык санкциялардын белгилениши каралышы мүмкүн.  

Төлөнгөн финансылык санкциялар киреше катары ижарага берүүчүнүн эсебине чегерилиши мүмкүн эмес, алар кайрымдуулук максаттарына жумшалууга тийиш. 

738-32-берене. Иджара келишимин токтотуу жана анын натыйжалары 

1. Иджара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

1) өз ара макулдашуу боюнча; 

2) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрү бузулган же токтотулган учурда; 

3) ижарага берилген менчик жараксыз абалга келтирилсе; 

4) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча; 

5) мүлк ижарачыга сатылган учурда. 

2. Ижарага берүүчү ижарага берилген мүлктү иджара келишими түзүлгөндүгү тууралуу билдирүү менен үчүнчү жакка сата алат. Мында, келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

3. Ижара предмети жараксыз абалга келтирилгендиги жана аны андан ары пайдаланууга болбой тургандыгына байланыштуу иджара келишими токтотулганда ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. 

4. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай жараксыз абалга келтирилген учурда ижарачы иджара келишимин токтотууга же ижарага берүүчүнүн макулдугу боюнча ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. Мында пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. 

5. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же анын ээсине макулдугусуз кайтарып берсе, анда ижара төлөмү иджара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижарага берүүчү келишим колдонулган ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү жаңы ижарачынын карамагында сактоого тийиш. 

6. Менчик укугунун өтүшү үчүн негиз болуп иджара келишиминде же төмөнкүдөй убадалар камтылган башка документте бул тууралуу көрсөтүү саналат: 

1) макулдашылган баага же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн прогрессивдүү төлөө же болбосо ижарага берилген мүлктүн рыноктук наркын төлөө аркылуу сатуу; 

2) себептерин көрсөтүүсүз эле аны белекке берүү

3) калган төлөмдөр төлөнгөндөн кийин аны белекке берүү

7. Менчик укугун өткөрүп берүүгө милдеттенүү ижарага берүүчү үчүн милдеттүү болуп саналат, мында өзүнчө эки тараптуу келишим түзүлбөйт. 

8. Менчик укугун өткөрүп берүү белекке берүү же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ал иджара келишиминен жана берилген милдеттенүүдөн өзүнчө түзүлөт.  

9. Аткарылышы кийинкиге калтырылган шартта келишим түзүлсө, шарттарды аткаруу боюнча менчикке укуктун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт.  

10. Эгерде иджара келишиминин ишке ашырылышы учурунда жок эле дегенде бир төлөм төлөнбөй калса, же мөөнөттөрүн бузуу менен төлөнсө, анда мүлккө карата менчик укугу өткөрүлбөй калышы мүмкүн.  

6-параграф. Кард хасан келишими 

738-33-берене. Жалпы жоболор 

1. Кард хасан келишими боюнча бир тарап (зайым берүүчү) экинчи бир тарапка (зайымчыга) акча каражаттарын кайтарымдуулук шарттарында жана ал үчүн төлөм өндүрүүсүз эле карызга берет. Мында, акча каражаттарын кабыл алган тарап акча каражаттарын экинчи бир тараптын биричи эле талап кылуусу боюнча кайтарып берүүнү гарантиялайт.  

2. Кард хасан келишими боюнча акча каражаттарын тартууга, же кандайдыр бир төлөм өндүрүүсүз эле, кайтарымдуулук шарттарында ссудаларды берүүгө болот.  

738-34-берене. Кард хасан келишимин түзүү тартиби 

1. Кард хасан келишими жазуу формасында түзүлөт. 

2. Кард хасан келишиминин өзөктүү шарттары төмөнкүлөр: 

- берилүүчү сумманын өлчөмү

- келишимдин колдонулуу мөөнөтү, кайтаруу күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери

3. Эгерде кард хасан келишиминде тиешелүү лицензиясы бар банк же башка банктык эмес финансы-кредиттик уюм тараптардын бири катары катышкан болсо, анда келишимде банктын күндөлүк эсепти жүргүзүү боюнча кызматы үчүн төлөмдүн суммасы да көрсөтүлүүгө тийиш. 

7-параграф. Истиснаа жана параллель истиснаа келишими 

738-35-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин жалпы жоболору 

1. Истиснаа келишими боюнча өндүрүүчү тарабынан даярдалган же курулуш подрядчиктери тарабынан тапшырыктын (долбоордун) негизинде курулган мүлк буга чейин сүйлөшүлгөн баада, тиешелүү иштер аткарылып бүткөндөн кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш.  

2. Тапшырыкчынын талабына ылайык өзгөчө мүнөзгө ээ болгон жана өндүрүүчү шарттуу өзгөчөлүктөр боюнча аткарууга макул болгон жана өндүрүүчү тапшырыкты макулдашылган баада сатууга макул болгон шартта, жаңы товарды же курулманы даярдоо истиснаа келишиминин предмети болуп саналат.  

3. Параллель истиснаа келишими эки өзүнчө келишимдин негизинде колдонулат, аларга ылайык бир эле жак, биринчи учурда берүүчү катары катышып, тапшырыкчы менен төлөө жана берүү тууралуу келишим түзсө, экинчи учурда сатып алуучу катары катыша алат жана биринчи келишимдин алкагында ал тапшырыкчыга карата анын алдындагы конкреттүү милдеттенмелерди аткаруу үчүн даярдоочу курулуш подрядчиги менен башка келишимди түзөт.  

738-36-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа 

1. Тапшырыкчы/сатып алуучу, берүүчү жана өндүрүүчү (курулуш уюму) истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин тараптары болуп саналышат. 

2. Каалаган юридикалык жак же жеке адам тарап катары катыша алат. 

738-37-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмдөрүн түзүүгө карата талаптар 

1. Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери жазуу жүзүндө түзүлөт. 

2. Истиснаа жана параллель истиснаа тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде түзүлөт. Сунуштоочу, берилген финансылык документтердин негизинде, мүлккө тапшырыкчынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашырууга милдеттүү

3. Истиснаа келишиминде келишим түзгөн тараптын келишим предметин экинчи тарап болуп саналган тапшырыкчыга кийинчерээк сатуу үчүн менчигине сатып алуусу каралууга тийиш.  

Сатуучунун толук ээлигине өткөнгө чейин истиснаа келишиминин предметин тапшырыкчыга сатууга жол берилбейт. Истиснаа келишиминин тараптары мүлктү сатып алуу үчүн анын агенти катары катышууга тапшырыкчынын табыштамасынын негизинде ыйгарым укук бере алат. Мында агенттик келишим истиснаа келишиминен өзүнчө түзүлөт.  

4. Истиснаа келишиминде келишим предметинин баасы, күнү жана жеткирүү ыкмалары, колдонулган ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаган болсо, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен), ошондой эле башка шарттар көрсөтүлүүгө тийиш. 

5. Истиснаа келишими түзүлгөндөн кийин тараптардын макулдашуулары боюнча өндүрүш же курулуш үчүн буга чейин макулдашылган спецификациялоолорго өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле баасы тиешелүүлүгүнө жараша оңдолуп жана жаңы талаптардын аткарылышы үчүн тиешелүү убакыт бериле тургандай шартта кошумча талаптарды киргизүүгө жол берилет.  

738-38-берене. Истиснаа келишиминин баасы жана эсептешүү тартиби 

1. Истиснаа келишими түзүлгөнгө чейин баасын аныктоо боюнча бардык сунуштар каралат.  

Истиснаа келишиминин предметинин баасы келишим түзүлгөн учурга карата аныкталат жана акчалай же материалдык каражаттар түрүндө төлөнүшү мүмкүн.  

2. Бүтүм боюнча эсептешүүлөр төлөө мөөнөтүн узартуунун негизинде же келишимде каралган мөөнөт ичинде бөлүп-бөлүп төлөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн же болбосо келишим предметин жеткирип берүү этап менен ишке ашырыла турган болсо, анда сумманын бир бөлүгү дароо төлөнүп берилүүгө тийиш, ал эми калган бөлүгү жеткирип берүүнүн же иштердин аткарылышынын этабына ылайык бөлүп-бөлүп төлөө аркылуу төлөнүп берилет.  

3. Төлөө мөөнөтүн жылдыргандыгы үчүн акы алууга тыюу салынат. Алдын ала төлөм үчүн келишимде каралбаган болсо да, жеңилдетүүлөргө жол берилет. 

4. Истиснаа келишиминин предметин сатуу боюнча чыгашаларды тапшырыкчы мойнуна алат.  

738-39-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишимдеринин өзгөчөлүктөрү 

1. Өндүрүүчү банкротко учураган шартта, сатып алуучу сарпталган материалдардын наркынын бөлүгүн аларга төлөп берген шартта, бүткөрүлө элек өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот.  

2. Истиснаа келишиминде өндүрүүчү келишим предмети болуп саналган курулмалардын кандай болбосун кемчилигине же техникалык тейлөөлөрдү ишке ашыруусуна жоопкерчиликтүү болгон мөөнөт белгилениши мүмкүн.  

3. Эгерде кыймылсыз мүлк объектилерин куруу - истиснаа келишиминин предмети болуп саналса, анда тараптар түпкү сатып алуучуга же подрядчыга таандык болушу мүмкүн болгон объект курула турган жер тилкесин аныктоолору тийиш. 

4. Тапшырыкчыга таандык болгон жерге имараттарды же коммуналдык курулмаларды куруу учурунда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

5. Эгерде иш тапшыруучу өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, тапшырыкчы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы подрядчыга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укуксуз.  

Эгерде келишим талаптары подрядчынын күнөөсү боюнча аткарылбаган болсо, анда тапшырыкчы курулган курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана курулуш иштерин тапшыруучу түпкү сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялоого тийиш. 

Эгерде келишимдин аткарылбашы тапшырыкчынын укук чегинен тышкаркы аракеттеринен улам орун алса, подрядчы бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбагандыгына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда акыркы сатып алуучу тургузулган, курулуп жаткан курулмага гана укуктуу жана тараптардын бири да башка тараптын айынан келип чыккан чыгымдардын жана зыяндардын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

6. Мыйзамдарга истиснаа келишиминин предметинин наркынын көбөйүүсүнө алып келе турган өзгөртүүлөр кирген шартта, кошумча сарптоолорду тапшырыкчы тартат. 

7. Истиснаа келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча чыгашалар, эгерде бул келишимде башкача каралбаса, тапшырыкчыга жүктөлөт.  

8. Эгерде истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучуга, же ал тарабынан дайындалган адамга берилсе жана ал келишим предметине толук контролду ишке ашырууга жөндөмдүү болсо, анда өндүрүүчү милдеттенмеден бошотулат.  

9. Банк же башка финансы-кредиттик уюм катышкан истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмдөрүнүн өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилениши мүмкүн.  

738-40-берене. Истиснаа жана параллель истиснаа келишиминин  

предметин өткөрүп берүү жана кабыл алуу шарттары 

1. Истиснаа келишими боюнча мүлк мөөнөтүндө даярдалып бүтүүгө жана келишимде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Даярдалган жана жеткирилип берилген мүлк даярдоочу тарабынан өткөрүлүп берилүүгө тийиш, ал эми тапшырыкчы аны кабыл алууга милдеттүү.  

Эгерде истиснаа келишиминин предметинин абалы келишимде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбесе, анда тапшырыкчы аны кабыл алуудан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул баасынын өзгөрүү ыктымалдуулугу менен истиснаа келишими канааттандырарлык аткарылды дегенди билдирет.  

2. Тапшырыкчы негизсиз түрдө баш тарткан шартта, даярдалган мүлк өндүрүүчүнүн ээлигинде калат жана бул учурда өндүрүүчү чыгымдарга жана истиснаа келишиминин предмети дуушар болушу мүмкүн болгон зыян келтирүүлөргө, эгерде мындай чыгымдар жана зыян тартуулар өндүрүүчүнүн шалаакылыгынын же укуксуз аракеттеринин натыйжасында келип чыкпаса, жоопкерчиликтүү болбойт. Тапшырыкчы истиснаа келишиминин предметинин сакталышы боюнча чыгымдарды өз мойнуна алат.  

3. Истиснаа келишиминин предмети түпкү сатып алуучунун ээлигине өткөрүлүп берилгенден тартып, аны жеткирүү ишке ашырылды деп саналат. Истиснаа келишиминин предмети сатып алуучуга берилген учурдан тартып, сатып алуучу өндүрүүчүнүн шалаакылыгын же укуксуз аракеттерин далилдөөсүз, ар кандай чыгашаларга же келишим предмети дуушар болгон зыян тартууларга жоопкерчилик тартат.  

8-параграф. Кепилдик жөнүндө келишим 

738-41-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин жалпы жоболору 

1. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча (милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө бүтүмдөр) бир тарап башка бир тарап алдында үчүнчү тараптын милдеттенмелери боюнча кепил болот. Милдеттенмелердин аткарылышы бир эле учурда бир нече ыкмалар менен камсыз кылынышы мүмкүн.  

3. Кынтыксыз абройго ээ жана төлөөгө жөндөмдүүлүгү эч кандай шектенүүлөрдү жаратпаган каалаган жеке адам же юридикалык жак кепил боло алат.  

Банк же банктык эмес финансы-кредиттик уюм (мындан ары - банк) кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча анын негизги карызды банкка компенсациялоо шартында, кепилдиктерди сунуштоого укуктуу. Банк тендерге катышууга кепилдиктерди берүүгө укуктуу.  

738-42-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин түзүлүшүнө карата талаптар 

1. Кепилдик жөнүндө келишим кат жүзүндө түзүлөт жана мыйзамдарда каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2. Кепилдик жөнүндө келишимде анын колдонулуу мөөнөтү, кепилдик бериле турган сумма белгиленет. 

3. Кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгы, негизги милдеттенменин жараксыздыгына алып келет. Негизги милдеттенменин жараксыздыгы, кепилдик жөнүндө келишимдин жараксыздыгына алып келет. 

738-43-берене. Кепилдик жөнүндө келишимдин шарттары 

1. Кепил кардардын негизги карыздын суммасындагы финансылык милдеттенмелери боюнча кепилдиктерди, анын негизги карызды банкка компенсациялап берүү шартында берет.  

2. Насыя берүүчү карызкор сыяктуу эле, кепилден да карыздын суммасын талап кылууга укуктуу. Эгерде насыя берүүчү карызкорду карызды төлөөдөн бошотсо, анда кепил да карызды төлөө боюнча милдеттенмеден бошотулат.  

Кепилди финансылык жоопкерчиликтен бошотуу, карызкордун карызды төлөөдөн бошотулушуна алып келбейт. 

3. Кепил тарабынан карыздын орду жабылганда, карызкор ага төлөнгөн сумманы гана компенсациялап берет. 

738-44-берене. Кепилдик жөнүндө келишим боюнча чектөөлөр 

1. Мудараба же мушарака келишиминин катышуучусу болуп саналган банктын чет өлкө валюталарынын курсунун өзгөрүүсүн кепилдөөгө укугу жок.  

2. Пайыздык насыяларды алуу же тыюу салынган бүтүмдөрдү түзүү үчүн пайдалана турган арыз ээсинин пайдасына кепилдик каттарды берүүгө уруксат берилбейт.  

3. Үчүнчү тарапка (мударибди же инвестициялык агентти кошпогондо) кепилдик мудараба финансылык контракты же инвестициялык агенттиктин контракты менен эч кандай байланышы болбогон шартта, милдеттенме берилген тараптын жоготууларын компенсациялашы тууралуу волонтердук милдеттенме алууга уруксат берилет.  

738-45-берене. Милдеттенмелерди аткаруудан бошотуу 

Тараптын биринин кайсы бир бүтүм боюнча кепилдик бербегендиги, экинчи бир тарапты анын алдындагы өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотот.  

738-46-берене. Күрөөлүк мүлк гарантиянын ыкмасы катары 

1. Күрөөлүк мүлк милдеттенмелердин аткарылышынын гарантиясы болуп саналат. Күрөөгө коюучунун ээлигинде турган же күрөөгө коюучу аны пайдалануу укугуна ээ болгон мүлк, күрөө боло алат. Мүлктү күрөөгө коюуда күрөө жөнүндө тиешелүү келишим түзүлөт. Күрөө жөнүндө келишим шарттары, күрөөгө коюлган актив кредитордун ээлигинде болбосо да, күрөө коюучу үчүн милдеттүү болуп саналат.  

2. Күрөө жөнүндө келишимде насыя берүүчүнүн күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган суммадан зарыл сумманы сотко кайрылуусуз эле алуусу үчүн (эгерде карызгер карызын төлөй албаса же аны төлөөдөн баш тартса) күрөөгө коюлган мүлктү сатууга укугу каралышы мүмкүн. 

3. Күрөө жөнүндө келишимди бир тараптуу токтотууга жол берилбейт. Күрөөгө коюучунун же Күрөө кармоочунун каза болушу же жоюлушу, күрөө келишимин токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт.  

4. Бир эле мүлк бир нече жолу күрөө катары сунушталышы мүмкүн, мында кийинки күрөө кармоочуга буга чейин күрөөгө коюлгандыгы тууралуу тиешелүү негизде маалымдалууга тийиш.  

738-47-берене. Күрөөгө коюлган мүлктү карыздын ордун жабуу  

максатында сатуу 

1. Күрөө предмети карызгер карызды төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда сатып өткөрүлүшү мүмкүн. 

2. Күрөө коюучу карызгердин карызын төлөө аркылуу күрөөгө коюлган мүлктү өзүнө кайтарып алуу укугуна ээ. 

3. Күрөө коюучу (карызгер) күрөөгө коюлган мүлктүн документтерге, сакталышы жана сатылышына байланыштуу бардык сарптоолордун төлөнүшүнө толук жоопкерчилик тартат. 

4. Сатуучу сатып алуучудан калган төлөмдөрдүн бөлүп-бөлүп төлөнүшүн камсыз кылуу үчүн күрөө катары сатылган мүлктү сактоо укугун ала алат. Сатып алуучуга бир жолку төлөмдүн негизинде сатылган мүлк үчүн төлөнмөйүнчө, аны өз ээлигинде калтырууга да уруксат берилет.  

5. Насыя берүүчүүрөө кармоочу) бөлүп-бөлүп төлөөгө макул болгон учурларды эске албаганда, толук төлөнүп бүткөнгө чейин күрөөгө алуу укугуна ээ. Насыя берүүчү карыз төлөнүп бүткөндөн кийин, эгерде бул келишимде каралбаса, башка камсыздалбаган карыздарды камсыздоо катары күрөөнү кармап турууга укуктуу эмес.  

6. Күрөө коюучуга күрөө кармоочунун уруксаты менен күрөөгө коюлган мүлктү пайдаланып турууга уруксат берилет.  

738-48-берене. Кепилдик бергендиги үчүн төлөм  

1. Кепилдик жөнүндө келишимде төлөмдү өндүрүү каралышы мүмкүн. Кепилдик катты бергендиги үчүн комиссиялык жыйымдар, ушундай эле кызматтар үчүн алынуучу жыйымдардан ашпоого тийиш. 

2. Документтүү аккредитивди бергендиги үчүн чыгашалар кардар тарабынан төлөнөт. Банк да көрсөтүлгөн кызматтары үчүн акы алышы мүмкүн. 

3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында кепилдиктердин берилишине карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.  

9-параграф. Салам келишими 

738-49-берене. Салам келишими боюнча жалпы жоболор 

1. Салам келишими боюнча бир тарап (сатуучу) келечекте, шартталган мөөнөттө экинчи бир тарапка товар берүүгө, ал эми сатып алуучу келишим түзүлгөн учурда бул товарга төлөөгө жана аны келечекте кабыл алууга милдеттенет. Бул бүтүмдө баа, капитал катары каралат. 

2. Параллель салам келишими бул, өзүнчө эки келишимди камтыган келишим. Биринчи келишимде бир тарап сатып алуучу катары катышып, буйрутмачы менен товарды жеткирип берүү жана келишимге кол коюлган учурда төлөмдү жүзөгө ашыруу менен белгилүү бир товарды сатып алуу жөнүндө келишим түзөт. Экинчи келишимге ылайык, бул тарап биринчи келишимде көрсөтүлгөн ошол эле товарды, ошондой эле санда жана күнү, экинчи келишимге кол коюлган учурда товардын наркын төлөп берген башка буйрутмачыга сата алат.  

3. Ушул параграфтын жобосу параллель салам келишимине карата да колдонулат.  

738-50-берене. Салам келишиминин предмети 

1. Чет өлкө валюталарын, баалуу металлдарды (алтын, күмүш ж.б.) эске албаганда, салмактап көрүүгө, өлчөөгө же саноого боло турган товарлар жана башка мүлк, салам келишиминин предмети боло алышат. 

2. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыкты четке каккан мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш, алардын талапка ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт 

3. Товарлар кабыл алынган тажрыйбага жана эксперттердин корутундуларына ылайык, конкреттүү аныкталууга тийиш. 

4. Келишим түзүлүп жаткан учурда товарлар колдо болууга тийиш.  

5. Карызды салам келишими боюнча капитал катары колдонууга жол берилбейт. 

738-51-берене. Салам келишимин түзүүгө карата талаптар 

1. Салам келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

2. Салам келишими боюнча бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн алдын-ала келишимдер түзүлүшү мүмкүн, алардын алкагында колдонуудагы мөөнөттөрүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлөт. 

3. Алдын-ала түзүлгөн келишимдерде келишим чектери жана тараптардын товарларды сатып алуу жана сатуу боюнча ниеттери , ошондой эле товарлардын саны жана спецификациялары, аларды жеткирүү ыкмалары, баасын аныктоо үчүн негиздер жана төлөө жолдору, милдеттенмелердин (кепилдиктердин) аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары жана башка шарттар аныкталат.  

738-52-берене. Салам келишими боюнча төлөө 

1. Товарга төлөө салам келишими түзүлгөн учурда токтоосуз төлөнөт. Өзгөчө учурларда, төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн. Төлөө мөөнөтүнүн жылдырылышы, кечиктирип төлөө мезгили белгилүү бир өзгөчө белгилери менен товарларды жеткирүү мезгилине барабар болбогон же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес.  

2. Салам келишими боюнча товардын баасын төлөөнүн ордуна аны өзгөчө белгилери аныкталган башка товарга алмаштырууга жол берилет. Бул учурда, алмаштырылуучу товардын сортун, түрүн, өзгөчөлүгүн жана санын аныктап алуу зарыл.  

738-53-берене. Салам келишими боюнча берүүлөр 

1. Салам келишиминде берүүнүн мөөнөтү, ыкмасы жана жери аныкталат. 

2. Сатуучу келишим шарттарына ылайык, товардын сүйлөшүлгөн өзгөчөлүктөрүнө жараша жана сүйлөшүлгөн санда, белгиленген күнү сатып алуучуга жеткирип берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, экинчи тараптан, келишимде каралган талаптарга жооп берсе, товарды кабыл алууга тийиш.  

3. Товарлар тараптардын макулдугу боюнча мөөнөтүнөн эрте жеткирилиши мүмкүн. 

4. Эгерде сатуучу, келишимде талап кылынгандагыдан кыйла жогорку сапаттагы товарды сунуштаса жана сапаттуулугу үчүн жогорураак бааны талап кылбаса, анда, сатып алуучу товарды кабыл алууга тийиш. Бул, келишимде каралган, товардын сүрөттөлүшү (кыйла төмөнкү сапаттык өзгөчөлүктөрү менен) маанилүү шарт болуп саналбаган учурда гана колдонулат.  

5. Эгерде, жеткирилип берилген товарлардын сапаты келишимди спецификацияларга ылайык талаптагыдан төмөнүрөөк болсо, анда сатып алуучунун бул абалдагы товардан баш тартууга же кабыл алууга укугу бар. Товар кабыл алынган учурда, тараптар бул товарларды арзандатылган баада кабыл алуу тууралуу макулдашып алышса болот.  

738-54-берене. Салам келишимин өзгөртүү жана токтотуу 

1. Эгерде сатуучу өз милдеттенмесин аткара албай же белгиленген күнү сатуучунун колунда товарлардын бардыгы же жарымы жок болуп калса, анда сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) товарды алуу мөөнөтүн жылдырууга жана товар жеткирүү үчүн башка күндү белгилөөгө

2) салам келишимин бузууга жана төлөнгөн каражаттарды жана үстөк акыны өндүрүүгө. Үстөк акы боюнча суммалар сатып алуучунун кирешеси катары чегерилбейт жана кайрымдуулук максаттарына багытталууга тийиш.  

2. Тараптар товарларды башка товарларга алмаштыруу боюнча макулдашууга укуктуу. 

738-55-берене. Салам келишими боюнча чектөөлөр 

1. Салам келишимине товарларды жеткирүүнү кечиктиргендиги үчүн финансылык санкциялар каралган эскертүүлөрдү кошууга жол берилбейт. 

2. Сатуучу биринчи салам келишиминде каралган спецификациядагы товарларды биринчи келишим боюнча өз милдеттенмесин аткаруу максатында сатып алуу жана бул товарларды жеткирип берүү үчүн үчүнчү жак менен өзүнчө келишим түзүүгө укуктуу. 

3. Сатып алуучу, салам келишиминин негизинде сатылып алынган товарларды, сүрөттөлүшү биринчи салам келишиминин жардамы менен сатуу болжолдонуп жаткан товарлардын сүрөттөлүштөрүнө дал келген товарларды сатуу максатында, үчүнчү жак менен өзүнчө параллель салам келишимин түзүүгө укуктуу. 

4. Тараптарга ушул берененин 2-жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерди салам Келишими боюнча өз милдеттенмелерине байланыштырууга жол берилбейт.  

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар өзүнчө болууга тийиш. Биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, экинчи тараптын (жабырлануучу тараптын) бул зыян тартууларды жана чыгымдарды биринчи тарап параллель салам келишимин түзгөн тарап менен байланыштырууга укугу жок.  

5. Салам келишиминен улам келип чыккан карыздык милдеттенмелер боюнча облигацияларды чыгарууга тыюу салынат. 

10-параграф . Ишенимдүү (вади'айад амана) жана  

кепилдик сактоо (вади'айад дамана) келишимдери 

738-56-берене. Ишенимдүү сактоо келишими 

1. Ишенимдүү сактоо келишиминде бир тарап (сактоочу) ага башка тарап (кардар) тарабынан берилген акча каражаттарын же башка баалуулуктарды сактоого, бул баалуулуктарды колдонбой туруп, кардардын алар боюнча тапшырууларын аткарууга милдеттенет. 

2. Ишенимдүү сактоо келишими акы төлөнүүчү болуп саналат. 

3. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка финансы-насыялык уюму ишенимдүү сактоо келишиминин негизинде, акча каражаттарын же баалуулуктарды банктык сейфтерде сактоо боюнча кызматтарды көрсөтөт.  

738-57-берене. Кепилдик сактоо келишими  

1. Тиешелүү лицензияга ээ банк же башка финансы-насыялык уюму (мындан ары-банк) кепилдик сактоо келишими боюнча, кардардан акча каражаттарын кабыл алат жана аларды пайда табуу максаттарында пайдаланат.  

2. Кепилдик сактоо келишими боюнча кызматтар банк тарабынан аманаттар боюнча эсептерди ачуу жана аларды тейлөө аркылуу көрсөтүлөт.  

3. Кепилдик сактоо келишими боюнча тартылган каражаттарды жайгаштыруудан алынган пайдадан, банк өз кароосуна жараша кардарга сый акы (хиба) төлөп бере алат. 

4. Банк кардарга таандык болгон сый акыларды төлөө тартибин, өлчөмүн жана эрежелерин белгилөөгө укуктуу. 

5. Банк кардарга акчалай сыяктуу эле, мыйзамда тыюу салынбаган башка формада сый акы төлөп берүүгө укуктуу. 

36-Глава 

Банк салымы 

749-статья. Банк салымынын келишими 

1. Банк салымынын (банк депозитинин) келишими боюнча аманат салуучудан же ал үчүн келип түшкөн акча суммасын (салымды) кабыл алган банк же башка кредит мекемеси (мындан ары - банк) келишимде белгиленген шартта жана тартипте аманат салуучуга ошондой эле сумманы (аманат салымын) жана анын проценттерин же башкача түрдөгү кирешесин төлөп берүүгө милдеттенет. 

Банк салымы боюнча келишим салым суммасы боюнча келип түшкөн күндөн баштап түзүлдү деп эсептелет. 

2. Аманат салуучу гражданин болуп эсептелген банк салымы ачык келишим (386-статья) деп таанылат. 

3. (Алынып салынды) 

(КР 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 

750-статья. Салымдарга акча каражатын тартуу укугу 

1. Салымдарга акча каражатын тартуу укугуна мыйзамда белгиленген тартипте берилген уруксатка (лицензияга) ылайык ушундай укук берилген банктар гана ээ болот. 

2. Аманат салымы буга укугу жок адам тарабынан же болбосо мыйзамда белгиленген же ага ылайык кабыл алынган тартипти бузуу менен кабыл алынган учурда аманат салуучу аманат салымын токтоосуз кайтарып берүүнү, ошондой эле ушул Кодекстин 360-статьясында каралган проценттерди жана процент суммасынан тышкары тарткан зыянынын ордун толтуруп берүүнү талап кыла алат. 

Эгерде андай адам тарабынан банк салымынын келишиминин тартибинде юридикалык жактын акчалай каражаты кабыл алынган болсо, анда мындай келишим анык эмес деп табылат (185-cтатья). 

3. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, анда ушул статьянын 2-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкү учурларда да колдонулат: 

граждандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын вексел кармоочулардын биринчи талабы боюнча аларды алышы жана ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарды ишке ашырышы жокко чыгарылган векселдерге жана башка баалуу кагаздарга тартуу; 

граждандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын чыгарылышы мыйзамдуу эмес деп табылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды аларга сатуу аркылуу тартуу. 

751-статья. Банк салымынын келишиминин формасы 

1. Банк салымынын келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. 

Эгерде аманат салымы салынгандыгы аманат китепчеси же депозиттик сертификат же ушундай документтер үчүн каралган мыйзамдардын же аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринин жана банк практикасында колдонулуучу ишкердүү жүгүртүүнүн талаптарына жооп берген жана банк тарабынан салым салуучуга берилген башка документтер менен күбөлөндүрүлсө, анда банк салымынын келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталды деп эсептелет. 

2. Банк салымынын келишиминин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбагандыгы мындай келишимдин анык эместигине алып келет. Мындай келишим жокко эсе. 

752-статья. Салымдардын түрлөрү 

1. Банк салымынын келишими салымды биринчи жолу талап кылганда берүү (талап кылууга чейинки салым) же келишимде аныкталган мөөнөт өткөндөн кийин салымды кайтарып берүүөөнөттүү салым) шартында түзүлөт. 

Келишимде салымдын мыйзамга карама-каршы келбеген башка шартта кайтарып берилиши каралышы мүмкүн. 

2. Банк салымынын ар кандай түрдөгү келишими боюнча, салым юридикалык жактар тарабынан келишимде каралган башка шартта кайтарып берүү менен салынган учурдан тышкары, банк салым салуучунун биринчи талабы боюнча салым суммасын же анын бир бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүү

Гражданиндин биринчи талап боюнча салымын алуу укугунан баш тартышын белгиленген келишимдин шарты анык эмес. 

3. Мөөнөттүү салым же талап кылууга чейинки салымдан башкача түрдөгү салым аманат салуучуга анын талабы боюнча мөөнөтү аяктаганга же келишимде көрсөтүлгөн башка кырдаал келгенге чейин кайтарып берилген учурда жана ал боюнча проценттер, эгерде келишимде проценттин андан жогорку өлчөмү белгиленбесе, банк тарабынан талап кылууга чейинки салымга келген процент боюнча төлөнүп берилет. 

4. Мөөнөттүү салымдын мөөнөтү аяктагандан кийин же келишимде каралган башка кырдаал келгенден кийин аманат салуучу салым суммасын кайтарып берүүнү талап кылбаган учурда, эгерде келишимде башкасы каралбаса, келишим талап кылганга чейинки салым шартында узартылды деп эсептелет. 

5. Эгер ушул главанын эрежесинде башкача каралбаса же банктагы аманат жөнүндө келишимдин мазмунунан башкача келип чыкпаса, банк менен аманатчынын - сурап алма төлөө аманаты боюнча жеке адамдын мамилесине карата банктагы эсеп жөнүндө келишимдин эрежелери (37-глава) колдонулат. 

(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 27-ноябрындагы N 131 Мыйзамынын, 2008-жылдын 8-майындагы N 80 Мыйзамынын редакцияларына ылайык) 

753-статья. Салымдарга проценттер 

1. Банк аманат салуучуга банк салымынын келишиминде аныкталган өлчөмдө салымга процент төлөп берет. 

Келишимде төлөнүүчү проценттин өлчөмү жөнүндө шарт каралбаган учурда банк ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктуна ылайык аныкталуучу өлчөмдө процент төлөп берүүгө милдеттүү

2. Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, банк талап кылганга чейинки салым боюнча төлөнүүчү проценттин өлчөмүн өзгөртүп коюуга укуктуу. 

Банк проценттин өлчөмүн азайтып койгон учурда проценттин жаңы өлчөмү, эгерде келишимде башкасы каралбаса, аманат салуучуларга проценттин өлчөмүнүн азайгандыгы жөнүндө билдирилген ай аяктагандан кийин колдонулат. 

3. Белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин же келишимде каралган кырдаал келгенден кийин берилүүчү салымдар банк салымынын келишими менен аныкталуучу проценттердин өлчөмүн, эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк бир тараптуу азайтып кое албайт. 

754-статья. Салым боюнча процентти эсептөөнүн жана төлөп берүүнүн тартиби 

1. Банк салымынын суммасына проценттер ал сумма банкка келип түшкөн күндүн эртесинен тартып анын аманат салуучуга кайтарып берилгенинен мурдагы күнгө чейин же башка негиздер боюнча аманат салуучунун эсебинен чыгарылып салганга чейин төлөнөт. 

2. Банк салымынын суммасына проценттер аманат салуучуга анын талабы боюнча ар бир квартал өткөндөн кийин салым суммасынан бөлөк төлөнөт, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, процент төлөнүүчү салымдын суммасын көбөйтөт. 

Салымды кайтарып берүүдө ушул учурга чейин эсептелген проценттер кошо төлөнүп берилет. 

755-статья. Салымдын кайтарылышын камсыз кылуу 

1. Өзү кабыл алган салымдардын кайтарып берилишин камсыз кылуу үчүн банк тарабынан колдонулуучу каражат жана ыкмалар мыйзамда жана келишимде аныкталат. 

2. Банк аманат салуучуга салымдын кайтарылышын камсыз кылынышы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү

3. Банк тарабынан салымдын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча мыйзамда же банк салымынын келишиминде каралган милдеттер аткарылбаган, ошондой эле камсыз кылынышы жоголгон же анын шарттары начарлаган учурда аманат салуучу банктан салым суммасын токтоосуз кайтарып берүүнү, ушул Кодекстин 725-статьясынын 1-пунктуна ылайык аныкталуучу өлчөмдө анын процентин төлөп берүүнү жана ушул Кодекстин 360-статьясына ылайык келтирилген зыяндардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

756-статья. Үчүнчү жактардын аманат салуучунун эсебине акча каражатын кошуусу 

Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, үчүнчү жактардан аманат салуучунун эсебине салым боюнча анын эсеби жөнүндө зарыл маалыматы менен кошо келип түшкөн акчалай каражат салымга кошулат. Бул учурда аманат салуучу салым эсеби боюнча зарыл маалыматтарды берүү менен мындай жактардан акчалай каражат алууга макулдугун берди деп эсептелет. 

757-статья. Үчүнчү жак үчүн салынган салым 

1. Салым банкка белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн. Андай жак, эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, ушул укуктарга негизделген өзүнүн биринчи талабын банкка койгон, же болбосо ошондой укуктарын пайдаланууга карата ниетин башкача жол менен банкка билдирген учурдан тартып аманат салуучунун укугуна ээ болот. 

Салым пайдасына салынып жаткан гражданиндин ысмын (54-cтатья) же юридикалык жактын аталышын (89-cтатья) көрсөтүү тиешелүү банк системасынын келишиминин олуттуу шарты болуп эсептелет. 

Банк салымынын келишими түзүлгөн учурга чейин каза болгон, же болбосо ушул учурда бар болбогон юридикалык жактын пайдасы үчүн түзүлгөн банк салымынын келишими жокко эсе. 

2. Эгерде башкасы каралбаса өзүнүн атына салым салынган үчүнчү жак акча анын эсебине келип түшкөн учурдан тартып аманат салуучунун укугун алат. 

3. Өзүнүн атына салым салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурда банк салымынын келишимин түзгөн жак салымды кайра талап кылууга же өзүнүн атына которуп коюуга укуктуу. 

758-статья. Аманат китепчеси 

1. Эгерде банк салымынын келишиминде башкасы каралбаса, гражданин менен банк салымынын келишимин түзүү жана анын салым боюнча эсебине акча каражатын салуу аманат китепчеси менен күбөлөндүрүлөт. 

Аманат китепчесинде банк тарабынан банктын же анын тийиштүү филиалынын аталышы жана жайгашкан жери (89-статья), аманат боюнча эсептин номери, ошондой эле эсепке салынган бардык акча каражатынын суммасы, эсептен чыгарылган бардык акча каражатынын суммасы жана аманат китепчесин банкка көрсөтүү учуруна карата эсептеги акча каражатынын калдыгы көрсөтүлүп, күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Аманаттын башкача абалы далилденбегендиктен, китепчесинде көрсөтүлгөн салым жөнүндөгү маалыматтар банк менен аманат салуучунун ортосундагы эсептешүүлөр үчүн негиз болот. 

2. Банк салымынын келишиминде жекече аманат китепчелери же көрсөткөн адамдын аманат китепчелери белгилениши мүмкүн. Көрсөткөн адамдын аманат китепчелери баалу кагаз деп эсептелет. 

3. Салымды берүү, ал боюнча процентти төлөө жана аманат салуучунун эсеп боюнча акча каражатын башка жактарга которуу жөнүндөгү буйругун аткаруу банк тарабынан аманат китепчеси көргөзүлгөндө гана жүргүзүлөт. 

Эгерде жекече аманат китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүүгө болбогон абалга келсе анда банк аманат салуучунун арызы боюнча ага жаңы аманат китепчесин берет. 

Көрсөткөн адамдын аманат китепчесинин жоголушу боюнча укуктар көрсөткөн адамдын баалуу кагаздары үчүн белгиленген тартипте (43-cтатья) калыбына келтирилет. 

759-статья. Аманат (депозит) сертификаты 

1. Аманат (депозит) сертификаты банкка салынган аманаттын суммасын жана аманат салуучунун (cертификатты кармоочунун) белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин салым суммасын жана сертификат менен шартталган проценттерди сертификатты берген банктан же ал банкттын каалаган филиалынан алууга карата укугун күбөлөндүрүүчү баалуу кагаз болуп эсептелет. 

2. Аманат (депозит) сертификаты көрсөтмө же аты жазылган түрүндө болушу мүмкүн. 

3. Аманат (депозит) сертификаты төлөп берүү үчүн мөөнөтүнөн мурда көрсөтүлгөндө банк салымдын суммасын жана процентти, эгерде сертификаттын шарты боюнча проценттин башка өлчөмү белгиленбесе, талап кылууга чейинки салымдар боюнча төлөп берет. 

36-глава.  

Банк аманаты 

749-статья. Банк аманаты түшүнүгү 

1. Банк аманаты (депозит) бул, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан банктарда же банктык эмес финансы-насыя уюмдарында (мындан ары банк) улуттук валютада же чет өлкө валютасында жайгаштырылган акча каражаттары, алар кирешени кайсыл бир мөөнөттө же талап кылууга чейин же болбосо келишимде каралган жагдай (окуя) келип чыкканга (же тескерисинче, келип чыкпаганга) чейин сактоо жана алуу максатында жайгаштырылат.  

2. Банк аманаты келишимин түзүүдө банк аманатчыга анын акча каражаттарын эсепке кошуу (чегерүү) үчүн банк эсебин ачууга тийиш.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аманаттар менен иштөө тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды чыгарат.  

750-статья. Акча каражаттарын аманаттарга тартуу укугу 

1. Аманаттарды тартуу укугу Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иштөөчү жана банктардагы аманаттарын коргоо системасына катышуучу банктарга, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алышкан банктык эмес башка финансы-насыя уюмдарына (мындан ары - банк) гана тиешелүү. Банктар аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында өз милдеттеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылышат.  

Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-абзацында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу жактарга кирбеген, кайсы болбосун башка юридикалык жактар жана жеке адамдар үзгүлтүксүз негизде, анын ичинде мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында ачык жарыялоо түрүндө акча каражаттарын тартууга укуктары жок.  

Бул тыюу салууну бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик келип чыгат.  

2. Аманаттарга акча каражаттарын тартуу банктык аманат келишими менен таризделет. 

3. Ыйгарым укугу жок жак тарабынан же белгиленген тартипти бузуу менен аманатчыдан аманат кабыл алынган учурда, аманатчы анын суммасын, ошондой эле ушул Кодекстин 360-статьясында каралган, ага карата пайыздарды токтоосуз төлөп берүүнү жана пайыздардын суммасынан тышкары, аманатчыга келтирилген бардык чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү талап кыла алат. Эгерде мындай жак тарабынан аманатчынын акча каражаттары банктык аманат келишиминин шарттарында кабыл алынган болсо, анда мындай келишим жараксыз болуп саналат.  

4. Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, ушул статьянын 3-пунктунда каралган натыйжалар төмөнкү учурларда да колдонулат: 

1) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын векселдер же аманат ээлеринин биринчи талабы боюнча алуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка баалуу кагаздар үчүн тартуу жана ушул главанын эрежелеринде каралган башка укуктарды жүзөгө ашыруу;  

2) жарандардын жана юридикалык жактардын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарылган катары таанылган акцияларды жана башка баалуу кагаздарды аларга сатуу аркылуу тартуу. 

751-статья. Банк аманаты келишими 

1. Банк аманаты (депозит) келишими боюнча аманатчыдан түшкөн же ал үчүн келип түшкөн акчалай сумманы (аманатты) кабыл алган банк, аманатчыга ушундай сумманы жана ага карата пайыздарды же башкача түрдөгү кирешени келишимде каралган шарттарда жана тартипте төлөп берүүгө милдеттенет.  

Банк аманаты келишими аманат суммасы банкка келип түшкөн күндөн тартып түзүлгөн катары эсептелинет. 

2. Банк аманаты келишими ачык келишим катары таанылат. 

752-статья. Банк аманаты келишиминин формасы 

1. Банк аманаты келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. 

Эгерде аманаттын салынгандыгы аманат китепчеси, сактоо же депозиттик тастыктамалар менен же болбосо банк тарабынан аманатчыга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын ушу сыяктуу документтер үчүн каралган талаптарына жооп берген документтер менен тастыкталса, банк аманаты келишиминин жазуу жүзүндөгү формасы сакталган катары таанылат. 

2. Банк аманаты келишиминин жазуу жүзүндөгү формасынын сакталбагандыгы, бул келишимдин анык эмес деп таанылышына алып келет. Мындай келишим жараксыз болуп саналат. 

753-статья. Аманаттардын түрлөрү 

1. Банк аманаты келишими төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: 

1) талап боюнча төлөнүүчү банк аманаты келишими; 

2) мөөнөттүү банк аманаты келишими; 

3) шарттуу банк аманаты келишими. 

2. Талап боюнча төлөнүүчү банк аманаты (депозит) келишими деп, банк аманатчынын биринчи талабы боюнча аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөп берүүгө милдеттүү болгон келишимди түшүнүүгө болот.  

Аманатчынын биринчи талабы боюнча аманатты алуу укугунан баш тартуу жөнүндө келишимдин шарты анык эмес катары каралат. 

3. Мөөнөттүү банк аманаты (депозит) келишими деп, банк келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин аманатты (депозитти) кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт. 

4. Шарттуу банк аманаты келишими деп, банк түзүлгөн келишимде аныкталган жагдайлар (окуялар) келип чыкканда (же келип чыкпаганда) аманатты кайтарып берүүгө жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөгө милдеттүү болгон келишим түшүнүлөт.  

753-1-статья Жашы жете электердин аманаттары 

1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жетпегендер, ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, асырап алуучуларынын жана камкорчуларынын макулдугусуз эле банктарга аманаттарды салып, аларды пайдаланууга укуктуу.  

2. Жеткинчектердин жана жашы жете электердин атына аманаттар (үчүнчү жактын пайдасындагы аманат) салынышы мүмкүн.  

3. Жеткинчектердин жана он төрт жашка чейинки жашы жете электердин атына салынган аманат, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан тескөөгө алынат.  

4. Жеткинчектердин жана жашы жете электердин атына аманаттарды салуу тартиби, ошондой эле мындай аманаттардын укуктук статусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. 

754-статья. Аманаттар боюнча пайыздар 

1. Банк аманатчыга банк аманаты келишиминде аныкталган өлчөмдө аманаттын суммасына пайыздарды төлөп берет. 

2. Банк, эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, талап боюнча төлөнүүчү аманаттарга карата пайыздардын өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу. 

Банк тарабынан пайыздардын өлчөмү азайтылган учурда, пайыздардын жаңы өлчөмү аманатчыларга пайыздардын азайганы тууралуу билдирилгенге чейин салынган аманаттарга карата, эгерде келишимде башкасы каралбаса, тиешелүү билдирүү учурунан отуз күн өткөндөн кийин колдонулат.  

3. Банк аманаты келишиминде аныкталган, белгилүү бир мөөнөт бүткөндөн кийин же келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда берилүүгө тийиш болгон шарттарда салынган аманат боюнча пайыздардын өлчөмү, банк тарабынан бир тараптуу азайтылбайт.  

754-1-статья. Аманат боюнча пайыздарды чегерүү жана төлөө тартиби 

1. Банк аманаты суммасына пайыздар аманат банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып, аны аманатчыга кайтарылган күндөн мурдагы күнгө чейин же болбосо башка негиздер боюнча аманатчынын эсебинен алып салынган күнгө чейин чегерилет.  

2. Банк аманаты суммасына пайыздар аманатчыга анын талап кылуусу боюнча ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган пайыздар, эгерде банктык аманат келишиминде башкасы каралбаса, пайыз чегериле турган аманаттын суммасын көбөйтөт. 

Аманатты кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек пайыздар төлөнүп берилет. 

755-статья. Аманаттын кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

1. Банк аманаттын сакталышын жана анын аманатчыга өз убагында кайтарылып берилишин камсыз кылат. Банк аманатты банктык аманат келишиминин шарттарына ылайык кайтарып берүүгө милдеттүү. Аманатты биринчи талап кылуу боюнча алуу укугунан баш тартуу тууралуу келишим шарты жараксыз.  

2. Кайсы түрдө болбосун банктык аманат келишими боюнча, банк аманаттын суммасын же анын бөлүгүн аманатчыга биринчи талап кылуусу боюнча берүүгө милдеттүү, мында келишимде каралган башка шарттарда кайтарылып берилүүчү (шарттуу аманат) аманат эске алынбайт.  

Мөөнөттүү аманат аманатчынын талабы боюнча мөөнөтү бүткөнгө чейин кайтарылып берилсе, анда аманат суммасы аманатчы кайрылган күндөн кийинки 48 саат ичинде банк тарабынан берилет жана ал боюнча пайыздар, эгерде келишимде башкасы каралбаса, банк тарабынан төлөнүүчү аманаттар боюнча пайыздардын өлчөмүнө ылайык келген өлчөмдө төлөнүп берилет.  

3. Аманатчы мөөнөттүү аманаттын суммасын, же болбосо кайтарып берүүнүн башка шарттарында келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда салынган аманат суммасын мөөнөтү бүткөндөн кийин кайтарып берүүнү талап кылбаса, анда келишим, эгерде башкасы каралбаса, талап боюнча төлөнүүчү аманаттын ошол күнгө карата колдонулуп жаткан шарттарында узартылган болуп саналат.  

4. Банк кабыл алган аманаттардын кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн колдонууга милдеттүү болгон каражаттар жана ыкмалар Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси жана келишим менен аныкталат.  

5. Банк аманаты келишимин түзүү учурунда, банк аманатчыга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аманаттын кайтарылып берилиши камсыз кылына тургандыгы тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү

756-статья. Үчүнчү жактар тарабынан аманатчынын эсебине 

акча каражаттарынын салынышы 

Эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, аманат боюнча эсепке аманатчынын атына үчүнчү жактардан анын аманат боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды көрсөтүү менен банкка келип түшкөн акча каражаттары чегерилет. Мында, аманатчы аманат боюнча эсеби жөнүндө зарыл маалыматтарды берүү менен мындай жактардан акча каражаттарын алууга макул экендигин билдирүүсү талап кылынат.  

757-статья. Үчүнчү жактын пайдасына салынган аманат 

1. Аманат банкка белгилүү бир үчүнчү жактын атына салынышы мүмкүн. Мындай жак аманатчынын укугуна, ушул укуктардын негизинде банкка биринчи талабын койгон, же болбосо банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, мына ушундай укуктардан пайдалануу ниетин башкача ыкмада билдирген учурдан тартып ээ болот.  

Пайдасына аманат салынып жаткан жарандын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышын көрсөтүү тиешелүү банк аманаты келишиминин маанилүү шарты болуп саналат. 

Келишим түзүлгөн учурда каза болгон жарандын, же болбосо ошол учурда иштебеген юридикалык жактын пайдасына түзүлгөн банк аманаты келишими жараксыз болуп саналат.  

2. Атына аманат салынган үчүнчү жак, эгерде банк аманаты келишиминде башкасы каралбаса, анын эсебине акча келип түшкөн учурдан тартып аманатчынын укугуна ээ болот.  

3. Атына аманат салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурларда, үчүнчү жактын атына банк аманаты келишимин түзгөн жак, аманатты кайра берүүнү же өз атына которууну талап кыла алат.  

758-статья. Аманат китепчеси 

1. Банк аманатчынын талап кылуусу боюнча ага энчилүү аманат китепчесин берүүгө милдеттүү

2. Аманат боюнча эсепке акча каражаттарын салуу жана эсеп боюнча андан кийинки аракеттер аманат китепчеси менен тастыкталат. Аманат китепчесинде көрсөтүлгөн маалыматтар банк менен аманатчынын ортосундагы аманат боюнча эсептешүүлөр үчүн негиз болуп саналат.  

3. Аманат китепчесинде банк тарабынан банктын жана анын тиешелүү филиалынын аталышы жана жайгашкан орду, аманат боюнча эсебинин номери, ошондой эле эсепке чегерилген акча каражаттарынын бардык суммасы, эсептен алынып салынган акча каражаттарынын бардык суммалары жана банкка аманат китепчесин көрсөтүү учурунда эсептеги акча каражаттарынын калдыктары көрсөтүлүүгө жана ырасталууга тийиш.  

4. Аманатты берүү, ал боюнча пайыздарды төлөө жана аманатчынын эсептен акча каражаттарын башка жактардын эсебине которуу жөнүндө буйруктарын аткаруу, аманат китепчеси көрсөтүлгөндөн кийин банк тарабынан жүзөгө ашырылат.  

5. Эгерде энчилүү аманат китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүү үчүн жараксыз болуп калса, банк аманатчынын өтүнүчү боюнча ага жаңы аманат китепчесин берет. 

759-статья. Аманат (депозит) тастыктамасы 

1. Аманат (депозит) тастыктамасы банкка салынган аманат суммасын жана аманатчынын (тастыктамага ээлик кылуучунун) белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин тастыктамада шартталган пайыздарды тастыктама берген банктан же анын кайсы болбосун филиалынан алуу укугун ырастаган баалуу кагаз болуп саналат.  

2. Аманат (депозит) тастыктамалары энчилүү болуп саналат. 

3. Аманат (депозит) тастыктаманын мөөнөтүнөн мурда көрсөткөн учурда, банк тарабынан аманат суммасы жана эгерде, тастыктама шарттарында пайыздардын башка өлчөмү белгиленбесе, талап боюнча төлөнүүчү аманаттар боюнча пайыздар төлөнүп берилет. 

760-статья. Банк эсебинин келишими 

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк же башка кредиттик мекеме (мындан ары - банк) клиентке (эсептин ээсине) ачылган эсепке келип түшкөн акча каражатын кабыл алууга жана аны эсепке кошууга, клиенттин эсептен тийиштүү сумманы которуу же берүү жөнүндөгү буйругун жана башка операцияларды эсеп боюнча аткарууга милдеттенет. 

2. Банк клиенттин банк эсебинде болгон акча каражатын, клиенттин эсептеги сумманын чектеринде ал каражатты каалаган убакта тоскоолсуз тескөө боюнча укуктарын гарантиялоо менен, пайдалана алат. 

3. Клиент өзүнүн банк эсебиндеги акча каражатын өз алдынча тескейт. 

Банктын клиенттин акча каражатын пайдалануу багытын аныктоого жана көзөмөлдөөгө, анын акча каражатын өз алдынча тескөө боюнча укуктарын мыйзамда же келишимде каралгандан тышкары башкача түрдө чектөөгө укугу жок. 

760-статья. Банк эсебинин келишими 

1. Банк эсебинин келишими боюнча белгиленген тартипте берилген лицензияга ылайык ушундай укук берилген банк клиентке (эсептин ээсине) ачылган эсепке келип түшкөн акча каражатын кабыл алууга жана аны эсепке кошууга, клиенттин эсептен тийиштүү сумманы которуу же берүү жөнүндөгү буйругун жана башка операцияларды эсеп боюнча аткарууга милдеттенет. 

2. Банк клиенттин банк эсебинде болгон акча каражатын, клиенттин эсептеги сумманын чектеринде ал каражатты каалаган убакта тоскоолсуз тескөө боюнча укуктарын гарантиялоо менен, пайдалана алат. 

3. Клиент өзүнүн банк эсебиндеги акча каражатын өз алдынча тескейт. 

Банктын клиенттин акча каражатын пайдалануу багытын аныктоого жана көзөмөлдөөгө, анын акча каражатын өз алдынча тескөө боюнча укуктарын мыйзамда же келишимде каралгандан тышкары башкача түрдө чектөөгө укугу жок. 

762-статья. Банк эсебинин келишимин түзүү 

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк клиентке же ал көрсөткөн жакка тараптар макулдашкан шартта банк эсебин ачат. 

2. Банк мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде каралган талаптарга ылайык келген жана банк тарабынан ушундай түрдөгү эсепти ачуу үчүн жарыяланган шартта эсеп ачуу аркылуу кайрылган клиент менен келишим түзүүгө милдеттүү

Банктын мыйзамда, банктын уюштуруу документтеринде жана өзүнө берилген уруксатта (лицензияда) каралган тийиштүү операцияларды аткаруудан баш тартууга, мындай баш тартуу банктык тейлөөгө кабыл алуу үчүн банктын мүмкүнчүлүгү жок болгон же мындай тейлөөгө мыйзам тарабынан жол берилбеген учурлардан тышкары, укугу жок. 

Банк келишимин түзүүдөн банк негизсиз баш тарткан учурда клиент ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган талаптарды ага коюуга укуктуу. 

762-статья. Банк эсебинин келишимин түзүү 

1. Банк эсебинин келишими боюнча банк клиентке же ал көрсөткөн жакка тараптар макулдашкан шартта банк эсебин ачат. 

2. Банк банктык мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык келген жана банк тарабынан ушундай түрдөгү эсепти ачуу үчүн жарыяланган шартта эсеп ачуу аркылуу кайрылган клиент менен келишим түзүүгө милдеттүү

Банктын мыйзамда, банктын уюштуруу документтеринде жана өзүнө берилген уруксатта (лицензияда) каралган тийиштүү операцияларды аткаруудан баш тартууга, мындай баш тартуу банктык тейлөөгө кабыл алуу үчүн банктын мүмкүнчүлүгү жок болгон же мындай тейлөөгө мыйзам тарабынан жол берилбеген учурлардан тышкары, укугу жок. 

Банк келишимин түзүүдөн банк негизсиз баш тарткан учурда клиент ушул Кодекстин 406-статьясынын 4-пунктунда каралган талаптарды ага коюуга укуктуу. 

763-статья. Эсептеги акча каражатын тескөө укугун күбөлөндүрүү 

1. Клиенттин атынан эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен күбөлөндүрүлөт. 

2. Клиент үчүнчү жактардын талабы, анын ичинде клиенттин ал жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу талабы боюнча өз эсебинен акча каражатын чыгарып салуу жөнүндө банкка буйрук бере алат. Банк мындай буйрукту анда тийиштүү талап коюлганда талап коюуга укугу бар жактарды таанып билүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн шартта кабыл алат. 

3. Банк эсебинин келишиминде эсептеги акча каражатын тескөө боюнча укуктарды электрондук байланыш каражаттары жана башка документтер аркылуу аларда өз колтамгасынын аналогдорун (176-cтатьянын 2-пункту), коддорду, паролдорду жана буйруктун буга укук берилген адам тарабынан берилип жаткандыгын ырастаган башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн. 

763-статья. Эсептеги акча каражатын тескөө укугун күбөлөндүрүү 

1. Клиенттин атынан эсептен каражаттарды которууну же берүүнү тескеген адамдын укуктары Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана келишимде каралган документтерди клиенттин банкка берүүсү менен күбөлөндүрүлөт. 

2. Клиент үчүнчү жактардын талабы, анын ичинде клиенттин ал жактардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу талабы боюнча өз эсебинен акча каражатын чыгарып салуу жөнүндө банкка буйрук бере алат. Банк мындай буйрукту анда тийиштүү талап коюлганда талап коюуга укугу бар жактарды таанып билүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат жазуу жүзүндө көрсөтүлгөн шартта кабыл алат. 

3. Банк эсебинин келишиминде эсептеги акча каражатын тескөө боюнча укуктарды электрондук байланыш каражаттары жана башка документтер аркылуу аларда өз колтамгасынын аналогдорун (176-cтатьянын 2-пункту), коддорду, паролдорду жана буйруктун буга укук берилген адам тарабынан берилип жаткандыгын ырастаган башка каражаттарды пайдалануу менен күбөлөндүрүү каралышы мүмкүн. 

764-статья. Эсеп боюнча банк аткаруучу операциялар 

Банк, эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, ушундай түрдөгү эсептер үчүн мыйзамда, ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана банк тажрыйбасында, ишкер жүгүртүү салтында колдонулуучу эрежелерге ылайык операцияларды аткаруу менен эсепке келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алып, эсепке кошууга жана клиенттин акча каражаттын которуу жана берүү жөнүндөгү буйругун аткарууга милдеттүү

764-статья. Эсеп боюнча банк аткаруучу операциялар 

Банк, эгерде банк эсебинин келишиминде башкасы каралбаса, ушундай түрдөгү эсептер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана банк тажрыйбасында, ишкер жүгүртүү салтында колдонулуучу эрежелерге ылайык операцияларды аткаруу менен эсепке келип түшкөн акча каражаттарын кабыл алып, эсепке кошууга жана клиенттин акча каражаттын которуу жана берүү жөнүндөгү буйругун аткарууга милдеттүү

773-статья. Банк сыры 

1. Банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операциялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ишенип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гарантиялайт. 

Бул гарантия, алардын банкта эсеби барбы же жокпу, ага карабастан, банктын мурдагы кардарларына жана банк кызмат көрсөткөн жактарга да тиешелүү

2. Банк сыры болгон маалыматтар клиенттин өзүнө же анын өкүлүнө гана берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарга жана алардын кызмат адамдарына мындай маалыматтар мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте гана берилиши мүмкүн. 

3. Банк сыры болгон маалыматтарды банк жайылтып жиберген учурда укуктары бузулган клиент банктан келтирилген зыяндардын, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан башка ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу. 

775-статья. Банк эсебинин келишимин бузуу 

1. Банк эсебинин келишими клиенттин арызы боюнча каалаган учурда токтотулат. 

2. Банк эсебинин келишими клиенттин эсебинде болгон акча каражаты мыйзамда, банк эрежелеринде же банк эсебинин келишиминде белгиленген эң аз өлчөмдөн аз болгон учурда банктын талабы боюнча бузулат. 

3. Банк эсебинин келишиминин бузулушу клиенттин эсебин жабуу үчүн негиз болот. 

4. Эсепте калган акча каражаты клиентке берилет же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш күндөн кечиктирбестен башка эсепке которулат. 

775-статья. Банк эсебинин келишимин бузуу 

1. Банк эсебинин келишими клиенттин арызы боюнча каалаган учурда токтотулат. 

2. Банк, кардардын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы банктык мыйзамдарда же банктык эсеп келишиминде каралган минималдуу өлчөмдөн төмөн болуп калса, же кардардын эсебинде келишимде белгиленген мөөнөт ичинде акча каражаттары калбай калса, же болбосо эсеп боюнча кардардын буйругу менен операциялар жүргүзүлбөсө жана мыйзамда каралган учурларда, кардарга бир календардык ай мурда билдирүү менен банктык эсеп келишимин бир тараптуу тартипте буза алат. 

3. Банк эсебинин келишиминин бузулушу клиенттин эсебин жабуу үчүн негиз болот. 

4. Эсепте калган акча каражаты клиентке берилет же анын кат жүзүндөгү көрсөтмөсү боюнча беш күндөн кечиктирбестен башка эсепке которулат. 

Банк кардарга акыркы белгилүү дареги боюнча акча каражаттарынын калдыгын алуу зарыл экендиги тууралуу билдирет, ал эми кардар келбеген учурда акча каражаттарынын калдыгы системалык эсепте сакталат. 

Глава төмөнкү мазмундагы 775-1-статья менен толукталсын:  

775-1-статья. Банктардын корреспонденттик жана башка эсептери 

Бул главанын ченемдиктери, эгерде башкасы банк мыйзамдарында каралбаса банктардын корреспонденттик жана башка эсептерине карата колдонулат.  

38-Глава 

Эсептешүүлөр 

1-§. Жалпы жоболор 

776-статья. Накталай акча менен же накталай акчасыз эсептешүү 

1. Юридикалык жактардын, граждандардын ортосундагы, ошондой эле граждандардын катышуусу менен болгон эсептешүүлөр суммасын эч кандай чектебестен накталай акча менен же накталай акчасыз жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Юридикалык жактардын, граждандардын ортосундагы, ошондой эле граждандардын катышуусу менен болгон ээлик кылуу ишкердигин алып барууга байланыштуу эсептешүүлөр накталай акчасыз жүргүзүлөт. Эгерде мыйзамда башкасы белгиленбесе, бул жактардын ортосундагы эсептешүүлөр, эреже катары накталай акча менен да жүргүзүлүшү мүмкүн. 

3. Эгерде мыйзамдан башкасы келип чыкпаса же колдонулган эсептешүү формасында шартталбаса, анда накталай акчасыз эсептешүүлөр банктар жана башка кредиттик мекемелер аркылуу жүргүзүлөт. 

777-статья. Накталай акчасыз эсептешүү формасы 

1. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдү төлөм тапшырмалары, аккредитив, инкассо, чек менен, ошондой эле мыйзамда каралган жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде жана банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында белгиленген башка формаларда ишке ашырууга жол берилет. 

2. Тараптар макулдашуу боюнча ушул статьянын 1-пунктунда каралган эсептешүү формаларынын каалаганын тандап алууга жана аны келишимде белгилөөгө укуктуу. 

38-Глава 

Эсептешүүлөр 

1-§. Жалпы жоболор 

775-2-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу 

1. Банктар, эсептешүүлөрдү ушул Кодексте белгиленген формаларда жана Кыргыз Республикасынын төлөм тутумунда каралган тартипте, ошондой эле бул, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келбесе, эл аралык банктык тажрыйбада кабыл алынган формаларда жүзөгө ашырышат.  

2. Улуттук банк, банктардын жана төлөм тутумунун башка катышуучуларынын эсептешүү операцияларын жөнгө салуучу тиешелүү ченемдик укуктук актыларды чыгарат.  

776-статья. Накталай акча жана накталай акчасыз эсептешүүлөр 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында эсептешүүлөр накталай акча жана накталай акчасыз тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн. 

2. Юридикалык жактар ортосундагы эсептешүүлөр, ошондой эле ишкердикти жүзөгө ашырышкан жарандардын катышуусу менен эсептешүүлөр, эрежедегидей эле, накталай акчасыз тартипте жүргүзүлөт.  

3. Накталай акчасыз эсептешүүлөр, эгерде банк мыйзамдарында башкасы каралбаса жана эсептешүүлөрдүн пайдалануудагы формасына шартталбаса, эсептешүүлөргө катышкан жактардын эсептери ачылган банктар аркылуу жүргүзүлөт.  

777-статья. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдүн формалары 

1. Накталай акчасыз эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда төлөм тапшырмалары менен эсептешүүлөр, аккредитив боюнча, инкассо боюнча, чектер менен эсептешүүлөргө, ошондой эле башка банктык мыйзамдарда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында каралган формаларда жана банктык тажрыйбада ишкердик жүгүртүү жөрөлгөлөрү тарабынан колдонулган эсептешүүлөргө жол берилет. 

2. Келишим боюнча тараптар келишимде ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эсептешүүлөрдүн кайсы болбосун формасын тандоого жана караштырууга укуктуу.  

778-статья. Жалпы жоболор 

1. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүдө банк төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча анын эсебинде болгон каражаттардан белгилүү бир акча суммасын төлөөчү көрсөткөн ушул банктагы же башка банктагы жактын эсебине, мыйзамда каралган же ага ылайык белгиленген мөөнөттө, эгерде банк эсебинин келишиминде же банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында андан кыскараак мөөнөт белгиленбесе, которууга милдеттенет. 

2. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүнү ишке ашыруу тартиби мыйзам, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат. 

778-статья. Жалпы жоболор 

1. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүдө банк төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча анын эсебинде болгон каражаттардан белгилүү бир акча суммасын төлөөчү көрсөткөн ушул банктагы же башка банктагы жактын эсебине, мыйзамда каралган же ага ылайык белгиленген мөөнөттө, эгерде банк эсебинин келишиминде же банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салтында андан кыскараак мөөнөт белгиленбесе, которууга милдеттенет. 

2. Төлөм тапшырмалары менен эсептешүүнү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат. 

779-статья. Банктын төлөм тапшырмасын кабыл алуу шарты 

1. Төлөм тапшырмасынын жана аны менен чогуу берилүүчү документтердин мазмуну жана формасы мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде каралган талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

2. Төлөм тапшырмасы ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга жооп бербеген учурда банк тапшырманын мазмунун тактай алат. Мындай суроо-талап төлөөчүгө анын тапшырмасын алгандан кийин токтоосуз коюлууга тийиш. Мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде, эгерде алар болбосо - акылга сыярлык мөөнөттө банк жооп ала албаган учурда, эгерде мыйзамда жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелеринде же банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, анда банк тапшырманы аткарбастан калтырып, аны төлөөчүгө кайтарып бере алат. 

3. Эгерде банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшырмасын банк анын эсебинде акча каражаты болгон учурда гана кабыл алат. Тапшырма банк тарабынан эсептен акча каражатын чыгаруунун кезектүүлүгүн (770-статья) сактоо менен аткарылат. 

779-статья. Банктын төлөм тапшырмасын кабыл алуу шарты 

1. Төлөм тапшырмасынын жана аны менен чогуу берилүүчү документтердин мазмуну жана формасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга жооп берүүгө тийиш. 

2. Төлөм тапшырмасы ушул статьянын 1-пунктунда каралган талаптарга жооп бербеген учурда банк тапшырманын мазмунун тактай алат. Мындай суроо-талап төлөөчүгө анын тапшырмасын алгандан кийин токтоосуз коюлууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, эгерде алар болбосо - акылга сыярлык мөөнөттө банк жооп ала албаган учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында же банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, анда банк тапшырманы аткарбастан калтырып, аны төлөөчүгө кайтарып бере алат. 

3. Эгерде банк менен төлөөчүнүн ортосундагы келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшырмасын банк анын эсебинде акча каражаты болгон учурда гана кабыл алат. Тапшырма банк тарабынан эсептен акча каражатын чыгаруунун кезектүүлүгүн (770-статья) сактоо менен аткарылат. 

780-статья. Тапшырманы аткаруу 

1. Клиенттин төлөм тапшырмасын кабыл алган банк тийиштүү акча суммасын ушул Кодекстин 777-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө тапшырмада көрсөтүлгөн жактын эсебине киргизүү үчүн каражатты алуучунун банкына которууга милдеттүү

2. Банк клиенттин тапшырмасында көрсөтүлгөн жактын эсебине акча которуу боюнча операцияларды аткаруу үчүн башка банктарды тартууга укуктуу. 

3. Банк төөлөөчүнүн талабы боюнча анын тапшырмасынын аткарылгандыгы тууралуу токтоосуз ага билдирүүгө милдеттүү. Тапшырманын аткарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жазуунун тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде же тараптардын ортосундагы келишимде каралат. 

780-статья. Тапшырманы аткаруу 

1. Клиенттин төлөм тапшырмасын кабыл алган банк тийиштүү акча суммасын ушул Кодекстин 777-статьясынын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттө тапшырмада көрсөтүлгөн жактын эсебине киргизүү үчүн каражатты алуучунун банкына которууга милдеттүү

2. Банк клиенттин тапшырмасында көрсөтүлгөн жактын эсебине акча которуу боюнча операцияларды аткаруу үчүн башка банктарды тартууга укуктуу. 

3. Банк төөлөөчүнүн талабы боюнча анын тапшырмасынын аткарылгандыгы тууралуу токтоосуз ага билдирүүгө милдеттүү. Тапшырманын аткарылгандыгы тууралуу билдирүүнү жазуунун тартиби жана анын мазмунуна карата талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында же тараптардын ортосундагы келишимде каралат. 

782-статья. Жалпы жоболор 

1. Аккредитив боюнча эсептешүүлөрдө төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча жана анын көрсөтмөлөрүнө ылайык аккредитив ачкан банк (эмитент-банк) алуучу каражаттарды берген же ал көрсөткөн жак документтерди берген жана аккредитивде белгиленген башка шарттарды аткарган учурда, төлөмдөрдү ишке ашырууга милдеттенет. 

2. Жабылган (депого, б.а. сактоого коюлган) аккредитив ачылган учурда эмитент-банк аны ачууда төлөөчүнүн өз каражаттарын же ага берилген кредитти аткаруучу банкка банктын милдеттенмеси күчүндө болгон бардык мезгилге которууга милдеттүү

Жабылбаган аккредитив ачылган учурда эмитент-банк аткаруучу банкка эмитент-банктын ошол аткаруучу банкта жүргүзүлүүчү эсебинен аккредитивдин бардык суммасын чыгарып салууга укук берет. 

782-статья. Жалпы жоболор 

1. Аккредитив бул, келишимдин негизинде кардардын тапшырмасы боюнча анын контрагентинин пайдасына банк тарабынан берилген шарттуу акча милдеттенмеси, ал боюнча аккредитив ачкан банк (банк-эмитент) берүүчүгө төлөмдү ишке ашырат же аккредитивде каралган документтерди берген шартта жана аккредитивдин башка шарттарын аткарган учурда мындай төлөмдөрдү жүргүзүүгө башка банкка ыйгарым укук берет.  

Сүйлөшүлгөн учурларда аткаруучу банк тарабынан алуучуга төлөп берүү башка банк (ырастоочу банк) тарабынан кепилделиши мүмкүн. Аткаруучу банк алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдөрдү жүзөгө ашырганда, аккредитивге ылайык банк-эмитент аткаруучу банкка тиешелүү төлөмдү (жана аткаруучу банктын сый акысын) жүзөгө ашыруу милдетине ээ. Эгерде аткаруучу банк төлөмдү өз милдеттенмесине ылайык ишке ашырбаса ырастоочу банк, аткаруучу банкка талап кылынган жана тиешелүү негизде таризделген документтер берилген шартта гана алуучуга ("алуучу" катары көрсөтүлгөн жакка) төлөмдү ишке ашыруу милдетине ээ болот. 

2. Кыргыз Республикасында документтик аккредитивдер үчүн Эл аралык соода палатасы (Uniform Customs And Practice For Documentary credits, UCP, ICC publication No.600) тарабынан чыгарылган Унификацияланган эрежелер жана иш жүргүзүү тартиптери да Кыргыз Республикасынын "Аккредитивдер жөнүндө" мыйзамында каралган тартипте колдонулат. 

3. Депондоштурулган аккредитив ачылган учурда банкэмитент аны ачууда төлөөчүнүн өздүк каражаттарын же ага берилген насыяны банк-эмитенттин милдеттенмеси колдонулган бүткүл мөөнөткө аткаруучу банктын башкаруусуна которууга милдеттүү.  

Депондоштурулбаган аккредитивди ачкан учурда банк-эмитент, аккредитивдин бардык суммасын банк-эмитенттин банктын аткаруучу банктагы эсебинен эсептеп алып салуу укугун аткаруучу банкка берет. 

789-статья. Негизги жоболор 

1. Инкассо боюнча эсептешүүлөрдө клиент өзүнүн банкына (эмитент-банкка) төлөөчүдөн төлөмдү алуу боюнча аракеттерди клиенттин эсебинен аткаруу жөнүндө тапшырма жиберет. 

2. Инкассо тапшырмасын алган эмитент-банк аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) тартууга укуктуу. 

Инкассо боюнча эсептешүүлөрдүн тартиби мыйзам жана ага ылайык белгиленген банк эрежелери, банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат. 

789-статья. Негизги жоболор 

1. Инкассо боюнча эсептешүүлөрдө клиент өзүнүн банкына (эмитент-банкка) төлөөчүдөн төлөмдү алуу боюнча аракеттерди клиенттин эсебинен аткаруу жөнүндө тапшырма жиберет. 

2. Инкассо тапшырмасын алган эмитент-банк аны аткаруу үчүн башка банкты (аткаруучу банкты) тартууга укуктуу. 

Инкассо боюнча эсептешүүлөрдүн тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банк тажрыйбасында колдонулуучу ишкер жүгүртүү салты менен жөнгө салынат. 

792-статья. Жалпы жоболор 

1. Чек менен эсептешүүлөрдө (45-статья) чек боюнча төлөөчү катары чек берүүчүнүн каражаты анда турган жана ал каражатты чек берүү аркылуу тескей алууга укугу бар болгон банк гана көрсөтүлүшү мүмкүн. 

2. Чектин берилиши ал чек аткаруу үчүн берилген акча милдеттенмесин жаппайт. 

3. Чекти төлөөгө берүү мөөнөтү аяктамайынча аны кайра чакырып алууга жол берилбейт. 

4. Төлөм айлампасында чекти пайдалануу тартиби жана шарттары ушул Кодекс менен, ал эми мында жөнгө салынбаган бөлүгү - башка мыйзамдар жана аларга ылайык белгиленген банк эрежелери менен жөнгө салынат. 

792-статья. Жалпы жоболор 

1. Чек менен эсептешүүлөрдө (45-статья) чек боюнча төлөөчү катары чек берүүчүнүн каражаты анда турган жана ал каражатты чек берүү аркылуу тескей алууга укугу бар болгон банк гана көрсөтүлүшү мүмкүн. 

2. Чектин берилиши ал чек аткаруу үчүн берилген акча милдеттенмесин жаппайт. 

3. Чекти төлөөгө берүү мөөнөтү аяктамайынча аны кайра чакырып алууга жол берилбейт. 

4. Төлөм айлампасында чекти пайдалануу тартиби жана шарттары ушул Кодекс менен, ал эми мында жөнгө салынбаган бөлүгү - Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

793-статья. Чектин реквизиттери 

1. Чек төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) документтин текстине киргизилген "чек" деген аталышты; 

2) белгилүү акча суммасын төлөп берүү жөнүндөгү төлөөчүнүн тапшырмасын; 

3) төлөөчүнүн аталышын жана төлөм төлөнүүчү эсептин маалыматтарын; 

4) төлөө жүргүзүлүүчү валютанын аталышын; 

5) чектин жазылган жеринин жана датасынын көрсөтүлүшүн; 

6) чекти жазып берген адамдын (чек берүүчүнүн) колтамгасын. 

Аталган реквизиттердин бирөөнүн гана жоктугу чек катары анын күчүн жоготот. 

2. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби мыйзамда жана ага ылайык белгиленген банк эрежелеринде аныкталат. 

793-статья. Чектин реквизиттери 

1. Чек төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

1) документтин текстине киргизилген "чек" деген аталышты; 

2) белгилүү акча суммасын төлөп берүү жөнүндөгү төлөөчүнүн тапшырмасын; 

3) төлөөчүнүн аталышын жана төлөм төлөнүүчү эсептин маалыматтарын; 

4) төлөө жүргүзүлүүчү валютанын аталышын; 

5) чектин жазылган жеринин жана датасынын көрсөтүлүшүн; 

6) чекти жазып берген адамдын (чек берүүчүнүн) колтамгасын. 

Аталган реквизиттердин бирөөнүн гана жоктугу чек катары анын күчүн жоготот. 

2. Чектин формасы жана аны толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

794-статья. Чекти төлөө 

1. Чек чек берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт. 

2. Чек мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөөгө коюлган шартта төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш. 

3. Чекти төлөгөн тарап төлөмдү алгандыгы жөнүндө тилкат менен кошо чекти ага берүүнү талап кылууга укуктуу. 

794-статья. Чекти төлөө 

1. Чек чек берүүчүнүн каражатынын эсебинен төлөнөт. 

2. Чек Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө төлөөгө коюлган шартта төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш. 

3. Чекти төлөгөн тарап төлөмдү алгандыгы жөнүндө тилкат менен кошо чекти ага берүүнү талап кылууга укуктуу. 

799-статья. Чекти төлөөдөн баш тартууну күбөлөндүрүү 

1. Чекти төлөөдөн баш тартуу төмөндөгү ыкмалардын бири менен күбөлөндүрүлөт: 

1) нотариустук тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны мыйзамда белгиленген тартипте жазуу; 

2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы жөнүндө чектин төлөөгө коюлган датасы менен кошо чекке жазуу; 

3) инкассалоочу банктын чектин төлөөгө өз убагында берилгендиги жана төлөөдөн баш тартылгандыгы жөнүндө датасын көрсөтүү менен жазуусу. 

2. Протест же ага тете акт чектин төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөнгө чейин жазылууга тийиш. 

Эгерде чек төлөөгө мөөнөтүнүн акыркы күнү коюлса протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн. 

799-статья. Чекти төлөөдөн баш тартууну күбөлөндүрүү 

1. Чекти төлөөдөн баш тартуу төмөндөгү ыкмалардын бири менен күбөлөндүрүлөт: 

1) нотариустук тартипте каршы пикир (протест) жазуу же ага тете келген актыны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жазуу; 

2) төлөөчүнүн төлөөдөн баш тарткандыгы жөнүндө чектин төлөөгө коюлган датасы менен кошо чекке жазуу; 

3) инкассалоочу банктын чектин төлөөгө өз убагында берилгендиги жана төлөөдөн баш тартылгандыгы жөнүндө датасын көрсөтүү менен жазуусу. 

2. Протест же ага тете акт чектин төлөөгө көрсөтүү мөөнөтү өткөнгө чейин жазылууга тийиш. 

Эгерде чек төлөөгө мөөнөтүнүн акыркы күнү коюлса протест же ага тете акт андан кийинки иш күнүндө жазылышы мүмкүн. 

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоолор 

1-статья. Жарандык сот ишин жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдар 

1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат. 

2. Башка мыйзамдарда жана мыйзам актыларында каралган жарандык процесстик мыйзамдардын ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш. 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленгенден башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат. 

4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. 

2-1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечимдерине даттануу жөнүндө иштер боюнча сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Ушул Кодекстин ченемдери Кыргыз Республикасынын Банк кодексине каршы келбеген иштерге карата колдонулат. 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде жарандык процесстик мыйзамдарда белгиленгенден башка эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин ченемдери колдонулат. 

4. Жарандык иштер боюнча сот иши, аны кароо жана чечүү, айрым процесстик аракеттерди аткаруу жана сот актыларын ишке ашыруу мезгилинде күчүндө болгон мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. 

Жаңы статья 

260-1-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө арыздарды кароодо сот өндүрүшүнүн административдик иштери боюнча өзгөчөлүктөрү.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик эмес актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө арыздарды кароо боюнча административдик иштер боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Ушул главанын ченемдери Кыргыз Республикасынын Банк кодексине каршы келбеген иштерге карата колдонулат. 

382-статья. Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү 

Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча соттор тарабынан жүзөгө ашырылат. 

Экономикалык иштер болуп ишкерликтен жана дагы башка экономикалык иштен келип чыккан иштер саналат, анын тараптары болуп юридикалык жактар жана/же ушул ишти юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган жана мыйзамда белгиленген тартипте жеке ишкердин статусуна ээ болгон жарандар (мындан ары - жеке ишкерлер) саналат, алар өздөрүнүн бузулган укуктарын же талашып жаткан укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. 

Банктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү экономикалык иштер боюнча өндүрүш эгерде, Кыргыз Республикасынын Банк кодексинде башкача белгиленбесе, жарандык сот өндүрүшүнүн жалпы эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат. 

409-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу милдети 

Судья төмөндүгөдөй учурларда аткаруу ишин токтото турууга милдеттүү

карызкор өлгөн учурда, аны өлдү деп жарыялаганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде сот аныктаган укуктук мамилелер укук мурастоого жол берсе, ошондой эле карызкор болуп саналган юридикалык жак кайра уюшулган же айы жоюу мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алынган же карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иш боюнча сот тарабынан иш козголгон учурда; 

карызкор аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо же анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгенде; 

жоопкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө, дагы башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө болгон учурда же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө, дагы башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө болгон жоопкердин өтүнүчү боюнча; 

аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу талабы коюлган мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндө (тизмеден чыгаруу) доо коюлганда; 

эгерде талашууга мыйзамда жол берилсе, карызкордун аткаруу документтерин сот тартибинде талашууга; 

администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого ыйгарым укуктуу органдардын же кызмат адамдарынын аракеттерине сотко даттануу берилген учурда; 

мыйзамда сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарууну токтото туруу укугу берилген судья аныктама чыгарганда. 

мыйзамда сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарууну токтото туруу укугу берилген судья аныктама чыгарганда; 

эгерде аткаруу өндүрүшүн токтотуу Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинде каралган болсо. 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөр 

76-статья. Жумуштан четтетүү 

Иш берүүчү тиешелүү күнгө (смена) кызматкерди иштен четтетүүгө (жумушка киргизбөөгө) төмөнкүдөй учурларда милдеттүү

1) мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын талабы боюнча; 

2) ишке алкоголдук, баңгилик же уулуу заттарга мас болуу абалында келгенде; 

3) эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери боюнча экзамен тапшырбаганда; 

4) иш берүүчү тарабынан берилген талап кылынуучу жекече коргонуу каражатын колдонбогондо; 

5) медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, эгерде ал ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык милдеттүү болуп саналса; 

6) тийиштүү тартип бузуу аныкталгандан тартып эмгек келишиминде белгиленген тартипте кызматкер аны оңдогондугу тууралу маселе чечилгенге чейин ушул Кодекстин 83-статьясынын 9 жана 10-пункттарында каралган учурларда; 

7) иштеген жеринде ууру кылып кармалганда соттун өкүмү, болбосо компетенциясына администрациялык жаза берүү кирген органдын токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин; 

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда. 

Иш берүүчү иштен четтетүүгө негиз болуп саналган жагдайлар оңолгонго чейинки бардык мезгилге кызматкерди ишке киргизбейт. 

Кызматкерди иштен четтеткен мезгилде мыйзамдарда каралгандан башка учурларда эмгек акы төлөнбөйт. Ушул статьянын 6-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматкер туш болгон жагдайдан акталгандыгы аныкталса, иш берүүчү иштен четтетүүнүн бардык мезгили үчүн эмгек акысын төлөп берүүгө милдеттүү

76-статья. Жумуштан четтетүү 

Иш берүүчү тиешелүү күнгө (смена) же тиешелүү мезгилге кызматкерди иштен четтетүүгө (жумушка киргизбөөгө) төмөнкүдөй учурларда милдеттүү

1) мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын талабы боюнча; 

2) ишке алкоголдук, баңгилик же уулуу заттарга мас болуу абалында келгенде; 

3) эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелери боюнча экзамен тапшырбаганда; 

4) иш берүүчү тарабынан берилген талап кылынуучу жекече коргонуу каражатын колдонбогондо; 

5) медициналык текшерүүдөн өтпөгөн, эгерде ал ушул Кодекске жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык милдеттүү болуп саналса; 

6) тийиштүү тартип бузуу аныкталгандан тартып эмгек келишиминде белгиленген тартипте кызматкер аны оңдогондугу тууралу маселе чечилгенге чейин ушул Кодекстин 83-статьясынын 9 жана 10-пункттарында каралган учурларда; 

7) иштеген жеринде ууру кылып кармалганда соттун өкүмү, болбосо компетенциясына администрациялык жаза берүү кирген органдын токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин; 

8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда. 

Иш берүүчү иштен четтетүүгө негиз болуп саналган жагдайлар оңолгонго чейинки бардык мезгилге кызматкерди ишке киргизбейт. 

Кызматкерди иштен четтеткен мезгилде мыйзамдарда каралгандан башка учурларда эмгек акы төлөнбөйт. Ушул статьянын 6-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматкер туш болгон жагдайдан акталгандыгы аныкталса, иш берүүчү иштен четтетүүнүн бардык мезгили үчүн эмгек акысын төлөп берүүгө милдеттүү

83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу 

Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: 

1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; 

2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу; 

3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген: 

а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу; 

б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык; 

4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата); 

5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса; 

6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса: 

а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо); 

б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат; 

в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө

г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса; 

д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса. 

Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн; 

7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо; 

8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса; 

9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса; 

10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса; 

11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса; 

12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка муниципалдык ченемдик-укуктук актыларда каралган тартипте мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты ээлеген адам ишеним жоготкондугуна байланыштуу төмөнкү учурларда бошотулууга жатат: 

- түздөн-түз акчалай же товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкер күнөөлүү аракеттерди жасаганда; 

- кызыкчылыктардын кагылышуусунун бир тарабы болуп эсептелген адам тарабынан аны алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлбөгөндө

- адам тарабынан өзүнүн кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалымат берилбесе же болбосо атайын жалган же толук эмес маалыматтарды берсе; 

- мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адам коммерциялык уюмдун башкаруу органынын ишине акы алуунун негизинде катышса; 

- адам тарабынан ишкердик иш жүзөгө ашырылса; 

- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген саясий партиялардын, башкаруу органдарынын жана чет мамлекеттик коммерциялык эмес өкмөттүк эмес органдардын камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирсе. 

Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келе турган жеке кызыгуу ага баш ийген адамда пайда болгондугу белгилүү болуп калса, таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда ишеним жоготкондугуна байланыштуу бошотулууга (кызматтан бошотулууга) тийиш. 

83-статья. Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу 

Аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин иш берүүчү тарабынан төмөнкүдөй учурларда бузулушу мүмкүн: 

1) уюм (юридикалык жак) жоюлган, иш берүүчү (жеке жак) ишин токтоткондо; 

2) кызматкерлердин санынын же штатынын кыскарышы, анын ичинде уюмду өзгөртүп кайра түзүүгө байланыштуу; 

3) кызматкер төмөнкүлөрдөн улам ээлеген кызматына же аткарган ишине дал келбеген: 

а) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу; 

б) аттестациянын натыйжаларында тастыкталган квалификациясынын жетишсиздиги, эмгек ченемдерин аткарбагандыгы тууралу маалымкат, брак чыгаруу жана башка маалыматтар жөнүндөгү актыларга ылайык; 

4) уюмдун мүлк ээси алмашканда (уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына жана башкы бухгалтерине карата); 

5) эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса; 

6) кызматкер эмгек милдеттерин төмөнкүдөй бир жолу одоно бузса: 

а) ишке келбесе (жүйөлүү себептерсиз жумуш күнүнүн аралыгында 3 сааттан ашуун катары менен иште жок болсо); 

б) иште алкоголдук, баңги же ууландыруучу уулуу заттарга мас абалында келсе. Мындай абал медициналык корутунду, күбөлөрдүн көрсөтмөсү же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен бирдикте иш берүүчү тарабынан түзүлгөн акты менен тастыкталат; 

в) иш ордунда уюмдун атайлап туруп уурдаса же бүлүндүрсө

г) жаракат алганы жана аварияны кошкондо, оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо талаптарын кызматкер бузса; 

д) эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу кызматкерге белгилүү болгон мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык, банктык же мыйзам менен корголуучу башка сырларды ачыкка чыгарып жиберүүсү, эгерде аны сактоо жөнүндө шарт эмгектик келишимде каралса. 

Кызматкерлердин айрым категорияларына карата мыйзамдарда жана уставдарда, тартип жөнүндө жоболордо эмгек милдеттерин бир жолку бузуулардын башка түрлөрү да каралышы мүмкүн; 

7) акча же товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген кызматкер күнөөлүү иш-аракеттерди жасаса, эгерде бул иш-аракет ага иш берүүчү тарабынан ишенимди жоготуу үчүн негиз болсо; 

8) тарбиялоо иш-милдетин аткарган кызматкер бул ишти улантууга туура келбеген моралга жат иштерди жасаса; 

9) уюмдун (филиал, өкүлчүлүк) жетекчиси, анын орун басарлары жана башкы бухгалтери уюмдун мүлкүнүн сакталышын бузууга, укуктан тышкары колдонууга же башка зыяндарга алып келүүчү негизсиз чечим кабыл алса; 

10) эмгек келишимин түзүүдө кызматкер иш берүүчүгө жасалма документтерди же атайлап жалган маалыматтарды берсе, эгерде бул документтер же маалыматтар эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналса; 

11) уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн) жетекчиси, анын орун басарлары өзүлөрүнүн эмгек милдеттерин бир жолу одоно бузса; 

12) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда белгиленген башка учурларда. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка муниципалдык ченемдик-укуктук актыларда каралган тартипте мамлекеттик кызматты, муниципалдык кызматты ээлеген адам ишеним жоготкондугуна байланыштуу төмөнкү учурларда бошотулууга жатат: 

- түздөн-түз акчалай же товардык баалуулуктарды тейлеген кызматкер күнөөлүү аракеттерди жасаганда; 

- кызыкчылыктардын кагылышуусунун бир тарабы болуп эсептелген адам тарабынан аны алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлбөгөндө

- адам тарабынан өзүнүн кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешелери жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери тууралуу маалымат берилбесе же болбосо атайын жалган же толук эмес маалыматтарды берсе; 

- мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адам коммерциялык уюмдун башкаруу органынын ишине акы алуунун негизинде катышса; 

- адам тарабынан ишкердик иш жүзөгө ашырылса; 

- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген саясий партиялардын, башкаруу органдарынын жана чет мамлекеттик коммерциялык эмес өкмөттүк эмес органдардын камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирсе. 

Мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамга кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келе турган жеке кызыгуу ага баш ийген адамда пайда болгондугу белгилүү болуп калса, таламдардын кагылышуусун алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөгөн учурда ишеним жоготкондугуна байланыштуу бошотулууга (кызматтан бошотулууга) тийиш. 

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүү 

36-статья. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары 

(1) Тергөөчү жазык ишин тергөөдө

1) шектүүнү, айыпкерди, жабырлануучуну, күбөнү, экспертти жана адисти суракка алууга, экспертиза дайындоого, карап чыгуу, тинтүү, чыгарып алуу жана башка тергөө аракеттерин ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүүгө

2) жабырлануучунун тарткан зыянынын ордун толтурууга карата чара көрүүгө

3) окуя жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды талап кылууга; 

4) ревизия, инвентаризация, ведомстволук экспертиза, башка текшерүү аракеттерин жүргүзүүнү талап кылууга; 

5) тергелип жаткан ишке байланыштуу кылмыштын бетин ачуу, жоголгон адамдарды жана мүлктү табуу боюнча изин суутпай издөө аракеттеринин жүргүзүлүшү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды алгачкы текшерүү органынан алууга; 

6) жазык ишине байланыштуу изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү тууралу алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды берүүгө

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү, камакка алуу, башка процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө токтомдун аткарылышын тапшырууга, ошондой эле тергөө жана башка процесстик аракеттерди ишке ашырууда өзүнүн биринчи талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан көмөк алууга; 

8) алгачкы текшерүү органына жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө. жабырлануучуга жана башка катышуучуларга карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну тапшырууга; 

9) алгачкы текшерүү органына айрым тергөө аракеттерин жүргүзүүнү тапшырууга; 

10) тилмечтерди, адистерди, эксперттерди бөлүүнү талап кылууга; 

11) кылмыш жасоодо шектүү болгон адамды кармоого; 

12) жактоочунун жазык иш боюнча өндүрүшкө катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынан жактоочуну дайындоону талап кылууга; 

13) адамды айыпкер катары тартуу жөнүндө токтом чыгарууга, күнөө коюуга; 

14) жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер деп таап жана алардын өкүлдөрүнө жазык ишинин жүрүшүнө катышууга жол берүүгө

15) тилмечке, адиске, экспертке билдирилген баш тартууга уруксат берүүгө

16) жазык иши боюнча тергөө ишин жүргүзүүгө байланыштуу өтүнүчтөрдү чечүүгө

17) өз кызмат укугунун чектеринде даттанууларды чечүүгө

18) бөгөт коюу чараларын тандап алуу, өзгөртүү, жокко чыгаруу жөнүндө жана процесстик мажбурлоо мүнөзүндөгү, эгерде ушул Кодексте прокурордун санкциясы же соттун чечими талап кылынбаса, башка чараларды колдонуу тууралу токтом чыгарууга; 

19) жазык иши боюнча тергөөнү токтото туруу, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга; 

20) прокурордун көрсөтмөлөрүн аткарууга; 

21) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

(2) Жазык иши боюнча тергөөчүнүн токтому жарандар, уюмдардын жетекчилери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. 

(1-1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка финансы-насыялык мекемелерге карата тергөө амалдарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерин сактоо менен ишке ашырылат. 

(2) Жазык иши боюнча тергөөчүнүн токтому жарандар, уюмдардын жетекчилери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет. 

119-статья. Мүлккө камак салуу 

(1) Жарандык доо жагынан өкүмдүн аткарылышы үчүн башка мүлктүк жаза чараларын же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу максатында прокурор, ошондой эле сот алдында шектүүнүн, айыпталуучунун же мыйзам боюнча алардын аракети үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу адамдардын мүлкүнө прокурордун санкциясы менен камак салат. 

(2) Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине даректелген ошол мүлккө ээлик кылуудан, ал эми зарыл учурларда пайдаланууга тыюу салуудан, болбосо мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат. 

(3) Эгерде мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгына жетиштүү негиздер болсо, башка адамдарда турган мүлктөргө да камак салынышы мүмкүн. 

(4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган соттун чечими боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн Тизмегинде көрсөтүлгөн мүлктөргө камак салынышы мүмкүн эмес. 

(5) Мүлктөргө камак салууда адис катыша алат. 

(6) Камак салынган мүлк камак салууну жүргүзгөн адамдын чечими боюнча алынып коюлушу, болбосо мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тууралу эскертилүү менен ал тууралу тиешелүү протоколдо жазуу жүргүзүлүп, менчик ээсине же бул мүлктүн ээлик кылуучусуна, болбосо башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн. 

(7) Шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон эсепте, аманатта же банктарда же башка кредиттик уюмдарда сакталып турган акча каражаттарына жана баалуулуктарга камак салынганда ошол эсептер боюнча аткарымдар толук же камак салынган акча каражаттарынын жана башка баалуулуктардын чектеринде жарым-жартылай токтотулат. Банктардын жана башка кредиттик уюмдардын жетекчилери соттун, ошондой эле прокурордун, болбосо прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн суроо-талабы боюнча бул акча каражаттары жана башка баалуулуктар тууралу маалыматтарды берүүгө милдеттүү

(8) Мүлккө камак салууда ушул Кодекстин 184 жана 186-статьяларынын талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Камак салынууга жаткан мүлк жок болсо бул тууралу протоколдо көрсөтүлөт. Протоколдун көчүрмөсү мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат. 

(9) Мүлккө камак салуу жазык иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун, аныктамасынын негизинде, бул чараны колдонуунун зарылдыгы болбой калганда алынып салынат. 

119-статья. Мүлккө камак салуу 

(1) Жарандык доо жагынан өкүмдүн аткарылышы үчүн башка мүлктүк жаза чараларын же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу максатында прокурор, ошондой эле сот алдында шектүүнүн, айыпталуучунун же мыйзам боюнча алардын аракети үчүн материалдык жоопкерчилик тартуучу адамдардын мүлкүнө прокурордун санкциясы менен камак салат. 

(2) Мүлккө камак салуу менчик ээсине же мүлктүн ээсине даректелген ошол мүлккө ээлик кылуудан, ал эми зарыл учурларда пайдаланууга тыюу салуудан, болбосо мүлктү алып коюудан жана сактоого өткөрүп берүүдөн турат. 

(3) Эгерде мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттеринин натыйжасында алынгандыгына жетиштүү негиздер болсо, башка адамдарда турган мүлктөргө да камак салынышы мүмкүн. 

(4) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган соттун чечими боюнча конфискацияланууга жатпаган мүлктөрдүн Тизмегинде көрсөтүлгөн мүлктөргө камак салынышы мүмкүн эмес. 

(5) Мүлктөргө камак салууда адис катыша алат. 

(6) Камак салынган мүлк камак салууну жүргүзгөн адамдын чечими боюнча алынып коюлушу, болбосо мүлктүн сакталышына жоопкерчилик тууралу эскертилүү менен ал тууралу тиешелүү протоколдо жазуу жүргүзүлүп, менчик ээсине же бул мүлктүн ээлик кылуучусуна, болбосо башка адамга өткөрүп берилиши мүмкүн. 

(7). Жеке жана юридикалык жактардын банктардагы акча каражаттарын жана башка мүлкүн, ошондой эле банктын акча каражаттарын жана башка мүлкүн камакка алуу Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин ченемдерин сактоо менен ишке ашырылат. 

(8) Мүлккө камак салууда ушул Кодекстин 184 жана 186-статьяларынын талаптарына ылайык протокол түзүлөт. Камак салынууга жаткан мүлк жок болсо бул тууралу протоколдо көрсөтүлөт. Протоколдун көчүрмөсү мүлкүнө камак салынган адамга тапшырылат. 

(9) Мүлккө камак салуу жазык иши өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун, аныктамасынын негизинде, бул чараны колдонуунун зарылдыгы болбой калганда алынып салынат. 

254-статья. Соттук териштирүүнүн маалымдуулугун камсыздоо 

(1) Сот мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же башка жашыруун сырларды таратууга алып келиши мүмкүн болгондон башка учурларда, иштерди соттук ачык териштирүүнү камсыздоого тийиш. 

(2) Мындан тышкары соттук жабык териштирүүгө, жыныстык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча ишке катышкан адамдардын турмушунун ички купуя жактары жөнүндөгү маалыматтардын же алардын кадыр-баркын кордоочу маалыматтардын ачыкка чыгарылышын болтурбай коюу максатында, ошондой эле, процесстин катышуучуларынын жана күбөлөрдүн, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын коопсуздугун камсыздоонун кызыкчылыктары талап кылган учурларда соттун жүйөлөштүрүлгөн аныктамасы (судьянын токтому) боюнча жол берилет. 

(3) Ишти соттук жабык заседаниеде териштирүү сот ишин жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Ишти жабык заседаниеде териштирүү жөнүндөгү соттун аныктамасы (судьянын токтому) бүткүл териштирүүгө же анын айрым бөлүктөрүнө карата чыгарылышы мүмкүн. 

(4) Кат алышуунун жана телеграфтык кабарлашуулардын жашырындуулугун сактоо максатында жарандардын жекече кат алышуулары жана жекече телеграфтык кабарлашуулары ачык соттук заседаниеде, мындай кат алышууларды жана телеграфтык кабарлашууларды жүргүзгөн адамдардын макулдугу боюнча гана жарыяланышы мүмкүн. Башка учурда мындай кат алышуулар жана телеграфтык кабарлашуулар соттук жабык заседаниеде жарыяланат жана изилденет. Көрсөтүлгөн эрежелер жекече мүнөздөгү үн жана көргөзмө жазууларды изилдөөдө да колдонулат. 

(5) Ачык соттук заседаниеге катышуучулар жазуу жүзүндө жана магнитофонго жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу. Фото сүрөткө, киного тартууга жана көргөзмө жазып алууга иш боюнча төрагалык кылуучунун уруксаты жана тараптардын макулдугу менен жол берилет. 

(6) Соттун өкүмү ачык жарыяланат. 

254-статья. Соттук териштирүүнүн маалымдуулугун камсыздоо 

(1) Сот мыйзам тарабынан корголгон мамлекеттик, аскердик, банктык жана коммерциялык же башка жашыруун сырларды таратууга алып келиши мүмкүн болгондон башка учурларда, иштерди соттук ачык териштирүүнү камсыздоого тийиш. 

(2) Мындан тышкары соттук жабык териштирүүгө, жыныстык жана башка кылмыштар жөнүндөгү иштер боюнча ишке катышкан адамдардын турмушунун ички купуя жактары жөнүндөгү маалыматтардын же алардын кадыр-баркын кордоочу маалыматтардын ачыкка чыгарылышын болтурбай коюу максатында, ошондой эле, процесстин катышуучуларынын жана күбөлөрдүн, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн же жакын туугандарынын коопсуздугун камсыздоонун кызыкчылыктары талап кылган учурларда соттун жүйөлөштүрүлгөн аныктамасы (судьянын токтому) боюнча жол берилет. 

(3) Ишти соттук жабык заседаниеде териштирүү сот ишин жүргүзүүнүн бардык эрежелерин сактоо менен жүзөгө ашырылат. Ишти жабык заседаниеде териштирүү жөнүндөгү соттун аныктамасы (судьянын токтому) бүткүл териштирүүгө же анын айрым бөлүктөрүнө карата чыгарылышы мүмкүн. 

(4) Кат алышуунун жана телеграфтык кабарлашуулардын жашырындуулугун сактоо максатында жарандардын жекече кат алышуулары жана жекече телеграфтык кабарлашуулары ачык соттук заседаниеде, мындай кат алышууларды жана телеграфтык кабарлашууларды жүргүзгөн адамдардын макулдугу боюнча гана жарыяланышы мүмкүн. Башка учурда мындай кат алышуулар жана телеграфтык кабарлашуулар соттук жабык заседаниеде жарыяланат жана изилденет. Көрсөтүлгөн эрежелер жекече мүнөздөгү үн жана көргөзмө жазууларды изилдөөдө да колдонулат. 

(5) Ачык соттук заседаниеге катышуучулар жазуу жүзүндө жана магнитофонго жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу. Фото сүрөткө, киного тартууга жана көргөзмө жазып алууга иш боюнча төрагалык кылуучунун уруксаты жана тараптардын макулдугу менен жол берилет. 

(6) Соттун өкүмү ачык жарыяланат. 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

30-статья. Айып 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. 

30-статья. Айып 

Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. 

Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. 

Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. 

Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. 

Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - беш жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн к