Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, кредитти берүүдө күрөөлүк мүлктү баалоо, банктардын башка кыймылсыз мүлк менен иш алып баруу жана активдерди классификациялоо боюнча талаптарды белгилөө жагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен zhnarynbekkyzy@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.