2022-жылдын 25-январында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 6,57%, 6,91% жана 7,14% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 91-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.