2019-жылдын 08-августунда өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

Аукциондун коду 

АК 19 23 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 000,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы* 

Кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион 

Кошо каржылоонун пропорциясы/ 

Кошо каржылоонун көлөмү 

1:1 (коммерциялык банктын өздүк каражаттары эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун чегинде алынган каражаттардын көлөмүнө дал келиш керек) 

Максаттуу багытталышы  

Өнөр жай; айыл-чарба, даярдоо жана кайра иштетүү; транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү; соода жана коммерция; курулуш; туристтик чөйрө

Регионалдык багытталышы 

Кредиттик ресурстар Бишкек шаарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бардык областарын каржылоого багытталууга тийиш. Бишкек шаары боюнча долбоорлорду кредиттөгө жол берилбейт. 

Пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

450,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени, анын ичинде коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча 

12% 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган 

* «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун 51-1 пунктусуна тууралуу: 

IV методу  кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду жүргүзүүдө Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча бардык билдирмелер, ошол аукциондо кредиттик ресурстардын белгиленген көлөмү толугу менен акырына чыкканга чейин канааттандырылат. Эгерде, билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн артса, билдирмелерди канааттандыруу пропорционалдуу негизде миң баскычка тегеректөө менен ишке ашырылат. Мында, Улуттук банктын кредиттик ресурстарына кошумча Банк тиешелүү аукциондоөздүк каражаттардын эсебинен улуттук валютадагы кредиттик ресурстарды Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталган шарттарда сунуштоого милдеттенет (анын ичинде Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен, кредиттин тармактык багыты жана Банктын өздүк каражаттарынын эсебинен кошо каржылоо пропорциясы). Банктын кредиттик ресурстары өздүк каражаттардын эсебинен жобонун 68-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө сунушталууга тийиш.