Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорлору (мындан ары токтом долбоорлору) иштелип чыкты.  

Токтом долбоорлору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Токтом долбоорлору боюнча сунуш-пикирлерин сектор 2020-жылдын 30-октябрынан кечиктирбестен mtatybekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.