2019-жылдын 10-октябрында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 3 жана 6 ай болгон МКВ боюнча орточо алынган кирешелүүлүк тиешелүүлүгүнө жараша 5,20% жана 6,11% түзгөн. Жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон МКВлар боюнча аукцион кирешелүүлүктүн өзгөрмөлүүлүгү жогору болгондугуна байланыштуу өткөрүлбөген катары таанылды