Эпидемиологиялык кооптуу жагдайды төмөндөтүү жана микрофинансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2020-жылдын 30-сентябрында «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Ушул токтомго ылайык микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо боюнча минималдуу талаптар аныкталган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.