2020-жылдын 13-августунда "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунда катышуучу банктарды* кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет

 

Кредиттик аукциондун параметрлери: 

Аукциондун коду 

АК 20 22 

Кредиттин мөөнөтү (ай) 

6 ай 

Кредиттик ресурстардын көлөмү 

(млн. сом) 

1 000,00 

Ауцион өткөрүү ыкмасы** 

Кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион 

Кошо каржылоонун пропорциясы/ 

Кошо каржылоонун көлөмү 

1:1 (коммерциялык банктын өздүк каражаттары эсебинен кредиттөөнүн көлөмү ушул кредиттик аукциондун чегинде алынган каражаттардын көлөмүнө дал келиш керек) 

Максаттуу багытталышы  

"Айыл чарбасын каржылоо - 8" доолборунда каралган  

багыттарды каржылоо 

Пайыздык чен (%) 

Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени 

Билдирменин минималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

20,00 

Билдирменин максималдуу көлөмү  

(млн. сом) 

450,00 

Коммерциялык банктардын түпкү карыз  

алуучулары үчүн чектүү номиналдык  

пайыздык чени, анын ичинде коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнча 

10% чейин, "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоорунун чегиндеги багыттарга жараша 

Пайыздын төлөө убакыты 

Ар бир айдын 1чи күнүндө 

Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

Улуттук валютадагы Өкмөттүк МБК  

(жабуу коэффициенти 105%)  

Улуттук банктын ноталары  

(жабуу коэффициенти 105%)  

Улуттук банкта жайгаштырылган чет өлкө валютасындагы депозиттер 

(жабуу коэффициенти 105%)  

Банктын кредиттик портфели  

(жабуу коэффициенти 200%)  

Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо  

Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган 

 

* Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги менен келишим түзгөн коммерциялык банктар үчүн. 

 

** «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» Жобонун 51-1 пунктусуна тууралуу: 

IV методу  кошо каржылоо менен белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду жүргүзүүдө Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча бардык билдирмелер, ошол аукциондо кредиттик ресурстардын белгиленген көлөмү толугу менен акырына чыкканга чейин канааттандырылат. Эгерде, билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн артса, билдирмелерди канааттандыруу пропорционалдуу негизде миң баскычка тегеректөө менен ишке ашырылат. Мында, Улуттук банктын кредиттик ресурстарына кошумча Банк тиешелүү аукциондоөздүк каражаттардын эсебинен улуттук валютадагы кредиттик ресурстарды Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталган шарттарда сунуштоого милдеттенет (анын ичинде Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чен, кредиттин тармактык багыты жана Банктын өздүк каражаттарынын эсебинен кошо каржылоо пропорциясы). Банктын кредиттик ресурстары өздүк каражаттардын эсебинен жобонун 68-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө сунушталууга тийиш.