2021-жылдын 09-февралында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,95%, 4,49% жана 4,72% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 91-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.