2020-жылдын 19-июнунда банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

 

Аукциондун коду 

АК 20 20 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 000,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы* 

III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы  

COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү максатында ишкер субъектилеринин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга  

Пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

150,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени 

10% чейин 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган 

 

 

 

* III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду өткөрүү учурунда бардык билдирмелер Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча канааттандырылат. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн ашса, алар миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.