2020-жылдын 2-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети төмөнкү чечимин кабыл алды:
- «овернайт» кредити боюнча пайыздык ченди 5,75 пайыз деңгээлинде өзгөрүүсүз калтыруу;
- «овернайт» депозити боюнча пайыздык ченди 75 базистик пунктка 2,75 пайызга чейин жогорулатуу.
Бул чечим 2020-жылдын 3-мартынан тартып күчүнө кирет.