2022-жылдын 26-апрелинде өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 14 жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 13,33% жана 13,59% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 7-күндүк ноталардын аукциону катышуучулардын жетишсиздигине байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.