2020-жылдын 25-июнунда COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада орун алган терс натыйжаларды жөнгө салуу, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасы боюнча коммерциялык банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет. 

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

 

 

Аукциондун коду 

АК 20 21 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн сом) 

1 000,00 

Аукцион өткөрүү ыкмасы* 

III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукциону 

Максаттуу багытталышы  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасында каралган багыттар жана шарттар боюнча кредиттөө 

Пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

150,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени 

Пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерди каржылоо» программасынын багыттарына жараша аныкталат  

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%)  

Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) 

Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) 

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган 

 

 

 

* III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду өткөрүү учурунда бардык билдирмелер Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча канааттандырылат. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн ашса, алар миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.