2019-жылдын 13-августунда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7-күн жана 28-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,71% жана 4,17% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 91-күндүк ноталардын аукциону суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган.