2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлеринин/ мобилдик тиркемелерди колдонуучулардын финансылык операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү токтотулду 

 

2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине жана төлөм уюмдарынын (мобилдик байланыш операторлору) агенттеринин мобилдик тиркемелерин колдонуучуларына финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу тууралуу ченем күчүнө кирет. 

Электрондук капчык жана /же агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу финансылык операцияларды жүргүзүү 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланган кардар-колдонуучуларга гана жеткиликтүү болот. 

Идентификацияланбаган электрондук капчык ээлерине жана төлөм уюмдарынын агенттеринин мобилдик тиркемелерин колдонуучуларына финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу жашыруун транзакцияларды ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын аткаруу максатында киргизилген.  

2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери /агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар электрондук акча системасынын операторуна же төлөм уюмунун агентине кайрыла алышат. Мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору же электрондук акчалардын банк-эмитенти электрондук акча системасынын операторунан боло алышат.  

Электрондук акча системасынын оператору же электрондук акчалардын банк-эмитенти жарандардын кайрылуусу боюнча алар кызыккан маалыматты берүүгө милдеттүү

Аралыктан идентификациядан жана верификациядан өтүү, жеткиликтүү болгон финансылык эмес маалыматты колдонуу, ошондой эле өзүнүн электрондук капчыгынын/телефондун өздүк эсебинин балансына көз салуу максатында, идентификациядан өтпөгөн электрондук капчык ээлери /агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонуучулар үчүн өздөрүнүн идентификацияланбаган электрондук капчыктарына/ агенттердин мобилдик тиркемелерине кирүү мүмкүнчүлүгү сактала тургандыгын эсиңиздерге салабыз. Бирок мындай учурда кандайдыр бир финансылык операцияны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болбойт. 

Жаралган бардык суроолор боюнча Улуттук банк электрондук акча системасынын операторуна же электрондук акчалардын банк-эмитентине, төлөм уюмуна, төлөм уюмунун агентине (мобилдик байланыш операторлору) кайрылууну сунуштайт, мында коммерциялык банктар же төлөм системасынын оператору электрондук акча системасынын операторунан боло алышат. 

 

Маалымат үчүн:  

Идентификацияланган электрондук капчык бул, ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык. 

Идентификацияланбаган электрондук капчык бул, эмитенттин талаптарына ылайык жана ачык офертанын негизинде электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, смартфондор жана башка электрондук түзүлүштөр) жардамы менен аралыктан /обочо туруп жеке адамдар тарабынан ачылган электрондук капчык.